Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Каякта жүрбө, Жахабанын үнүнө кулак сал

Каякта жүрбө, Жахабанын үнүнө кулак сал

«Кулагың арт жактан: „Мына жол“,— деген үндү угат» (ЫШ. 30:21).

1, 2. Жахаба кызматчыларын кандай жолдор менен жетектейт?

ТАРЫХ бою Жахаба адамдарга ар кандай жолдор менен жетекчилик берип келген. Ал айрымдарга келечекте эмне болорун билдириш үчүн же өзгөчө тапшырма бериш үчүн периштелерин колдончу, аян берчү, кээде түш көрсөтчү (Сан. 7:89; Жез. 1:1; Дан. 2:19). Башкаларына болсо уюмунун жердеги бөлүгүндө кызмат кылган өкүлдөрү аркылуу көрсөтмөлөрдү берип турган. Жетекчилик кандай жолдор менен берилбесин, ага ылайык иш кылгандар Жахабадан бата алышчу.

2 Бүгүнкү күндө Жахаба бизди Ыйык Китеп, ыйык рух жана жыйналыш аркылуу жетектөөдө (Элч. 9:31; 15:28; 2 Тим. 3:16, 17). Анын жетекчилиги ушунчалык айкын болгондуктан, биз: «Мына жол, ушул жол менен жүргүлө»,— деген үндү уккандай эле болобуз (Ыш. 30:21). Биз Жахабанын үнүн Иса Машаяк аркылуу да уга алабыз. Ал аны жыйналышты «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу жетектөөгө дайындаган (Мт. 24:45). Түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн Жахабанын жетекчилигине баш ийгенибиз маанилүү (Евр. 5:9).

3. Жахабаны угууга эмнелер тоскоолдук кылат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Шайтан Ибилис Жахабанын көрсөтмөлөрү, кеп-кеңештери өмүр алышыбыз үчүн абдан зарыл экенин жакшы билгендиктен, аларга ылайык иш кылышыбызга болушунча  тоскоолдук кылат. Андан тышкары, «митаам» жүрөгүбүз да Жахабаны угууга жолтоо болот (Жер. 17:9). Бул макалада канткенде ар кандай тоскоолдуктарга карабай Кудайдын үнүн уга аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле, жагдайыбыз кандай болбосун, Жахаба менен дайыма байланышта болгонубуз кандайча аны менен ынак бойдон калууга жардам берерин талкуулайбыз.

ШАЙТАНДЫН АЙЛА-АМАЛДАРЫНА АЛДАНБА

4. Шайтан адамдардын ой жүгүртүүсүн бурмалоого кантип аракет кылат?

4 Шайтан жалган маалымат менен туура эмес ой-түшүнүктөрдү колдонуп, адамдардын ой жүгүртүүсүн бурмалоого аракет кылат. (Оку: 1 Жакан 5:19.) Учурда гезит-журналдар, китептер, радио, телевизор жана Интернет аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчуна толгон-токой маалымат жеткирилүүдө. Ырас, алардан пайдалуу нерселерди билүүгө болот. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары көп учурда Жахабанын нормаларына ылайык келбеген иштерди, жүрүм-турумду жактайт (Жер. 2:13). Алсак, жаңылыктарда жана көңүл ачуу тармагында бир жыныстагы адамдардын никеге турушу боло жүргөн нерседей эле көрсөтүлүүдө. Көптөр азыр гомосексуализмге байланыштуу Ыйык Китепте жазылгандарды эркиндикти чектеген көрсөтмө катары эсептешет (1 Кор. 6:9, 10).

5. Канткенде Шайтандын үгүтүнө алданбайбыз?

5 Жахабанын осуяттарын жакшы көргөндөр Шайтандын үгүтүнө алданып калбаш үчүн эмне кылышы керек? Алар канткенде жакшы менен жаманды айырмалай алышат? Ан үчүн алар Жахабанын сөздөрүнө «ылайык жашашы» керек (Заб. 119:9). Кудайдын Сөзүндө чындыкты жалгандан айырмалоого жардам берген баалуу мыйзам-принциптер бар (Накыл 23:23). Иса Машаяк: «Адам... Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен... жашайт»,— деп айткан (Мт. 4:4). Андыктан Ыйык Китептеги принциптерди жашообузда колдонууга үйрөнүшүбүз кажет. Бул жагынан Жусуп жакшы үлгү калтырган. Ал, Жахаба Муса пайгамбар аркылуу ойноштукка тыюу салган мыйзам бергенге чейин бир топ жыл мурун эле, андай иштин Кудайдын алдында олуттуу күнөө экенин түшүнгөн. Потипардын аялы азгырганда, Жахабага каршы иш кылуу Жусуптун оюна да келген эмес. (Оку: Башталыш 39:7—9.) Ал аял бир канча убакыт бою аны көндүрүүгө аракет кылса да, Жусуп Жахабанын үнүнө кулак кагууга чечкиндүү болгон. Ооба, туураны туура эместен айырмалоо үчүн Шайтандын тынымсыз жаңырган үгүтүнө кулак төшөбөй, Жахабанын үнүн укканыбыз абдан маанилүү.

