Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — уюшкандыктын Кудайы

Жахаба — уюшкандыктын Кудайы

«Кудай — баш аламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы» (1 КОР. 14:33).

1, 2. а) Жахаба эң алгач кимди жараткан жана аны кантип колдонгон? б) Периштелердин мыкты уюшканын кайдан билебиз?

АЙ-ААЛАМДЫ жараткан Жахаба Кудай баарын уюшкандыкта кылат. Ал эң алгач өзүнүн Уулун жараткан. Уулу анын башкы өкүлү болгондуктан, Ыйык Китепте «Сөз» деп аталат. Ал жерге келгенге чейин Жахабага сансыз кылымдар бою кызмат кылган. Ыйык Китепте бул тууралуу: «Башында Сөз болгон, Сөз Кудай менен болгон... Бардыгы ал аркылуу жаратылган, ансыз эч нерсе жаратылган эмес»,— деп айтылат. Мындан 2 000 жылдан ашуун убакыт мурун Кудай аны жерге жөнөткөн. Ал жерде жеткилең адам катары Атасынын эркин ишенимдүүлүк менен аткарган (Жкн. 1:1—3, 14).

2 Жерге келгенге чейин Кудайдын Уулу Атасына берилгендик менен кызмат кылган «чебер уста» да болгон (Накыл 8:30). Жахаба ал аркылуу миллиондогон башка периштелерди жараткан (Кол. 1:16). Периштелер жөнүндө бир аятта: «[Жахабага] миңдегендер кызмат кылып, алдында түмөндөгөндөр турду»,— деп жазылган (Дан. 7:10). Ыйык Китепте Кудайдын периштелери мыкты уюшкан «аскерге» салыштырылат (Заб. 103:21).

3. Ааламда жылдыздар менен планеталар канчалык көп жана алардагы тартип жөнүндө эмне айтууга болот?

3 Ал эми кең аалам, андагы жылдыздар менен планеталар жөнүндө эмне айтууга болот? АКШда чыккан бир гезитте  акыркы изилдөөлөр боюнча жылдыздардын саны «300 секстиллионго жетери, башкача айтканда, окумуштуулардын мурунку эсептөөлөрүнөн үч эсеге көп» экени жазылган. Ошондой эле анда: «300 секстиллион — 3төн кийин 23 нөлү бар сан»,— деп түшүндүрүлгөн. Көптөргө белгилүү болгондой, жылдыздар галактикаларды түзөт. Ар бир галактика миллиарддаган, атүгүл триллиондогон жылдыздардан жана көп сандаган планеталардан турат. Андан тышкары, көптөгөн галактикалардын өз-өзүнчө топторго биригери, ал эми ал топтордун эбегейсиз чоң галактикалар чогулмасын түзөрү аныкталган.

4. Жахабанын жердеги кызматчыларынын арасында да мыкты тартип болмок деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Ооба, асмандагы периштелердин, жылдыздардын жана планеталардын жогорку деңгээлде уюшкандыгы таңыркатпай койбойт (Ыш. 40:26). Андыктан Жахаба жердеги кызматчыларынын арасында да мыкты тартип болушуна чара көрмөк деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Алар маанилүү ишти аткарышы керек болгондуктан, жакшы уюшкандык абдан зарыл болчу. Жахабанын байыркы убактагы жана учурдагы элинин ишенимдүү кызматы анын өз кызматчыларын ар дайым колдоорун, ошондой эле «баш аламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы» экенин айкын көрсөтүп турат. (Оку: 1 Корунттуктар 14:33, 40.)

КУДАЙДЫН БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ УЮШКАН ЭЛИ

5. Кудайдын жерге байланышкан ой-ниети эмне үчүн азырынча аткарыла элек?

5 Жахаба эң алгачкы эркек менен аялды жаратып, аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле жана деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деп айткан (Башт. 1:28). Ошентип, адамзат үй-бүлөсү акырындык менен чоңоюп, бүт жер жүзүн толтурмак да, аны Бейишке айлантмак. Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей, анын тартибине, ой-ниетине каршы иш кылышкан (Башт. 3:1—7). Анын кесепети тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман экенин көрдү»,— деп жазылат. Акыр-аягы «жер бети зордук-зомбулукка толуп, чыныгы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калган». Ошол себептен Кудай ыймансыздарды жок кылуу үчүн жер бетине Топон суу каптатууну чечкен (Башт. 6:5, 11—13, 17).

