Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Менин тамагым — Кудайдын эркин аткаруу

Менин тамагым — Кудайдын эркин аткаруу

Сен өзгөчө эмнеден ырахат аласың? Балким, сага өмүрлүк жарың, балдарың же досторуң менен пикир алышкан жагаттыр. Жакын адамдарың менен чогуу тамактанууну жакшы көрөрүң айтпаса да түшүнүктүү. Бирок Жахабанын кызматчысы катары сага баарынан да анын эркин аткаруу, Сөзүн изилдөө жана жакшы кабарды жарыялоо өзгөчө кубаныч тартуулары шексиз.

Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп Жаратканды даңктап ырдаган (Заб. 40:8). Ал жашоосундагы кыйынчылыктарга, сыноолорго карабай, Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алган. Тарыхта, ага окшоп, чыныгы Кудайга жан-дилден кызмат кылган башка да адил адамдар болгон.

Элчи Пабыл Забур 40:8деги сөздөрдү Машаякка карата колдонуп, мындай деп жазган: «Ал [Иса] дүйнөгө келгенде Кудайга мындай деген: „“Сен курмандык менен тартууну каалаган жоксуң, бирок мага дене даярдап койдуң. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө курмандыгын жактырган жоксуң”. Ошондо мен: “Мына, түрмөк китепте мен жөнүндө жазылгандай, сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим, Кудайым”“,— дедим» (Евр. 10:5—7).

Иса Машаякка жаратылышка байкоо салуу, достору менен убакыт өткөрүү, башкалар менен дасторкондун үстүндө отуруп пикирлешүү абдан жакчу (Мт. 6:26—29; Жкн. 2:1, 2; 12:1, 2). Ошентсе да ал үчүн асмандагы Атасынын эркин аткаруу эң маанилүү жана эң кубанычтуу иш болгон. Бир жолу ал: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деген (Жкн. 4:34; 6:38). Шакирттери анын үлгүсүнөн чындап бактылуу болуунун сыры эмнеде экенин түшүнүшкөн. Ошондуктан алар Падышалык жөнүндөгү кабарды башкаларга кубаныч менен, жан-дилден айтышкан (Лк. 10:1, 8, 9, 17).

«ШАКИРТ ДАЯРДАГЫЛА»

Иса Машаяк жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө. Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп айткан (Мт. 28:19, 20). Анын ушул буйругуна жолуккандардын бардыгына кабар айтуу, кызыккандарга кайра жолугуу жана алар менен Ыйык Китепти  изилдөө кирет. Бул ишти аткаруу зор кубаныч тартуулайт.

Сүйүү башкалардын кош көңүлдүгүнө карабай кабар айта берүүгө түрткү берет

Башкалар айткан кабарыбызды угабы же жокпу, оң маанай сактасак, кызматтан кубаныч алабыз. Эмне үчүн көптөр кызыкпаса да, жакшы кабарды жарыялай беришибиз керек? Анткени Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу менен Кудайды, жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Ошондой эле өзүбүздү да, башкаларды да куткарабыз (Жез. 3:17—21; 1 Тим. 4:16). Анда эмесе, келгиле, кабар айтуу оңой болбогон жерлерде кызмат кылып жаткан көптөгөн бир туугандарыбызга ынтасын суутпаганга же мурдагыдан да ынталуу болгонго эмне жардам бергенин карап көрөлү.

АР БИР МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОН

Кабар айтканда ылайыктуу суроолорду колдонуу адатта жакшы натыйжа берет. Бир жолу эртең менен Амалия бир тууган паркта гезит окуп отурган кишини көрөт да, жанына басып барып, гезитте кандай жакшы жаңылыктар бар экенин сурайт. Ал киши эч кандай деле жакшы жаңылык жок экенин айтканда, Амалия: «Менде Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар бар»,— дейт. Ошондо ал киши кызыгып калып, Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Ошентип, Амалия ал паркта 3 изилдөө баштаган.

Жанис бир тууган иштеген жеринде кабар айтууну адат кылып алган. Жумушундагы күзөтчү менен бир кесиптеши «Күзөт мунарасындагы» макалаларга кызыгып калганда, Жанис аларга дайыма журнал алып келип берүүнү сунуш кылган. Аны менен чогуу иштеген дагы бир киши «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарына ар түрдүү макалалардын чыгарын көрүп, аябай таасирленгенде, ага да журнал алып келип бермекчи болот. Мунун аркасында дагы башка кесиптеши журналдарга кызыгып калат. Ошентип отуруп, ал жумушундагы 11 кишиге журнал алып бара баштаган. «Бул, чындап эле, Жахабанын батасы!» — дейт Жанис.

АЙМАКТАГЫЛАРГА КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШТА БОЛ

Бир кыдыруучу көзөмөлчү жарчылардын үймө-үй кабар айтканда кимдир бирөө менен маектешкенден кийин, кайра башка күнү келишерин айтып, жөн эле коштошуп кетип калбашы керектигин айтат. Анын ордуна: «Сизге Ыйык Китепти кантип изилдесе болорун көрсөтүп берейинби?» же «Маегибизди улантыш үчүн кайсы күнү, саат канчада келсем болот?» — деп сурап көрүүнү сунуш кылат. Ал ушул ыкманы колдонуунун аркасында бир жыйналыштагы жарчылардын бир эле жуманын ичинде 44 изилдөө башташканын билдирген.

Кайра жолугууга көп создуктурбай, мүмкүн болсо, бир нече күндөн кийин эле баруу жакшы натыйжа берет. Эмне үчүн? Анткени ошентүү менен жүрөгү таза адамдарга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүүнү чындап каалаарыбызды көрсөтөбүз. Бир аялдан эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгонун сурашканда, ал: «Алардын сүйүүсү, чын жүрөктөн көңүл бурганы изилдей башташыма түрткү берди»,— деп жооп берген.

Үй ээсине: «Сизге Ыйык Китепти кантип изилдесе болорун көрсөтүп берейинби?» — десек болот

 Пионердик кызмат мектебин бүтүргөнүнөн көп өтпөй Мадаи 15 киши менен Ыйык Китепти изилдеп, андан тышкары, 5 изилдөөнү башка жарчыларга өткөрүп берген. Аны менен изилдегендердин айрымдары жыйналышка үзгүлтүксүз келе баштаган. Мадаи кантип ушунча көп изилдөө таба алган? Ал, пионердик мектепте айтылгандай, жакшы кабарга кызыгып калгандарга кайра жолукмайынча, улам-улам бара берген. Көптөргө Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билүүгө көмөк кылган дагы бир ишенимдешибиз: «Жахаба жөнүндө билгиси келгендерге жардам бериш үчүн аларга кайра-кайра барышыбыз керектигин түшүндүм»,— деп ой бөлүшөт.

Кайра жолугууга көп создуктурбай барсак, Ыйык Китеп жөнүндө билгиси келгендерге жардам берүүнү чындап каалаарыбызды көрсөтөбүз

Кайра жолугууларга баруу жана башкалар менен Ыйык Китепти изилдөө көп күч-аракетти талап кылат. Бирок анын аркасында алган баталарыбыз курмандыктарыбыздан ашып түшөт. Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышуу менен башкаларга «чындыкты так таанып-билүүгө» жана куткарылууга жардам бере алабыз (1 Тим. 2:3, 4). Натыйжада кубанычыбыз артып, өзүбүздү бактылуу сезебиз.