Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматта «алтын эрежени» колдон

Кызматта «алтын эрежени» колдон

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (МТ. 7:12).

1. Эмне үчүн кызматта башкаларга кылган мамилебизге маани беришибиз керек? Мисал келтир. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БИР нече жыл мурун Фижиде Эскерүү кечесине чакырууга байланыштуу өнөктүккө катышып жаткан жубайлар бир аялга үйүнүн жанында кабар айтып калышат. Аңгыча болбой жаан башталып калгандыктан, бир туугандар ага кол чатырларынын бирин беришет. Жубайлар анын Эскерүү кечесине келгенин көрүп, абдан кубанышкан. Кийинчерээк ал аял жубайлардын эмне дегени көп деле эсинде жок экенин, бирок алардын мамилеси өзгөчө таасир эткенин айткан. Ооба, бир туугандардын «алтын эрежени» колдонгону ага Эскерүү кечесине катышууга түрткү берген.

2. «Алтын эреже» деген эмне жана канткенде ал кеңешке ылайык иш кыла алабыз?

2 «Алтын эреже» деген эмне? Бул — Иса Машаяктын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген кеңеши (Мт. 7:12). Биз канткенде ал кеңешке ылайык иш кыла алабыз? Ан үчүн адегенде: «Эгер мен анын ордунда болсом, мага кандай мамиле кылышын каалайт элем?» — деп ойлонушубуз керек.  Анан ага ошондой мамиле кылууга умтулушубуз зарыл (1 Кор. 10:24).

3, 4. а) «Алтын эрежени» ишенимдештерибиз менен мамилешкенде гана колдонушубуз керекпи? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Биз «алтын эрежени» ишенимдештерибиз менен мамилешкенде көп колдонобуз. Бирок Иса Машаяк аны жыйналыштагыларга эле эмес, бардык адамдарга, атүгүл душмандарыбызга карата да колдонушубуз керектигин айткан. (Оку: Лука 6:27, 28, 31, 35.) Эгер «алтын эрежени» душмандарыбызга карата колдонушубуз керек болсо, анда аны кызматта жолуктурган адамдарга карата колдонгонубуз ого бетер маанилүү. Себеби алардын көптөрү «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болуп», жакшы кабарга кулак кагышы мүмкүн (Элч. 13:48).

4 Бул макалада эсибизде сактап жүрүшүбүз керек болгон төмөнкү төрт суроону карап чыгабыз: Кимге кабар айтып жатам? Каякта кабар айтып жатам? Качан барганым жакшы? Кантип кабар айтышым керек? Бул суроолор тууралуу ой жүгүртүү кызматта жолуктурган адамдардын сезимдерин түшүнө билип, аларга ошого жараша мамиле кылууга жардам берет (1 Кор. 9:19—23).

КИМГЕ КАБАР АЙТЫП ЖАТАМ?

5. Кабар айтып жатканда эмне тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек?

5 Биз чоңоюп-өскөн чөйрөсү, кыйынчылыктары бири-бириникине окшобогон ар кандай адамдарга кабар айтабыз (2 Жылн. 6:29). Кимдир бирөөгө кабар айтып жатканда: «Мен анын ордунда болсом, мага карата кандай көз карашта болушун каалайт элем? Мени тек гана көпчүлүктүн бири катары көрүшүнбү же адам катары сыйлашынбы?» — деп ойлонуп көр. Бул ар бир кишиге урмат-сый менен мамиле кылууга жардам берет.

6, 7. Кызматта кимдир бирөө орой жооп берсе, эмне кылганыбыз жакшы?

6 Негизи, эч ким мүнөзү терс киши катары таанылгысы келбейт. Алсак, биз Кудайдын кызматчылары катары сөзүбүздүн дайыма жагымдуу болушун каалайбыз (Кол. 4:6). Бирок жеткилеңсиз болгондуктан кээде бир нерсени айтып алып, кийин өкүнүп калабыз (Жкп. 3:2). Маанайыбыз пас болуп турганда башкалардын көңүлүн оорутуп алсак, алардын бизди туура түшүнүшүн күтөбүз жана орой же алды-артын ойлобой сүйлөгөн киши катары эсептеп калышын каалабайбыз. Ушуларды эске алсак, башкаларга түшүнүү менен мамиле кылабыз.

