Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Жахаба мага дайыма жардам берип келет

Жахаба мага дайыма жардам берип келет

Жубайым Эвелин экөөбүз поезд менен Онтарионун түндүгүндөгү эл сейрек отурукташкан Хорнепейнге (Канада) келдик. Таң жаңы эле атып келаткан, күн аябай суук болчу. Бизди жергиликтүү бир тууган тосуп алып, үйүнө алып барды. Анан ал бир туугандын аялы, баласы болуп чогуу тамактангандан кийин, кар кечип үймө-үй кабар айттык. Ошол күнү түштөн кийин райондук көзөмөлчү катары биринчи жолу баяндама сүйлөдүм. Ал жолугушууга бешөөбүздөн башка эч ким келген жок.

ЧЫНЫН айтсам, 1957-жылы айткан ошол баяндамамды аз эле киши укканына тынчсызданган деле эмесмин. Себеби мен аябай уялчаак болчумун. Кичинекей кезимде үйгө коноктор келгенде, атүгүл аларды жакшы таанысам да, жашынып калчумун.

Андыктан менин Жахабанын уюмунда тааныш да, тааныш эмес да көптөгөн адамдар менен тыгыз кызматташууга туура келген иштерди аткарганымды билгенде таң калат болушуңар керек. Өзүмдү ишенимсиз сезген, тартынган учурларым азыр деле болот. Ошондуктан кызматта жасаган ийгиликтериме өз күчүм менен жеттим деп эсептебейм. Мен Жахабанын: «Сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деген убадасынын чын экенине ынанып келем (Ыш. 41:10). Жахаба мага, негизинен, ишенимдештерим аркылуу жардам берди. Анда эмесе, бул тууралуу бала чагыман баштап кененирээк айтып берейин.

АЛ ЫЙЫК КИТЕП МЕНЕН КИЧИНЕКЕЙ КАРА КИТЕБИН КОЛДОНГОН

Онтарионун түштүк-батышындагы фермабызда

1944-жылдары жекшемби күнү эртең менен Онтарионун түштүк-батышындагы фермабызга Элси Хантингфорд деген бир аял келип калды. Эшикти апам ачты. Атам болсо мага окшогон уялчаак киши  болгондуктан, сыртка чыкпай эле, алардын эмне деп сүйлөшкөнүн менин жанымда тыңшап турду. Ал Элси эжени сатуучу деп ойлоп, апам зарыл эмес нерселерди сатып албашы үчүн, эшикке чыгып, бизге эч нерсенин кереги жок экенин айтты. Ошондо Элси эженин: «Ыйык Китепти да изилдегиңер келбейби?» — деп сураганы эсимде. Атам: «Албетте, изилдегибиз келет»,— деп жооп берген.

Элси эже бизге абдан ылайыктуу учурда келген эле. Анткени ата-энем бир топ убакыт бою Канададагы чоң чиркөөнүн жигердүү мүчөсү болуп келип, жакында эле ал жактан кетүүнү чечкен болчу. Себеп дегенде андан мурунураак чиркөө кызматкери тартуу салгандардын баарын тартуусунун көлөмү боюнча тизмеге жазып, аны чиркөөгө келгендер көргүдөй жерге илип койгон эле. Ата-энем колунда жок болгондуктан тизменин аяк жагына жазылган экен. Анан калса, чиркөө жетекчилери аларга көбүрөөк тартуу салгыла деп кысым көрсөтүшкөн. Ал эми дагы бир чиркөө кызматчысы жумушунан айрылып калбаш үчүн өзү ишенбеген нерселерге окутуп жүргөнүн мойнуна алган. Мына ошондуктан биз чиркөөдөн кеткен болчубуз, бирок рухий муктаждыгыбызды канааттандыруунун жолун издеп жатканбыз.

Ал кезде Канадада Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынгандыктан, Элси эже биз менен Ыйык Китепти жана өзүнүн кичинекей кара китебине жазып алгандарын гана колдонуп изилдөө өтүп жүрдү. Аны бийликтегилерге айтып салбай турганыбызга көзү жеткенде Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып келе баштады. Биз ар бир изилдөөдөн кийин адабияттарды эч ким көрбөгүдөй кылып катып койчубуз *.

