Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө жардам бер

Башкаларга шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө жардам бер

«Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм» (ЗАБ. 32:8).

1, 2. Жахаба жердеги кызматчыларына кандай карайт?

АТА-ЭНЕ балдарынын ойноп жатканын карап отуруп алардын тубаса шык-жөндөмдүүлүктөрүнө көп таң калат. Муну сен да байкаган чыгарсың. Бир эле үй-бүлөдөгү балдардын бири шамдагай, спортко жакын болсо, башкасы сүрөт тартууга же кол өнөрчүлүккө шыктуу болушу мүмкүн. Балдарынын кандай таланты болбосун, ата-эне алардын ар-бирине шык-жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүгө колунан келишинче жардам берет.

2 Жахаба да өзүнүн жердеги балдарына дайыма көңүл бурат. Ал кызматчыларын «бардык элдердин асыл заттары» деп эсептейт (Акай 2:7). Ал аларды, айрыкча, ишеними жана берилгендиги үчүн баалайт. Кудайдын элинин арасында ар кандай жөндөмдүүлүктөрү бар бир туугандар арбын. Алсак, айрым ага-инилер баяндамаларды сонун сүйлөйт, башкалары уюштуруу иштерин жакшы жүргүзүшөт. Эже-карындаштардын кээ бирлери бөтөн тилди үйрөнүп, ошол тилде кабар айтууга жөндөмдүү болсо, башкалары жардамга муктаж болгондорду бекемдөө же ооругандарга кам көрүү жагынан мыкты келишет (Рим. 16:1, 12). Ушундай ар түрдүү бир туугандардан турган жыйналыштын мүчөсү экенибизге кандай гана ыраазыбыз!

3. Бул макалада кайсы суроолор талкууланат?

 3 Анткен менен айрым бир туугандарыбыз, айрыкча, жаштар же жаңы чөмүлгөндөр жыйналышка көп аралаша албай, анын иштерине толук катыша албай, өздөрүн чоочун сезиши мүмкүн. Аларга шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө кантип жардам бере алабыз? Эмне үчүн Жахабаны туурап, алардын жакшы жагын көрүүгө аракет кылышыбыз керек?

ЖАХАБА КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАКШЫ ЖАКТАРЫН КӨРӨ БИЛЕТ

4, 5. Бийлер 6:11—16-аяттар Жахабанын кызматчыларынын жакшы жактарын көрө билерин кандайча көрсөтүп турат?

4 Ыйык Китептеги билдирүүлөрдөн айкын көрүнгөндөй, Жахаба кызматчыларынын жакшы сапаттарын эле эмес, алардын эмнелерди кыла аларын да көрө билет. Маселен, ал өзүнүн элин мидиандыктардын эзүүсүнөн куткарыш үчүн Гидонду тандаган. Периште Гидонго: «Жахаба сени менен, күчтүү, эр жүрөк жигит»,— дегенде, анын аябай таң калганы шексиз. Ошол учурда Гидон өзүн эр жүрөк деп такыр эсептебесе керек. Ал Кудайдын элин куткара аларына шектенип, өзүн ишенимсиз сезген. Бирок Жахаба ага башкача караган: ал андан куткаруучу чыгарын көргөн. (Оку: Бийлер 6:11—16.)

5 Жахабанын Гидонго ишеним артканы жөндүү эле. Анткени Гидондун жакшы сапаттары бар болчу. Айталы, Жахаба анын болгон күчүн жумшап, буудай бастырып жатканын көргөн. Ал анын дагы бир нерсесин байкаган. Байыркы убакта дыйкандар, топонду жел учуруп кетиши үчүн, эгинди адатта ачык жерде бастырышчу. Бирок Гидон бир аз түшүмүн мидиандыктарга тарттырып жибербеш үчүн аны эч кимге көрүнбөй, жүзүм сыккычта бастырып жаткан. Бул анын кыраакылыгынан кабар берип турган. Ооба, Жахаба Гидондун ушундай сапаттарын байкап, аны көп иштерде колдонгон.

6, 7. а) Айрым ысрайылдыктардан айырмаланып, Жахаба Амос пайгамбарга кандай караган? б) Амос пайгамбардын караңгы, сабатсыз киши болбогону эмнеден көрүнгөн?