7 Андыктан кызматта кимдир бирөө орой жооп берсе, анын эмне үчүн ошондой кылганын түшүнгөнгө аракеттенесиңби? Балким, ал жумушунда же окуган жеринде кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыр. Же бир жери ооруп тургандыр. Жахабанын Күбөлөрүн башында анча жактырбаган, бирок алардын жумшак, урмат-сый менен мамиле кылганын көрүп, көз карашын өзгөрткөн адамдар көп кездешет (Накыл 15:1; 1 Пет. 3:15).

8. Эмне үчүн Падышалык жөнүндөгү кабарды бардык адамдарга айта беришибиз керек?

8 Биз кабар айтып жүргөндө ар түрдүү адамдарга жолугабыз. Акыркы бир нече жылдын ичинде эле «Күзөт мунарасындагы» «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикага 60тан ашуун бир туугандын өмүр баяны чыкты. Алардын айрымдары мурун ууру, кылмыштуу топтун мүчөсү, аракеч, баңгизат колдонгон же адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн кишилерден болсо, башкалары саясатчы, диний жетекчи же мансапка умтулган адамдардан болушкан. Анткен менен алар жакшы кабарды уккандан кийин Ыйык Китепти изилдеп, жашоосун өзгөртүп, Кудайдын жолуна түшүшкөн. Ошондуктан  биз кимдир бирөө жөнүндө эч качан жакшы кабарды укпайт деп алдын ала жыйынтык чыгарып койбошубуз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 6:9—11.) Анткени Падышалык жөнүндөгү кабарга ар кандай адамдар кулак кагууда (1 Кор. 9:22).

КАЯКТА КАБАР АЙТЫП ЖАТАМ?

9. Эмне үчүн үймө-үй кабар айтканда өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүзгө көңүл бурганыбыз маанилүү?

9 Биз көбүнчө үймө-үй кабар айтабыз (Мт. 10:11—13). Өз үй, өлөң төшөк дегендей, ар бирибиз эле үйүбүздө өзүбүздү эркин, коопсуз сезебиз. Ошондой эле башкалардын үй-жайыбыз менен мүлкүбүздүн бизге таандык менчик экенин эстен чыгарбашын каалайбыз. Андыктан аймактагылардын да ошондой эле сезимде болорун эске алып, алардыкында өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүзгө көңүл бурушубуз керек (Элч. 5:42).

10. Канткенде башкалардын тынчын алуудан кача алабыз?

10 Кылмыштуулук кулач жайган азыркы дүйнөдө көптөр бейтааныш кишилерден кооптонушат (2 Тим. 3:1—5). Ошондуктан үй ээсин чочулата турган иштерден качканыбыз маанилүү. Мисалы, бир үйгө барып, эшигин такылдаттык дейли. Эгер эч ким чыкпаса, эшик-терезесинен шыкаалашыбыз же бирөө-жарым чыгып калабы деген үмүттө үйүнүн тегерегинде ары-бери басышыбыз мүмкүн. Андайда кошуна-колоңдору көрүп калса, эмне деп ойлоп калат? Албетте, биз «кылдат күбөлөндүргүбүз» келет (Элч. 10:42). Ошондой эле башкалардын Кудай жөнүндө чындыкты билишин чын жүрөктөн каалайбыз (Рим. 1:14, 15). Ошентсе да аймакта башкалардын тынчын албоого аракет кылганыбыз акылдуулукка жатат. Элчи Пабыл: «Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн, башкалардын мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз»,— деп жазган (2 Кор. 6:3). Аймакта кабар айтып жүргөндө өзүбүздү жакшы алып жүрсөк, башкалар чындыкка кызыгышы ыктымал. (Оку: 1 Петир 2:12.)

Кабар айтканда өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүзгө маани беришибиз керек (10-абзацты кара)

КАЧАН БАРГАНЫМ ЖАКШЫ?

11. Башкалар убактыбыздын чектелүү экенин эске алганда, эмне үчүн ыраазы болобуз?