6, 7. Кара өзгөй Шайтандын кеңешине кулак түрбөш үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Бул дүйнө бири-бирине карама-каршы келген диний окууларга жык толгондуктан, көптөр чыныгы динди табуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Анткен  менен Жахабанын үнүнө кулак кагууга дилгир болсок, анын жардамы менен чындыкты оңой эле таба алабыз. Болгону, кимди угарыбызды чечип алышыбыз керек. Бир эле учурда эки үндү уга албайбыз, ошон үчүн Жахаба өзүнүн койлоруна кам көрүүгө дайындаган Иса Машаяктын «үнү» кандай болорун жакшылап билип алып, ага кулак төшөшүбүз зарыл. (Оку: Жакан 10:3—5.)

7 «Угуп жаткан нерселериңерге көңүл бургула»,— деген Иса (Мр. 4:24). Жахаба дайыма так-айкын, туура кеңештерди берет, бирок аларды кабыл алыш үчүн кунт коюп укканыбыз абзел. Сак болбосок, мээримдүү Кудайыбыздын кеңешине эмес, кара өзгөй Шайтандын кеңешине кулак кагууга жакын болуп калышыбыз мүмкүн. Андыктан бул дүйнөдөгү музыканын, фильмдердин, телеберүүлөрдүн, китептердин, чогуу иштешкен же чогуу окуган адамдардын, мугалимдердин же адистердин жашооңду бийлеп алышына жол бербе (Кол. 2:8).

8. а) Шайтанга алданып калышыбызга жүрөгүбүз кандайча себеп болушу мүмкүн? б) Жүрөгүбүздүн бузулуп баратканын көрсөткөн белгилерге көз жумуп койсок, кесепети кандай болот?

8 Шайтан күнөө кылууга жакын келерибизди билгендиктен, туура эмес каалоолорубузга жетеленип иш кылганга түртөт. Андайда кынтыксыз бойдон калуу абдан кыйын (Жкн. 8:44—47). Шайтанга жеңилбеш үчүн эмне кылсак болот? Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз туура эмес каалоолорго берилип кетип, эч качан жасабайм деген жаман ишти жасай баштады деп коёлу (Рим. 7:15). Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Сыягы, ал Жахабанын үнүнө акырындап кулак какпай баштаган. Балким, башында тиленбей, кызматка жигердүү катышпай же жыйналыш жолугушууларын калтыра баштагандыр. Жүрөгүнүн бузулуп баратканын көрсөткөн ошол белгилерди байкабай калгандыктан же аларга атайлап эле көз жумуп койгондуктан, акыр-аягы жаман каалоосуна алдырып койгон. Ага окшоп калбашыбыз үчүн жүрөгүбүздүн бузула баштаганынан кабар берген белгилерди дароо байкап, тезинен иш-аракет кылышыбыз керек. Андан сырткары, Жахабанын үнүнө кулак каксак, чындыктан четтегендердин ой-толгоолорун эч качан укпайбыз (Накыл 11:9).

9. Азгырыкка алып бара турган нерселерди эртерээк баамдоо эмне үчүн абдан маанилүү?

9 Ооруну эртерээк аныктоо адамдын өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзөт. Ошо сыяктуу эле, азгырыкка алып бара турган нерселерди эртерээк баамдасак, каргашадан кача алабыз. Андайда дароо, «Ибилистин эркин аткарыш үчүн анын тузагына тирүүлөй түшүп» кала  электе, иш-аракет кылганыбыз акылдуулукка жатат (2 Тим. 2:26). Эгер ой жүгүртүүбүз менен каалоолорубуздун Жахабанын эркине ылайык келбей жатканын байкасак, эмне кылышыбыз керек? Тезинен Жахабага кайрылып келишибиз, анын кеңешине кулак кагып, бүт жүрөгүбүз менен тил алышыбыз керек (Ыш. 44:22). Туура эмес чечим чыгаруу аябагандай кесепеттүү болушу жана анын айынан өмүр бою азап чегишибиз мүмкүн. Ошондуктан андай ката кетирбей, түз жолдо жүргөнүбүз кандай гана маанилүү!

