Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын ой-ниетинде аялзатынын ролу кандай?

Жахабанын ой-ниетинде аялзатынын ролу кандай?

«Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт» (ЗАБ. 68:11).

1, 2. а) Кудай Адам атага алгач кандай белектерди берген? б) Кудай эмне үчүн Адам атага аял жаратып берген? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

ЖАХАБА Жерди белгилүү бир максат менен, анда «эл отурукташышы үчүн», жараткан (Ыш. 45:18). Анан Адам атаны жеткилең кылып жаратып, ага укмуш сонун үйдү — Эйден багын — берген. Адам ата көк тиреген бак-дарактарды, мөлтүрөп аккан сууларды, ары-бери ойт берип, оюн салган айбанаттарды карап, ырахаттанса керек. Бирок анын кубанычынын толук болушуна бир нерсе жетишпей турган. Ошол тууралуу Жахаба: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген. Жахаба аны катуу уктатып, бир кабыргасынан «аял жараткан». Адам ата ойгонгондон кийин ушунчалык сүйүнгөнүнөн: «Мына, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, денемден алынган дене. Бул аял деп аталат, анткени эркектен алынды»,— деп айткан (Башт. 2:18—23; 23-аяттын шилтемесин да карагыла).

2 Ошентип, Кудай Адам атага өзгөчө белек берген. Обо эне күйөөсүнүн жеткилең жардамчысы болгондон сырткары, ага балдарды төрөп берип, чоң сыймыкка ээ болмок. Ыйык Китепте: «Адам аялын Обо деп атады, анткени ал тирүү жандардын баарынын энеси болмок»,— деп айтылат (Башт. 3:20, шилт.). Түпкү ата-энебиз Кудайдан сонун тапшырма алган: алар жеткилең адамзаттын ата-энеси болуп, бүт жер  бетин бейишке айлантышмак да, жан-жаныбарлардын баарына кам көрүшмөк (Башт. 1:27, 28).

3. а) Кудайдан бата алыш үчүн Адам ата менен Обо эне эмне кылышы керек эле, бирок алар эмне кылышкан? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Кудайдан бата алыш үчүн Адам ата менен Обо эне анын тилин алып, бийлигине баш ийиши керек болчу (Башт. 2:15—17). Алар ошондо гана Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылып, өздөрүнө берилген тапшырманы аткара алышмак. Өкүнүчтүүсү, алар «байыркы жылан» деп аталып калган Шайтандын таасирине алдырып, Кудайга каршы күнөө кылышкан (Аян 12:9; Башт. 3:1—6). Бул бүтүндөй аялзатына кандай таасир эткен? Байыркы убакта Кудайдан корккон аялдар кандай иштерди кылышкан? Жахабага кызмат кылган бүгүнкү күндөгү аялдарды эмне үчүн «чоң кошуун» деп айтууга болот? (Заб. 68:11).

ТИЛ АЛБАСТЫКТЫН КЕСЕПЕТИ

4. Түпкү ата-энебиздин тил албастыгы үчүн ким жооптуу болгон?

4 Кудай Адам атадан эмне үчүн тил албай койгонун сураганда, ал: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, анан мен жедим» — деп, болбогон бир себепти айткан (Башт. 3:12). Айыбын мойнуна албай койгондон сырткары, ал күнөөнү Кудай жаратып берген аялына арта салган. Муну менен ал мээримдүү Жаратканды күнөөлөгөндөй эле болгон. Түпкү ата-энебиз экөө тең күнөө кетирсе да, ошол тил албастык үчүн Адам ата жооптуу болгон. Ошондуктан элчи Пабыл: «Бир киши [Адам] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген»,— деп жазган (Рим. 5:12).

5. Кудайдын адамдарга өз алдынча бийлик жүргүзүүгө убактылуу жол бергенинин аркасында эмне далилденди?