6, 7. а) Жахаба Нух пайгамбарды эмне үчүн сактап калган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Нух пайгамбардын күндөрүндөгү ыймансыз адамдар эмне болгон?

6 Анткен менен Нух пайгамбар «Жахабанын көз алдында ырайым тапкан», себеби «замандаштарынан айырмаланып, ал кынтыксыз», «адил киши болгон» жана «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн». Ошондуктан Жахаба ага чоң кеме курууну буйруп, зарыл көрсөтмөлөрдү берген (Башт. 6:8, 9, 14—16). Кеме адамдар менен жаныбарлардын өмүрүн сактап калууга ылайыкташтырылып жасалган. «Нух баарын Жахаба айткандай кылып», үй-бүлөсү менен биримдикте эмгектенүүнүн аркасында өзүнө тапшырылган ишти аягына чыгарган. Анын үй-бүлөсү жан-жаныбарлардын бардык түрүн кемеге киргизгенден кийин, «Жахаба алардын артынан эшикти жапкан» (Башт. 7:5, 16).

7 Жахаба б.з.ч. 2370-жылы топон суу каптатып, «жер жүзүндө жашагандын баарын... жок кылган», бирок Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүн аман алып калган (Башт. 7:23). Бүгүнкү күндөгү адамдардын баары так ошол Нух пайгамбар менен анын уулдарынан тараган. Анын эскертүүсүнө кулак какпай, кеменин сыртында калган адамдардын бири да тирүү калган эмес (2 Пет. 2:5).

Жакшы уюшкандыктын аркасында сегиз киши Топон суудан аман калган (6, 7-абзацтарды кара)

8. Кудай ысрайыл элин Канаан жерине алып баратканда, алардын арасында тартип болгону эмнеден көрүнгөн?

8 Топон суудан кийин сегиз кылымдан  ашуун убакыт өткөндө, Кудай ысрайылдыктарды эл кылып уюштурган. Тартип болуш үчүн, ал аларга жашоонун ар кайсы тармагына, өзгөчө, сыйынууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген. Ошондой эле дин кызматчылар менен лебилерден тышкары «жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылууга» аялдарды дайындаган (Чыг. 38:8). Бирок Жахаба Кудай ысрайыл элин Канаан жерине алып кирерде, алар ишенимсиздик кылышкан. Ошондуктан аларга: «Силер менен бирге жашайм деп ант берген жерге Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка эч кимиңер барбайсыңар»,— деген. Убада кылынган жерди көргөнү барган чалгынчылардын арасынан Калеп менен Жашыя гана элге жакшы кабар алып келгендиктен Кудайга жагышкан (Сан. 14:30, 37, 38). Кудайдын көрсөтмөсү боюнча, Муса пайгамбар Жашыяны өзүнөн кийин элге жол башчы кылып дайындаган (Сан. 27:18—23). Жашыя ысрайылдыктарды Канаанга баштап барарда, Кудай ага: «Кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деп айткан (Жаш. 1:9).

9. Рахап Жахабага жана анын элине кандай мамиле кылган?

9 Жахаба Кудай Жашыяга берген убадасына туруп, дайыма аны менен болгон. Мисалы, ысрайылдыктар Канаандагы Жерихо шаарына жакын жерге жайгашканда болгон окуяны карап көрөлү. Б.з.ч. 1473-жылы Жашыя эки кишисин Жерихону чалгындап келгени жиберген. Алар Рахап деген сойку аялдыкына барышкан. Рахап аларды үйүнүн чатырына жашырып, Жерихонун падышасы жиберген кишилерден аман алып калган. Ал эки чалгынчыга: «Жахабанын бул жерди силерге берерин билем... Жахабанын силердин көз алдыңарда Кызыл деңизди кантип кургатканын, ошондой эле силердин... аморлуктардын эки падышасы Сихон менен Окту жок кылганыңарды укканбыз»,— деген. Анан: «Жахаба Кудайыңардын асман менен жердеги жалгыз Кудай экенин түшүндүк»,— деп айткан (Жаш. 2:9—11). Рахап Кудайдын эли менен болууну тандагандыктан, Кудай  аны жана үйүндөгүлөрүн шаардын башка тургундары менен кошо жок кылган эмес (Жаш. 6:25). Рахап Жахабага бекем ишенерин, аны да, анын элин да терең урматтаарын көрсөткөн.

