Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба кандайча бизге жакындайт?

Жахаба кандайча бизге жакындайт?

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (ЖКП. 4:8).

1. Ар бирибиз эмнеге муктажбыз жана ал муктаждыгыбызды кантип канааттандыра алабыз?

АР БИРИБИЗ эле башкалар менен жакын мамиледе болууну абдан каалайбыз. Бири-бирин жакшы көргөн, жакшы билген адамдарды жакын деп айтса болот. Эгерде үйдөгүлөрүбүз, досторубуз бизди жакшы көрсө, бааласа, түшүнсө жана алар менен ынак мамиледе болсок, адатта, өзүбүздү бактылуу сезип, гүлдөп-өсөбүз. Бирок баарынан мурда Улуу Жаратканыбыз менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз керек (Нас. 12:1).

2. Жахаба бизге кандай убада берген, бирок көптөр эмне үчүн ал убадага ишенбейт?

2 Жахаба Ыйык Китеп аркылуу бизди өзүнө жакындоого чакырат. Эгер ага жакындасак, өзү убада кылгандай, ал да бизге жакындайт (Жкп. 4:8). Муну билүү бизге дем-шык берет. Анткен менен көптөргө Кудайга жакындоо мүмкүн эместей сезилет. Алар ага жакындоого өздөрүн татыксыз сезишет же аны өтө эле алыс деп ойлошот. Жахабага жакындоо чынында эле мүмкүнбү?

3. Жахаба жөнүндө эмнени түшүнүшүбүз керек?

3 Жахаба аны издегендердин баарына жакын жана аны таанып-билүүгө ар бирибизде мүмкүнчүлүк бар. (Оку: Элчилер 17:26, 27; Забур 145:18.) Жеткилеңсиз болгонубузга карабай, Кудай ага жакындашыбызды каалайт жана  биз менен ынак достордон болууга даяр (Ыш. 41:8; 55:6). Өзүнүн тажрыйбасынан улам забурчу: «Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет. Өзүң тандап алган, өзүңө жакындаткан адам бактылуу»,— деп жазган (Заб. 65:2, 4). Кел анда, Ыйык Китептен Жүйүт падышасы Асанын Кудайга кантип жакындаганын жана Кудай ага кандайча жакындаганын карап көрөлү *.

БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ ПАДЫШАНЫН ҮЛГҮСҮ

4. Аса падыша жүйүт элине кандай үлгү көрсөткөн?

4 Аса падыша чыныгы сыйынуу үчүн күйүп-бышкан. Ал ошол кезде ибадатканада кеңири кулач жайган сойкулукту жана бурканга табынуучулукту жок кылган (1 Пад. 15:9—13). Сөз эркиндигине ээ болгондуктан ал элге «ата-бабаларынын Кудайы Жахабага кызмат кылууну, анын мыйзам-осуяттарын аткарууну буйрук кыла» алган. Жахаба Асага батасын берип, анын башкаруусунун алгачкы он жылында толугу менен тынчтык өкүм сүргөн. Аса андай бейкуттук Жахабадан экенин билген. Ошон үчүн ал: «Биз Жахаба Кудайыбызды издегендиктен,.. ал бизди тегерегибиздеги душмандардан коргоп, тынчтык берди»,— деп айткан (2 Жылн. 14:1—7). Эмесе, андан ары эмне болгонун карап көрөлү.

5. Асанын Кудайга болгон ишеними кандайча сыналган жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

5 Өзүңдү Аса падышанын ордуна коюп көрсөң. Эфиопиялык Зерак 1 000 000 жоокери, 300 майдан арабасы менен элиңе каршы согушканы келатат (2 Жылн. 14:8—10). Сенин аскериңде, болгону, 580 000 эле жоокер бар. Элиңди, өлкөңдү жер жайнаган кара кол каптап келсе, кандай сезимде болот элең? Эки эсе көп душманды көрүп, Кудайдын эмне үчүн андай оор сыноого жол бергенине таң калат белең? Шашкалактап, өзүңдүн акылыңа таянып иш кылат белең же Жахабага таянат белең? Аса падышанын иш-аракетинен анын Жахаба менен жакын мамиледе экени жана ага толук таянары көрүнгөн. Ал: «Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз. Бул сансыз элге да сенин ысмың менен каршы чыктык. Жахаба, сен биздин Кудайыбызсың. Көр пенденин сенден күчтүү болуп кетишине жол бербе»,— деп жалындуу тиленген. Жахаба анын чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүн угуп, ага «эфиопиялыктарды талкалаганга жардам берген». Ошол салгылашта бир да душман аман калган эмес! (2 Жылн. 14:11—13).

