Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматта «ар бир адамга кантип жооп беришибиз» керек?

Кызматта «ар бир адамга кантип жооп беришибиз» керек?

«Сөзүңөр дайыма жагымдуу... болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер» (КОЛ. 4:6).

1, 2. а) Жакшы ойлонуштурулган суроолордун канчалык натыйжалуу болорун көрсөткөн окуя айтып бер. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Эмне үчүн татаал темаларда сүйлөшкөндөн коркпой эле койсок болот?

БИР жолу ишенимдешибиз күйөөсү менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп калат. Күйөөсү мурун христиан чиркөөлөрүнүн бирине барчу. Ал аялы менен сүйлөшүп отуруп Үчилтикке (Троица) ишенерин айтат. Күйөөсүнүн толугу менен түшүнүп-түшүнбөй эле Үчилтик жөнүндөгү окууга ишенип жүргөнүн байкаган ишенимдешибиз андан сылыктык менен: «Сен Кудайды да Кудай деп, Исаны да Кудай деп, ыйык рухту да Кудай деп, ошол эле учурда үч эмес, бир эле Кудай бар деп ишенесиңби?» — деп сурайт. Андайды күтпөгөн күйөөсү: «Жок, мен буга ишенбейм!» — деп жооп берет. Натыйжада экөө Кудай жөнүндө кызыктуу маек курушат.

2 Бул окуядан сылык болуп, жакшы ойлонуштурулган суроолорду берүүнүн натыйжалуу болору көрүнүп турат. Ошондой эле башкалар менен Жараткандын бар экени жана Үчилтик, тозок оту сыяктуу татаал темалар жөнүндө сүйлөшкөндөн коркпой эле койсок болору да айкын болууда.  Ырас, эгер Жахабага таянып, ал окутуп-үйрөткөндөй иш кылсак, дайыма угуучуларыбыздын жүрөгүн козгогон ынандырарлык жоопторду бере алабыз (Кол. 4:6). Бул макалада кызматыбыз жемиштүү болуш үчүн 1) башкаларды сөзгө тарта турган кандай суроолорду берсек болорун, 2) Ыйык Жазманын негизинде кантип талкуу жүргүзө аларыбызды жана 3) ойду жеткириш үчүн мисалдарды кантип колдонсок болорун карап чыгабыз.

СӨЗГӨ ТАРТЫШ ҮЧҮН СУРООЛОРДУ БЕР

3, 4. Маектешибизге суроолорду берип, анын эмнеге ишенерин аныктап алганыбыз эмне үчүн маанилүү? Мисал келтир.

3 Суроолордун жардамы менен адамдын эмнеге ишенерин билүүгө болот. Бул эмне үчүн маанилүү? «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат»,— делет Накыл сөздөр 18:13тө. Андыктан кайсы бир нерсеге карата Кудайдын көз карашын түшүндүрүп кирерден мурун, маектешибиздин чынында эмнеге ишенерин аныктап алганыбыз жакшы. Антпесек, убакытты текке кетирип, ал ансыз деле ишенбеген нерсенин туура эмес экенин далилдей беришибиз мүмкүн (1 Кор. 9:26).

4 Маселен, кимдир бирөө менен тозок жөнүндө сүйлөшүп жатабыз деп коёлу. Айрымдар тозокту жаман адамдар отко куйкаланып кыйнала турган жай деп эсептесе, кээ бирөөлөр дагы башкача элестетишет. Ошондуктан алгач: «Негизи, тозок жөнүндө ар ким ар кандай ойдо. Сиздин оюңуз кандай?» — деп сурап көрөттүрбүз. Жообун уккандан кийин ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин жакшыраак түшүндүрүп бере алабыз.

5. Суроолор адамдын кайсы бир нерсеге эмне үчүн ишенерин билүүгө кандайча жардам берет?

5 Сылыктык менен берилген суроолордун аркасында кимдир бирөөнүн кайсы бир нерсеге эмне үчүн ишенерин да биле алабыз. Кабар айтып жүргөнүбүздө бир киши Кудайга ишенбей турганын айтты деп коёлу. Андайда дароо эле ал эволюция теориясынын таасиринен улам Кудайга ишенбей калган деп ойлошубуз мүмкүн (Заб. 10:4). Бирок айрымдар башкалардын же өздөрүнүн азап чеккенинен улам Кудайга ишенбей калышат. Алар Кудай чынында эле бар болсо, азап-кайгы болмок эмес деп ойлошот. Андыктан үй ээси Кудайдын бар экенине ишенбей турганын айтса, андан: «Сиз Кудайга башынан эле ишенчү эмес белеңиз?» — деп сурап көргөнүбүз оң. Ал: «Жок»,— десе, Кудайга ишенбей калганына эмне себеп болгонун сурап көрсөк болот. Жообун уккандан кийин ага кантип жакшыраак жардам бере аларыбызды баамдашыбыз мүмкүн. (Оку: Накыл сөздөр 20:5.)

