Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Сөзүн колдон, анткени ал тирүү!

Кудайдын Сөзүн колдон, анткени ал тирүү!

«Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» (ЕВР. 4:12).

1, 2. Жахаба Муса пайгамбарга кандай тапшырма берген жана аны эмнеге ынандырган?

ЖЕР жүзүндөгү эң күчтүү башкаруучунун алдына барып, Жахабанын элинин атынан сүйлөшүң керек болсо, кандай сезимде болот элең? Балким, өзүңдү андай ишке ылайыксыз сезип, тынчсызданып, коркмоктурсуң. Ага айтар сөзүңдү кантип даярдайт элең? Кудуреттүү Кудайдын өкүлү катары сөзүң салмактуу болушу үчүн эмне кылмаксың?

2 Муса пайгамбар так ушундай жагдайга кабылган. Ал «жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам» болгон (Сан. 12:3). Бирок Жахаба ага өзүнүн элин Мисир кулчулугунан бошотуш үчүн фараонго барышы керектигин айткан. Фараон эч кимди теңине албаган аябагандай текебер киши болчу (Чыг. 5:1, 2). Ошентсе да Жахаба Муса пайгамбарга ошол падышага барып, үч миллиондой кулун коё беришин буйрук кылууну айткан. Андыктан Муса пайгамбардын: «Фараонго барып, Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккыдай, мен киммин?» — деп, өзүн жөндөмсүз, ал ишке ылайыксыз сезгенинин жөнү бар болчу. Бирок Жахаба: «Мен сени менен болом» — деп, аны жалгыз эмес экенине ынандырган (Чыг. 3:9—12).

3, 4. а) Муса пайгамбар эмнеден корккон? б) Сенин кыйынчылыктарың Муса пайгамбардыкына эмнеси менен окшош болушу мүмкүн?

3 Муса пайгамбар эмнеден корккон? Ал Жахаба Кудайдын өкүлүн фараон кабыл албай коёт же анын айткандарын укпай коёт деп корккон. Ошондой эле ысрайылдыктар  Жахабанын аны өзүнүн элин Мисирден алып чыгууга дайындаганына ишенбей коюшат деп түпөйүлдөнгөн. Ошондуктан ал Жахабага: «Бирок алар: „Сага Жахаба көрүнгөн жок“ — деп, мага ишенбей, айткандарыма кулак салбай коюшсачы?» — деген (Чыг. 3:15—18; 4:1).

4 Жахабанын ага берген жообунан жана кийинчерээк болуп өткөн окуялардан ар бирибиз көп нерселерди биле алабыз. Албетте, сага жогорку бийликтегилердин алдына барууга туура келбеши деле мүмкүн. Бирок аймагыңдагыларга же башка адамдарга Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуудан корккон учурларың болду беле? Ошондой болсо, Муса пайгамбардын башынан өткөндөрдөн эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

«КОЛУҢДАГЫ ЭМНЕ?»

5. Жахаба Муса пайгамбарды эмне кылууга жөндөмдүү кылган жана бул Мусага өзүн ишенимдүү сезүүгө кандайча жардам берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Муса пайгамбар сөзүнө эч ким кулак какпай коёрун айтып тынчсызданганда, Кудай аны алдыда боло тургандарга даярдаган. Бул тууралуу Чыгуу китебинде мындай деп баяндалат: «Жахаба андан: „Колуңдагы эмне?“ — деп сурады. Ал: „Таяк“,— деп жооп берди. Кудай: „Аны жерге ташта“,— деди. Муса таякты жерге таштаганда, ал жыланга айланып калды. Муса андан качты. Бирок Жахаба: „Колуңду сунуп, аны куйругунан карма“,— деди. Муса колун сунуп кармаганда, жылан анын колунда кайрадан таяк болуп калды. Анан Кудай: „Ушуну кылсаң, алар сага... Жахаба көрүнгөнүнө ишенишет“,— деди» (Чыг. 4:2—5). Ошентип, Муса пайгамбар айткан кабары Жахабаныкы экенин далилдей алышы үчүн, Жахаба аны керемет жасоого жөндөмдүү кылган. Элестетсең, пайгамбардын колундагы жөнөкөй эле жансыз таяк Кудайдын күчү менен жандуу нерсеге айланган! Ал керемет Мусаны Жахаба колдоп жатканын айгинелеп, анын сөзүнө салмак кошмок. Ошол себептен Жахаба ага: «Бул таякты колуңа алып ал, муну менен кереметтерди көрсөтөсүң»,— деп айткан (Чыг. 4:17). Кудайдан бийлик алганын ырастап турган ошол таягы аркылуу Муса пайгамбар фараондун жана ысрайылдыктардын алдында чыныгы Кудайдын өкүлү катары иш кыла алган (Чыг. 4:29—31; 7:8—13).