1-КЫЛЫМДАГЫ ӨРКҮНДӨП-ӨСКӨН УЮМ

10. Иса Машаяк диний жетекчилерге эмне деп айткан жана эмне үчүн?

10 Жашыянын жетекчилиги астында ысрайылдыктар шаар артынан шаарды каратып, бүтүндөй Канаан жерин басып алышкан. Бирок кийинчерээк ысрайыл эли тоң моюндук кылып, жүздөгөн жылдар бою Кудайдын мыйзамдарын кайра-кайра буза беришкен. Жахаба Уулун жерге жиберген убакта, алар Кудай менен анын өкүлдөрүн такыр баркка албай, тил албастыгы жетер чегине жеткендиктен, Иса Машаяк Иерусалимди «пайгамбарларды өлтүргөн» шаар деп атаган. (Оку: Матай 23:37, 38.) Кудай жүйүттөрдүн диний жетекчилерин ишенимсиздиги үчүн четке каккан. Ошондуктан Иса Машаяк аларга: «Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деп айткан (Мт. 21:43).

11, 12. а) 1-кылымда Жахабанын ысрайыл элине эмес, жаңы уюмга батасын бере баштаганы эмнеден көрүнгөн? б) Жахаба колдогон жаңы уюм кимдерден турган?

11 Б.з. 1-кылымында Жахаба ишенимсиз ысрайыл элин четке каккан. Бирок бул анын андан ары жер бетинде берилген кызматчыларынан турган уюму болбой турганын билдирген эмес. Жахаба б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып Иса Машаякка жана анын окууларына баш ийген жаңы уюмга батасын бере баштаган. Майрам учурунда 120дай шакирт Иерусалимге чогулганда, «күтүлбөгөн жерден асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, алар отурган үйдүн ичин жаңырткан». Андан ары эмне болгону жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «Анан көрүнүшү тилге окшогон жалындар көрүндү да, бөлүнүп-бөлүнүп, ар биринин үстүнө бирден конду. Ошондо баары ыйык рухка толуп, рух берген сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кайсы тилдерде сүйлөй башташты» (Элч. 2:1—4). Ал таң калыштуу окуядан Жахабанын Машаяктын шакирттеринен турган жаңы уюмду колдой баштаганы айкын көрүнгөн.

12 Эстен кеткис ошол күнү «шакирттерге 3 000дей киши кошулган». Жахаба андан ары да «күн сайын аларга куткарылуу жолуна түшкөндөрдү кошо» берген (Элч. 2:41, 47). 1-кылымдагы ал жарчылар ушунчалык натыйжалуу кабар айткандыктан, «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимдеги шакирттердин саны барган сайын өсө берген». Атүгүл «дин кызматчылардын ичинен да көптөр ишенимди кабыл алышкан» (Элч. 6:7). Ошентип, көптөгөн жүрөгү таза адамдар чындык жолуна түшүшкөн. Кийинчерээк Жахаба Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышына «башка улуттагы адамдарды» да алып келүү менен ал жаңы уюмду колдоп жатканын дагы бир ирет тастыктаган. (Оку: Элчилер 10:44, 45.)

13. Кудайдын жаңы уюмуна кандай иш тапшырылган?

13 Кудайдын Машаяктын жолдоочуларына кандай иш тапшырганы айдан ачык болчу. Иса Машаяк муну чөмүлөр замат «асман Падышалыгы» жөнүндө кабар айта баштоо менен айкын көрсөткөн (Мт. 4:17). Ал шакирттерине да кабар айтуу ишин аткарууну үйрөтүп, аларга: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8). Андыктан Машаяктын алгачкы жолдоочулары өздөрүнөн эмне талап кылынарын жакшы билишкен. Пабыл менен Барнаба Писидиядагы Антиохияда жүргөндө жакшы кабарга кулак какпай койгон жүйүттөргө тайманбастан мындай дешкен: «Кудайдын сөзү биринчи кезекте силерге айтылышы керек болчу. Бирок силер аны четке кагып, түбөлүк өмүргө татыктуу  эмес экениңерди көрсөттүңөр. Ошондуктан биз башка элдерге кайрылып жатабыз. Анткени Жахаба: „Жердин учу-кыйырына чейин куткарылуу тартуулашың үчүн, мен сени элдерге жарык кылып койдум“,— деп айтып, бизге осуят берген» (Элч. 13:14, 45—47). Биринчи кылымдан бери Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгү башкаларга анын адамзатты куткаруу үчүн кандай чара көргөнү жөнүндө айтып келүүдө.