Рухий иштер менен алек болуу Шайтандын айла-амалдарынан кандайча коргойт? (4—9-абзацтарды кара)

ТЕКЕБЕРДИК МЕНЕН АЧ КӨЗДҮККӨ КАРШЫ ТУР

10, 11. а) Адамдын текебер экени эмнеден көрүнөт? б) Корак, Датан жана Абырамдан кандай сабак алсак болот?

10 Күнөө кылууга жакын келгендиктен, жүрөгүбүз бизди түз жолдон оңой эле адаштырышы мүмкүн. Мисалга текебердик менен ач көздүктү алалы. Бул эки сапат тең Жахабанын үнүн угууга тоскоол болуп, акыр-аягы каргашага алып барышы ыктымал. Айталы, текебер киши өзү жөнүндө жогору ойдо болот. Ал: «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» — деп ой жүгүртүп, ишенимдештеринин, аксакалдардын, атүгүл Кудайдын уюмунун кеңештерин четке кагат. Андай киши Жахабадан ушунчалык алыстап кеткендиктен анын үнүн дээрлик укпай калат.

11 Ысрайыл эли чөл кезип жүргөндө, Корак, Датан жана Абырам Муса пайгамбар менен Арунга каршы козголоң чыгарышкан. Текебердиктен улам алар Жахабага өздөрү туура көргөндөй сыйынгысы келишкен. Жахаба буга кандай караган? Ал козголоңчулардын баарын жок кылган (Сан. 26:8—10). Ошол окуядан маанилүү сабак алсак болот: Жахабага каршы чыгуу эч качан жакшылыкка алып барбайт! Андыктан «кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келерин» унутпайлы (Накыл 16:18; Ыш. 13:11).

12, 13. а) Ач көздүк канчалык зыяндуу? Мисал келтир. б) Ач көздүктү ооздуктабаса, кандайча тез эле ээ-жаа бербей калышы мүмкүн?

12 Эми ач көздүктүн канчалык зыяндуу экенин карап көрөлү. Ач көз киши каалаганын кылууга, өзүнө таандык эмес нерселерди алууга жакын келет. Буга Гехази мисал боло алат. Сириялык аскер башчы Нааман пес оорусунан айыкканы үчүн Элиша пайгамбарга тартуу бергенде, ал албай коёт. Бирок пайгамбардын кызматчысы Гехази тартууга көз артып: «Жахаба тирүү, [Наамандын] артынан чуркап барайын да, өзүмө бир нерсе алып калайын»,— деп ойлонот. Ал Элиша пайгамбарга айтпай, Наамандын артынан чуркап барат да, аны алдап, «бир талант күмүш, эки сыйра кийим» сурап алат. Гехазинин ошол жоругу жана Жахабанын пайгамбарына калп айтканы эмнеге алып барган? Ал пес оорусуна чалдыккан (2 Пад. 5:20—27).

13 Ач көздүк кичинекей нерседен башталат. Аны ооздуктабаса, тез эле ээ-жаа бербей, адамдын жүрөгүнө тамыр жайып кетет. Муну Ахан менен болгон окуя бышыктап турат. Анын ач көздүгү бат эле өрчүп кеткен. Ал өзү Жашыяга: «Олжолордун арасынан аябай кооз, кымбат баалуу Шынар кийимин, эки жүз күмүш шекелди жана салмагы элүү шекел уютулган алтынды көрүп калдым. Анан алгым келип, аларды алып алдым»,— деп айткан. Жаман каалоосун ооздуктагандын ордуна, Ахан баалуу буюмдарды уурдап алып, чатырына катып койгон. Акыры анын кыңыр иши баарына маалым болуп, үй-бүлөсү менен кошо таш бараңга алынган (Жаш. 7:11, 21, 24, 25). Этият болбосок, ар бирибиз эле ач көздүктү өрчүтүп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан «ач көздүктүн бардык түрүнөн сак бололу» (Лк. 12:15). Кээде жаман нерселерди ойлошубуз же адеп-ахлаксыз иштерди элестетишибиз ыктымал, бирок ач көздүккө жаткан андай каалоолорубуз күнөөгө алып барбашы үчүн,  аларды тизгиндеп турушубуз абдан маанилүү. (Оку: Жакып 1:14, 15.)

