Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий тамак «өз убагында» берилип жатат

Рухий тамак «өз убагында» берилип жатат

БИЗ адамзат тарыхындагы эң оор мезгилде жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Ар бирибиздин Жахабага болгон сүйүүбүз жана анын адил нормаларына ылайык жашоого болгон чечкиндүүлүгүбүз күн сайын сыналууда. Иса Машаяк акыркы күндөрдүн кыйын болорун алдын ала көрө билгендиктен жолдоочуларын бекемдеп, алар аягына чейин чыдай алышы үчүн, зарыл жардам көрсөтүлөрүнө ынандырган (Мт. 24:3, 13; 28:20). Аларга дем-шык берип турушу үчүн, ал рухий тамакты өз убагында берип турууга ишенимдүү кулду дайындаган (Мт. 24:45, 46).

1919-жылы ишенимдүү кул дайындалгандан тартып, Мырзабыздын ар кайсы тилдерде сүйлөгөн миллиондогон «үйүндөгүлөрү» Кудайдын уюмуна чогултулуп, рухий жактан жакшы азыктандырылып жатат (Мт. 24:14; Аян 22:17). Албетте, биздин адабияттар бардык тилдерге бирдей өлчөмдө которулбайт. Ошондой эле көп тилдерде алардын электрондук түрлөрү, мисалы, jw.org сайтына гана чыкчу макалалар жана видеолор жок. Бул айрым бир туугандарыбыздын Жахаба менен ынак мамиледе болууга өбөлгө түзө турган рухий тамактан куру калып жатканын билдиреби? Туура жыйынтыкка келиш үчүн, келгиле, төрт негизги суроого жооп алалы.

 1 Жахаба берген рухий тамактын негизги бөлүгүн эмне түзөт?

Шайтан Иса Машаякты сынап, ташты нанга айландырууну айтканда, ал: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деген (Мт. 4:3, 4). Жахабанын сөздөрү болсо Ыйык Китепте жазылган (2 Пет. 1:20, 21). Андыктан биздин рухий тамагыбыздын негизги бөлүгүн Ыйык Китеп түзөт (2 Тим. 3:16, 17).

Жахабанын уюму Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» толугу менен же жарым-жартылай 120дан ашык тилде жарык көрүшүнө кам көрдү жана ал жыл сайын дагы башка тилдерге которулуп жатат. Андан сырткары, Ыйык Китептин башка котормолору толугу менен же анын айрым бөлүктөрү миңдеген тилдерде миллиарддаган нускада басылып чыккан. Мындай зор жетишкендик «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаган» Жахаба Кудайыбыздын эркине ылайык келет (1 Тим. 2:3, 4). Ошондой эле «жаратылгандардын бири да Кудайдан жашына албагандыктан», анын «рухий муктаждыгын сезгендердин» баарын өзүнүн уюмуна алып келип, рухий тамак менен камсыз кыларына толук ишенсек болот (Евр. 4:13; Мт. 5:3, 6; Жкн. 6:44; 10:14).

2 Рухий тамак менен камсыз кылууда адабияттарыбыз кандай роль ойнойт?

Ишенимибиз күчтүү болушу үчүн, Ыйык Китепти окугандан сырткары, окугандарыбызды түшүнгөнүбүз жана турмушубузда колдонгонубуз маанилүү (Жкп. 1:22—25). 1-кылымдагы эфиопиялык бир төрө муну жакшы түшүнгөн. Ал арабада кетип баратып Кудайдын Сөзүн окуп жатканда, жакшы кабар таратуучу Филип андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» — деп сураган. Ошондо төрө: «Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берген (Элч. 8:26—31). Филип Кудайдын Сөзүн айкын-так түшүндүрүп бергенде, ал төрө ушунчалык таасирленгендиктен ошол замат чөмүлгөн (Элч. 8:32—38). Анын сыңарындай, Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбыз бизге чындыкты так таанып-билүүгө көмөк кылып келатат. Аларды окуганыбызда жүрөгүбүз козголуп, билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга түрткү алабыз (Кол. 1:9, 10).

Жахаба адабияттар аркылуу кызматчыларына рухий тамакты мол берүүдө (Ыш. 65:13). Алсак, 210дон ашуун тилде чыгып жаткан «Күзөт мунарасы» журналы Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар менен терең рухий окууларды түшүнүүгө жана Кудайдын принциптерине ылайык жашоого жардам берип келет. Ал эми 100гө жакын тилге которулган «Ойгонгула!» журналына Жахабанын жаратылыштагы кереметтери жана Ыйык Жазмадагы кеңештерди кантип колдонсок болору талкууланган макалалар жарык көрүп турат (Накыл 3:21—23; Рим. 1:20). Ишенимдүү кул биздин адабияттардын 680ден ашуун тилге которулушуна чара көрүүдө. Андыктан Ыйык Китепти окууга күн сайын убакыт бөлүп жатасыңбы? Жаңы журналдардын жана жыл сайын сенин тилиңде жарык көргөн башка адабияттардын баарын калтырбай окуйсуңбу?