6. Суроо бергенден кийин эмне кылганыбыз маанилүү?

6 Суроо бергенден кийин адамды кунт коюп угуп, анын сезимдерин түшүнүүгө аракет кылганыбыз маанилүү. Алсак, кимдир бирөө кайсы бир кайгылуу окуядан кийин камкор Жараткандын бар экенине шектенип калганын айтса, Кудайдын бар экенин далилдээрден мурун аны түшүнөрүбүздү жана андай сезимде болгону табигый эле нерсе экенин айтсак болот (Хаб. 1:2, 3). Чыдамдуу, боорукер болсок, ал бизди жакшыраак угушу мүмкүн *.

ЫЙЫК ЖАЗМАДА АЙТЫЛГАНДАРДЫ ТАЛКУУЛА

Кызматта жакшы натыйжага жетүүгө өзгөчө эмне жардам берет? (7-абзацты кара)

7. Кызматыбыздын натыйжалуу болору көбүнесе эмнеге жараша болот?

7 Эми Ыйык Жазмада айтылгандарды кантип талкууласак болорун карап көрөлү. Кызматта колдонгон негизги куралыбыз, албетте, Ыйык Китеп. Анын жардамы менен биз «ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болобуз» (2 Тим. 3:16, 17). Кызматыбыздын натыйжалуу болору көбүнесе канча аят окуп бергенибизге  эмес, аларды кандай түшүндүрүп, кантип талкуу жүргүзгөнүбүзгө жараша болот. (Оку: Элчилер 17:2, 3.) Муну түшүнүш үчүн төмөнкү үч жагдайга токтололу.

8, 9. а) Исаны Кудай менен тең деп эсептегендер менен кантип талкуу жүргүзсөк болот? б) Бул темада дагы кантип талкуу жүргүзүү натыйжалуу болорун байкадың эле?

8 1-жагдай: Кимдир бирөө Исаны Кудай менен тең деп эсептээрин айтат. Андай киши менен талкуу жүргүзүү үчүн кайсы аятты колдонсок болот? Балким, Иса Машаяктын Жакан 6:38деги: «Мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем»,— деген сөздөрүн окуп көрөттүрбүз. Аятты окугандан кийин: «Эгер Иса Кудай болсо, аны жерге ким жиберген? Аны жиберген бирөө андан улуу болуш керек эмеспи? Негизи, кимдир бирөөнү бир жакка андан жогорураак турганы жибербейби?» — десек болот.

9 Же болбосо Филипиликтер 2:9дан Кудайдын Иса Машаякты тирилткенден кийин эмне кылганы жөнүндө окуп береттирбиз. Элчи Пабыл ал аятта: «Кудай аны [Исаны] ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди»,— деп жазган. Маектешибизге ой жүгүртүүгө жардам бериш үчүн: «Эгер Иса өлгөнгө чейин Кудай менен тең болсо, анан Кудай аны тирилтип, ага мурункудан да жогорку абалды берсе, анда Иса Кудайдан да өйдө болуп калабы? Дегеле, кимдир бирөө Кудайдан жогору боло алабы?» — десек болот. Эгер ал Кудайдын Сөзүнө ишенген жүрөгү таза киши болсо, бул жөнүндө дагы көбүрөөк билгиси келиши мүмкүн (Элч. 17:11).

10. а) Тозокко ишенгендер менен кантип талкуу жүргүзсөк болот? б) Тозок жөнүндө дагы кантип талкуу жүргүзүү натыйжалуу болорун байкадың эле?

