Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса Машаяк садукейлерге тирилгендердин үй-бүлө курбай турганын айткан (Лк. 20:34—36). Ал жер бетине тириле тургандар жөнүндө сөз кылды беле?

Бул суроого баары, айрыкча, сүйүктүү жарынан айрылгандар жооп алгысы келет. Себеби алар каза болгон түгөйү менен жаңы дүйнөдө кайрадан чогуу жашоону эңсешет. Жубайы каза болуп калган бир ишенимдешибиз: «Аялым экөөбүз никебиздин кайсы бир убакытка эле созулушун каалаган эмеспиз. Биз түбөлүккө чогуу кызмат кылгыбыз келчү. Менин оюм азыр деле өзгөргөн жок»,— деп айткан. Жер бетиндеги жашоого тирилгендер үй-бүлө кура алышат деп айтууга кандайдыр бир негиз барбы? Муну так айтыш кыйын.

Көптөгөн жылдар бою биздин адабияттарда Исанын сөздөрү жер бетине тириле тургандарга тиешелүү болушу жана алар жаңы дүйнөдө үй-бүлө курбашы мүмкүн деп айтылып келген * (Мт. 22:29, 30; Мр. 12:24, 25; Лк. 20:34—36). Бирок анын сөздөрү асманга тириле тургандарга карата айтылышы мүмкүн беле? Ишенимдүү түрдө ырастай албасак да, келгиле, анын айткандарын талдап чыгалы.

Иса Машаяк тирилүү жөнүндөгү сөздөрдү кандай жагдайда айтты эле? (Оку: Лука 20:27—33.) Өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер каза болгон кишинин аялын анын бир туугандары алганын * айткандан кийин тирилүүгө байланыштуу суроо берип, Исаны сөзгө жыгууга аракет кылышкан. Ошондо Иса мындай деп жооп берген: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн адамдары аял алышат, күйөөгө тийишет. Ал эми тирилүүгө жана келечектеги дүйнө түзүлүшүндө жашоого татыктуу боло тургандар үйлөнүшпөйт, турмушка чыгышпайт. Алар периштелердей болушат, андыктан экинчи өлүшпөйт. Ошондой эле тирилгенден кийин алар Кудайдын балдары болушат» (Лк. 20:34—36).

Биздин адабияттарда эмне үчүн Исанын бул сөздөрү жер бетине тириле тургандарга тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылып келген? Буга, негизинен, эки себеп келтирилчү. Биринчиден, садукейлер, сыягы, жердеги тирилүү жөнүндө сурагандыктан, Иса ошого жараша жооп берген. Экинчиден, Иса Машаяк жообун жер бетиндеги жашоого тириле турган Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлар жөнүндө сөз кылуу менен жыйынтыктаган (Лк. 20:37, 38).

Анткен менен Иса Машаяктын сөздөрү асмандагы тирилүүгө тиешелүү болгон окшойт. Эмне үчүн ошентип айта алабыз? Келгиле, анын жообундагы эки негизги ойго токтололу.

«Тирилүүгө... татыктуу боло тургандар». Машаяктын ишенимдүү майланган жолдоочулары «Падышалыкка татыктуу деп табылышат» (2 Тес. 1:5, 11). Алар кундун негизинде «адил деп жарыяланышат»; демек, өлгөндө күнөөкөр катары эсептелишпейт (Рим. 5:1, 18; 8:1). Майлангандар «бактылуу жана ыйык»; алар асманга тирилүүгө татыктуу деп табылат (Аян 20:5, 6). Ал эми жер бетиндеги жашоого тириле тургандардын арасында «адил эмес адамдар» да болот (Элч. 24:15). Андай адамдарды «тирилүүгө... татыктуу боло тургандар» деп айта албайбыз.

 «Алар... экинчи өлүшпөйт». Ыйык Китептин башка котормолорунда бул сөздөр «алар экинчи өлүмгө баш ийбейт», «өлүм экинчи алардын үстүнөн бийлик кыла албайт» деп берилген. Өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандар асмандагы жашоого тирилип, өлбөстүккө — чексиз, чирибес өмүргө — ээ болушат (1 Кор. 15:53, 54). Ошондуктан алардын үстүнөн өлүм экинчи бийлик кыла албайт *.