6. Аса падышадан кандай үлгү алсак болот?

6 Аса падыша эмнеден улам Жахабанын жетектээрине жана коргооруна толук ишенген? Ыйык Китепте: «Аса Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды... Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылды»,— делет (1 Пад. 15:11, 14). Мындан көрүнүп тургандай, Кудай менен азыр да, келечекте да жакын мамиледе болгубуз келсе, ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылышыбыз керек. Жахабанын ага жакындашыбыз жана аны менен ынак мамиледе болушубуз үчүн демилгени колго алганына кандай гана ыраазыбыз! Азыр болсо, Кудайдын бизди өзүнө кайсы эки жол менен жакындатарын карап көрөлү.

ЖАХАБА БИЗДИ ӨЗҮНӨ КУН АРКЫЛУУ ЖАКЫНДАТАТ

7. а) Жахабанын кайсы иштери бизди ага жакындатат? б) Жахаба бизди өзүнө жакындатууну каалаарын эмне аркылуу эң сонун далилдеген?

7 Жахаба адамзатты сүйгөндүктөн кооз үйдү, башкача айтканда, Жер планетасын жараткан. Ал бизге жашоо-тиричиликке керектүү нерселердин баарын берүү менен да сүйүүсүн көрсөтүп келет (Элч. 17:28; Аян 4:11). Андан да маанилүүсү, Жахаба биздин рухий муктаждыктарыбызга кам  көрүүдө (Лк. 12:42). Ошондой эле ал ар бирибиздин тиленүүлөрүбүздү өзү угат (1 Жкн. 5:14). Бирок Жахаба бизге жакындагысы келерин жана биздин ага жакындашыбызды каалаарын баарынан да кун аркылуу эң сонун далилдеген. (Оку: 1 Жакан 4:9, 10, 19.) Бизди күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн ал өзүнүн «жалгыз Уулун» жерге жөнөткөн (Жкн. 3:16).

8, 9. Иса Машаяк Жахабанын ой-ниетинде кандай роль ойнойт?

8 Жахаба куткаруу курмандыгынан атүгүл Иса Машаякка чейин жашаган адамдардын да пайда алышына кам көргөн. Ал адамзатты куткара турган Куткаруучу жөнүндө пайгамбарлык айткандан тартып эле кунду төлөндү деп эсептеген, себеби өзүнүн ой-ниетинин сөзсүз ишке ашарын билген (Башт. 3:15). Жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин элчи Пабыл «Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгарганы» үчүн Кудайга ыраазы экенин айткан. Ал: «Кудай сабырдуулук көрсөтүп, мурунку күнөөлөрдү кечирип келген»,— деп жазган (Рим. 3:21—26). Андыктан Иса Машаяксыз Кудай менен жакын мамиледе боло албайбыз.

9 Момун адамдар бир гана Иса Машаяк аркылуу Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алышат. Бул Ыйык Китепте кандайча баса белгиленет? Анда: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деп айтылат (Рим. 5:6—8). Ооба, кун биз татыктуу болгондуктан эмес, Жахаба бизди сүйгөндүктөн төлөнгөн. Иса Машаяк: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген. Дагы бир жолу болсо: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жкн. 6:44; 14:6). Жахаба ыйык рухун колдонуп, адамдарды өзүнө Уулу аркылуу жакындатат жана алар түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн, өзүнүн сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет. (Оку: Жүйүт 20, 21.) Эми болсо, Кудайдын бизди өзүнө дагы кайсы жол менен жакындатарын карап көрөлү.

ЖАХАБА БИЗДИ ӨЗҮНӨ СӨЗҮ АРКЫЛУУ ЖАКЫНДАТАТ

10. Ыйык Китеп бизди кандайча Кудайга жакындатат?

