Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»

«Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»

ЭЛЧИ Петир Иса Машаякты билбей турганын айтып, танып койгондон кийин өксөп ыйлаган. Ал рухий жактан кайрадан бутуна туруш үчүн көп күч-аракет жумшашы керек болсо да, Машаяк аны башкаларга жардам берүүдө колдонгусу келген. Ошондуктан ага: «Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»,— деп айткан эле (Лк. 22:32, 54—62). Кийин Петир көп ийгиликтерди жасап, 1-кылымдагы «жыйналыштын тиреги деп эсептелгендердин» бири болуп калган (Гал. 2:9). Мындан көрүнүп тургандай, учурда аксакал болуп кызмат кылбай калгандар кайрадан ал кызматты аркалап, бир туугандарына рухий жактан жардам берүүдөн кубаныч таба алышат.

Аксакалдык кызматынан айрылып калгандардын айрымдары кылган аракети эч кандай жемиш бербегендей сезип, жаман болушу мүмкүн. Түштүк Америкада 20 жылдан ашуун убакыт бою аксакалдык милдетти аткарган Хулио * мындай дейт: «Баяндамаларды даярдоо, ишенимдештериме баруу, жыйналыштын мүчөлөрүнө кам көрүү жашоомдо негизги орунду ээлечү. Анан күтүлбөгөн жерден ушунун баарынан айрылып, ичим аңгырап эле отуруп калдым. Ошол учур аябагандай оор болду». Азыр ал кайрадан аксакал болуп кызмат кылууда.

«КУБАНЫЧ МЕНЕН КАБЫЛ АЛГЫЛА»

Шакирт Жакып: «Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла»,— деп жазган (Жкп. 1:2). Андан ары куугунтуктан жана жеткилең эместигибизден улам кабыла турган кыйынчылыктар тууралуу айтып өткөн. Ал дене кумарына берилүү, бет карамалык кылуу сыяктуу туура эмес нерселер жөнүндө сөз кылган (Жкп. 1:14; 2:1; 4:1, 2, 11). Жахаба ушундай иштерибиз үчүн тартипке салганда, оор болушу мүмкүн (Евр. 12:11). Бирок андайда кубанычты жоготпогонубуз абдан маанилүү.

Атүгүл жыйналыштагы жоопкерчилигибизден кол жууп калсак да, ишенимибиздин канчалык күчтүү экенин жана Жахабаны канчалык жакшы  көрөрүбүздү айгинелөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле ал кызматты кандай ниет менен аткарганыбызды текшерип көрсөк болот. Ан үчүн, балким: «Өз кызыкчылыгымды көздөгөндүктөн кызмат кылганмынбы же Кудайды сүйгөндүктөн жана жыйналыштын ага таандык экенин түшүнүп, бир туугандарга чын жүрөктөн кам көрүүнү каалагандыктанбы?» — деп ойлонуп көрөттүрбүз (Элч. 20:28—30). Аксакал болбой калгандан кийин да ыйык кызматын уланта бергендер баарына, анын ичинде Шайтанга да Жахабаны чындап жакшы көрөрүн далилдешет.

Жахаба Дөөтү падышаны олуттуу күнөөлөрү үчүн ашкерелегенде, ал айыбын мойнуна алып, өкүнгөндүктөн, күнөөлөрү кечирилген. Ошондуктан ал: «Кылмышы кечирилген, күнөөсү жабылган киши бактылуу. Айыбын Жахаба эсепке албаган, куулугу жок адам бактылуу»,— деп ырдаган (Заб. 32:1, 2). Кудайдын тартипке салуу чарасы Дөөтүгө жакшырууга жана анын элине мурункудан да мыкты кам көрүүгө жардам берген.

Бүгүнкү күндө да кайрадан аксакал болуп кызмат кыла баштагандардын көп учурда баштагыдан да жакшы койчу болуп калганы байкалат. Ошондой аксакалдардын бири: «Күнөө кылып алгандарга кантип жардам берүү керектигин азыр жакшыраак түшүнүп калдым»,— деген. Дагы бир аксакал: «Мен азыр бир туугандарга кызмат кылуу сыймыгын көбүрөөк баалап калдым»,— дейт.

КАЙРАДАН КЫЗМАТ КЫЛА АЛАСЫҢБЫ?