6. а) Кабар айтып жүргөндө адатта колубузда эмне болот жана эмне үчүн? б) Кудайдын сөзү кандайча «тирүү жана күчтүү»?

6 Бүгүнкү күндө биз башкаларга жакшы кабар айтып жүргөндө колубузда эмне болот? Адатта, Ыйык Китеп болот жана биз андан окуп бергенге аракет кылабыз. Айрымдар аны жөнөкөй эле китеп катары көрүшү мүмкүн. Бирок Жахаба бизге ыйык рухтун жетеги менен жазылган ошол китеп аркылуу сүйлөйт (2 Пет. 1:21). Ыйык Китепте Кудайдын келечекте Падышалык башкарганда боло турган нерселерге байланышкан убадалары камтылган. Ошондуктан элчи Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү»,— деп жазган. (Оку: Еврейлер 4:12.) Ооба, Жахабанын «сөзү тирүү», анткени анын убадаларынын баары сөзсүз аткарылат. Алар аткарылмайынча, Жахаба тынбай иш-аракет кыла берет (Ыш. 46:10; 55:11). Эгер адам Кудайдын Сөзү жөнүндө ушуларды түшүнсө, андан окугандары жашоосуна күчтүү таасир эте алат.

7. Канткенде «чындык сөзүн туура үйрөтө» алабыз?

7 Ырас, Жахаба бизге өзүнүн Сөзүн — Ыйык Китепти — берген. Кызматта ал китепти колдонуу менен айткан кабарыбыз Кудайдан экенин жана анын ишенүүгө татыктуу экенин далилдей алабыз. Элчи Пабыл еврей ишенимдештерине кат жөнөткөндөн кийин Тиметейге да кат жазып, аны «чындык сөзүн туура үйрөтүү» үчүн колунан келишинче аракет кылууга үндөгөн (2 Тим. 2:15). Биз канткенде анын кеңешине ылайык иш кыла алабыз? Ан үчүн кызматта колдоно турган аяттарды кылдат тандап, аларды маектешкен адамдарыбызга окуп бергенибиз маанилүү. Ошентсек, айткан кабарыбыз алардын жүрөгүнө таасир этиши мүмкүн. 2013-жылы жарык көргөн баракчалар бизге ушул максатка жетүүгө жардам бериш үчүн чыгарылган.

 КЫЛДАТ ТАНДАЛГАН АЯТТАРДЫ ОКУП БЕР

8. Бир кызмат көзөмөлчүсү баракчалар жөнүндө эмне деген?

8 Жаңы баракчалардын түзүлүшү бири-бириникине окшош. Андыктан алардын бирин эле колдонгонду үйрөнүп алсак, калгандарын да үйрөнгөн болобуз. Аларды колдонуу оңойбу? Гавайиде (АКШ) жашаган бир кызмат көзөмөлчүсү: «Жаңы баракчаларды колдонуу үймө-үй кабар айтууда да, башка жерлерде күбөлөндүрүүдө да ушунчалык натыйжалуу болорун элестеткен эмеспиз»,— деп жазган. Ал бир тууган баракчалардын адамдарды сөзгө тарткыдай кылып түзүлгөнүн жана анын аркасында көп учурда кызыктуу маек куруларын байкаган. Ал мунун бирден бир себеби баракчалардын биринчи бетинде суроо берилип, адамдар тандаш үчүн анын бир нече жообу жазылганында экенин айтат. Баракчаларда жооптор даяр болгондуктан, маектешибиз туура эмес жооп берип алам деп тынчсызданбайт.

