«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Сентябрь, 2014

Бул санда 2014-жылдын 27-октябрынан 30-ноябрына чейин талкуулана турган изилдөө макалалары камтылат.

Сен «жакшы ишке» умтулуп жатасыңбы?

Канткенде жоопкерчиликтерге туура жол менен умтулган болосуң?

Чындыкты тапканыңа ишенесиңби? Эмне үчүн?

Бул макалада Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн чындык жолунда жүрүшкөнүнө эмне үчүн ишенишери жана буга башкалар эмнеден улам ынанышканы талкууланат.

«Көптөгөн кыйынчылыктарга» карабай Кудайга ишенимдүү кызмат кыла бер

Шайтандын дүйнөсүндө жашап жаткандыктан баарыбыз эле кыйынчылыктарга кабылабыз. Шайтан кандай ыкмаларды колдонот? Анын кол салууларына кантип даярдансак болот?

Ата-энелер, балдарыңарга койчудай кам көргүлө

Ата-энелер балдарына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоого» милдеттүү (Эфестиктер 6:4). Бул макалада балдарга кам көрүп, Жахабаны сүйүүгө жардам берүүнүн үч жолу каралат.

Окурмандардын суроолору

Забур 37:25теги жана Матай 6:33төгү сөздөр Жахабанын өз кызматчыларынын тамак-ашсыз калышына эч качан жол бербей турганын билдиреби?

Акыркы душман — өлүм — жок кылынат

Өлүм жана ага алып барган нерселер бизди азапка салууда. Адамдар эмне үчүн өлөт? Өлүм кантип жок кылынат? (1 Корунттуктар 15:26). Бул суроолордун жообу Жахабанын адилеттүүлүгүн, акылмандыгын, сүйүүсүн кандайча айгинелеп турарын окуп көргүлө.

Толук убакыт кызмат кылгандарды унутпайлы

Көптөр толук убакыт кызмат кылууда. Канткенде алардын «ишеним менен кылган» ишин, «сүйүү менен кылган» эмгегин эстеп жүргөн болобуз? (1 Тесалоникалыктар 1:3).