Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын уюму менен бирге алга илгерилеп жатасыңбы?

Жахабанын уюму менен бирге алга илгерилеп жатасыңбы?

«Жахабанын көзү адил адамдарды көрөт» (1 ПЕТ. 3:12).

1. Чыныгы сыйынуудан четтеп кеткен ысрайыл элинин ордуна кайсы уюм негизделген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖАХАБА КУДАЙ Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышын негиздеген жана кийин чыныгы сыйынууну калыбына келтирген. Мурунку макалада талкуулангандай, Жахабанын ысмы менен аталып жүргөн ысрайыл эли чыныгы сыйынуудан четтеп кеткенде, анын ордуна Машаяктын шакирттеринен турган жаңы уюм негизделген. Ал уюм Кудайдын колдоосуна ээ болгондуктан, б.з. 70-жылы Иерусалим кыйратылганда, куткарылган (Лк. 21:20, 21). 1-кылымда болгон ошол окуядан көрүнүп тургандай, Жахаба жакында Шайтандын дүйнөсүн жок кылып, өзүнүн кызматчыларын акыркы күндөрдөн аман алып калат (2 Тим. 3:1). Эмне үчүн буга бекем ишенсек болот?

2. Иса Машаяк «улуу алаамат» жөнүндө эмне деген жана ал качан башталат?

2 Иса Машаяк өзүнүн көзгө көрүнбөгөн катышуусу жана бул дүйнөнүн аякташы жөнүндө айтып жатып: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деген (Мт. 24:3,  21). Жахаба жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон «Улуу Бабылды» саясий күчтөр аркылуу кыйратканда, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн улуу алаамат башталат (Аян 17:3—5, 16). Андан кийин эмне болот?

ШАЙТАНДЫН ИШ-АРАКЕТИ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?

3. Жалган дин жок кылынгандан кийин, Жахабанын элине кимдер кол салат?

3 Жалган дин жок кылынгандан кийин, Шайтан менен анын дүйнөсү Жахабанын кызматчыларына кол салат. «Магок жеринен чыккан Гоктун» ал чабуулу жөнүндө Ыйык Китепте: «Бороон-чапкындай, жер бетин каптаган булуттай болуп, бардык аскерлериң менен, көптөгөн элдер менен келесиң»,— деген пайгамбарлык жазылган. Жахабанын Күбөлөрү эч кандай аскери жок, тынчтыкты сүйгөн эл болгондуктан, душмандар аларды оңой олжодой көрүшөт. Бирок алар катуу жаңылышат (Жез. 38:1, 2, 9—12).

4, 5. Шайтан менен анын таламдаштары Жахабанын кызматчыларына кол салганда, Жахаба эмне кылат?

4 Шайтан менен анын таламдаштары Жахабанын кызматчыларына кол салганда, Жахаба аларга болушуп, Ааламдын Эгедери катары иш-аракет кылат. Асмандагы Атабыз элине жасалган соккуну өзүнө жасалгандай кабыл алат. (Оку: Закарыя 2:8.) Андыктан ал бизди куткаруу үчүн тезинен чара көрөт. Ошондо «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндөгү» Армагедон согушу башталып, Шайтандын дүйнөсү тыптыйпыл болот (Аян 16:14, 16).

5 Армагедон тууралуу Ыйык Китепте мындай пайгамбарлык жазылган: «„Жахаба элдердин ишин териштирет. Ал ар бир адам менен соттошот. Ыймансыздарды кылыч мизине алат“,— дейт Жахаба. „Мына! Алаамат элден элге келатат,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Жердин учу-кыйырынан катуу бороон көтөрүлөт. Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулайт. Аларды эч ким жоктоп ыйлабайт, чогултпайт, көмбөйт. Алар жер үстүндөгү кыкка айланат“» (Жер. 25:31—33). Ооба, Армагедондо Шайтандын дүйнөсү жок кылынат, ал эми Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү аман калат.

ЖАХАБАНЫН УЮМУ ЭМНЕДЕН УЛАМ ӨРКҮНДӨП-ӨСҮҮДӨ?