9, 10. а) Баракчалар кызматта Ыйык Китепти колдонууга кандайча жардам берет? б) Кайсы баракчаларды колдонуп, жакшы натыйжага жетүүдөсүң жана эмне үчүн?

9 Ар бир баракчада маектешибизге окуп берсек боло турган кылдат тандалган аяттар жазылган. Мисалга «Азап-кайгыдан арылабызбы?» деген баракчаны алалы. Үй ээси анын биринчи бетиндеги «ооба», «жок», «балким» деген жооптордун кайсынысын тандабасын, баракчаны ачып: «Ыйык Китепте эмне делерине көңүл бурсаңыз» — деп, Аян 21:3, 4тү окуп берсең болот.

10 «Ыйык Китепти кандай китеп деп эсептейсиз?» деген баракча жөнүндө да ушуну айта алабыз. Үй ээси эки жооптун кайсынын тандабасын, баракчаны ачып: «Ыйык Китепте: „Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган“,— деп айтылат»,— десең болот. Анан: «Бул аятта дагы башка сөздөр жазылган» — деп, Ыйык Китебиңден 2 Тиметей 3:16, 17ни окуп бер.

11, 12. а) Канткенде кызматтан көбүрөөк кубаныч аласың? б) Баракчалар сага кайра жолугууга даярданууга кандай жардам берет?

11 Баракчадан канча маалымат окуп берериң жана канчалык узакка маектешериң үй ээсинин маанайына жараша болот. Кандай болбосун, ага жөн эле баракча берип койбой, Кудайдын Сөзүнөн бир-эки аят болсо да окуп берсең, кызматтан көбүрөөк кубаныч аласың. Маегиңерди улантуу үчүн ага кайра барганга аракет кыл.

12 Кайра жолугууга барганда талкуулаш үчүн ар бир баракчанын арткы бетинде «Кандай деп ойлойсуз?» деген  бөлүмчөдө суроо менен бир нече аят жазылган. Мисалы, «Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?» деген баракчада кызыккан адамга кайра жолукканда талкуулаш үчүн «Кудай дүйнөдөгү абалды кантип өзгөртөт?» деген суроо берилип, Накыл сөздөр 2:21, 22 жана Даниел 2:44 келтирилген. Ал эми «Өлгөн адамдар кайра жашайбы?» деген баракчада «Эмне үчүн биз карыйбыз жана өлөбүз?» деген суроо берилип, Башталыш 3:17—19-аяттар менен Римдиктер 5:12 жазылган.

13. Баракчалар изилдөө баштоого кандайча жардам берет?

13 Баракчалардын жардамы менен изилдөө баштоо да оңой. Алсак, баракчаны алган киши анын арткы бетиндеги QR кодун * сканерлесе, биздин веб-сайтка кирет. Сайттагы «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видеотасма ага Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү бериши мүмкүн. Андан тышкары, баракчалардын арткы бетинде «Кудайдан келген жакшы кабар» китепчеси көрсөтүлүп, анын кайсы бир бөлүмүн окуп чыгуу сунуш кылынат. Маселен, «Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат?» деген баракчада китепченин 5-бөлүмүнө, «Үй-бүлөнү эмне бактылуу кылат?» деген баракчада болсо 9-бөлүмүнө көңүл бурулат. Баракчаларды максатына ылайык колдонсоң, адамдар менен биринчи жолу маектешкенде жана аларга кайра барганда Ыйык Китепти жакшы колдонууга үйрөнөсүң. Бул көбүрөөк изилдөө баштоого шарт түзөт. Кудайдын Сөзүн кызматта натыйжалуу колдонуу үчүн дагы эмне кылсаң болот?

АДАМДАРГА КЫЗЫКТУУ БОЛО ТУРГАН ТЕМАДА МАЕК КУР

14, 15. Кабар айтууда канткенде Пабылга окшоп иш кылабыз?