6 Жахаба Амос пайгамбардын да жакшы жактарын байкаган. Бирок көптөр аны эч кандай деле өзгөчөлүгү жок, карапайым кишидей эле көргөн болуш керек. Амос пайгамбар өзүнүн мурун «мал багып, анжир мөмөсүн тилип жүргөнүн» айткан. Кызыктуусу, анжир ал кезде кедей-кембагалдардын тамагы болуп эсептелген. Жахаба Амосту он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын бурканга табынып кеткени үчүн ашкерелөөгө дайындаганда, айрым ысрайылдыктар муну жактырбаса керек. (Оку: Амос 7:14, 15.)

7 Ырас, Амостун алыскы элет жеринен болгону чын, бирок анын ошол кездеги каада-салттарды, тегерек-четтеги падышалыктарды жакшы билгени анын караңгы, сабатсыз киши эмес экенин айгинелеген. Ал Ысрайылдагы жана кошуна өлкөлөрдөгү жагдай-шартты жер кезген соодагерлер менен карым-катнашта болгондуктан билсе керек (Амос 1:6, 9, 11, 13; 2:8; 6:4—6). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын айрымдары анын мыкты жазуучу болгонун да айтышат. Амос пайгамбар жөнөкөй, бирок күчтүү сөздөрдөн сырткары, адабий чыгармаларда көп кездешкен параллелизм жана сөз оюну сыяктуу ыкмаларды да мыкты колдонгон. Анын ыймансыз дин кызматчы Амазияга тайманбай жооп кайтарганы Жахабанын ылайыктуу кишини пайгамбар кылып тандаганын жана анын адамдардын анча байкала бербеген жөндөмдүүлүктөрүн көрө аларын далилдеген (Амос 7:12, 13, 16, 17).

8. а) Жахаба Дөөтү падышаны эмнеге ынандырган? б) Эмне үчүн Забур 32:8деги сөздөр өздөрүн ишенимсиз же жөндөмсүз сезгендерди бекемдейт?

8 Ооба, Жахаба ар бир кызматчысынын эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билет. Ал Дөөтү падышаны андан көзүн албай, ар дайым жетектеп турарына ынандырган. (Оку: Забур 32:8.)  Муну билүү бизди бекемдейт. Өзүбүздү ишенимсиз, жөндөмсүз сезсек да, ал бизге кол жеткистей көрүнгөн максаттарга жетүүгө көмөк кыла алат. Кайсы бир музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүп жаткан окуучусунан көзүн албай, ага тийиштүү ноталарды туура басканга жардам берип турган мугалимдей болуп, Жахаба бизди, рухий жактан ийгилик кылышыбыз үчүн, жетектеп турат. Ал шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздү өрчүтүүгө жардам берүү үчүн ишенимдештерибизди да колдонот. Кантип?

БАШКАЛАРДЫН ЖАКШЫ ЖАКТАРЫН КӨРӨ БИЛ

9. Башкалардын «кызыкчылыктарын ойлоорубузду» кантип көрсөтсөк болот?

9 Элчи Пабыл ишенимдештерин башкалардын «кызыкчылыктарын ойлоого» үндөгөн. (Оку: Филипиликтер 2:3, 4.) Бул бир туугандарыбыздын шык-жөндөмүн байкап, аларды ошонусу үчүн макташыбыз керектигин да билдирет. Жасап жаткан ийгиликтерибиз үчүн бизди кимдир бирөө мактаса, кандай сезимде болобуз? Андайда кадимкидей канат байлап, дагы да ийгилик кыла берүүгө умтуласың. Ошол сыяктуу эле, ишенимдештерибизге жакшы жактарын айтып турсак, алардын андан ары да рухий жактан гүлдөп-өсүшүнө өбөлгө түзөбүз.

10. Өзгөчө кимдер көңүл бурууга муктаж болушу мүмкүн?

10 Өзгөчө кимдер көңүл бурууга муктаж болушу мүмкүн? Албетте, баарыбыз эле кээде башкалардын көңүл бурушуна абдан муктаж болобуз. Бирок жаштар же жаңы чөмүлгөндөр өздөрүн жыйналышка керектүү сезиши үчүн жардамга көбүрөөк муктаж болушат. Жыйналыштын иштерине катышуу менен алар өздөрүн анын баалуу мүчөсү катары сезишет. Ал эми аларга аракети тийиштүү түрдө бааланбай жаткандай көрүнсө, ындыны өчүп, Кудайдын Сөзүндө айтылган жоопкерчиликтерге умтулгусу келбей калышы ыктымал (1 Тим. 3:1).

11. а) Бир аксакал жаш ишенимдешине уялчаактыгын жеңүүгө кантип жардам берген? б) Жулиен менен болгон окуядан эмнеге үйрөндүң?

