Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыкты тапканыңа ишенесиңби? Эмне үчүн?

Чындыкты тапканыңа ишенесиңби? Эмне үчүн?

«Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгиле» (РИМ. 12:2).

1. Христиан дүйнөсүндөгү диний жетекчилер согуш учурунда эмне кылышкан?

КУДАЙ кызматчыларынын согушка катышып, башка улуттагыларды өлтүрүшүн каалайбы? Акыркы 100 жылдын ичинде өздөрүн Машаяктын жолдоочулары атагандардын бири-бирин кырган учурлары көп болду. Алсак, католиктердин дин кызматчылары кас тараптагы католиктерди өлтүргөнү бараткан аскерлерге жана алардын курал-жарактарына батасын беришкен. Протестанттардын дин кызматчылары да так эле ошондой кылышкан. Христиан дүйнөсүндөгүлөрдүн бири-бирин мыкаачылык менен өлтүргөнүнө Экинчи дүйнөлүк согуш айкын далил боло алат.

2, 3. Жахабанын Күбөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуш убагында, андан кийинки кагылышууларда эмне кылышкан жана эмне үчүн?

2 Согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрү эмне кылышкан? Тарыхый билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, алар бейтараптуулукту сакташкан. Эмне үчүн? Себеби алар Иса Машаяктын окууларына ылайык иш кылышат жана андан үлгү алышат. Машаяк: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жкн. 13:35). Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү элчи Пабылдын Корунт шаарындагы ишенимдештерине жазган катындагы принципке жетектелишет. (Оку: 2 Корунттуктар 10:3, 4.)

 3 Абийирин Ыйык Китептин негизинде үйрөткөндүктөн Машаяктын чыныгы жолдоочулары согуштарга катышпайт, атүгүл согушууга үйрөнүшпөйт. Ошондон улам миңдеген бир туугандарыбыз: жаштар, улуулар, эркектер, аялдар катуу куугунтукка кабылышкан. Көптөрү тарбия-эмгек колонияларына жөнөтүлгөн, түрмөлөргө отургузулган. Ал эми Германияда нацисттик режим күч алып турган убакта, айрым ишенимдештерибиз өмүрүнөн айрылган. Европадагы бир туугандарыбыз ырайымсыздык менен кысымга алынганына карабай Жахабанын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды тарата беришкен. Аларды түрмө да, концлагерь да, сүргүн да токтото алган эмес *. 1994-жылы Руандада кан төгүү менен коштолгон этностук тазалоо учурунда да Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулукту сакташкан. Балкан жарым аралында Югославиянын чачырашына алып келген кызыл кыргын болгондо да алар колуна курал алышкан эмес.

4. Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулукту сактаганы башкаларга кандай таасир эткен?

4 Жахабанын Күбөлөрүнүн кагылышууларга катышпай, толугу менен бейтараптуулукту сактаганын көргөн дүйнө жүзүндөгү миңдеген адамдар алардын Кудайды жана жакындарын чындап жакшы көрөрүнө, башкача айтканда, Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенине ынанышкан. Башкалар дагы кайсы себептерден улам Жахабанын Күбөлөрү Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенине ишенишет?

ТАРЫХТАГЫ ЭБЕГЕЙСИЗ ЗОР БИЛИМ БЕРҮҮ ИШИ

5. Машаяктын алгачкы шакирттери кандай өзгөрүүгө ылайыкташышы керек эле?

5 Иса Машаяк кызмат кыла баштагандан тартып эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо маанилүү экенине басым жасаган. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча аткарыла турган ишке чыйыр салуу үчүн 12 элчисин тандаган, кийинчерээк 70 шакиртин үйрөткөн (Лк. 6:13; 10:1). Бул аларды адегенде жүйүттөргө, ал эми убакыттын өтүшү менен башка улуттагыларга кабар айтууга даярдаган. Жүйүт элинен чыккан шакирттер үчүн бул чоң өзгөрүү болгону шексиз (Элч. 1:8).

6. Петир Кудайдын бет карама эмес экенине эмнеден улам ынанган?