14 Элчи Пабыл «мүмкүн болушунча, көбүрөөк адамдарга» кабар айтууга дилгир болгон. (Оку: 1 Корунттуктар 9:19—23.) Ал «жүйүттөрдү» да, «мыйзамдын бийлиги астындагыларды» да, «мыйзамды билбегендерди» да, «алсыздарды» да чындык жолуна алып келүүнү каалаган. Ырас, «айрымдарды кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн» ал кезиккендердин баарына Кудайдын сөзүн жеткирүүгө умтулган (Элч. 20:21). Аймагыбыздагы «ар кандай адамдарга» жакшы кабарды айтууга даярданып жатканда Пабылдан кандай үлгү алсак болот? (1 Тим. 2:3, 4).

15 «Падышалык кызматыбызга» ай сайын үлгү иретиндеги сунуштоолор чыгып турат. Аларды кызматта колдонгонго аракет кыл. Бирок аймактагыларды башка нерсе тынчсыздандырса, аларга ылайыктуу боло турган сунуштоолорду даярда. Ан үчүн өзүң жашаган жердеги жагдай-шарт жөнүндө жана ошол тегеректеги адамдарды эмне ойлондурары тууралуу ой жүгүрт. Анан ылайыктуу аят танда. Бир райондук көзөмөлчү жубайы экөө кызматта Ыйык Китепти кантип колдонушары жөнүндө мындай дейт: «Эгер кыска-нуска сүйлөсөк, адамдардын көбү аят окуп беришибизге макул болорун байкадык. Алар менен учурушкандан кийин колубуздагы Ыйык Китептен аят окуп беребиз». Анда эмесе, көптөр кабар айтуу кызматында колдонуп, жакшы натыйжага жетип жаткан сунуштоолордун айрымдарын карап чыгалы. Балким, аларды сен да колдонуп көрөттүрсүң.

Ыйык Китепти жана баракчаларды кызматта натыйжалуу колдонуп жатасыңбы? (8—13-абзацтарды кара)

16. Кызматта Ышая 14:7ни кантип колдонсоң болот?

16 Эгер согуш-жаңжал же баш аламандык көп болгон жерде жашасаң, сөзүңдү мындай деп баштасаң болот: «Гезитке: „Уруш-жаңжалдын баары токтоп, бүт жер жүзүнө тынчтык орноду. Элдер жетине албай, кубанычтуу үн салып жатышат!“ — деген жаңылык чыкканын элестете аласызбы? Көңүл бурсаңыз, Ыйык Китепте Ышая 14:7де так ушундай сөздөр жазылган. Негизи, Ыйык Китепте Кудайдын келечектеги бейпил заманга байланышкан дагы башка көптөгөн убадалары камтылган». Анан ошол убадалардын бирин окуп бер.

17. Матай 5:3тү колдонуп, башкалар менен кантип маек курсаң болот?

 17 Сен жашаган жерде көптөр үй-бүлөсүн багуу үчүн кара жанын карч уруп иштешеби? Эгер ошондой болсо, маектешиңден: «Үй-бүлөсү бактылуу болушу үчүн, адам канча акча табышы керек?» — деп сурап көр. Жообун уккандан кийин: «Айрымдар мындан да көп табышат. Бирок үйүндөгүлөрүнө дагы деле жетпей келет. Анда чынында эмне керек деп ойлойсуң?» — деп сура. Анан Матай 5:3тү окуп берип, изилдөө сунуш кыл.

18. Жеремия 29:11ди колдонуп, башкаларды кантип жубатсаң болот?

18 Эгер аймагыңдагылар кайсы бир кырсык-каргашадан улам кыйналып жатса, мындай десең болот: «Мен сизге Кудайдын Сөзүнөн жубатарлык бир ой окуп берейин дедим эле. (Оку: Жеремия 29:11.) Кудай бизге кайсы үч нерсени бергиси келерин байкадыңызбы? Ал бизге тынчтык, келечек, үмүт берүүнү каалайт. Жараткан Кудайдын биздин жакшы жашашыбызды каалаарын билүү жагымдуу эмеспи? Бирок канткенде жашообуз жакшы болот?» Анан анын көңүлүн «Жакшы кабар» китепчесиндеги ылайык келе турган бөлүмгө бур.

