Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийгиликке жетиш үчүн «бутуң баскан жолду түздө»

Ийгиликке жетиш үчүн «бутуң баскан жолду түздө»

ЫСРАЙЫЛ эли б.з.ч. 537-жылы Бабылдан чыкканда, Жахаба алардын Иерусалимге тарткан сапарынын шыдыр болушун каалаган. Ал аларга: «Элдин жолун тазалагыла. Топурак төккүлө, чоң жол салыш үчүн топурак төккүлө. Таштарды алып салгыла»,— деп айткан (Ыш. 62:10). Ысрайылдыктардын ошол буйрукка ылайык иш кылып жатканын элестетсең. Кыязы, алды жакта бараткандары чуңкурларды толтуруп, дөң жерлерди түздөп, жол даярдашкан. Бул алардын арт жагында мекенине кайтып келаткан бир туугандарына чоң жардам болгону шексиз.

Рухий максаттарга жеткире турган жол жөнүндө да ушуну айтууга болот. Жахаба бардык кызматчыларынын ошол жол менен эч тоскоолдуксуз алга карай кете беришин каалайт. Ал өзүнүн Сөзү аркылуу бизди: «Бутуң баскан жолду түздө, бардык жолдоруң туруктуу болсун»,— деп чакырат (Накыл 4:26). Кайсы гана куракта болбойлу, Кудайдын ушул кеңешин колдонуунун аркасында ар бирибиз ийгиликке жете алабыз.

ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫП, ЖОЛ ДАЯРДА

Кээде кайсы бир өспүрүм тууралуу: «Бул кыздын колунан келбеген нерсе жок» же «Бул — камчыга сап болчу жигит»,— деген сөздөрдү угуп калабыз. Ооба, жаштардын, адатта, ден соолугу жакшы, акылы тунук болот жана алар ийгиликке жетүүнү абдан самашат. Ыйык Китепте: «Жаштардын көркү — алардын күчү»,— деп бекеринен айтылган эмес (Накыл 20:29). Шык-жөндөмүн, күчүн Жахабага кызмат кылууга колдонгон жаштар рухий максаттарына жетип, чындап бактылуу болушат.

Өзүң билгендей, жаш бир туугандарыбыздын жөндөмдүүлүктөрү дүйнөдө аябагандай бааланат. Мисалы, Жахабанын жаш кызматчысы мектепте жакшы окуса, мугалимдери же классташтары аны бул дүйнөдө ийгиликке жетиш үчүн жогорку билим алууга үндөшү мүмкүн. Же спортко шыгы бар болсо, аны ошол тармакта иштегендер келечекте чоң жеңиштерге жетүүгө азгырышы ыктымал. Сен да ушундай жагдайга туш болдуң беле же ушундай жагдайга туш болгондорду  билесиңби? Кудайдын кызматчысына туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

Ыйык Китептеги окуулар жашоодогу эң сонун жол менен жүрүүгө жакшы даярдык көрүүгө жардам берет. Насаатчы 12:1де: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— делет. Жаштар канткенде Улуу Жаратканын эсинен чыгарбайт?

Батыш Африкада жашаган Эрик * менен болгон окуяга токтололу. Ал футбол дегенде жанын берчү. Эрик 15ке чыкканда өлкөнүн курама командасына чакырылган. Ошондон көп өтпөй ал Европага барып, тандалган футболчулар менен бирге машыкмак. Анын аркасында атак-даңкка, мансапка ээ боло алмак. Бирок ал жаш кезинде Улуу Жаратканын эсинен чыгарбашы үчүн эмне кылышы керек эле? Андан өзүң же жаш досуң эмнеге үйрөнсөңөр болот?

Эрик мектепте окуп жүргөндө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Натыйжада ал Жараткандын адамзаттын кыйынчылыктарын биротоло жок кыларын билген. Эрик убактысы менен күчүн Кудайдын эркин аткарууга жумшаганы маанилүү экенин да түшүнгөн. Ушуларды эске алып, ал өмүрүн спортко эмес, Кудайга арнаган жана чөмүлүп, рухий максаттарга умтула баштаган. Убакыттын өтүшү менен кызмат жардамчысы болуп дайындалган, ал эми кийинчерээк Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектепке чакырылган.

Балким, Эрик спортту таштабаса, бай жана атактуу киши болмок. Бирок ал Ыйык Китептеги: «Байдын мүлкү — анын бекем шаары; ал ага бийик чептей көрүнөт»,— деген сөздөрдүн чындык экенин баамдаган (Накыл 18:11). Ооба, байлык бир караганда адамга коопсуздук тартуулачудай көрүнөт, бирок чынында андай эмес. Тескерисинче, ага ач көздүк менен умтулгандар «көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашат» (1 Тим. 6:9, 10).

