Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажырашкандарга жөлөк бололу

Ажырашкандарга жөлөк бололу

Жубайы менен ажырашып кеткендерди билесиңерби? Өкүнүчтүүсү, азыркы күндө мындай нерсе көп болууда. Польшадагы бир изилдөөдөн 30 жаштардагы жубайлардын баш кошконунан тартып 3 жылдан 6 жылга чейинки убакыт аралыгында ажырашып кетиши толук ыктымал экени айкын болгон. Бирок үй-бүлөлөрдүн бузулушу ушул курактагылардын арасында эле кездешпейт.

«Эркин Тоо» гезитине ылайык, 2010-жылы 9 айдын ичинде «Бишкектин Ленин районунда эле 500 түгөй никеге туруп, ошол эле учурда 300 үй-бүлө ажырашкан». Мындай нерсе өнүгүп келаткан башка өлкөлөрдө да көп болууда.

АРАЛАШ СЕЗИМДЕРДИН КАПТАШЫ

Ажырашкандан кийин болуучу сезимдер тууралуу Чыгыш Европадагы үй-бүлө боюнча бир адис мындай деген: «Ажырашканга чейин эле мамилелери бузулуп, эки бөлөк жашап жүрүшсө да, расмий түрдө ажырашуу жубайлардын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрөт. Ошондон улам аларды ыза, өкүнүч, көңүл кайттык, үмүтсүздүк жана намыстануу сыяктуу күчтүү сезимдер каптайт». Ушундай сезимдер кээ бирөөлөрдү өмүрүн кыюуга түртүшү мүмкүн. Жогорудагы адис мындай деп кошумчалайт: «Соттун акыркы чечими чыгып, баары бүттү дегенде ажырашкан адам дагы бир оор учурду башынан өткөрөт. Көөдөндөгү боштуктан кыйналгандыктан, өзүн эч кимге кереги жоктой сезгендиктен ал: „Мен эми кимге керекмин? Мындан ары жашоонун эмне кереги бар?“ — деп бушайман болушу мүмкүн».

Эва деген бир ишенимдешибиз бир нече жыл мурун кандай сезимде болгонун мындай деп эскерет: «Ажырашкандан кийин эми кошуналарымдын, кесиптештеримдин арасында „бир күйөөдөн чыккан“ деген атка коном деп уялып жүрдүм. Кээде аябай ыза болчумун. Эки кичинекей балама ата да, эне да болгонго туура келди» *. 12 жыл аксакал болуп кызмат кылган Адам деген бир тууган болсо: «Өзүм жөнүндө ушунчалык төмөн ойдо болгондуктан кээде аябай туталанып кетчүмүн. Элден обочолонуп, эч ким менен сүйлөшкүм келбей калган»,— дейт.

ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Айрымдар келечегин ойлоп тынчсыздана бергендиктен көп убакытка чейин, атүгүл ажырашканынан бир нече жыл өткөндөн кийин да, өзүнө келе албай кыйналышат. Аларга башкалардын алар менен иши деле жоктой сезилиши ыктымал. Андан тышкары, ушул тармак боюнча иштеген бир журналист айткандай, аларга эми «адаттарын өзгөртүүгө жана көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө үйрөнүүгө» туура келет.

 Станислав деген бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Ажырашкандан кийин аялым мени эки кичинекей кызыма жолотпой жүрдү. Ошондо мага эч кимге керегим жоктой, атүгүл мени Жахаба да таштап салгандай сезилген. Жашагым да келбей калган. Бирок кийин туура эмес ой жүгүрткөнүмдү түшүндүм». Ал эми келечегин ойлоп сары санаа болгон Ванда деген ишенимдешибиз: «Көп өтпөй мени менен да, балдарым менен да эч кимдин иши жок болуп калат деп ойлогом. Бирок азыр ойлосом, ишенимдештерим ошондо бизге аябай эле колдоо көрсөтүшүптүр, балдарымды Жахабанын кызматчысы кылып чоңойтууга да аябай эле жардам беришиптир».

Бул бир туугандардын айткандарынан ажырашкандар жаман ойлорго алдырышы мүмкүн экенин көрүүгө болот. Алар өзү жөнүндө төмөн ойдо болуп, өзүн башкалардын көңүл бурушуна татыксыз сезиши ыктымал. Тегерегиндегилер жөнүндө да терс ойдо болушу мүмкүн. Ошондуктан аларга жыйналыштагылар кайрымсыз, мээримсиз болуп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок кийинчерээк, Станислав менен Вандадай болуп, ишенимдештеринин аларга көмөк көрсөтүшкөнүн түшүнүшү ыктымал. Ооба, жыйналыштагы бир туугандар ушундай кыйынчылыкка туш болгон ишенимдештерине, башында аларга андай сезилбесе да, жөлөк-таяк болууга, алар чындап муктаж болгон жардамды көрсөтүүгө умтулушат.

ЖАЛГЫЗДЫК ЖАНГА БАТЫП, ӨЗҮН ЭЧ КИМГЕ КЕРЕГИ ЖОКТОЙ СЕЗГЕНДЕ...

Айта кетчү нерсе, жакшы көрөрүбүзгө канчалык ынандырбайлы, ажырашкан ишенимдештерибиз, өзгөчө, эже-карындаштарыбыз өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезип, жалгызсырашы мүмкүн. Мисалы, Олеся деген бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Андан бери 8 жыл өтсө да, кээде өзүмдү баркы жок адамдай сезе берем. Андайда эч ким менен сүйлөшкүм келбей калат, көз жашым тыйылбай, өзүмдү шордуу сезем».

Мындай терс сезимдердин болору табигый эле нерсе, бирок Ыйык Китепте андай учурда «башкалардан бөлүнбөш» керектиги айтылат. Бул кеңешке каршы иш кылуу «акылмандыктын баарын» четке кагууга алып барат (Накыл 18:1). Бирок жалгыздыктан кыйналган адам сооронуч издеп же кеңеш сурап карама-каршы жыныстагы бирөөгө кайрыла берүүдөн качышы керек. Анткени бул орунсуз сезимдердин өрчүп кетишине алып барат.

Арийне, турмуш жолу ушундайча төшөлүп калган ишенимдештерибизге ар кандай сезимдер менен күрөшүүгө туура келет. Аларга түшүнүү менен мамиле кылсак, Жахабаны туурап, колубуздан келишинче жөлөк болууга умтулабыз (Заб. 55:22; 1 Пет. 5:6, 7). Алардын биздин чыныгы дос катары көрсөткөн жардамыбызды баалашарынан шектенбесек болот. Чынында эле, аларга бизден башка эч ким жакшы жардам бере албайт (Накыл 17:17; 18:24).

^ абз. 6 Айрым ысымдар өзгөртүлдү.