14. Өзүбүздөн текебердиктин же ач көздүктүн белгилерин байкасак, эмне кылышыбыз керек?

14 Ооба, текебердик да, ач көздүк да каргашага алып барат. Туура эмес иштердин кесепеттери тууралуу ой жүгүртүү Жахабанын үнүнө дайыма кулак кагууга түрткү берет (Мыйз. 32:29). Анын Сөзүнөн жакшы иштердин жана жаман иштердин натыйжасы кандай болору айкын көрүнүп турат. Ошол себептен жүрөгүбүз текебердикке же ач көздүккө жаткан кайсы бир ишти кылууга азгырса, анын кесепети тууралуу, мисалы, өзүбүзгө, жакындарыбызга, айрыкча, Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этери жөнүндө ойлонгонубуз акылдуулукка жатат.

ЖАХАБА МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА БОЛ

15. Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алабыз?

15 Жахаба бизге жакшылык гана каалайт (Заб. 1:1—3). Ал өз маалында зарыл жетекчилик берип турат. (Оку: Еврейлер 4:16.) Иса Машаяк жеткилең болсо да, Жахабанын жардамына муктаж болгон. Муну түшүнгөндүктөн ал аны менен тыгыз байланышта болуп, үзгүлтүксүз тиленген. Жахаба болсо аны колдоп, жетектеген. Ал Исага ыйык рухун берген, кызмат кылууга периштелерди жиберген, 12 элчини тандоого көмөк кылган, ошондой эле аны колдоорун жана жакшы көрөрүн билдирип, асмандан сүйлөгөн (Мт. 3:17; 17:5; Мр. 1:12, 13; Лк. 6:12, 13; Жкн. 12:28). Иса Машаякка окшоп, биз да жүрөгүбүздөгүнү Кудайга төгүшүбүз керек (Заб. 62:7, 8; Евр. 5:7). Тиленүү бизге Жахаба менен тыгыз байланышта болууга жана аны даңктагыдай жашоого жардам берет.

16. Жахаба бизге анын үнүн угууга кантип жардам берет?

16 Жахабанын кеңештерин табуу кыйын болбосо да, ал эч кимди ал кеңештерге ылайык жашоого мажбурлабайт. Биз андан ыйык рух сурашыбыз керек, ошондо ал аны марттык менен берет. (Оку: Лука 11:10—13.) Ыйык Китепте айтылгандай, «кандай угуп жатканыбызга» көңүл бурганыбыз маанилүү (Лк. 8:18). Мисалы, Жахабадан адеп-ахлаксыздыкка болгон жакындыгыбызды жеңгенге жардам сурап, бирок порнографияны же адеп-ахлаксыздык камтылган фильмдерди көрө берсек, эки жүздүүлүккө жатып калмак. Жахабадан жардам алыш үчүн анын ыйык руху болгон жерлерде, айталы, жыйналыш жолугушууларында болушубуз кажет. Жахабанын көптөгөн кызматчыларына жыйналыштарга барып, анын үнүнө кулак какканы каргашадан качууга жардам берген. Анткени алар жүрөгүндө жаман каалоолордун өрчүп баратканын өз убагында байкап, аларды жок кылышкан (Заб. 73:12—17; 143:10).

МЫНДАН АРЫ ДА ЖАХАБАНЫН ҮНҮНӨ КУЛАК КАГА БЕР

17. Өзүбүзгө таянуу эмне үчүн кооптуу?

17 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтүнү эстесең. Жаш кезинде ал пелиштиликтердин алп балбаны Голиатты жеңген. Дөөтү жоокер да, падыша да, элинин коргоочусу да, мыкты жол башчысы да болгон. Бирок өзүнө таянганда, жүрөгүнө алданып, Батшеба менен ойноштук кылган, анысы аз келгенсип, анын күйөөсү Урийди өлтүрткөн. Бактыга жараша, Жахаба ашкерелегенде, ал күнөөсүн момундук менен моюнга алып, аны менен болгон мамилесин калыбына келтирген (Заб. 51:4, 6, 10, 11).

18. Мындан ары да Жахабанын үнүнө кулак кага берүүгө эмне жардам берет?

18 1 Корунттуктар 10:12де кеңеш кылынгандай, өзүбүзгө таянуудан сак бололу. Эч кимибиз өз кадамыбызды «багыттай албайбыз», ошондуктан же Жахабаны, же анын душманы Шайтанды угууга туура келет (Жер. 10:23). Келгиле, ар дайым тиленип, ыйык рухтун жетегине баш ийип, мындан ары да Жахабанын үнүнө кулак кага берели.