19. Аян 14:6, 7-аяттар динчил адамдар менен сүйлөшүүгө кандайча жардам берет?

19 Жашаган жериңдегилер динчил адамдар болсо, маекти минтип баштасаң болот: «Эгер сизге периште сүйлөсө, анын айткандарына кулак кагат белеңиз? (Оку: Аян 14:6, 7.) Бул жерде периште: „Кудайдан корккула,.. асман менен жерди... жаратканга сыйынгыла“,— деп жатат. „Асман менен жерди“ жараткан Кудайдын аты ким экенин билесизби?» Анан Забур 124:8деги: «Бизге жардам асман менен жерди жараткан Жахабанын ысмынан келет»,— деген сөздөрдү окуп бер. Андан соң Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам бере аларыңды айт.

20. а) Башкаларга Кудайдын ысмы жөнүндө айтып берүү үчүн Накыл сөздөр 30:4тү кантип колдонсок болот? б) Сен кызматта дагы кайсы аятты ийгиликтүү колдонуп жатасың?

20 Жаштар менен сүйлөшкөндө мындай десең болот: «Сага бир абдан маанилүү суроо жөнүндө ойлонууга түрткү бере турган аят окуп берейин дедим эле. (Оку: Накыл сөздөр 30:4.) Бул жерде жазылгандарды бир да адам кыла албайт. Андыктан бул аятта Жараткан Кудай жөнүндө сөз жүрүп жатат *. Анын ысмы ким экенин кантип билсек болот? Аны сага Ыйык Китептен көрсөтүп берейинби?»

КЫЗМАТТА КУДАЙДЫН КҮЧТҮҮ СӨЗҮН КОЛДОН

21, 22. а) Кылдат тандалган аят кандайча адамдын жашоосун өзгөртө алат? б) Кабар айтып жүргөндө эмне кылууга чечкиндүүсүң?

21 Кылдат тандалган аяттар маектешибизге кандай таасир этерин эч качан алдын ала биле албайбыз. Буга Австралияда болгон бир окуя мисал боло алат. Эки ишенимдешибиз үймө-үй кабар айтып жүрүп бир келинди жолуктурушат. Бир туугандардын бири андан: «Сиз Кудайдын атын билесизби?» — деп сурап, Забур 83:18ди окуп берет. Кийинчерээк ал келин мындай деп айтып берген: «Ошондо уккан кулагыма ишенбей, дал болуп туруп калдым. Алар кеткенден кийин 56 километр алыстыкта жайгашкан христиандардын китептери сатылган дүкөнгө барып, Ыйык Китептин башка котормолорунда ошол ысымдын бары-жогун текшердим, ал ысымды сөздүктөрдөн да карап көрдүм. Кудайдын ысымы Жахаба экенине көзүм жеткенде дагы эмнелерди билбей жүрөт болдум экен деп ойлонуп калдым». Көп өтпөй ал болочок күйөөсү экөө Ыйык Китепти изилдеп, кийинчерээк чөмүлүшкөн.

22 Ооба, Ыйык Китеп зор күчкө ээ. Аны окуп, Жахабанын убадаларына ишеним өрчүткөндөрдүн жашоосу түп-тамыры менен өзгөрөт. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:13.) Башкалардын жүрөгүн козгош үчүн кандай сонун сөздөрдү колдонбойлу, баары бир Ыйык Китептеги кабардын күчүнө жетпейт. Ошондуктан мүмкүн болгон учурлардын баарында Кудайдын Сөзүн колдонгонубуз маанилүү. Анын сөзү, чынында эле, «тирүү»!

^ абз. 13 QR коду — «Денсо Вейв» компаниясы чыгарган белги.

^ абз. 20 2002-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» 5-бетин кара.