11 Жаш кезинде башкалардын көңүл бурганынын аркасында ийгиликтерди кылган Людовик аттуу аксакал: «Бир тууганга чын дилден көңүл бурганда, ал тезирээк ийгилик жасайт»,— дейт. Ал Жулиен деген жаш бир туугандын уялчаак экенин жана ошондон улам көп учурда олдоксон иш кылып аларын байкаган. Людовик: «Ошентсе да анын аябай боорукер, жыйналыштагыларга жардам берүүгө даяр экенин көрчүмүн. Ошондуктан аны сындабай, жакшы жактарына көңүл буруп, бекемдегенге аракет кылдым»,— деп ой бөлүшөт. Убакыттын өтүшү менен Жулиен кызмат жардамчысы, ал эми кийинчерээк үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалган.

ШЫК-ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨРЧҮТҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕР

12. Башкаларга шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө жардам берүү үчүн кайсы сапат зарыл? Мисал келтир.

12 Башкаларга шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө жардам берүү үчүн кыраакы болушубуз керек. Жулиендин мисалынан көрүнүп тургандай, алардын кемчиликтерине эмес, жакшы сапаттары менен жөндөмдүүлүктөрүнө көңүл топтогонубуз жакшы. Иса Машаяк да элчи Петирге ошондой мамиле кылган. Кээде Петир туруксуз кишидей көрүнсө да, Иса анын келечекте аска таштай бекем болорун айткан (Жкн. 1:42).

13, 14. а) Барнаба кандайча Марктын жакшы сапаттарын көрө билген? б) Бир жаш бир тууганга аксакал кантип жардам берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

13 Барнаба да Марктын жакшы сапаттарын көрө билген (Элч. 12:25). Элчи Пабыл Барнаба менен чогуу биринчи миссионердик сапарга чыкканда, Марк аларды коштоп, айрым иштерин жасашып, «жардам берип жүргөн». Бирок Памфилияга жетишкенде, Марк күтүлбөгөн жерден аларды таштап кетип калган. Пабыл менен Барнаба болсо талап-тоноочулардын көптүгү менен  атагы чыккан аймакты аралап, түндүктү көздөй жолун улантышкан (Элч. 13:5, 13). Ошентсе да Барнаба Марктын катасына көңүл топтой бербей, кийинчерээк мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, аны андан ары да окутуп-үйрөтө берген (Элч. 15:37—39). Натыйжада Марк Жахабанын жетилген кызматчысы болуп чыга келген. Айта кетчү нерсе, кийин Пабыл Римде камакта отурганда, Марк анын жанында болгон. Пабыл Колосадагы ишенимдештерине жолдогон катында Марктын да саламын айтып, ал жөнүндө жакшы сөздөрдү жазган (Кол. 4:10). Пабыл кийин Марктын жардамы керек болуп жатканын Тиметейге жазганда, Барнаба абдан сүйүнсө керек (2 Тим. 4:11).

14 Жакында эле аксакал болуп дайындалган Александр ага мурун бир ишенимдеши кантип жардам бергенин эскерип, мындай дейт: «Жаш кезимде элдин алдында тиленүү мен үчүн өзүнчө эле күрөш болчу. Бирок бир аксакал мага кантип даярданышым керектигин жана көп толкунданбаш үчүн эмне кылсам болорун түшүндүрүп берген. Ал мага ишеним артып, кабар айтуу жолугушууларында тиленишимди дайыма суранып турчу. Бара-бара өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип калдым».

15. Пабыл ишенимдештерин баалаарын кантип көрсөткөн?

15 Ишенимдешибиздин жакшы сапатын байкаганда, ага ошол сапатын баалаарыбызды айтабызбы? Римдиктерге жазган катынын 16-бөлүмүндө Пабыл 20дан ашык ишенимдешинин жакшы жактарын айтып өткөн (Рим. 16:3—7, 13). Мисалы, ал Андроник менен Униянын ага караганда көбүрөөк убакыттан бери Машаякка кызмат кылып жүргөнүн айтып, алардын туруктуулугун баса белгилеген. Ошондой эле ага бир кездерде өз апасындай кам көргөн Руфустун энеси тууралуу жылуу сөздөрдү жазган.