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫ АЛААМАТТАН АМАН КАЛГАН

14. Биринчи кылымда Иерусалим эмне болгон, бирок кимдер аман калган?

14 Ысрайылдыктардын басымдуу бөлүгү жакшы кабарды укпай койгондуктан, аларды алаамат күтүп турган. Ошондуктан Иса Машаяк шакирттерине: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле. Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин»,— деп эскерткен (Лк. 21:20, 21). Кийин баары ал айткандай болуп чыккан. Б.з. 66-жылы жүйүттөр көтөрүлүш чыгаргандыктан, Цестий Галл баштаган Рим аскерлери Иерусалимди курчоого алышкан. Бирок күтүлбөгөн жерден римдиктер артка чегинип кетишкен. Так ошондо Машаяктын жолдоочуларына Иерусалим менен Жүйүт жеринен кетип калууга ыңгайлуу учур түзүлгөн. Тарыхчы Евсевийдин айтымында, алардын көбү Иордан дарыясын кечип өтүп, Переядагы Пеллага качышкан. Б.з. 70-жылы Рим аскерлери Титтин жетекчилиги астында Иерусалимге кайрадан чабуул коюп, анын таш талканын чыгарышкан. Бирок Иса Машаяктын эскертүүсүнө кулак каккан ишенимдүү шакирттер алааматтан аман калган.

15. Иса Машаяктын жолдоочулары эмнелерге карабай өркүндөп-өсүшкөн?

15 Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары кыйынчылыктарга, куугунтукка жана башка сыноолорго карабай, өркүндөп-өсүшкөн (Элч. 11:19—21; 19:1, 19, 20). Эмне үчүн? Анткени аларга Кудай батасын берген (Накыл 10:22).

16. Ишенимин бекем сакташ үчүн Машаяктын ар бир жолдоочусу эмне кылышы керек болчу?

16 Ишенимин бекем сакташ үчүн Машаяктын ар бир жолдоочусу өзү күч-аракет жумшашы керек болчу. Ыйык Жазманы кылдат изилдөө, сыйынуу үчүн уюштурулган жолугушууларга дайыма баруу жана Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жигердүү катышуу абдан маанилүү болгон. Андай иштер Жахабанын элинин рухий жактан гүлдөп-өсүшүнө, биримдүү болушуна өбөлгө түзгөн; бүгүнкү күндө деле ошондой. 1-кылымдагы мыкты уюшулган жыйналыштарда жардам берүүгө дайым даяр аксакалдар менен кызмат жардамчылары башкалардын жыргалчылыгы үчүн көп эмгектенген (Флп. 1:1; 1 Пет. 5:1—4). Ошондой эле элчи Пабыл сыяктуу кыдыруучу көзөмөлчүлөр келгенде да жыйналыштардын чоң кубанычка бөлөнгөнү шексиз (Элч. 15:36, 40, 41). Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын сыйынуусу биздикине ушунчалык окшош болгону көңүлгө аларлык. Жахабанын өз кызматчыларын ар дайым уюшкандыкта жетектеп келатканына кандай гана ыраазыбыз! *

17. Кийинки макалада эмне тууралуу талкууланат?

17 Шайтандын дүйнөсү жок боло турган убак жакындаган сайын, Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү тездик менен алга илгерилеп баратат. Сен андан артта калган жоксуңбу? Рухий жактан ийгиликтерди кылып жатасыңбы? Ан үчүн эмне кылса болору тууралуу кийинки макалада талкууланат.

^ абз. 16 2002-жылы 1-августта чыккан «Күзөт мунарасындагы» «Ыйсанын жолдоочулары рухта жана чындыкта сыйынышат» жана «Алар чындык жолунда жүрүшөт» деген макалаларды кара. Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгү жөнүндө «Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» деген китепчеде кененирээк айтылат.