Ата-энем чындыкты үймө-үй кабар айтып келген бир туугандан угуп, 1948-жылы чөмүлгөн

Элси эже ар кандай каршылыктарга, тоскоолдуктарга карабай, жакшы кабарды ынталуулук менен айта турган. Бул мага күчтүү таасир этип, чындык тарапты ээлөөгө түрткү берген. Ата-энем Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин, 1949-жылы 27-февралда, Кудайга арналганымды көрсөтүп, 17 жашымда мал суу ичкен темир акырда чөмүлдүм. Мен толук убактагы кызматты баштоого чечкиндүү болчумун.

ЖАХАБА КАЙРАТТУУ БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН

Бейтелге 1952-жылы чакырылгам

Каалоом бар болсо да, пионердик кызматты дароо баштаган жокмун. Себеби кийин пионер  болгондо өзүмдү бага алгыдай акча топтоп алышым керек деп ойлоп, бир канча убакыт бою банкта жана дагы бир офисте иштедим. Бирок жаш, тажрыйбасыз болгондуктан тапкан акчамды тез эле коротуп салчумун. Ошондуктан Тед Саржент деген бир тууган мени кайраттуу болуп, Жахабага таянууга үндөдү (1 Жылн. 28:10). Анын жылуу-жумшак сөздөрү мага 1951-жылы ноябрда пионердик кызматты баштоого түрткү берди. Ошондо менде болгону 40 доллар, велосипед жана жаңы портфель бар болчу. Бирок Жахаба мени дайыма керектүү нерселер менен камсыз кылып турду. Тед бир туугандын мени пионердик кызматты баштоого үндөгөнүнө аябай ыраазымын. Анткени ал кызматтын аркасында мол бата алдым.

1952-жылы августтун аяк ченинде мага Торонто шаарынан бир туугандар телефон чалып, Канададагы Бейтелде сентябрь айынан баштап кызмат кылууга чакырышты. Өзүм уялчаак болсом да, мурун Бейтелде такыр болуп көрбөсөм да, аябай сүйүндүм. Анткени ага чейин айрым пионерлер мага Бейтел жөнүндө сонун нерселерди айтып беришкен эле. Бейтелге барарым менен эле көнүп кеттим.

«БИР ТУУГАНДАРГА ДАЙЫМА КАМ КӨР»

Бейтелге келгенимден эки жыл өткөндөн кийин Торонтодогу бир жыйналышка Билл Якос бир туугандын ордуна жыйналыштын кызматчысы (бүгүнкү күндө аксакалдар кеңешинин координатору) болуп дайындалдым. Мен анда 23төгү кагылып-согула элек айылдык жигит болчумун. Бирок Билл бир тууган момундук, боорукердик менен эмне кылышым керектигин көрсөтүп берди. Анан, албетте, Жахаба өзү жардам берип турду.

Жапалдаш бойлуу, чымырынан келген, ар убак жылмайып жүргөн Билл Якос дайыма башкалардын камын ойлочу. Ал бир туугандарды, бир туугандар болсо аны аябай жакшы көрөр эле. Ал ишенимдештериникине көйгөй болгондо эле эмес, башка күндөрү да бат-бат барып турчу. Мени да ошондой кылууга, жыйналыштагылар менен кызматка чыгып турууга үндөп: «Кен, бир туугандарга дайыма кам көрүп тур. Бул көптөгөн кемчилик-каталарыңды жаап коёт»,— деп кеңеш берген.

БЕРИЛГЕНДИГИНЕН ЖАЗБАГАН ЖУБАЙЫМ

1957-жылы январдан тартып Жахаба мага өзгөчө жол менен жардам бере баштады. Ошол айда Эвелин экөөбүз баш коштук. Ал Гилат мектебинин 14-классын бүтүрүп, мага турмушка чыкканга чейин тургундары француз тилинде сүйлөгөн Квебек провинциясында кызмат кылган. Ошол убакта Квебекте Рим-католик чиркөөсүнүн таасири күчтүү болгондуктан, ал жакта кызмат кылуу оңой эмес эле. Бирок Эвелин Жахабага берилгендик менен кызмат кыла берген.