Фредерик (солдо) Рикого Жахабага туруктуулук менен кызмат кылууга түрткү берген (16-абзацты кара)

16. Жаштарды мактасак, натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

16 Башкаларды чын жүрөктөн мактаганыбыздын натыйжасы жакшы болушу мүмкүн. Буга франциялык Рико деген жаш баланын окуясы далил боло алат. Ишенимдеш эмес атасы чөмүлүшүнө каршы болгондо, анын көңүлү чөгүп, жашы жеткенге чейин чөмүлө албайм деп ойлогон. Андан тышкары, аны мектептегилер да шылдыңдашкан. Бирок аны менен Ыйык Китепти изилдеген Фредерик аттуу аксакал ошондой кыйынчылыктарга туруштук берип жатканы анын кайраттуулук менен кабар айтууга даяр экенин көрсөтүп турарын айтып, мактаган. Бул ага андан ары бекем болууга жана атасы менен болгон мамилесин жакшыртууга түрткү берген. Ошентип, Рико 12 жашында эле чөмүлгөн.

Жером (оңдо) Райанга миссионер болууга жардам берген (17-абзацты кара)

17. а) Канткенде башкаларга ийгилик кылууга жардам бере алабыз? б) Бир миссионер жаштарга кантип жардам берген жана анын натыйжасы кандай болгон?

17 Бир туугандарды кайсы бир иши же кылып жаткан аракети үчүн мактаган сайын, алар Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кылгысы келе баштайт. Бир нече жылдан бери Франциядагы Бейтелде кызмат кылып келаткан Сильве * деген  ишенимдешибиз ага-инилерди эже-карындаштар да мактаса болорун айтат. Ал эже муну атүгүл өзүнүн милдети катары эсептейт (Накыл 3:27). Сильве бир тууган айткандай, аялдар эркектер байкабаган майда-барат нерселерди байкашы мүмкүн. Андыктан эже-карындаштардын мактоосу тажрыйбалуу бир туугандардын ага-инилерге айткан бекемдээрлик сөздөрүн толуктай алат. Француздук Гвианада миссионер болуп кызмат кылган Жером деген бир тууган көптөгөн жаштарга миссионердик кызматты баштоого максат коюуга жардам берген. Ал: «Жаштарды кызматынын кайсы бир жагын жакшы аткарып жатканы үчүн же терең ойлорду камтыган жоопторду бергени үчүн мактасам, өздөрүн ишенимдүүрөөк сезе баштаарын байкайм. Натыйжада алардын шык-жөндөмдүүлүктөрү өрчүй баштайт»,— деп айтат.

18. Жаш бир туугандар менен чогуу иш кылуу эмнеси менен жакшы?

18 Бир туугандар менен чогуу бир иш кылганда да аларга рухий жактан ийгилик жасоого түрткү бере алабыз. Мисалы, аксакал компьютерди жакшы билген жаш бир туугандан кары ишенимдештерибизге биздин уюмдун сайтынан аларды бекемдей турган айрым маалыматтарды чыгарып беришин суранса болот. Ошондой эле Падышалык залын жууп-тазалап же оңдоп-түзөп жатсак, жаш бир тууганды жаныбызга чакырып, аны менен чогуу иштесек болот. Бул анын жакшы жактарын байкап, мактаганга жана анын натыйжасын көргөнгө өбөлгө түзөт (Накыл 15:23).

УЮМДУН КЕЛЕЧЕГИН ЭСКЕ АЛЫП ИШ КЫЛ

19, 20. Эмне үчүн башкаларга ийгилик кылууга жардам беришибиз керек?

19 Жахаба Жашыяны ысрайылдыктарга жол башчы кылып дайындаганда Муса пайгамбарга аны «кубаттап-бекемдеши» керектигин айткан. (Оку: Мыйзам 3:28.) Учурда дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар Жахабанын уюмуна агылып келүүдө. Андыктан жетекчиликти колго ала турган ага-инилер абдан керек. Жаңы чөмүлгөн же жаш ага-инилерге шык-жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө аксакалдар эле эмес, Кудайдын кызматчыларынын баары жардам бере алат. Анын аркасында толук убактагы кызматты аркалагандар жана «башкаларды үйрөтүүгө» жарактуу бир туугандар барган сайын көбөйө берет (2 Тим. 2:2).

20 Чоң жыйналышта кызмат кылабызбы же чакан топтобу, келгиле, уюмдун келечектеги муктаждыгын эске алып, иш-аракет кыла берели. Ан үчүн дайыма кызматчыларынын жакшы жактарын көрө билген Жахабаны туурай беришибиз керек.

^ абз. 17 Ысмы өзгөртүлдү.