Билесиңби?
Байыркы убакта кишилер эмне себептен кийимдерин айрып жиберишчү?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ кийимин айрып жиберген бир нече киши жөнүндө жазылган. Алардын кылганы бүгүнкү күндө кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок ал убакта бул кадимки эле нерсе болгон. Жүйүттөр эмне кылышты билбей, айласы кеткенде, катуу кайгырганда, басынтылганда, ачууланганда же күйүт тартканда кийимдерин айрып жиберишчү.
Алсак, Рубейин Жусуптун суу сакталчу чуңкурда жок экенин көргөндө «кийимин айрып жиберген». Анткени Жусупту бир туугандары кулчулукка сатып жиберишкен эле. Ал эми алардын атасы Жакып пайгамбар Жусупту жырткыч жара тартып кетти деп ойлоп, «үстүндөгү кийимин айрып» жиберген (Башт. 37:18—35). Аюп пайгамбарга балдарынын өлгөнүн угузушканда, ал да «сырт кийимин айрып» жиберген (Аюп 1:18—20). Башкы дин кызматчы Эйлиге ысрайылдыктардын согуштан жеңилгенин, анын эки уулунун тең каза болгонун жана душмандар келишим сандыгын тартып алганын айтып келген кабарчынын да «кийими айрылган» болчу (1 Шем. 4:12—17). Ал эми Жошия падышага Жахабанын мыйзамдары жазылган китепти окуп беришкенде, падыша элдин чоң күнөөгө батканын түшүнүп, «кийимин айрып жиберген» (2 Пад. 22:8—13).
Иса Машаякты суракка алып жаткан башкы дин кызматчы Каяпа да «кийимин айрып жиберген». Анткени ага Машаяк сүйлөгөн сөздөрү менен Кудайга акарат кылып жаткандай сезилген (Мт. 26:59—66). Раббиндердин эрежелери боюнча, Кудайдын ысмына акарат кылган кишини уккандардын баары кийимдерин айрып жиберүүгө милдеттүү болгон. Ал эми Иерусалимдеги ибадаткана талкалангандан кийин чыккан эрежелеринде болсо: «Учурда Кудайдын ысмына акарат кылган кишини уккандар кийимдерин айрыбай эле коюшса болот, болбосо алардын кийимдеринин тамтыгы кетип, эч нерсеге жарабай калат»,— деп жазылган.
Эгер кимде ким чын жүрөктөн кайгырбаса, анда анын кийимин айрыганы Кудайдын алдында бекер эле болуп калчу. Ошол себептен Жахаба элине: «Кийимиңерди эмес, жүрөгүңөрдү тытып, [мага] кайтып келгиле»,— деп айткан (Жоел 2:13).