5 Алгачкы түгөйлөр Шайтандын тилине кирип, Жахабанын башкаруусуна муктаж эмеспиз деп ойлошкон. Ошондон улам: «Башкарууга ким укуктуу?» — деген маанилүү суроо туулган. Ошол суроого биротоло жооп бериш үчүн Кудай адамдарга өз алдынча бийлик жүргүзүүгө убактылуу жол берген. Ал анын натыйжасы жакшы болбой турганын башынан эле билген. Өздөрүн өздөрү башкарабыз деп, адамдар улам бир балээге кабылып, кылымдар бою азап-кайгыдан арыла албай келет. Өткөн кылымда эле согуштардын айынан 100000000дой киши, анын ичинде миллиондогон бейкүнөө эркек-аялдар жана балдар набыт болгон. Ырас, тарых эбак эле тастыктагандай, «басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (Жер. 10:23). Муну жакшы билгендиктен Жахабанын кызматчылары аны Башкаруучу катары кабыл алышат. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.)

6. Көп өлкөлөрдө аялзатына кандай мамиле кылышат?

6 Шайтандын бийлиги астында жаткан азыркы дүйнөдө эркектер да, аялдар да адилетсиздикке кабылып келет (Нас. 8:9; 1 Жкн. 5:19). Бирок аялдар зордук-зомбулукка, мыкаачылыкка көбүрөөк кабылышат. Алсак, дүйнө жүзүндөгү аялзатынын 30 пайызы күйөөсүнөн же сүйлөшкөн жигитинен кордук көрүшөт. Айрым жерлерде көптөр кыздуу болууга караганда уулдуу болууну каалашат. Себеби алар эркек бала тукумду улайт жана кийин ата-энесин же чоң ата, чоң энесин багат деп ойлошот. Кээ бир өлкөлөрдө кыздуу болууну анча каалабагандыктан аны көбүнчө бойдон алдырып салышат.

7. Кудай Адам ата менен Обо энени кандай кылып жараткан?

7 Аялзатына жаман мамиле жасалып жатканы Жахабага такыр жакпайт. Ал аялдардын кадыр-баркын сыйлап, аларга адилеттүү мамиле кылат. Бул анын Обо энени жеткилең кылып жаратканынан жана аны Адам атага кул эмес, аны толуктап тура турган жардамчы кылып бергенинен көрүнүп турат. Ыйык Китепте Кудайдын алтынчы жаратуу күнүнүн соңунда «өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көргөнү» айтылат (Башт. 1:31). Ооба, ал «бардыгын», Адам ата менен Обо энени да, «эң сонун» кылып жараткан!

 ЖАХАБА КОЛДОГОН АЯЛДАР

8. а) Адамдардын көбү кандай иштерди кылып келишет? б) Жахаба байыркы күндөрдөн тартып кандай адамдарды колдоп-коргоп келет?

8 Эйден багында болгон окуядан кийин адамдар Кудайга жакпаган иштерди кыла башташкан. Ал эми акыркы жылдары алардын ыймансыздыгы жетер чегине жетти. Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» ушундай болору алдын ала айтылган. Адамдар ушунчалык бузулгандыктан азыр, чынында эле, «өзгөчө оор мезгил» болууда (2 Тим. 3:1—5). Анткен менен Эгедер Теңир Жахаба байыркы күндөрдөн тартып ага таянган, мыйзамдарын аткарган жана аны Башкаруучусу катары кабыл алган эркек-аялдарды колдоп-коргоп келет. (Оку: Забур 71:5.)

9. Топон суудан канча адам аман калган жана эмне үчүн?