10 2-жагдай: Кимдир бирөө жаман адамдардын тозокто кыйналарына ишенерин айтат. Ал киши ыймансыз адамдардын жаман иштери үчүн жазаланышын каалагандыктан тозокко ишениши мүмкүн. Аны менен кантип талкуу жүргүзсөк болот? Адегенде аны ыймансыздардын сөзсүз жазасын аларына ынандырсак болот (2 Тес. 1:9). Андан соң Башталыш 2:16, 17ни окуп берип, күнөөнүн жазасы өлүм экенин түшүндүрүп береттирбиз. Ошол эле учурда Кудайдын кимдир бирөөнү жазалаш үчүн тозокто кыйнай турганы жөнүндө сөз да кылбаганын баса белгилесек болот. Анан: «Эгер Адам ата менен Обо эне күнөө кылганы үчүн тозокто түбөлүккө кыйнала турган болсо, адилеттүү Кудай ал тууралуу алдын ала эскертпей коёт беле?» — деп сурасак болот. Андан кийин Башталыш 3:19ду окуп берип, ал жерде Адам ата күнөө кылгандан кийин анын тозокко түшөрү эмес, «топуракка кайтары» жазылганына көңүлүн бурсак болот. Балким, маектешибизден: «Адам ата чынында тозокко түшө турган болсо,  анын тек гана топуракка кайтарын айтуу адилеттүүлүккө жатат беле?» — деп да сурап көрөттүрбүз. Эгер ал ой жүгүрткөн калыс киши болсо, ошол тууралуу тереңирээк ойлонгонго түрткү алышы ыктымал.

11. а) Тагдырга ишенгендер менен кантип талкуулашсак болот? б) Тагдыр жөнүндө дагы кантип талкуу жүргүзүү натыйжалуу болорун байкадың эле?

11 3-жагдай: Кимдир бирөө Кудайдын ар бир адамдын тагдырын маңдайына жазып коёруна ишенерин айтат. Ал ушундай көз карашка кичинекейинен ата-энесинен угуп келгендиктен же диний жетекчилер ошентип окуткандыктан карманышы мүмкүн. Аны менен кантип талкуулашсак болот? Балким, ага Кудайдын Мыйзам 30:19дагы Муса пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүн окуп береттирбиз. (Аятты оку.) Анан: «Кудай тагдырыбызды алдын ала маңдайыбызга жазып коюп, кайра бизге өмүрдү танда деп сунуш кылат беле?» — деп сурап көрсөк болот. Ал киши «жок» деп жооп берет болуш керек. Андан кийин: «Бул аяттан көрүнүп тургандай, Кудай бизге өз алдыбызча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Ал тагдырыбызды алдын ала маңдайыбызга жазып койгон болсо, жакшы адам болуп, өмүр алышыбыз үчүн пайгамбарларын жиберип, осуяттарын берет беле? Демек, жакшы же жаман адам болорубуз өзүбүздөн»,— десек болоттур.

ОЙДУ ЖЕТКИРИШ ҮЧҮН МИСАЛДАРДЫ КОЛДОН

12. Иса Машаяк эмне үчүн мисалдарды колдончу?

12 Иса Машаяк кабар айтканда суроолордон сырткары мисалдарды да колдончу. (Оку: Матай 13:34, 35.) Анын аркасында угуучуларынын Кудайга чындап кызмат кылгысы келер-келбеси айкын боло турган (Мт. 13:10—15). Мисалдар анын окутуусунун кызыктуу, эсте каларлык болушуна шарт түзчү. Биз кызматыбызда мисалдарды кантип колдонсок болот?

13. Башкаларга Кудайдын Исадан жогору турарын кантип түшүндүрүп берсек болот?

13 Колдонгон мисалдарыбыздын жөнөкөй болгону жакшы. Маселен, кимдир бирөөгө Кудайдын Исадан жогору турарын түшүндүрүп жатабыз дейли. Адегенде алардын бири-бирине карата үй-бүлө мүчөлөрү колдонгон сөздөрдү колдонгонун, тактап айтканда, Кудай Исаны «Уулум» деп, ал эми Иса Кудайды «Атам» деп атаганын айтсак болот (Лк. 3:21, 22; Жкн. 14:28). Анан маектешибизден: «Сиз мага эки кишинин бири-бири менен тең абалда экенин түшүндүрүш үчүн үй-бүлөнүн кайсы мүчөлөрүн мисал кылмаксыз?» — деп сурап көрөттүрбүз. Ал бир туугандарды, атүгүл эгиздерди мисал келтирмектигин айтат болуш керек. Ошентсе, биз мындай десек болот: «Туура айтасыз, бул абдан ылайыктуу мисал болмок. Эгер биздин оюбузга дароо эле ушундай мисал келип жатса, анда Улуу Окутуучу Иса Машаяктын оюна кантип эле ушундай жөнөкөй мисал келбей койсун? Бирок, кызыктуусу, ал Кудайды „Атам“ деп айткан. Ошентип, ал Кудайдын андан жогору турарын жана көбүрөөк бийликке ээ экенин айкын көрсөткөн».