11 Кудайдын кызматчылары катары биздин аткара турган иштерибиз абдан көп. Баарына жетишиш үчүн, кайсылары маанилүүрөөк экенин аныктап, убактыбызды туура колдонууга аракет кылабыз (Эф. 5:16; Флп. 1:10). Эгер күтүлбөгөн бир иш чыгып калып, убактыбызды алса, капаланышыбыз мүмкүн. Ал эми кимдир бирөө кайсы бир жумуш менен кайрылганда убактыбызды көп албай, эстүүлүк көрсөтсө, ыраазы болобуз. Кабар айтып жатканда башкалардын убактысынын чектелүү экенин эске алууга «алтын эреже» кандайча жардам берет?

12. Аймакка кайсы убакта барганыбыз туура болорун кантип аныктасак болот?

12 Аймактагылардын көбү кайсы убакта үйүндө болорун билип алганыбыз маанилүү. Алардын кайсы маалда үйдө болуп, жакшыраак угушары жөнүндө ойлонуп, графигибизди ошого жараша өзгөртсөк болот. Көптөгөн жерлерде түштөн кийин же кечке маал үймө-үй кабар айтуу натыйжалуу болору байкалган. Силер жашаган жакта да ушундай болсо, аймакка ошол маалда бара аласыңбы? (Оку: 1 Корунттуктар 10:24.) Аймактагыларга ыңгайлуу убакта баруу үчүн кылган аракетиңе Жахаба батасын берерине шектенбесең болот.

13. Үй ээсине кантип урмат-сый көрсөтө алабыз?

13 Үй ээсине дагы кантип урмат-сый көрсөтө алабыз? Эгер ал кабарды жакшы укса, кененирээк сүйлөшсөк болот, бирок аны өтө көпкө кармабаганыбыз  оң. Себеби ал ошол убакта маанилүү деп эсептеген башка иштерин кылууну ойлонуштуруп коюшу мүмкүн. Эгер ал бош эмес экенин айтса, кыскача эле сүйлөшөрүбүздү айтып, анан сөзүбүзгө турушубуз керек (Мт. 5:37). Маегибиздин аягында эмкиде кайсы убакта келгенибиз ыңгайлуу болорун сурасак болот. Айрым жарчылар: «Сиз менен дагы жолугуп, маегибизди улантсак жакшы болмок. Эмкиде сизге келердин алдында телефон чалып же SMS жөнөтүп койсом болобу?» — деп айтуу натыйжалуу болорун байкашкан. Эгер аймактагылардын да убактысы тар экенин жана бөлөк иштери бар экенин эске алсак, көптөр куткарылып калышы үчүн, өзүнүн эмес, алардын пайдасын көздөгөн элчи Пабылдан үлгү алган болобуз (1 Кор. 10:33).

КАНТИП КАБАР АЙТЫШЫМ КЕРЕК?

14—16. а) Үй ээсине келгенибиздин себебин дароо эле айтып койгонубуз эмне үчүн жакшы? Мисал келтир. б) Бир кыдыруучу көзөмөлчү кайсы ыкманын жакшы натыйжа берерин байкаган?

14 Бир күнү эле чоочун бирөө телефон чалып, сага кандай тамактар жагарын сурай баштаганын элестетсең. Андайда анын ким экенин, эмне максат менен чалып жатканын түшүнбөй, кооптонмок болушуң керек. Аны менен сылыктык үчүн бир аз сүйлөшсөң да, сөзүңөрдү эртерээк бүтүргөнгө аракет кылмактырсың. Ал эми телефон чалган киши адегенде аты-жөнүн жана элге туура тамактанууга байланыштуу пайдалуу кеңештерди берип иштээрин айтса, аны жакшыраак укмактыгың шексиз. Анткени баарыбыз эле өзүнүн ким экенин жашырбаган, сылык-сыпаа кишилерди баалайбыз.  Ушул мисалдагы ойлорду кызматта кантип колдонсок болот?