6 Жахаба элчи Петирди башка элден болгон Корнелий деген кишинин үйүнө жиберген. Ошондо болгон окуялардан улам Петир Кудайдын бет карама эмес экенине ынанган. Корнелий үйүндөгүлөрү менен чөмүлгөндөн тартып, жакшы кабар жаңы чоң «аймакта» айтыла баштаган. Ошентип, бардык элдердин Ыйык Китептеги чындыкты угуп, аны кабыл алышына жол ачылган (Элч. 10:9—48). Азыр чындык жер шарынын чар тарабына жетүүдө.

7, 8. Жахабанын уюму кандай иштерди кылууда? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Бүгүнкү күндө Жахабанын уюмунда жетекчиликти колго алгандар жакшы кабар айтуу жана окутуу ишинин дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүшүнө чара көрүп, күжүрмөн эмгектенүүдө. Учурда Жахабанын 8 000 000го жакын кызматчысы 600дөн ашуун тилде кабар айтууда жана ал тилдердин саны барган сайын өсүп жатат. Жахабанын Күбөлөрү үймө-үй кабар айтышканы жана айрым учурларда көчмө адабият текчесин колдонуп, көчөдө күбөлөндүрүшкөнү менен көпчүлүккө белгилүү.

8 Андан сырткары, 2 900дөн ашуун бир тууган Ыйык Китеп менен ага негизделген адабияттарды которууга үйрөтүлүүдө. Алар чоң-чоң тилдерге гана эмес, анча белгилүү болбогон, бирок миллиондогон кишилер сүйлөгөн көптөгөн тилдерге да которушат. Маселен, Испанияда миллиондогон каталониялыктар күнүмдүк турмушта өздөрүнүн  эне тили болгон каталан тилинде сүйлөшөт. Акыркы убактарда каталан тили жана анын диалектилери Андоррада, Аликантеде, Балеар аралдарында жана Валенсияда кайрадан кеңири колдонула баштады. Азыр Жахабанын Күбөлөрү каталан тилинде Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басып чыгарып, жыйналыштарды өткөрүүдө. Бул, албетте, каталониялыктардын жүрөгүн козгобой койбойт.

9, 10. Жахабанын уюмунун чындыкты бардык адамдарга жеткирүүгө кызыкдар экени эмнеден көрүнүп турат?

9 Жахабанын уюму дагы башка көптөгөн элдердин Ыйык Китептеги чындыкты өз эне тилинде угушуна жана окушуна кам көрүүдө. Мексикада негизги тил болуп испан тили эсептелсе да, ал өлкөдө ар кайсы тилдерде сүйлөгөн элдер жашайт. Алардын бири — майя эли. Майя тилинде сүйлөгөн котормочулар эне тилинде сүйлөшүп, анын күндөлүк турмушта кантип колдонуларын уга алышы үчүн, Мексикадагы филиал аларды майя эли көп жашаган аймакка көчүргөн. 29 миллиондон ашык калкы бар Непалда болсо эл 120дай тилде сүйлөйт. Ал өлкөдөгү 10 миллиондон ашуун тургундун эне тили — непал тили. Ал эми дагы көптөгөндөр үчүн ал экинчи тил болуп калган. Биздин адабияттар учурда непал тилине да которулуп жатат.

10 Которуу ишинин ушундай деңгээлде жүрүп жатканы Жахабанын уюмунун Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды төгөрөктүн төрт бурчуна жеткирүүгө олуттуу караарын айгинелеп турат. Кудайдын эли бүт жер жүзү боюнча өнөктүктөрдү өткөрүп, миллиондогон баракчаларды, китепче-журналдарды бекер таратууда. Ал иш, Иса Машаяктын: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деген кеңешине ылайык, алардын ыктыярдуу тартууларынын аркасында каржыланат (Мт. 10:8).

Котормочулар адабияттарды төмөнкү немис тилине которуп жатышат (10-абзацты кара)

Төмөнкү немис тилиндеги адабияттар Парагвайда кеңири колдонулат (Макаланын башындагы сүрөттү да кара.)

11, 12. Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнөнүн булуң-бурчунда кабар айтып жатканы башкаларга кандай таасир этүүдө?