Эвелин экөөбүз 1957-жылы баш кошконбуз

Эвелин мага да берилгендик менен колдоо көрсөтүп келет (Эф. 5:31). Анын берилгендиги үйлөнөрүбүз менен сынала баштаган. Мисалы, биз баш кошкондон кийин Флоридага (АКШ) барып эс алып келүүнү чечкен болчубуз, бирок үйлөнгөндөн кийинки күнү эле филиалдагы бир туугандар менден Канададагы Бейтелде өткөрүлө турган бир жумалык жолугушууга катышууну суранып калышты. Албетте, ан үчүн пландарыбызды өзгөртүшүбүз керек болчу, бирок биз Жахабанын айтканын аткарууга даяр элек. Ошондуктан эс алууга барбай эле коёлу деп чечтик.  Эвелин бир жума бою Бейтелге жакын жерде кабар айтып жүрдү. Ал аймак Квебекке такыр окшош болбосо да, жубайым багынган жок.

Ошол жуманын аягында күтүлбөгөн жерден Онтарионун түндүгүнө райондук көзөмөлчү болуп дайындалып калдым. Мен жаңы эле үйлөнгөн, 25 эле жаштагы тажрыйбасыз жигит болчумун. Бирок жубайым экөөбүз Жахабага таянып, дайындоону кабыл алдык. Ошентип, Канаданын кычыраган кышында поездге отуруп, түн ката Онтарионун түндүгүнө сапар тарттык. Жаныбызда өздөрүнүн кызматын улантканы бараткан бир нече тажрыйбалуу кыдыруучу көзөмөлчүлөр да бар эле. Алар бизди абдан бекемдешти. Алардын бири, түнү менен отуруп барбашыбыз үчүн, ойбоюбузга койбой, өзүнүн уктай турган ордун бошотуп берди. Эртеси күнү эртең менен Эвелин экөөбүз, баш кошконубузга туура 15 күн болгондо, сөзүмдүн башында айтып кеткенимдей, Хорнепейндеги бир туугандар менен кызматташа баштадык.

Эвелин экөөбүздү алдыда дагы далай өзгөрүүлөр күтүп турган. 1960-жылдын аяк ченинде облустук көзөмөлчү катары кызмат кылып жүргөнүмдө Гилат мектебинин 36-классына чакырылып калдым. Бруклинде өткөрүлө турган ал мектеп 1961-жылы февралда башталып, он айга созулмак. Ошондо жетине албай сүйүнгөм, бирок Эвелин чакырылбагандыктан, кубанычым толук болгон жок. Андай жагдайда эже-карындаштар, адатта, күйөөсүнүн мектепке барышына каршы эмес экенин билдирип кат жазышчу. Бир туугандар Эвелинге да менин он айга кетишиме макулдугун билдирген кат жазууну айтышыптыр. Ал көз жашын төгүп ыйласа да, менин Гилат мектебинен баа жеткис билим аларыма сүйүнүп, макулдугун берди.

Мен ал жакта окуп жүргөндө, Эвелин Канададагы филиалда кызмат кылып, Маргарет Ловелл деген майланган эже менен бир бөлмөдө жашады. Бул ал үчүн чоң сыймык болду. Эвелин экөөбүз бири-бирибизди ушунчалык сагынып, куса болдук. Бирок Жахабанын жардамы менен өзүбүзгө берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып жаттык. Жубайымдын чогуу өткөрө турган убактыбызды Жахаба менен анын уюмуна арнашыбызга даярдуулук менен макул болгону жүрөгүмдү козгогон.

Гилат мектебинде окуп жатканыма үч айдай болгондо, бүткүл дүйнөлүк иште жетекчиликти колго алган Нейтан Норр бир тууган мага өзгөчө бир сунуш менен кайрылып калды. Ал менден Гилат мектебиндеги окуумду токтотуп, Канададагы филиалда өткөрүлө турган Падышалык кызмат мектебинде убактылуу нускоочу боло алар-албасымды сурады. Бирок Норр бир тууган ал сунушту сөзсүз кабыл алышым керек эместигин, кааласам, Гилат мектебин бүтүрүп, миссионер боло аларымды айтты. Ошондой эле Канадага кайтып барууну чечсем, Гилатка кийин такыр чакырылбашым жана убакыттын өтүшү менен Канадада талаа кызматына дайындалышым мүмкүн экенин түшүндүрүп, жубайым менен кеңешкенден кийин чечим чыгара аларымды айтты.

