Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен «жакшы ишке» умтулуп жатасыңбы?

Сен «жакшы ишке» умтулуп жатасыңбы?

ФЕРНАНДО * ичи уйгу-туйгу болуп, тынчсызданып турат. Анткени эки аксакал аны менен өзүнчө сүйлөшкөнү жатат. Акыркы кездерде райондук көзөмөлчү келип кеткен сайын, аксакалдар ага жыйналышта кошумча жоопкерчиликтерге ээ болушу үчүн кайсы жактардан жакшырышы керектигин айтып, кеңеш берип жүрүшөт. Арадан бир топ убакыт өткөндүктөн, Фернандо деги эле аксакал болуп дайындаларына шектене баштаган. Жакында жыйналышка райондук көзөмөлчү дагы келип кетти. Бул жолкусунда аксакалдар эмне дешет болду экен?

Аны менен сүйлөшүп жатып аксакалдардын бири 1 Тиметей 3:1деги сөздөрдү цитата кылат да, Фернандого аксакал болуп дайындалганына байланыштуу кат алышканын айтат. Ошондо Фернандо уккан кулагына ишенбей: «Эмне дейсиң?» — деп таң калат. Аксакал сөзүн дагы бир жолу кайталаганда, Фернандо жылмайып, жүзү нурдана түшөт. Анын дайындалганы жөнүндө жыйналыштан кулактандырылганда, баары сүйүнөт.

Жыйналышта жоопкерчиликтерге умтулуу туура эмеспи? Албетте, жок. 1 Тиметей 3:1де: «Ким көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат»,— деп айтылган. Көптөгөн ага-инилер ушул сөздөргө ылайык иш кылып, талаптарга жооп берүү үчүн рухий жактан ийгиликтерди кылып жатышат. Натыйжада азыр дүйнө жүзү боюнча Кудайдын элинин арасында жүз миңдеген бир туугандар кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылууда. Бирок жыйналыштардын саны аябагандай тездик менен өсүп жаткандыктан, Кудайдын элине кам көрө турган эркек бир туугандар абдан керек. Ага-инилер канткенде жоопкерчиликтерге туура жол менен умтулган болушат? Көзөмөлчү болуп кызмат кылгысы келип жүргөндөр Фернандого окшоп, качан аксакал болуп дайындалары жөнүндө эле ойлоно бериши керекпи?

 «УМТУЛУУ» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Ыйык Китептеги «умтулуу» деген сөз грек тилиндеги аябай эңсөө, бир нерсеге жетүү үчүн чоюлуу деген маанини туюнткан этиштен келип чыккан. Аны жакшыраак түшүнүш үчүн бактагы ширелүү мөмөнү үзгөнгө аракет кылып, тулку-боюн болушунча созуп жаткан бирөөнү элестетсек болот. Бирок «умтулуу» деген «көзөмөлчү болууга» ач көздүк менен жутунууну билдирбейт. Эмне үчүн? Себеби аксакал болуп кызмат кылгысы келгендердин негизги максаты кандайдыр бир абалга жетүү эмес, «жакшы ишти каалоо» болушу керек.

Ал ишти аркалагысы келгендерге коюлган талаптардын көбү 1 Тиметей 3:2—7-аяттарда жана Тит 1:5—9-аяттарда жазылган. Ал талаптарга байланыштуу көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Реймонд мындай деген: «Мен баарынан да кандай адам экенибиз маанилүү деп ойлойм. Сөз сүйлөө жана окута билүү маанилүү дечи, бирок ал жөндөмдүүлүктөргө басым жасалып жатып, эч ким айыптай албаган, бардык нерсенин чегин билген, акыл-эстүү, жыйнактуу, меймандос болууну унутуп калбашыбыз керек».

Жыйналыштагы ар кандай иштерге катышып, көзөмөлчү болууга умтула бер

Көзөмөлчү болууга «умтулуп жаткан» бир тууган жалгандык менен ыпыластыктын бардык түрүнөн качып, эч ким айыптай албаган адам экенин көрсөтөт. Ошондой эле ал бардык нерсенин чегин билген, акыл-эстүү, жыйнактуу киши болгондуктан, жыйналыштагылар анын жетекчиликти колго ала аларына жана аларга кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам бере аларына ишенишет. Меймандос болуунун аркасында ал жаштарды, чындык жолуна жаңыдан түшкөндөрдү бекемдейт. Жакшылык кылууга умтулгандыктан ооругандар менен карыларды жубатып, аларга дем-күч берет. Ал ушул сапаттарды аксакал болуп дайындалыш үчүн эмес, башкалардын камын ойлогондуктан өрчүтөт *.