11 Жахабанын Күбөлөрү чындыкты тапканына ушунчалык бекем ишенишкендиктен аны бардык элдер менен этностук топторго жарыялоо үчүн бүт күч-аракетин жумшоодо. Мисалы, көптөрү жашоосун жөнөкөйлөтсө, башкалары бөтөн элдин маданиятына ылайыкташып жатышат, дагы бирөөлөрү чет тилин үйрөнүүдө. Кабар айтуу жана окутуу ишинин дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргүзүлүп жатканы көптөрдү Жахабанын Күбөлөрү Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенине ынандырып келет.

 12 Ооба, чындыкты табышканына толугу менен көздөрү жеткендиктен Жахабанын кызматчылары ушундай зор иштерди аткарып жатышат. Алардын чындык жолунда жүргөнүнө миллиондогон адамдар дагы кайсы себептен улам ынанууда? (Оку: Римдиктер 14:17, 18.)

АЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНИШЕТ?

13. Жахабанын уюму эмненин аркасында таза сакталууда?

13 Келгиле, азыр айрым бир туугандарыбыздын чындыкты тапканына эмне себептен ишенишерине токтолуп көрөлү. Алардын айткандары баарыбызга абдан пайдалуу болору күмөнсүз. Жахабага көптөн бери кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибиз: «Жахабанын уюмун адеп-ахлактык жактан таза сакташ үчүн көп күч-аракет жумшалат; туура эмес иш кылган киши ким болбосун, ага кеңеш берилет же тартипке салуу чарасы колдонулат»,— дейт. Кудайдын элине анын бийик адеп-ахлак нормаларына ылайык жашоого эмне жардам берет? Алар дайыма Ыйык Китепте жазылгандарга баш ийүүгө жана Иса Машаяк менен анын шакирттеринен үлгү алууга аракет кылышат. Ошондуктан Кудайдын нормаларына баш ийбегени үчүн жыйналыштан чыгарылгандардын саны салыштырмалуу аз эле. Ишенимдештерибиздин басымдуу бөлүгү, анын ичинде Кудайды таанып-билгенге чейин жаман иштерди кылып жүргөндөр да үлгүлүү, таза жашоо өткөрүп жатышат. (Оку: 1 Корунттуктар 6:9—11.)

14. Жыйналыштан чыгарылгандардын көптөрү эмне кылууда жана анын натыйжасы кандай болуп жатат?

14 Ыйык Китептеги көрсөтмөнүн негизинде жыйналыштан чыгарылгандар жөнүндө эмне айтууга болот? Бактыга жараша, алардын миңдегендери күнөөсү үчүн өкүнүп, кайрадан жыйналышка кабыл алынып жатышат. (Оку: 2 Корунттуктар 2:6—8.) Кудайдын кызматчылары анын Сөзүндө жазылгандарга бекем кармангандыктан, алардын жыйналыштары таза сакталууда. Ушундан улам алар Кудай колдогон уюмдун мүчөсү экенине бекем ишенишет. Жахабанын Күбөлөрүнүн ар кандай жаман иштерге жол бере берген чиркөөлөрдөн айырмаланып турганын көрүп, көптөр алардын чындык жолунда жүргөнүнө ынанууда.

15. Бир ишенимдешибиз чындыкты тапканына эмнеден улам ынанган?

15 Дагы башка тажрыйбалуу ишенимдештерибиз чындыкты тапканына эмнеден улам ынанышкан? Өспүрүм кезинен бери Жахабага кызмат кылып келаткан 54 жаштагы бир бир тууган ишеними төмөнкү үч нерсеге негизделерин айтат: 1) Кудай бар; 2) Ыйык Китеп анын ыйык рухунун жетеги менен жазылган; 3) бүгүнкү күндө ал Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун колдонуп, ага батасын берип жатат. Ал бир тууган ошол үч нерсенин канчалык негиздүү экенин дайыма текшерип турарын айтып: «Алардын ар биринин туура экенин көрсөткөн далилдер жылдан жылга көбөйгөн сайын, ишенимим бекемделип, чындык жолунда  жүргөнүбүзгө ого бетер ынана берем»,— дейт.