Мен Эвелиндин теократиялык дайындоолорго кандай караарын жакшы билчүмүн. Ошондуктан Норр бир тууганга дароо эле: «Жахабанын уюму  кандай тапшырма бербесин, аны чын жүрөктөн аткарууга даярбыз»,— дедим. Жубайым экөөбүз өзүбүздүн каалообуз кандай болбосун, Жахабанын уюму каякка дайындаса, ошол жакка барышыбыз керек деп эсептечүбүз.

Ошентип, 1961-жылы апрель айында Падышалык кызмат мектебинде бир туугандарды окутуш үчүн Канадага бардым. Кийинчерээк жубайым экөөбүз Бейтелде кызмат кыла баштадык. Бир күнү күтүлбөгөн жерден Гилат мектебинин 1965-жылы баштала турган 40-классына чакырылып калдым. Эвелин болсо мурункусундай эле үйдө калууга макулдугун берип, кат жазышы керек болчу. Бирок бир нече жумадан кийин ал да мектепке чакырылып, төбөбүз көккө жете сүйүндүк.

Гилат мектебине барганыбызда, Норр бир тууган бизге окшоп француз тилин үйрөнгөн студенттер Африкага дайындаларын айтты. Бирок мектепти бүтүп жатканда кайра Канадага барарыбызды билдик. Мен филиалдын көзөмөлчүсү (бүгүнкү күндө Филиалдын комитетинин координатору) болуп дайындалдым. Ал кезде 34 эле жашта болгондуктан Норр бир тууганга: «Мен өтө эле жашмын»,— дедим. Бирок ал кызматымды аркалап кете аларыма ынандырды. Бейтелге баргандан баштап эле олуттуу чечим чыгарарда улуураак, тажрыйбалуураак бир туугандар менен кеңешип турдум.

БЕЙТЕЛ — ҮЙРӨНҮҮГӨ ДА, ҮЙРӨТҮҮГӨ ДА ЫЛАЙЫКТУУ ЖЕР

Бейтелде кызмат кылып жүрүп башкалардан көп нерсеге үйрөндүм. Мен Филиалдын комитетинин башка мүчөлөрүн терең урматтайм жана аларга суктанам. Мага Бейтелдеги жана биз кызмат кылган жыйналыштардагы көптөгөн бир туугандар, анын ичинде эркектер да, аялдар да, карылар да, жаштар да жакшы үлгү болушту.

Канададагы Бейтелде эртең мененки сыйынууну өткөрүп жатам

Бейтелде башкаларды да үйрөтүүгө, алардын ишенимин бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөр болду. Элчи Пабыл Тиметейге: «Эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман»,— деп айткан. Ошондой эле: «Менден көп күбөлөрдүн көзүнчө уккандарыңды башкаларды үйрөтө ала турган ишенимдүү адамдарга айт»,— деп үндөгөн (2 Тим. 2:2; 3:14). Кээде бир туугандар менден Бейтелде 57 жыл кызмат кылуунун аркасында эмнелерге үйрөнгөнүмдү сурашат. Мен аларга: «Жахабанын уюму эмне кылышымды кааласа, Жахабанын жардам берерине бекем ишенип, ошону даярдуулук менен, тезинен аткарууга үйрөндүм»,— деп жооп берем.

Бейтелге жаңы келгендеги уялчаак, тажрыйбасыз кезим кечээ күнү эле болгондой сезилет. Жахаба ошондон бери мени оң колуман кармап, жетектеп келүүдө. Ал айрыкча ишенимдештерим аркылуу өз убагында боорукердик менен колдоо көрсөтүп, мени: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деп ынандырып келет (Ыш. 41:13).

^ абз. 10 Канаданын өкмөтү 1945-жылы 22-майда ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине кайрадан уруксат берген.