Жогоруда айтылгандардан тышкары, Жахабанын уюму жыйналыш жолугушууларында, жыйындарда айтыла турган баяндамалардын планын даярдайт. Сен да баяндамалардан, драмалардан, демонстрациялар менен дил маектерден кубаныч аласыңбы? Андай жолугушууларды, чынында эле, Жахабанын биз үчүн даярдаган рухий тою десек болот! (Ыш. 25:6).

 3 Сен сүйлөгөн тилге адабияттардын баары которулбаса, рухий жактан «чала тоют» болуп каласыңбы?

Жок. Кээде Жахабанын айрым кызматчыларынын башкаларга караганда көбүрөөк рухий тамакка ээ болгону бизди таң калтырбашы керек. Эмне үчүн? Элчилер жөнүндө ойлонуп көрөлү. Аларга 1-кылымдагы башка көптөгөн шакирттерге караганда көбүрөөк көрсөтмөлөр берилген (Мр. 4:10; 9:35—37). Анткен менен башка шакирттерди рухий жактан начар тамактанган деп айтууга болбойт. Анткени аларга керектүү маалыматтардын баары берилип турган (Эф. 4:20—24; 1 Пет. 1:8).

Иса Машаяктын айткан сөздөрү менен кылган иштеринин көбү Инжилдерге жазылбаганы да көңүлгө аларлык. Элчи Жакан: «Иса булардан башка дагы көптөгөн иштерди жасаган. Эгер алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса, жазылган түрмөктөр бул дүйнөгө батпай кетмек деп ойлойм»,— деп жазган (Жкн. 21:25). Демек, 1-кылымдагы ишенимдештерибиз Машаяк жөнүндө бизге караганда көп нерселерди билишкен. Ошентсе да биз өзүбүздү бир нерседен куру калгандай сезбейбиз, анткени Жахаба бизди, Исанын изи менен так жүрүшүбүз үчүн, зарыл болгон маалыматтардын баары менен камсыз кылууда (1 Пет. 2:21).

Элчилердин 1-кылымдагы жыйналыштарга жолдогон каттары жөнүндө да ой жүгүртүп көрөлү. Пабыл жазган каттардын, бери дегенде, бирөө Ыйык Китепке кирген эмес (Кол. 4:16). Ошол кат азыр бизде жок болгондуктан эле, рухий тамакты тийиштүү өлчөмдө албай жатабыз деп айтууга болобу? Албетте, жок. Жахаба биздин эмнеге муктаж экенибизди билет жана рухий жактан күчтүү болушубуз үчүн, «тамакты» жетиштүү берип жатат (Мт. 6:8).

Жахаба биздин эмнеге муктаж экенибизди билет жана рухий жактан күчтүү болушубуз үчүн, «тамакты» жетиштүү берип жатат

Бүгүнкү күндө биздин адабияттар айрым тилдерге көбүрөөк которулган. Балким, сен сүйлөгөн тилде адабияттар аздыр. Анткен менен Жахабанын сага рухий жактан кам көрөрүнө эч шектенбе. Колуңда бар китеп-журналдарды окуп-изилдеп, мүмкүн болсо, өзүң түшүнгөн тилде өткөрүлгөн жыйналыштарга катыша бер. Жахаба ишенимиңди бекем сактаганга сөзсүз жардам берет (Заб. 1:2; Евр. 10:24, 25).

4 jw.org сайтына чыккан материалдарды окуп же көрө албасаң, рухий жактан алсырап каласыңбы?

Биздин веб-сайтка Ыйык Китепке негизделген журналдар менен башка адабияттарыбыз салынып турат. Ошондой эле анда жубайларга, өспүрүмдөргө жана жаш балдарга арналган макалалар арбын. Үй-бүлөлөр аларды сыйынуу кечинде талкуулап, көп пайда ала алышат. jw.org сайтына Гилат мектебинин бүтүрүү аземи, жылдык жолугушуу сыяктуу өзгөчө окуялар жана Жахабанын элине таасир эткен табигый кырсыктар менен сот иштери жөнүндө да чыгып турат (1 Пет. 5:8, 9). Андан тышкары, ал сайттын аркасында жакшы кабар биздин ишибизге чектөө коюлган же тыюу салынган өлкөлөргө да жетүүдө.

Бирок веб-сайтыбызга кирүүгө мүмкүнчүлүгүң болбосо деле, рухий жактан бекем бойдон кала аласың. Мырзабыздын «үйүндөгүлөрүнүн» ар бири жакшы тамактанышы үчүн, ишенимдүү кул адабияттардын жетиштүү болушуна жан-дилден аракет кылууда. Андыктан jw.org сайтына кириш үчүн эле атайын электрондук каражат сатып алышым керек деп ойлобо. Балким, кайсы бир ишенимдешибиз өз каалоосу менен сайттагы материалдардын айрымдарын Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок бир туугандарга чыгарып берүүнү чечеттир. Анткен менен жыйналыштар мындай кылууга милдеттүү эмес.

Убадасына бек туруп, рухий муктаждыктарыбызга кам көрүп жатканы үчүн Иса Машаякка кандай гана ыраазыбыз! Акыркы оор күндөр соңуна чыгайын деп калган азыркы убакта Жахабанын бизге рухий тамакты «өз убагында» берип турарына толук ишенсек болот.