9 Байыркы убакта Кудай жамандыкка толгон дүйнөнү Топон суу менен жок кылганда, аз эле киши аман калган. Эгер ошол учурда Нух пайгамбардын бир туугандары тирүү болгон болсо, алар да суу астында калып, өмүрүнөн айрылышкан (Башт. 5:30). Ал эми Нух пайгамбар, анын аялы, үч улуу жана үч келини аман калышкан. Айта кетчү нерсе, Топон суудан тирүү өткөн эркектер менен аялдардын саны бирдей болгон. Алар Кудайдан корккондуктан жана анын эркин аткаргандыктан башкалар менен бирге өлүшкөн эмес. Азыр дүйнө жүзүндө жашап жаткан миллиарддаган адамдардын баары Кудай колдогон ошол сегиз кишиден тараган (Башт. 7:7; 1 Пет. 3:20).

10. Кудай ишенимдүү уруу башчыларынын аялдарын эмне үчүн колдоп-коргогон?

10 Кийинчерээк Кудай ишенимдүү уруу башчыларынын аялдарын да колдоп-коргогон. Эгер алар «өздөрүнүн жашоосуна нааразы болуп наалышса», андай батага ээ болушмак эмес (Жүй. 16). Жашоо шарты ыңгайлуу, гүлдөгөн Ур шаарынан кетип, бөтөн жерде чатырларда жашап калышканы үчүн Сааранын кейип-кепчип жатканын элестетүү кыйын. Ал көчмөн турмуштун кыйынчылыктарына карабай «Ыбрайымды „мырзам“ деп атап, ага баш ийген» (1 Пет. 3:6). Ыскак үчүн Жахабанын белеги болгон Ребеканы да эстесеңер. Ыйык Китепте: «Ыскак аны сүйүп калды. Ошентип, ал энесинин күйүтүнөн сооронду»,— деп айтылган (Башт. 24:67). Бүгүнкү күндө арабызда Саара менен Ребекага окшогон эже-карындаштардын болгону кандай гана кубанычтуу!

11. Эки еврей аял кандайча эр жүрөктүк менен иш кылган?

11 Мисирде кул болуп жүргөн ысрайылдыктар абдан көбөйүп кеткенде, фараон алардын жаңы төрөлгөн эркек балдарынын баарын өлтүрүүнү буйруган. Анткен менен Шипра жана Пуя деген еврей аялдар анын буйругун аткаруудан баш тартышкан. Алар, сыягы, төрөп жаткандарга жардам берген аялдардын башчысы болушкан. Ал экөө Жахабадан корккондуктан жаңы төрөлгөн еврей балдарды өлтүрүшкөн эмес. Жахаба аларга эр жүрөктүгү үчүн батасын берип, үй-бүлөлүү кылган (Чыг. 1:15—21).

12. Дебора менен Жаел кандай иштерди кылышкан?

12 Ысрайыл элин бийлер башкарып турган убакта Кудай колдогон Дебора деген пайгамбар аял болгон. Ал Барак бийге дем-шык берип, ысрайылдыктардын жеңишке жетишине салымын кошкон. Дебора Жахаба Кудайдын канаандыктардын аскер башчысы Сисераны «аялдын колуна салып берерин», ошондуктан даңкка Барак бий ээ болбой турганын алдын ала айткан. Анан, ал айткандай эле, Сисераны бөтөн элден болгон Жаел деген аял өлтүргөн (Бий. 4:4—9, 17—22).

13. Абигейил жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтылат?

13 Б.з.ч. 11-кылымда Абигейил деген асыл аял жашаган. Ал өзү акыл-эстүү зайып болгону менен, күйөөсү  Набал орой, бирөөгө жакшылык кылгысы келбеген, начар киши болчу (1 Шем. 25:2, 3, 25). Дөөтү жан-жөкөрлөрү менен бирге бир топ убакыт бою Набалдын мал-мүлкүн коргоп, анын кулдарына жакшылык кылган эле. Бир күнү ал кишилерин тамак-аш сурап келгени Набалга жөнөтөт. Бирок Набал «аларды кордоп, кетирип жиберет». Ошондо катуу ыза болгон Дөөтү Набал менен анын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып таштамакчы болот. Абигейил ал тууралуу укканда тамак-аштан кенен алып, Дөөтү менен анын кишилерине тартуу кылат да, аларды кан төгүүдөн сактап калат (1 Шем. 25:8—18). Дөөтү ага: «Сени бүгүн мага жиберген Ысрайылдын Кудайы Жахаба даңкталсын!» — деп ыраазы болгон (1 Шем. 25:32). Ошондон көп өтпөй Набал өлүп, Дөөтү Абигейилге үйлөнөт (1 Шем. 25:37—42).