Забурчу: «[Жахаба] кынтык издей бербейт»,— деп жазган (Заб. 103:9). Андыктан Кудай олуттуу күнөө кетиргендерге кайра эч качан ишенбейт деп ойлобошубуз керек. Көп жылдар бою аркалап келген аксакалдык милдетинен айрылып калган Рикардо мындай деп ой бөлүшөт: «Ошондо ушунчалык жаман болдум. Өзүмдү жараксыз сезгеним кайрадан көзөмөлчү болуп, бир туугандарга кызмат кылышыма көп убакыт бою жолтоо болду. Ишеничтен биротоло чыгып калдым деп ойлой берчүмүн. Бирок башкаларга жардам бере бергендин аркасында изилдөөлөрдү өткөрүүгө, Падышалык залына барганда бир туугандарды бекемдөөгө, алар менен кабарга чыгууга мүмкүнчүлүк болуп жатты. Бул өзүмдү кайрадан ишенимдүү сезүүгө өбөлгө түздү. Азыр аксакал болуп кызмат кылуудамын».

Жахаба көптөргө кайрадан кубанычка ээ болуп, жыйналышта жетекчиликти колго алууга жардам берүүдө

 Көкүрөктөгү таарыныч да кайрадан аксакал болууга тоскоолдук кылат. Ошондуктан көрө албас Шабул падышадан качкан Дөөтүдөн үлгү алганыбыз кандай гана маанилүү! Ал мүмкүнчүлүк түзүлгөндө да Шабулдан өч алган эмес (1 Шем. 24:4—7; 26:8—12). Шабул менен анын уулу Жонатан согушта курман болгондо, Дөөтү алардын «сүйкүмдүү, жагымдуу» кишилерден болгонун айтып, катуу күйүт тарткан (2 Шем. 1:21—23). Ал Шабулга түк да кек сактаган эмес.

Эгер башкалар сени туура эмес түшүнүп алгандай же адилетсиз мамиле кылгандай сезилсе, таарынып, жаман ойлорго алдырба. Британиядагы Уильям деген ишенимдешибиз 30 жылдай кызмат кылгандан кийин аксакал болбой калганда айрым аксакалдарга таарынган. Ага ой жүгүртүүсүн оңдоого эмне жардам берген? Уильям Аюп китебин окуунун аркасында аябай бекемделген. Ал: «Эгер Жахаба Аюпка үч досу менен тынчтыкта болууга жардам берсе, анда мага аксакалдар менен тынчтыкта болууга ого бетер жардам бербейби»,— деп ой жүгүрткөн (Аюп 42:7—9).

АКСАКАЛДЫК КЫЗМАТЫН КАЙРАДАН БАШТАГАНДАРГА КУДАЙ БАТАСЫН БЕРЕТ

Эгер Кудайдын оторун кайтаруу милдетинен өзүң баш тарткан болсоң, эмне үчүн ошондой чечим чыгарганың жөнүндө ой жүгүртүп көргөнүң оң. Балким, үстөкө-босток көйгөйлөргө кабылып, кызматыңды токтотууга аргасыз болгондурсуң. Же сен үчүн башка нерселер маанилүүрөөк болуп калгандыр. Мүмкүн, башкалардын жеткилеңсиздиги себеп болгондур. Кандай болбосун, аксакал болуп жүргөндө башкаларга көбүрөөк жардам бере алганыңды эсиңден чыгарба. Алсак, ошол кезде бир туугандарды баяндамаларың менен кайраттандырып, үлгүң менен шыктандырчусуң, кайтаруучулук жолугууларың аларга сыноолордо туруктуу болууга түрткү берчү. Аксакал катары ишенимдүү кызмат кылганың Жахабага да, өзүңө да кубаныч тартуулачу (Накыл 27:11).

Ыйык кызматыңды кубанычтуу аткарып, Жахабаны сүйөрүңдү далилдей бер

Көптөгөн ага-инилерибиз Жахабанын жардамы менен кайрадан кубанычка ээ болуп, жыйналышта жетекчиликти колго алууда. Аксакалдык кызматтан өзүң баш тарткансыңбы же башка нерсе себеп болгонбу, кайрадан «көзөмөлчү болуп кызмат кыла» аласың (1 Тим. 3:1). Элчи Пабыл колосалыктардын «Жахабанын ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жагуу» үчүн «анын эркин так таанып-биле» беришин сурап, «үзгүлтүксүз тиленген» (Кол. 1:9, 10). Эгер кайрадан аксакал болуп кызмат кыла баштасаң, Жахабадан күч, чыдамкайлык, кубаныч бере беришин сура. Азыркы акыркы күндөрдө Кудайдын эли мээримдүү аксакалдардын колдоосуна абдан муктаж. Андыктан бир туугандарыңды бекемдөөгө даярсыңбы?

^ абз. 3 Айрым ысымдар өзгөртүлдү.