Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Пасах козусу 14-нисан күнү кайсы маалда союлушу керек болчу?

Ыйык Китептин айрым котормолоруна ылайык, козу «эки кечтин ортосунда», башкача айтканда, «күүгүмдө» — күн баткандан кийин, бирок караңгы толук кире электе — союлушу керек болчу (Чыг. 12:6) (15.12. 18, 19-б.).

Жаштарга кайсы үч принцип туура чечим чыгарууга жардам берет?

1) Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин изде (Мт. 6:19—34). 2) Башкаларга кызмат кылуудан кубаныч ал (Элч. 20:35). 3) Жаш чагыңда Жахабага кызмат кыл (Нас. 12:1) (15.1. 19, 20-б.).

1914-жылдан бери кайсы төрт чабандес чаап келатат?

Ак боз ат минген Иса Машаяк асманды Шайтандан жана жин-перилерден тазалаган. Согушту билдирген кызыл ат минген чабандес адамзатты бүлгүнгө учуратууда. Кара атчан чабандес ачарчылыкты билдирет. Боз ат минген чабандес миллиондогондорду айыккыс оору менен өлтүрүүдө (Аян 6:2—8) (1.2. 6, 7-б.).

Козунун үйлөнүү тою качан болот? (Аян 19:7)

Ал той Падыша Иса Машаяк акыркы жеңишке жеткенде — Улуу Бабыл жок кылынып, Армагедон согушу бүткөндөн кийин — болот (15.2. 10-б.).

Исанын күндөрүндө жүйүттөр эмне үчүн «Машаякты күтүшкөн»? (Лк. 3:15)

1-кылымдагы жүйүттөр Даниел пайгамбардын Машаяк жөнүндө жазган пайгамбарлыгын биз түшүнгөндөй түшүнгөн деп айта албайбыз (Дан. 9:24—27). Анткен менен алар периштенин койчуларга айткан сөздөрүн же Анна деген пайгамбар аялдын ибадатканадан ымыркай Исаны көргөндө эмне дегенин угушса керек. Ошондой эле астрологдор «жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасын» көргөнү келишкен (Мт. 2:1, 2). Ал эми кийинчерээк Чөмүлдүрүүчү Жакан жакында Машаяктын келерин айткан (15.2. 26, 27-б.).

«Ооба» дегенибиз дайыма «ообаны» билдириши үчүн, эмне кылышыбыз керек? (2 Кор. 1:18)

Албетте, кээде олуттуу себептен улам сөзүбүзгө тура албай калабыз. Бирок берген убадабызды же алган милдеттенмебизди аткаруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек (15.3. 32-б.).

Порнография көрүүгө азгырылбаш үчүн эмне кылуу зарыл?

1) Адепсиз сүрөттөрдөн жана башка ушу сыяктуу нерселерден көзүңөрдү дароо бургула. 2) Жакшы нерселер жөнүндө ойлонуп, Кудайдан жардам сурап, оюңарды башкара билгиле. 3) Порнография камтылган фильмдер менен веб-сайттардан оолак болгула (1.4. 10—12-б.).

Кудайдын кызматчысы акча табыш үчүн үй-бүлөсүн калтырып, башка өлкөгө кетсе, кесепети кандай болушу мүмкүн?

Атанын же эненин үй-бүлөсүнөн алыс жүргөнү балдарга эмоциялык жана адеп-ахлактык жактан терс таасир этет. Алар ата-энесине таарынышы мүмкүн. Ал эми бири-биринен алыс жүргөн жубайлар ойноштук кылууга азгырылышы ыктымал (15.4. 19, 20-б.).

Устунга кадалган кылмышкерлердин буттарын эмне үчүн сындырышчу?

Римдиктер айрым кылмышкерлерди устунга кадап өлтүрүшчү. Жүйүттөр Пилаттан Исанын эки жагына кадалган кылмышкерлердин буттарын сындырууну суранышкан. Бул алардын өлүмүн тездетмек да, сөөгү түнү бою устунда калмак эмес (Мыйз. 21:22, 23) (1.5. 11-б.).

Кабар айтып жүргөндө кайсы төрт суроону эсибизде сакташыбыз керек?

Кимге кабар айтып жатам? Каякта кабар айтып жатам? Качан барганым жакшы? Кантип кабар айтышым керек? (15.5. 12—15-б.).

Тамеки чегүү өмүргө канчалык зыян?

Акыркы кылымда анын айынан 100 000 000 киши өлгөн, ал эми учурда жыл сайын 6 000 000 киши өмүрүнөн айрылууда (1.6. 3-б.).