15 Көптөгөн жерлерде үй ээсине эмне үчүн келгенибизди дароо эле айтып койгонубуз орундуу. Ырас, бизде үй ээсине абдан керектүү маалымат бар дечи. Бирок өзүбүздүн ким экенибизди айтпай туруп эле: «Эгер колуңуздан келсе, дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн кайсынысын чечмексиз?» — деген сыяктуу суроо берип кирсек, ал кандай сезимде болот? Албетте, биз андай суроону маектешибиздин оюн билип, анын көңүлүн Ыйык Китепке буруу үчүн беребиз. Бирок маектешибиз ичинен: «Бул ким болду экен? Муну эмнеге сурап жатат? Деги эмнеге келди экен?» — деп ойлонушу мүмкүн. Ал ошентип түпөйүлдөнбөшү үчүн, сөздү башкача баштасак болот (Флп. 2:3, 4). Кантип?

16 Бир кыдыруучу көзөмөлчү төмөнкүдөй ыкма жакшы натыйжа берерин байкаган: учурашып, аты-жөнүн айткандан кийин ал үй ээсине «Чындыкты билгиңер келеби?» деген баракчаны берип: «Биз ушул аймакта жашагандардын баарына ушундай баракча берип жүрөбүз. Мында көптөрдү ойлондурган алты суроо талкууланат. Бул сизге»,— деп айтат. Ал бир тууган аймактагылар биздин эмне үчүн келгенибизди түшүнгөндө өздөрүн эркин сезишерин байкаган. Натыйжада алар менен маекти улап кетүү оңоюраак болот. Кыдыруучу көзөмөлчү андан соң: «Ушул суроолордун бири тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?» — деп сурайт. Эгер үй ээси суроолордун бирин айтса, ал баракчаны ачып, ошол суроону Ыйык Китептин негизинде талкуулайт. Ал эми үй ээси суроолордун эч бирин тандабаса, аны ыңгайсыз абалга калтырбай, өзү суроолордун бирин көрсөтүп, маекти улап кетет. Албетте, сөздү дагы башка ар кандай жолдор менен баштаса болот. Айрым жерлерде эмне үчүн келгенибиздин себебин айтардан мурун жергиликтүү маданиятка ылайык учурашуунун айрым эрежелерин аткарышыбыз күтүлөт. Кандай болбосун, сунуштообузду башкаларды сөзгө тарткыдай кылып баштаганыбыз маанилүү.

МЫНДАН АРЫ ДА КЫЗМАТТА «АЛТЫН ЭРЕЖЕНИ» КОЛДОНО БЕР

17. Бул макалада талкуулаганыбыздай, кызматта «алтын эрежени» кантип колдоно алабыз?

17 Демек, кызматта «алтын эрежени» кантип колдоно алабыз? Кызматта жолуктурган ар бир кишиге урмат-сый менен мамиле кылышыбыз, алардыкында өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүзгө көңүл бурушубуз керек. Аймактагылардын кайсы маалда үйүндө болуп, жакшыраак угушары жөнүндө ойлонуп, ошол убакта барууга аракет кылышыбыз зарыл. Ошондой эле кабарды башкалар жакшы кабыл алгыдай кылып айтуу маанилүү.

18. Кызматта жүргөндө «алтын эрежени» колдонуу кандай пайда алып келет?

18 Кызматта жүргөндө «алтын эрежени» колдонуу көп жагынан пайда алып келет. Мисалы, аймактагылардын сезимин эске алып, жылуу-жумшак мамиле кылсак, жарыгыбызды «алардын алдында жаркыратып», Ыйык Китептеги принциптерге ылайык иш кылган болобуз. Анын аркасында асмандагы Атабыз даңкталат (Мт. 5:16). Ошондой эле башкаларга кылган жакшы мамилебиз аларга Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү бериши мүмкүн (1 Тим. 4:16). Атүгүл айрымдар Падышалык жөнүндөгү кабарды укпай коюшса да, аларга жардам берүү үчүн чын жүрөктөн аракет кылганыбызга кубанабыз (2 Тим. 4:5). Келгиле, баарыбыз: «Мунун баарын мен жакшы кабар үчүн, аны башкаларга жарыялаш үчүн кылып жатам»,— деп жазган элчи Пабылды туурай берели (1 Кор. 9:23). Ошондо «алтын эрежеге» ылайык иш кылган болобуз.