14. Шалум төрөнүн кыздары кайсы ишке катышышкан жана бүгүнкү күндөгү эже-карындаштарыбыз кандайча ошол сыяктуу иштерди кылып жатышат?

14 Бабылдыктар б.з.ч. 607-жылы Иерусалим менен андагы ибадаткананы талкалаганда, көптөгөн эркектер, аялдар жана балдар өмүрү менен кош айтышкан. Кийин б.з.ч. 455-жылы Некемиянын көзөмөлү астында шаардын дубалы кайра курулган. Аны кургандардын арасында «Иерусалим аймагынын экинчи жарымын башкарган... Шалум төрөнүн» кыздары да болгон (Нек. 3:12). Алар башкалардан өйдөсүнбөй, эл катары күжүрмөн эмгектенишкен. Учурда көптөгөн эже-карындаштарыбыз да уюмдагы куруу иштерине кубаныч менен катышып жатышат. Биз алардын эмгегин жогору баалайбыз.

1-КЫЛЫМДАГЫ ИШЕНИМДҮҮ АЯЛДАР

15. Кудай Мариямга кандай сыймык ыйгарган?

15 Жахаба 1-кылымдын алдында жана 1-кылымда айрым аялдарга өзгөчө сыймык ыйгарган. Алардын бири Мариям деген кыз болгон. Ал Жусуп менен баш кошууга убадалашып койгондон кийин, ыйык рух аркылуу боюна бүткөн. Кудай эмне үчүн Мариямды тандады эле? Ал анын жеткилең уулун чоңойтуп-өстүрүүгө зарыл болгон сапаттарга ээ экенин көргөнү шексиз. Адамзат тарыхындагы эң улуу адамдын энеси болуу кандай зор сыймык болгон! (Мт. 1:18—25).

16. Иса Машаяк аялдарга кандай мамиле кылган?

16 Иса Машаяк аялдарга дайыма жылуу-жумшак мамиле кылган. Мисалга 12 жыл бою кан агуудан азап чеккен аял менен болгон окуяны алалы. Ал көпчүлүктү аралап өтүп, Исанын артынан келип, сырт кийимине колун тийгизген. Бирок Иса аны айыптап кирбей, боорукердик менен: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— деп айткан (Мр. 5:25—34).

17. Элүүнчү күн майрамында кандай кереметтүү окуя болгон?

17 Иса Машаяктын жолун жолдогон айрым аялдар ага жана анын элчилерине кызмат кылышкан (Лк. 8:1—3). Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 120дай шакиртке, анын ичинде аялдарга да керемет жолу менен ыйык рух түшкөн. (Оку: Элчилер 2:1—4.) Жахаба ал тууралуу көптөгөн жылдар мурун: «Мен ар кандай адамдарга рухумду төгөм. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат... Ал күндөрү кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм»,— деп айткан (Жоел 2:28, 29). Элүүнчү күн майрамында болгон ошол кереметтүү окуянын аркасында Кудай чындыктан четтеген ысрайыл элин четке кагып, «Кудайдын Ысрайылын» тандаганын көрсөткөн. Ал жаңы эл эркектерден да, аялдардан да турган (Гал. 3:28; 6:15, 16). 1-кылымда Машаяктын жолун жолдоп, жакшы кабарды жарыялагандардын арасында Филиптин төрт кызы да болгон (Элч. 21:8, 9).