16. Бир эже чындыкты тапканына эмне үчүн шектенбейт?

16 Нью-Йорктогу башкы башкармалыкта кызмат кылып жаткан үй-бүлөлүү бир эже Жахабанын Ыйык Китепте 7 000дей жолу кездешкен ысмын биздин уюм гана чечкиндүү түрдө жарыялап жатканын айтат. Аны 2 Жылнаама 16:9дагы: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деген сөздөр абдан бекемдейт. Ал эже мындай дейт: «Чындыкты изилдөөнүн аркасында, Жахаба күчүн мага жардам бергенге колдонушу үчүн, кантип ага берилген адам боло аларымды билдим. Жахаба менен болгон мамилем мен үчүн ушунчалык баалуу. Мен Исанын Кудай жөнүндө терең билим алышыбызда аткарган ролун да баалайм. Ал билим мага дем-күч берет».

17. Мурун атеист болгон бир тууган эмнеге ынанган жана эмне үчүн?

17 Мурун атеист болгон бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Жаратылыш мени Кудайдын адамзаттын жашоодон ыракат алышын каалаарына, ошондуктан азап-кайгыга түбөлүккө жол бербей турганына ынандырды. Андан сырткары, бул дүйнө барган сайын бузулуп баратса да, Жахабанын элинин ишеними, ынталуулугу, сүйүүсү артууда. Бүгүнкү күндө мындай кереметти Жахабанын руху гана жасай алат». (Оку: 1 Петир 4:1—4.)

18. Эки ишенимдешибиздин айткандары сага кандай таасир этти?

18 Жахабага узак убактан бери кызмат кылып келаткан дагы бир ишенимдешибиз чындыкты тапканына эмне үчүн ишенерин мындай деп түшүндүрөт: «Ушунча жылдан бери изилдеген нерселерим мени Күбөлөрдүн 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын үлгүсүнө карманыш үчүн көп күч-аракет жумшашканына ынандырды. Дүйнө жүзүн кыдыруунун аркасында Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы биримдикке өз көзүм менен күбө болдум. Ыйык Китептеги чындык мага канааттануу, кубаныч тартуулайт». Ал эми 60тан ашып калган бир байкеден чындыкты тапканына эмне үчүн ишенерин сурашканда, ал мындай деп жооп берген: «Биз Исанын жашоосу, кызматы жөнүндө кылдат изилдеп, анын кандай үлгү калтырганын билдик. Анан Иса Машаяк аркылуу Кудайга жакындаш үчүн жашообузда өзгөрүүлөрдү жасадык. Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде өмүр аларыбызды түшүндүк. Ошондой эле анын тирилгенин жана буга өз көзү менен көргөн ишенимдүү күбөлөрдүн далилдери бар экенин билдик». (Оку: 1 Корунттуктар 15:3—8.)

ЧЫНДЫКТЫ БАШКАЛАРГА ДА ЖАРЫЯЛА

19, 20. а) Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине эмнени баса белгилеген? б) Жахабанын кызматчылары катары кандай сыймыкка ээбиз?

19 Жакындарыбызды жакшы көргөндүктөн биз чындыкты билгенибизге эле ыраазы болуп жүрө бербейбиз. Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине мындай деген: «Эгерде „оозуңдагы ошол сөздү“, башкача айтканда, Исанын Мырзабыз экенин эл алдында жарыялап жатсаң, Кудайдын аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың. Себеби адам жүрөгү менен ишенүү аркылуу адилдикке жетет, ал эми ишенимин эл алдында оозу менен жарыялоо аркылуу куткарылат» (Рим. 10:9, 10).

20 Жахабанын кызматчылары катары биз чындыкты тапканыбызга толук ишенебиз жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоону сыймык катары эсептейбиз. Андыктан башкаларга кабар айтканыбызда, алар биздин Ыйык Китептин негизинде окутарыбызды эле эмес, чындыкты тапканыбызга бекем ишенерибизди да көргүдөй болушсун. Бул аларга зор таасир этери шексиз.

^ абз. 3 «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептин 191—198 жана 448—454-беттерин кара.