Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Эврика драмасы» көптөргө Ыйык Китептеги чындыкты табууга жардам берген

«Эврика драмасы» көптөргө Ыйык Китептеги чындыкты табууга жардам берген

«ЭВРИКА!» Бул сөз «таптым» дегенди билдирет. 19-кылымда Калифорнияда (АКШ) алтын издөө «оорусуна» чалдыккандар алтын тапканда, бул сөз далай жолу жаңырса керек. Бирок Чарлз Тейз Рассел менен башка Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр алтындан алда канча баалуу болгон Ыйык Китептеги чындыкты табышкан. Алар ал чындыкты башкалар менен да бөлүшүүгө дилгир болушкан.

1914-жылы жайында чоң-чоң шаарларда жашаган миллиондогон адамдар Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясы тарабынан чыгарылган сегиз сааттык «Жаратуу фотодрамасын» көрүүгө агылып келе башташкан. Жылып туруучу сүрөттөр, түстүү слайддар, баяндоочунун үнү жана классикалык музыка менен коштолгон Ыйык Китепке негизделген ал тасманы көргөндөр жердин жаралышынан тартып Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягына чейин саякат жасай турган (Аян 20:4) *.

Ал эми чакан шаарчаларда, айыл-кыштактарда жашагандар тууралуу эмне айтууга болот? Ал жактагы чындыкка суусагандар да куру калбаш үчүн, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1914-жылы августта «Фотодраманын» фильмдин элементтери камтылбаган кыскартылган версиясын чыгарышкан. Ал «Эврика драмасы» деп аталган. Анын үч түрү болгон жана ар бири бир нече тилде чыгарылган. «Эврика-Х» деген түрү баяндоочунун сөзү менен музыкадан, ал эми «Эврика-Ү» бардык жаздыруулардан жана кооз, түстүү слайддардан турган. Баяндоочунун сөзүнүн айрым үзүндүлөрү менен даңктоо ырлары камтылган «Үй-бүлө үчүн эврика драмасы» болсо үйдөн көрүүгө ылайыкташтырылган. Аларга керектүү фонографтар менен проекторлорду арзан баада табуу да оңой болчу.

Түстүү слайддарды көрсөтүү үчүн проектор колдонулчу

«Эврика драмасы» бекер көрсөтүлчү. Аны көрсөтүү үчүн кинопроектордун же чоң экрандын кереги жок болгондуктан, бир туугандар аны колдонуунун аркасында жакшы кабарды алыскы айылдарга да жеткире алышкан. Жалаң гана жаздыруулардан турган «Эврика-Х» күндүзү да, түнкүсүн да колдонууга ыңгайлуу болчу. Ал эми «Эврика-Ү», электр тогу жок болсо деле, карбид чырагынын жардамы менен көрсөтүлө берчү. Ал тууралуу финн тилиндеги «Күзөт мунарасына» чыккан отчётто: «Биз ал сүрөттөрдү дээрлик бардык жерде көрсөтө алабыз»,— деп жазылган. «Эврика драмасы», чынында эле, ошондой болчу!

Тапкыч Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр чоң театрларды ижарага алып отурбай эле, акысыз колдонсо  боло турган имараттарды издешчү. Алсак, алар мектеп бөлмөлөрүн, сот имараттарын, темир жол бекеттерин, атүгүл чоң үйлөрдүн конок бөлмөлөрүн колдонушчу. Драма көп учурда эшикте көрсөтүлүп, сарайдын дубалына тагылган чоң ак шейшеп экран катары колдонула турган. Энтони Хамбук бир тууган фермерлердин, «эл драманы отуруп алып көрүш үчүн, бакчасына устундарды жаткызып, чакан „стадион“ жасашканын» жазган. Драманы койгондор керектүү шаймандарын, түнкүсүн жатканга жана тамак-аш жасаганга зарыл буюм-тайымдарын автоунаага жүктөп алышчу.

«Эврика драмасын» айрым жерлерде бир нече киши көрсө, башка жактарда жүздөгөндөр көрө турган. Бир жолу драма Кошмо Штаттардагы 150 эле тургуну бар шаарчадагы мектепте бир нече ирет көрсөтүлүп, ага 400 киши келген. Дагы бир жерде драманы көрүш үчүн айрымдар бир тарабына эле 8 км жөө жүрүшкөн. Швецияда Шарлот Альберг деген эженин кошуналары драманы угуш үчүн анын кичинекей үйүнө чогулушкан. Уккандары алардын «жүрөгүн козгогон». Ал эми Австралиянын алыскы тоолуу аймагындагы бир шаарда драманы көрүүгө 1500дөй киши келген. «Күзөт мунарасында» мектептегилер менен жогорку окуу жайларындагыларга, «профессорлорго, студенттерге сүрөттөр менен фонографтагы жаздырууларыбыз терең таасир эткени» жазылган. «Эврика драмасын» атүгүл кинотеатрлар бар жерлерде да кызыгып көрүшчү.

ЧЫНДЫКТЫН ҮРӨНҮН ӨСТҮРҮҮ

Драманы Ыйык Китепти изилдегендерден турган жаңы класстарды уюштурууга жөнөтүлгөн баяндамачылар да көп колдонуп, ийгиликтерге жетишкен. Аны канча киши көргөнүн так айтуу кыйын. Көптөгөн бир туугандар аны элге дайыма көрсөтүшчү. 1915-жылы драманы койгон 86 топтун 14ү гана үзгүлтүксүз отчёт берип турган. Санакка киргендерин эле эсептегенде, ошол жылы драманы 1 000 000дон ашуун киши көргөнү анык болгон. 30 000дей киши адабият сураган.

«Эврика драмасы» адамзат тарыхында орчундуу орунду ээлебесе да, ал өзгөчө тасманы Австралиядан тартып Аргентинага чейин, Түштүк Африкадан тартып Британ аралдарына, Индияга жана Кариб аралдарына чейин жашаган миллиондогон адамдар көрүшкөн. Алардын көбү алтындан да баалуу болгон Ыйык Китептеги чындыкты тапканда: «Эврика!» — деп сүйүнүшкөн чыгар.

^ абз. 4 2014-жылдын 15-февралындагы «Күзөт мунарасындагы» «Биздин архивден» деген рубрикага чыккан «100 жыл мурун жарык көргөн өзгөчө тасма» деген макаланы карагыла.