6, 7. а) «Эбегейсиз көп адамдар» кандайча чогулууда? б) Акыркы жылдары кандай өсүш болууда?

6 Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү ага жаккан адамдардан тургандыктан өркүндөп-өсүүдө. Ыйык Жазмада: «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угат»,— деп айтылат (1 Пет. 3:12). Адил адамдарга «улуу алааматтан аман өтө» турган «эбегейсиз көп адамдар» да кирет (Аян 7:9, 14). Алардын саны көп эле эмес, «эбегейсиз көп» болоруна көңүл бурсаң. Өзүңдүн алар менен чогуу «улуу алааматтан аман өткөнүңдү» элестете аласыңбы?

7 «Эбегейсиз көп адамдар» кабар айтуу ишинин аркасында дүйнө жүзүндөгү ар кайсы элдерден чогулууда. Иса Машаяк алдын ала: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп айткан (Мт. 24:14). Кабар айтуу Кудайдын элинин азыркы акыркы күндөрдө аткарып жаткан эң негизги иши болуп эсептелет. Жахабанын Күбөлөрү жердин булуң-бурчунда кабар айтып, башкаларды окутуп жаткандыктан, миллиондогон адамдар «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынууга» үйрөнүшүүдө (Жкн. 4:23, 24). Алсак, 10 эле жылдын ичинде, тактап айтканда, 2003-жылдан 2012-жылга чейин 2 707 000ден  ашуун киши чөмүлгөн. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 7 900 000ден ашат. Андан тышкары, жыл сайын дагы миллиондогон кишилер Эскерүү кечесине катышууда. Бирок биз мындай ийгиликке өзүбүздүн эмес, Кудайдын күчү менен жетип жатканыбызды түшүнөбүз (1 Кор. 3:5—7). Эбегейсиз көп адамдардын саны жылдан жылга өсүп баратканына эч кандай шек жок!

8. Жахабанын уюму эмнеден улам барган сайын өсүүдө?

8 Ырас, Жахаба өзүнүн кызматчыларын колдогондуктан, ушундай зор өсүш болууда. (Оку: Ышая 43:10—12.) Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат. Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»,— деп айтылган (Ыш. 60:22). Башында рухий Ысрайыл — майлангандар — чындап эле, абдан аз болчу, бирок алар көбөйүп отуруп, чоң уюмга айланган (Гал. 6:16). Жахаба көптөгөн жылдардан бери батасын мол төгүп келаткандыктан, аларга «эбегейсиз көп адамдар» да кошулууда.

ЖАХАБА БИЗДЕН ЭМНЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ?

9. Үмүтүбүз ишке ашышы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

9 Майлангандарга киребизби же эбегейсиз көп адамдаргабы, баарыбыз Кудайдын Сөзүндө убада кылынган жаркын келечекти көрүүгө үмүттөнө алабыз. Бирок үмүтүбүз ишке ашышы үчүн, Кудайдын талаптарын аткарышыбыз керек (Ыш. 48:17, 18). Байыркы убакта ысрайылдыктардан Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык жашоо талап кылынган. Мыйзам аларды көп жактан коргогон, ошондой эле анда адеп-ахлактыкка, ишкердик мамилелерге, бала тарбиялоого, башкаларга туура мамиле кылууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу жол-жоболор камтылган (Чыг. 20:14; Леб. 19:18, 35—37; Мыйз. 6:6—9). Кудайдын талаптарын аткаруу биз үчүн да көп жагынан пайдалуу. Андыктан анын эркин аткарууну жүк катары көрбөйбүз. (Оку: 1 Жакан 5:3.) Мыйзам ысрайыл элин коргогондой эле, Кудайдын мыйзам-принциптери бизди да коргоп, ишенимибизди бекем сактоого жардам берет (Тит 1:13).

10. Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдөөгө жана үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө убакыт бөлүшүбүз керек?