Айтылып өткөндөрдүн негизинде кандай жыйынтык чыгарсак болот? Исанын садукейлерге турмуш куруу жана тирилүү жөнүндө айткан сөздөрү асмандагы тирилүүгө байланыштуу болгон көрүнөт. Ошондой болсо, асманга тирилгендер үй-бүлө курушпайт, экинчи өлүшпөйт жана кандайдыр бир деңгээлде периштелерге окшош болушат деп айта алабыз. Бирок ушундан улам бир нече суроо туулат.

Биринчи суроо: эгер садукейлер жердеги тирилүү жөнүндө сураса, анда Иса эмне үчүн асмандагы тирилүү жөнүндө айткан? Ал каршылаштарына жооп бергенде дайыма эле алардын ой жүгүртүүсүнө ылайыкташа берчү эмес. Мисалы, бир жолу жышаан көрсөтүүнү талап кылган жүйүттөргө: «Бул ибадаткананы бузгула, мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам»,— деп айткан. Ал, кыязы, алардын кадимки ибадаткананы ойлоп калышарын билген, ошентсе да өзүнүн денесин ибадатканага салыштырган (Жкн. 2:18—21). Анын сыңарындай, Иса тирилүү болоруна жана периштелердин бар экенине ишенбеген эки жүздүү садукейлердин суроосуна жооп берүүгө өзүн милдеттүү сезген эмес көрүнөт (Накыл 23:9; Мт. 7:6; Элч. 23:8). Анын ордуна, келечекте асманга тириле турган жүрөгү таза шакирттерине пайдалуу болуш үчүн асмандагы тирилүү жөнүндө айтып берүүнү туура көргөн окшойт.

Экинчи суроо: Иса Машаяк жообун эмне үчүн жер бетиндеги жашоого тириле турган Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлар жөнүндө сөз кылуу менен жыйынтыктаган? (Оку: Матай 22:31, 32.) Көңүл бурарлык нерсе, алар жөнүндө кеп кылардан мурун Иса: «Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу...» — деп айткан. Бул анын сөздү башка нукка бурганын, тагыраак айтканда, жердеги тирилүү жөнүндө айта баштаганын билдириши мүмкүн. Садукейлер Муса пайгамбар жазган китептерге ишенгендиктен, Иса өлгөндөрдүн тирилери Кудайдын ой-ниетинин бир бөлүгү экенин далилдеш үчүн Жахабанын күйүп жаткан бадалдын жанында Мусага айткан сөздөрүн колдонгон (Чыг. 3:1—6).

Үчүнчү суроо: Исанын садукейлерге айткан сөздөрү асмандагы тирилүүгө тиешелүү болгон болсо, анда жер бетиндеги жашоого тирилгендер кайрадан турмуш кура алышабы? Кудайдын Сөзүндө бул суроого так-айкын жооп жок. Эгер Иса Машаяк асмандагы тирилүү жөнүндө айткан болсо, анда анын сөздөрүнөн жаңы дүйнөдө жерге тирилгендердин үй-бүлө кура алар-албасы тууралуу эч нерсе биле албайбыз.

Бирок Ыйык Китепте жубайлардын бири каза болгондо, нике түйүнү үзүлөрү айкын-так айтылат. Андыктан өмүрлүк жарынан ажырагандар кайрадан үй-бүлө курууну чечсе, өзүлөрүн күнөөлүү сезбеши керек. Бул ар ким өзү чече турган маселе болгондуктан, аларды эч ким сындабашы керек (Рим. 7:2, 3; 1 Кор. 7:39).

Ооба, бизде жаңы дүйнөдөгү жашоого байланыштуу көптөгөн суроолор болушу мүмкүн. Бирок ал суроолордун жообун божомолдой бергендин ордуна ошол убакты чыдамдуулук менен күткөнүбүз оң. Биз бир нерсени так айта алабыз: тил алчаак адамдардын баары бактылуу болот, себеби Жахаба алардын бардык муктаждыктары менен каалоолорун эң сонун түрдө канааттандырат (Заб. 145:16).

^ абз. 4 1989-жылы 15-июнда чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 22-бетин карагыла.

^ абз. 5 Байыркы убакта балалуу боло электе каза болгон кишинин тукумун улаш үчүн анын аялын агасы же иниси алчу (Башт. 38:8; Мыйз. 25:5, 6).

^ абз. 9 Жер бетиндеги жашоого тирилгендер болсо өлбөстүккө эмес, түбөлүк өмүргө ээ болушат. Өлбөстүк менен түбөлүк өмүрдүн кандай айырмасы бар экенин билиш үчүн 2007-жылдын 1-ноябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 21-бетин карагыла.