 АЯЛДАРДАН ТУРГАН «ЧОҢ КОШУУН»

18, 19. а) Жахаба эркектерге да, аялдарга да кандай сыймык ыйгарган? б) Забурчу жакшы кабарды тараткан аялдар жөнүндө эмне деген?

18 1870-жылдары айрым эркектер менен аялдар Ыйык Китептеги чындыкка абдан кызыга башташкан. Алар бүгүнкү күндөгү кабар айтуу ишине чыйыр салып, Иса Машаяктын: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген сөздөрүнүн аткарылышына чоң салым кошушкан (Мт. 24:14).

19 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ошол чакан тобу көбөйүп отуруп, учурда 8 000 000дой болуп калды. Алар азыр Жахабанын Күбөлөрү деп аталат. Алардан тышкары, 11 000 000дон ашуун киши жыл сайын өткөрүлүүчү Эскерүү кечесине катышып, Ыйык Китептеги чындыкка жана биз жүргүзүп жаткан ишке кош көңүл карабай турганын көрсөтүүдө. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды жарыялоого толук убактысын арнап жаткан дүйнө жүзүндөгү 1 000 000дон ашуун жарчынын көбү эже-карындаштар экени да көңүлгө аларлык. Ошентип, забурчунун: «Жахабадан сөз чыгат; жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт»,— деген сөздөрү аткарылып жатат (Заб. 68:11).

Жакшы кабарды жарыялаган эже-карындаштар, чынында эле, «чоң кошуунду түзүшөт» (18, 19-абзацтарды карагыла)

КУДАЙДАН КОРККОН АЯЛДАР АЛА ТУРГАН БАТАЛАР

20. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде жана өздүк изилдөө учурунда кимдер тууралуу окусак болот?

20 Албетте, Ыйык Китепте жазылган ишенимдүү аялдар жөнүндө айта берсек, сөз бүтпөйт. Бирок алар тууралуу Кудайдын Сөзүнөн жана ага негизделген адабияттардан көп нерселерди биле алабыз. Мисалы, алардан Рут жөнүндө окуп, анын берилгендиги тууралуу ой жүгүртсөк болот (Рут 1:16, 17). Ошондой эле Ыйык Жазмадагы Эстер канышанын атынан аталган китепти жана Эстер жөнүндөгү макалаларды окуу менен ишенимибизди бекемдей алабыз. Кудайдан корккон аялдар жөнүндө үй-бүлө менен сыйынуу кечинде изилдегенибиздин пайдасы зор. Эгер үй-бүлөбүз жок болсо, алар тууралуу өздүк изилдөө учурунда окусак болот.

21. Ишенимдүү эже-карындаштарыбыз Жахабага берилгендигин оор учурларда кантип көрсөтүшкөн?

21 Жахаба жакшы кабарды таратып жаткан эже-карындаштардын аракетине сөзсүз батасын берип, сыноо учурунда аларды колдойт. Көптөгөн эже-карындаштарыбыз Кудайга баш ийгени үчүн нацисттердин жана коммунисттердин убагында сыноолорго туш болуп, атүгүл өмүрүнөн айрылган. Бирок алар Жахабанын жардамы менен аягына чейин кынтыксыз бойдон калышкан (Элч. 5:29). Бүгүнкү күндө да эже-карындаштарыбыз, деги эле ишенимдештерибиздин баары Кудайдын эгедерлигин жактоодо. Байыркы ысрайылдыктардын убагындай эле, Жахаба аларды оң колунан кармап: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деп айтууда (Ыш. 41:10—13).

22. Жакында кандай баталарга ээ болобуз?

22 Ишенимин бек сактаган эркектер менен аялдар жакында жер бетин бейишке айлантып, өлүм уйкусунан ойгонгон миллиондогон адамдарга Жахабанын ой-ниети жөнүндө билүүгө жардам беришет. Ал убак келгенге чейин, келгиле, баарыбыз «ийиндеш туруп», ага кызмат кыла берели (Сеп. 3:9).