Бактыга жараша, учурда көптөгөн жаштар толук убакыттагы кызматты аркалап, зор кубанычка жана жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууда. Эрик мындай дейт: «Мен Жахабага толук убакытта кызмат кылгандардын чоң „командасына“ кошулдум. Буга аябай сыймыктанам. Мага бактылуу болуунун жана ийгиликке жетүүнүн жалгыз жолун көрсөткөнү үчүн Жахабага ыраазымын».

Сен тууралуу эмне айтууга болот? Бул дүйнөнүн максаттарына умтулбай, пионердик кызматты аркалап, «бутуң баскан жолду түздөп» жатасыңбы? ( «Университет бере албай турган нерселерге ээ болдум» деген кутучаны кара.)

ЖОЛУҢДАГЫ ТОСКООЛДУКТАРДЫ АЛЫП САЛ

Бир жубайлар Кошмо Штаттардагы филиалга барганда ал жактагы бейтелдиктердин Жахабага кубаныч менен кызмат кылып жатышканын байкашкан. Аялы кийинчерээк: «Биз өзүбүздүн жашообуздун ыңгайлуу агымына ушунчалык көнүп алган болчубуз»,— деп ой бөлүшкөн. Алар филиалга барып келгенден кийин кызматка көбүрөөк убакыт жана күч жумшоону чечишкен.

Ал жубайларга алдына койгон максаттарына жетүү өтө оордой сезилген учурлар болгон. Бирок бир күнү алар «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесинен Иса Машаяктын Жакан 8:31деги: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер»,— деген сөздөрүн окуп калышат. Ошол аят тууралуу ой жүгүртүп: «Жашообузду жөнөкөйлөтүш үчүн эмнеден баш тартпайлы, бул ошого арзыйт»,— деген жыйынтыкка келишкен. Алар чоң үйүн сатып, ашыкча түйшүктөрдөн арылып, жардамга муктаж болгон башка жыйналышка которулушкан. Азыр алар пионердик кызматты аркалап жатышат, ошондой эле Падышалык залдарын курууга жана облустук жыйындарды өткөрүүгө жардам беришет. «Биз Жахабанын уюму кандай иштерге үндөсө, ошол иштерди кылып, жөнөкөй жашоо менен зор кубаныч алуудабыз»,— дейт ал жубайлар.

РУХИЙ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕ ТУРГАН ЖОЛДОН ЧЫКПА

Сулайман падыша: «Көзүң түз карасын, көз карашың алдыңа багытталсын»,— деп айткан (Накыл 4:25). Биз айдоочуга окшоп, дайыма алдыны карашыбыз керек. Рухий максаттарга умтулууга жана аларга жетүүгө тоскоол кылып, алаксыта турган нерселерден качканыбыз маанилүү.

Сен алдыңа кандай максаттарды коё аласың? Толук убактагы кызматты баштоо — эң сонун максаттардын бири. Кээ бир жыйналыштардын аймагы чоң, бирок тажрыйбалуу жарчылары азыраак  болушу мүмкүн. Же болбосо жарчылары көп болгону менен, аксакалдар жана кызмат жардамчылары жетишсиз болушу ыктымал. Балким, алыс эмес жердеги ошондой жыйналыштардын бирине жардам бере алаттырсың. Муну аныкташ үчүн райондук көзөмөлчү менен сүйлөшүп көрсөң болот. Эгерде алыс жакка барууну ойлонуштуруп жүрсөң, ал жактагы жардамга муктаж жыйналыштар жөнүндө көбүрөөк маалымат алганга аракет кыл *.

Кел эмесе, Ышая 62:10до айтылган сөздөрдү кайрадан эсибизге салалы. Мекендештери ата-бабалары байырлаган жерге жетиш үчүн, айрым ысрайылдыктар алардын алдындагы жолду тазалап, түздөп, күжүрмөн эмгектенишкени шексиз. Эгер сен да болгон күчүң менен рухий максаттарга умтулуп жатсаң, такыр багынба. Кудайдын жардамы менен аларга жете аласың. Жолуңдагы тоскоолдуктарды алып салууга аракет кылып, Жахабадан акылмандык сурай бер. Өз убагы келгенде ал «бутуң баскан жолду түздөөгө» жардам берет (Накыл 4:26).

^ абз. 8 Ысмы өзгөртүлдү.

^ абз. 18 «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 111, 112-беттерин кара.