10 Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү бардык жагынан алга илгерилөөдө. Мисалы, биз Ыйык Китептеги чындыкты барган сайын айкыныраак түшүнүп жатабыз. Бул Кудайдын Сөзүндөгү: «Адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет»,— деген сөздөрдүн тууралыгын бышыктоодо (Накыл 4:18). Бирок ар бирибиз: «Кудайдын уюму ачып берип жаткан жаңы түшүнүктөрдөн артта калган жокмунбу? Ыйык Китепти күнүгө окуп жатамбы? Жаңы адабияттарды баса калып окуймунбу? Үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүккө учуратпаймынбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Андай иштерди аткаруу өтө деле оор эмес экенине көбүбүз кошулат чыгарбыз. Болгону эле, аларга атайын убакыт бөлүшүбүз керек. Анткени Ыйык Китепти изилдеп, так билим алганыбыз, аны жашообузда колдонгонубуз жана рухий жактан өсө бергенибиз улуу алаамат тездик менен жакындап келаткан азыркы убакта болуп көрбөгөндөй маанилүү.

11. Жахабанын элинин жолугушуулары жана жыйындары эмнеси менен пайдалуу?

11 Жахабанын уюму биздин пайдабызды көздөгөндүктөн төмөнкү кеңешке ылайык иш кылууга чакырат: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай,  жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Евр. 10:24, 25). Байыркы убакта Жахабага сыйынуу үчүн уюштурулган жолугушуулар жана жыл сайын өткөрүлгөн майрамдар ысрайылдыктарды рухий жактан бекемдеп, кубаныч тартуулай турган. Буга Некемия пайгамбардын убагында өткөрүлгөн Алачык майрамы мисал боло алат (Чыг. 23:15, 16; Нек. 8:9—18). Бүгүнкү күндөгү жыйналыш жолугушуулары менен жыйындарыбыз жөнүндө да ушуну айтууга болот. Андыктан, келгиле, Жахаба менен ынак мамиледе болуп, ага кубанычтуу кызмат кыла беришибиз үчүн аларга үзбөй катышалы (Тит 2:2).

12. Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине кандай карашыбыз керек?

12 Жахабанын уюмунун мүчөлөрү катары биз «ыйык ишке», «Кудайдын жакшы кабарын жарыялоо» ишине, катышуудан чоң кубаныч алабыз (Рим. 15:16). Ал ишти аткаруунун аркасында ыйык Кудайыбыз Жахаба менен кызматташабыз (1 Кор. 3:9; 1 Пет. 1:15). Ошондой эле анын ысмынын ыйыкталышына салым кошобуз. «Бактылуу Кудайдын... даңктуу жакшы кабарын» жарыялоо — биз үчүн зор сыймык! (1 Тим. 1:11).

13. Рухий жактан күчтүү болушубуз жана өмүр алышыбыз үчүн эмне кылганыбыз маанилүү?

13 Кудай ага берилгендик менен кызмат кылып, уюмун колдоп, рухий жактан күчтүү болушубузду каалайт. Ал Муса пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга мындай деген: «Мен сага өмүр менен өлүмдү, бата менен каргышты сунуш кылдым. Асман менен жер кылган иштериңдин баарына күбө болот. Өзүң да, тукумуң да өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда. Жахаба Кудайыңды сүй, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал. Анткени Жахаба сага өмүр берет, ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган жерде өмүрүңдү узун кылат» (Мыйз. 30:19, 20). Мындан көрүнүп тургандай, өмүр алышыбыз үчүн Жахабанын эркин аткарганыбыз, аны сүйүп, тилин алганыбыз жана ага ишенимдүү бойдон калганыбыз маанилүү.

14. Бир ишенимдешибиз Кудайдын уюмуна карата кандай көз карашта болгон?

14 Жахабага ишенимдүү кызмат кылып, өмүр бою анын уюму менен бирге кадам шилтеген Прайс Хьюз деген бир тууган мындай деп жазган: «1914-жылга чейин эле Жахабанын ой-ниети жөнүндө так билим алып, ага ылайык жашап келгениме абдан сүйүнөм... Мен үчүн дайыма Жахабанын көзгө көрүнгөн уюму менен бирге болуу баарынан маанилүү болуп келет. Адамдык ой жүгүртүүгө таянуу канчалык акылсыздык болорун өз көзүм менен көрдүм. Муну жакшы түшүнгөндөн кийин уюмга акырына чейин берилгендигимди сактоого бел байладым. Жахабанын ырайымына жана батасына ээ болуу үчүн ушул нерселер зарыл деп эсептейм».