10 Ушул абзацка чейин эле Ыйык Китептин он төрт китебиндеги аяттар колдонулду. Эгерде Ыйык Китеп болбосо, Жаратканга жакындай аларыбызды кайдан билет элек? Кун жөнүндө жана Жахабанын бизди өзүнө Уулу аркылуу жакындатары тууралуу кантип биле алат элек? Ыйык рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзүнөн биз анын адамзатка байланышкан ой-ниетин, касиет-сапаттарын биле алабыз. Алсак, Чыгуу 34:6, 7де Жахабанын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай» экени, «адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтөрү» жана «жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечирери» айтылат. Ушундай Кудайга кимдин жакындагысы келбейт? Жахаба биздин Ыйык Китеп аркылуу ал жөнүндө канчалык көп билген сайын аны менен ошончолук ынак боло берерибизди билет.

11. Кудайдын касиет-сапаттары менен жолдорун изилдегенибиз эмне үчүн маанилүү? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 «Жахабага жакында» китебинин кириш сөзүндө Кудай менен канткенде дос боло аларыбызга байланыштуу мындай делет: «Достуктун кайсы түрүн албайлы, ортодогу мамиле адамды канчалык жакшы таанып-билгенибизге жана анын кулк-мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрүн баалап, аларды жактыра баштаганыбызга жараша өрчүйт. Андыктан Кудайдын касиет-сапаттары менен жолдору жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтылганын жакшылап изилдеп чыгуу абдан маанилүү». Жахабага  өзүнүн Сөзүн бизге түшүнүктүү кылып жаздырып койгону үчүн кандай гана ыраазы болсок болот!

12. Жахаба Ыйык Китепти эмне үчүн адамдарга жаздырган?

12 Жахаба Ыйык Китепти периштелерге деле жаздырып коё алмак. Периштелер бизге жана биздин иштерибизге абдан кызыкдар (1 Пет. 1:12). Ошондой эле алардын Кудайдын адамзатка айта турган кабарын жаза алышмактыгы шексиз. Бирок алар окуяларды адамдын көз карашы боюнча жазышат беле? Биздин эмнеге муктаж экенибизди, алсыз жактарыбызды, каалоолорубузду түшүнүшөт беле? Жахаба периштелердин адамдардан аябай эле айырмаланарын жакшы билгендиктен, Ыйык Китепти бизге окшогон эле пенделерге жаздырган. Ошондуктан биз Ыйык Жазманы окуганда аны жазгандардын жана андагы каармандардын ой-сезимдерин жакшы түшүнөбүз. Алардын көңүлү чөккөнү, шектенгени, корккону же жаза басканы тууралуу окуганыбызда кошо кайгырабыз, ал эми кубанычы, ийгиликтери жөнүндө окуганыбызда кошо сүйүнөбүз. Ооба, Илияс пайгамбар сыяктуу Ыйык Китепти жазууга катышкандардын баары «биздикиндей эле сезимдери бар кишилерден» болушкан (Жкп. 5:17).

Жахабанын Жунус пайгамбар менен элчи Петирге жасаган мамилеси ага жакындашыңа кандайча түрткү берет? (13, 15-абзацтарды кара)

13. Жунус пайгамбардын тиленүүсү сага кандай таасир этет?

13 Мисалга Жунус пайгамбарды алалы. Эгер аны менен болгон окуяны периште жазса, анын Жахаба берген тапшырманы аткаруудан качып бараткандагы сезимдерин толугу менен бере алат беле? Жахабанын ошол окуяны, анын ичинде Жунус пайгамбардын деңиздин түбүндө эмне деп тиленгенин анын өзүнө жаздырганы кандай гана туура болгон! Жунус: «Жаным кыйналганда, жалгыз эстегеним Жахаба болду»,— деген (Жун. 1:3, 10; 2:1—9).

14. Биз Ышая пайгамбардын сезимдерин эмне үчүн жакшы түшүнөбүз?

14 Ошондой эле Жахабанын Ышая  пайгамбарга анын өзү жөнүндө эмнелерди жаздырганын карап көрөлү. Кудайдын даңкы жөнүндө аян көргөндө пайгамбар: «Өлдүм, башыма каран түн түштү! Анткени мен оозу булганган адаммын, оозу булганган элдин арасында жашайм. Анын үстүнө, Падышаны, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын өзүн, көрдүм!» — деп өзүнүн күнөөкөр пенде экенин түшүнгөн (Ыш. 6:5). Периште ушундай сөздөрдү айтат беле? Ышая пайгамбар болсо өзү жөнүндө ушинтип айткан жана биз анын сезимдерин жакшы түшүнөбүз.