14. Кудайдын адамдарды тозокто кыйнаш үчүн Шайтанды колдонору акылга сыйбай турганын кайсы мисал менен түшүндүрсөк болот?

14 Дагы бир мисалга токтололу. Айрымдар жаман адамдарды Шайтан тозокто кыйнайт деп ишенишет. Баласы бар кишиге Кудайдын адамдарды тозокто кыйнаш үчүн Шайтанды колдонору акылга сыйбай турганын төмөнкү мисалдын жардамы менен түшүндүрсөк болот. Балким, андан: «Балаңыз ээнбаш чыгып, көп жаман иштерди кылса, эмне кылат элеңиз?» — деп сурап көрөттүрбүз. Ал баласын, жаман иштерин токтотмоюнча, оңдоп-түзөп, колунан келишинче тарбиялаганга аракет кылмактыгын айтат болуш керек (Накыл 22:15). Анан: «Балаңыз ошондон кийин да оңолбой койсо, эмне кылмаксыз?» — деп сурайттырбыз. Көптөгөн ата-энелер сөзсүз жазаламактыгын  айтышат. Андайда: «Эгер балаңызга кимдир бирөөнүн жаман таасир этип, бузуп жатканын билип калсаңыз, өзүңүздү кандай сезет элеңиз?» — деп сурап көрсөк болот. Ал андай кишиге ачууланмактыгын айтары шексиз. Ошондо мисалды эмне үчүн келтирип жатканыбызды түшүндүрүш үчүн: «Ал кишинин балаңызга жаман таасир этип жатканын билип туруп, андан балаңызды жазалашын суранат белеңиз?» — деп сурасак болот. Ал, албетте, «жок» дейт. Аягында: «Кудайдын да адамдарга Шайтандын жаман таасир этип жатканын билип туруп, кайра адамдарды жазалаш үчүн аны колдонору акылга сыйбай турган нерсе»,— деп жыйынтыктайттырбыз.

ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛ

15, 16. а) Эмне үчүн биз кабар айткан адамдардын баары чындыкты кабыл алат деп күтпөшүбүз керек? б) Кызматта жакшы натыйжага жетишибиз үчүн сөзсүз эле жөндөмдүү болушубуз керекпи? Түшүндүр. ( «Маектешүүгө жардам берген курал» деген кутучаны да кара.)

15 Биз адамдардын баары эле Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл ала бербей турганын түшүнөбүз (Мт. 10:11—14). Атүгүл жакшы ойлонуштурган суроолорду, туура тандалган мисалдарды колдонуп, Ыйык Жазманын негизинде сонун талкуу жүргүзгөн күндө да, көптөр айткан кабарыбызды укпай коюшу мүмкүн. Анткени тарыхтагы эң улуу Окутуучу Иса Машаяктын айткандарына да аз эле киши кулак каккан (Жкн. 6:66; 7:45—48).

16 Кээде кызматта өзүбүздү жөндөмсүз сезишибиз мүмкүн. Ошентсе да жакшы натыйжага жете алабыз. (Оку: Элчилер 4:13.) Кудайдын Сөзү бизди «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондордун баары» жакшы кабарды кабыл аларына ынандырат (Элч. 13:48). Андыктан, келгиле, өзүбүзгө жана кабар айтып жүргөндө сүйлөшкөн адамдарга карата тең салмактуу көз карашта бололу. Эгер Жахабага таянып, анын окутуп-үйрөткөндөрүн колдонсок, жакшы окутуучу болобуз. Бул өзүбүзгө да, бизди уккандарга да пайда алып келет (1 Тим. 4:16). Ооба, Жахаба бизге «ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин» үйрөтөт. Кийинки макалада Иса Машаяктын көптөргө «алтын эреже» деп белгилүү болгон кеңешин колдонуу кызматыбызда ийгиликке жетүүгө кандайча жардам берерин карап чыгабыз.

^ абз. 6 2009-жылы 1-октябрдагы «Күзөт мунарасына» (ор.) чыккан «Атеист Жаратканга ишенип калышы мүмкүнбү?» деген макаланы кара.