ЖАХАБАНЫН УЮМУ МЕНЕН БИРГЕ АЛГАЛАЙ БЕР

15. Түшүнүгүбүзгө байланышкан өзгөртүүлөрдү кабыл алышыбыз керектиги Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

15 Жахабанын ырайымына, батасына ээ болгубуз келсе, анын уюмун колдошубуз жана Ыйык Жазмадагы кайсы бир билдирүүлөр жаңыча түшүндүрүлгөндө, аларды кабыл алышыбыз керек. Мисал катары 1-кылымдагы жагдайды алып көрөлү. Иса Машаяк өлгөндөн кийин, анын жолун жолдогон жүйүттөрдүн арасында Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды ынталуулук менен жактагандар болгон (Элч. 21:17—20). Бирок элчи Пабыл аларга кат жазып,  өздөрүнүн «Мыйзам боюнча чалынган» курмандыктар аркылуу эмес, «Иса Машаяктын денесинин бир эле жолу курмандыкка чалынышы менен ыйыкталышканын» түшүндүргөн (Евр. 10:5—10). Алардын көбүнүн ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, рухий жактан өскөнү шексиз. Биз да Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеп, кайсы бир аяттарга негизделген түшүнүгүбүзгө же кабар айтуу ишибизге байланыштуу өзгөртүүлөр болгондо, аларды кабыл ала билишибиз керек.

16. а) Жаңы дүйнөдө кандай баталарды алабыз? б) Жаңы дүйнөдө ала турган баталардын кайсынысын чыдамсыздык менен күтүп жатасың?

16 Жахабага жана анын уюмуна берилгендигин сактагандардын баары келечекте мол бата алат. Мисалы, Машаяктын майланган жолдоочулары аны менен чогуу асманда падышалык кылышат (Рим. 8:16, 17). Ал эми жерде жашоого үмүттөнгөндөр Бейиште түбөлүккө ырахаттанып өмүр сүрүшөт. Биз бүгүнкү күндө Жахабанын уюмунун мүчөлөрү катары башкаларга жаңы дүйнө жөнүндө айтуудан зор кубаныч алуудабыз (2 Пет. 3:13). Ал убакта, Забур 37:11де айтылгандай, «мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат». Ошондой эле «адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат», «өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ыш. 65:21, 22). Зордук-зомбулук, жакырчылык, ачарчылык биротоло унутулат (Заб. 72:13—16). Кудай жөнүндө жалган окууларды жайылткан эч ким болбойт, анткени Улуу Бабыл түп-тамыры менен жок болот (Аян 18:8, 21). Мүрзөдө жаткандар тирилип, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (Ыш. 25:8; Элч. 24:15). Ооба, өзүн Жахабага арнаган миллиондогон адамдарды кандай сонун келечек күтүп турат! Ыйык Жазмадагы ошол убадалардын аткарылышын көрүш үчүн ар бирибиз Кудай менен болгон мамилебизди бекемдеп, дайыма анын уюму менен бирге алга илгерилей беришибиз керек.

Бейиште жашап жатканыңды элестете аласыңбы? (16-абзацты кара)

17. Жахабага жана анын уюмуна карата кандай маанайда болушубуз керек?

17 Бул дүйнөнүн жок болоруна абдан аз калгандыктан, ишенимибизди бекем сактап, Кудайга анын уюму менен бирге сыйына бергенибиз маанилүү. Биз да: «Жахабадан бир нерсени сурап келгем, ошону көксөйм: Жахабанын сулуулугун көрүш үчүн, ибадатканасын суктана караш үчүн өмүр бою Жахабанын үйүндө болгум келет»,— деп ырдаган Дөөтү падышаныкындай маанай чагылдыргыбыз келет (Заб. 27:4). Келгиле, ар бирибиз Жахабага ишенимдүү бойдон калып, мындан ары да анын уюму менен бирге алгалай берели!