15, 16. а) Эмне үчүн биз Ыйык Китептеги адамдардын сезимдерин жакшы түшүнөбүз? б) Жахабага жакындаганга бизге эмне жардам берет?

15 Ыйык Китептен Жакып пайгамбардын өзүн «татыксызмын» деп эсептегенин, элчи Петирдин «күнөөкөрмүн» деп айтканын да окуйбуз (Башт. 32:10; Лк. 5:8). Периштелер өздөрү жөнүндө ушинтип айтышат беле? Же Машаяктын шакирттерине окшоп коркушат беле? Элчи Пабыл менен анын шериктериндей болуп, жакшы кабарды жарыялоодо каршылыктарга кабылганда аларга кайраттуулук керек болот беле? (Жкн. 6:19; 1 Тес. 2:2). Жок, периштелер жеткилең жана адамдардан алда канча күчтүү. Ал эми Ыйык Китепти жазууга катышкандар биздей эле жеткилең эмес болгондуктан, биз алардын сезимдерин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан Кудайдын Сөзүн окуганда «кубангандар менен кубанып», «ыйлагандар менен ыйлайбыз» (Рим. 12:15).

16 Ыйык Китептен Жахабанын өзүнүн байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларына кылган мамилеси жөнүндө окуп, ой жүгүртсөк, анын жеткилеңсиз адамдарга чыдамдуулук, мээримдүүлүк менен мамиле кылып, аларга жакындаганын жана башка көп нерселерди биле алабыз. Анын аркасында билимибиз тереңдеп, сүйүүбүз өсүп, Жахабага барган сайын жакындай беребиз. (Оку: Забур 25:14.)

КУДАЙ МЕНЕН ТЫГЫЗ МАМИЛЕ ӨРЧҮТ

17. а) Азария пайгамбар Аса падышага кандай кеңеш берген? б) Аса падыша кандайча Азария пайгамбардын кеңешине кулак какпай койгон жана анын натыйжасы кандай болгон?

17 Аса падыша эфиопиялыктар менен болгон согушта чоң жеңишке жеткенде, Азария пайгамбар ага жана бүтүндөй элге: «Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот. Эгерде аны издесеңер, табасыңар, ал эми аны таштай турган болсоңор, ал да силерди таштап коёт»,— деп акыл айткан (2 Жылн. 15:1, 2). Өкүнүчтүүсү, Аса падыша кийин ал кеңешке ылайык иш кылбай калган. Ысрайыл түндүк падышалыгы кол салмакчы болгондо, ал кайрадан Жахабадан жардам сурагандын ордуна жалган кудайларга сыйынган сириялыктарга кайрылып, алар менен келишим түзгөн. Ошол себептен Кудай ага: «Сен акылсыз иш кылдың, ошондуктан мындан ары жериңде дайыма согуш болот»,— деп айттырган. Анан, чынында эле, Аса падышанын башкаруусунун калган жылдары согуш-жаңжал менен өткөн (2 Жылн. 16:1—9). Мындан кандай сабак алсак болот?

18, 19. а) Жахабадан алыстап кеткен болсок, эмне кылышыбыз керек? б) Жахабага кантип жакындай алабыз?

18 Биз эч качан Жахабадан алыстабашыбыз керек. Эгер Жахабадан кандайдыр бир деңгээлде алыстап кеткен болсок, анда Ошуя 12:6дагы: «Кудайыңа кайтып келип, мээримдүүлүгүңдөн, адилеттигиңден жазба, ар дайым Кудайыңа үмүт арт»,— деген сөздөргө ылайык иш кылганыбыз маанилүү. Андыктан кун жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүп, Ыйык Китепти кылдат изилдеп, Жахабага ар дайым жакындай берели. (Оку: Мыйзам 13:4.)

19 «Кудайга жакындаган жакшы»,— деп жазган забурчу (Заб. 73:28). Келгиле, Жахаба жөнүндө улам жаңы нерселерди билип, ага болгон сүйүүбүздү арттыра берели. Ошондо Жахаба бизге азыр жана түбөлүккө жакындай берет!

^ абз. 3 Аса падыша жөнүндө 2012-жылдын 15-августундагы «Күзөт мунарасына» чыккан «Кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар» деген макаланы кара.