Албетте, аксакалдар кеңеши акыл-насаат айтып, түрткү берип турат, бирок Ыйык Китептеги талаптарга жооп бериш үчүн адам өзү аракет кылышы керек. Генри деген тажрыйбалуу аксакал көзөмөлчү болууга умтулуп жаткандардын «талаптарга жооп берүү үчүн күжүрмөн эмгектениши керектигин» айтат. Ал Насаатчы 9:10догу сөздөрдү келтирип, мындай дейт: «„Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер“. Аксакалдар кандай тапшырма бербесин, аны мүмкүн болушунча  жакшы аткарганга аракет кыл. Жыйналыштагы бардык иштерге, анын ичинде залды тазалоого да жан-дилиң менен катыш. Убакыттын өтүшү менен аракетиңдин акыбети кайтат». Эгер аксакал болгуң келсе, эмгекчил болуп, ыйык кызматтын бардык түрүн сапаттуу аткар. Атак-даңкка умтулбай, момун бол (Мт. 23:8—12).

ТУУРА ЭМЕС ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ МЕНЕН ИШТЕРДЕН КАЧ

Жыйналышта жоопкерчиликтерге умтулуп жаткандардын айрымдары аксакал болгусу келерин кыйытып айтышы же аксакалдар кеңешине жагынууга аракет кылышы мүмкүн. Башкалар болсо аксакалдар берген кеңешти жактырбашы ыктымал. Андай бир туугандардын: «Мен Жахабанын койлоруна момундук менен кам көрүүнү каалап жатамбы же өз кызыкчылыгымды көздөп жатамбы?» — деп ойлонуп көргөнү оң.

Аксакал болууга максат койгондор алардан «оторго үлгү көрсөтүү» да талап кылынарын унутпашы керек (1 Пет. 5:1—3). Жыйналышка үлгү болгусу келген бир тууган туура эмес ой жүгүртүү менен иштерден качат. Ал аксакал болуп дайындалбаса да, сабырдуу, чыдамкай болот. Албетте, кимдир бирөө аксакал болсо эле, жеткилеңсиздиктен керемет жолу менен арылып калбайт (Сан. 12:3; Заб. 106:32, 33). Андан сырткары, бир туугандын абийири таза болсо да, башкалар ал жөнүндө анча жакшы ойдо болбошу мүмкүн (1 Кор. 4:4). Ошондуктан аксакалдар сага Ыйык Китептин негизинде чын жүрөктөн кеңеш берсе, кыжырданбай ук. Анан аны иш жүзүндө колдонгонго аракет кыл.

КӨПТӨН БЕРИ КҮТҮП ЖҮРСӨҢЧҮ?

Айрым бир туугандарга дайындоосун көп убакыттан бери күтүп келаткандай сезилиши мүмкүн. Эгер сен да бир нече жылдан бери күтүп келатсаң, тынчсызданган учурларың болобу? Ошондой болсо, Ыйык Китептеги: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат, ал эми орундалган каалоо-тилек — өмүр дарагы»,— деген сөздөргө көңүл бур (Накыл 13:12).

Көксөгөн максатыбыз кол жеткистей сезилсе, жүрөгүбүз оорубай койбойт. Ыбрайым пайгамбар да ошондой болгон. Жахаба ага уул берерин убада кылган болчу. Бирок ал аялы Саара экөө көптөгөн жылдар бою балалуу болушкан эмес (Башт. 12:1—3, 7). Ошондуктан жашы өтүп баратканда ал: «Эгедер Теңир Жахаба, мага эмне бересиң? Мына, мен баласыз өтүп баратам... Сен мага тукум берген жоксуң»,— деп кейиген. Ошондо Жахаба аны уулдуу болоруна дагы бир ирет ынандырган. Анткен менен Кудайдын ал убадасы аткарылганга чейин, бери дегенде эле, дагы 14 жыл өткөн (Башт. 15:2—4; 16:16; 21:5).

Көп жыл күткөндүктөн Ыбрайым пайгамбар Жахабага баштагыдай кубанычтуу кызмат кылбай калганбы? Жок. Ал Кудайдын сөзүнө турарына кымындай да шектенген эмес. Элчи Пабыл жазгандай, «Ыбрайым ал убаданы чыдамкайлык көрсөткөндөн кийин алган» (Евр. 6:15). Натыйжада Кудуреттүү Кудай ишенимдүү кызматчысына ал күткөндөн да көптү берген. Ыбрайым пайгамбардан кандай үлгү алсаң болот?

Эгер көзөмөлчү болоюн деген каалооң бир канча убакыттан бери орундалбай келатса, мындан ары да Жахабага таянып, ага кубанычтуу кызмат кыла бер. Көптөгөн ага-инилерге рухий жактан өсүүгө жардам берген Уоррен бир тууган мындай дейт:  «Кимдир бирөөнүн дайындалууга даяр болуп калганы айкын болушу үчүн убакыт керек. Бир туугандын жөндөмдүүлүктөрү менен маанайы жүрүм-турумунан жана берилген тапшырмаларды кантип аткарганынан акырындап көрүнө берет. Кээ бирөөлөр ийгилик деп сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууну же кайсы бир кызматка дайындалууну түшүнүшөт. Бирок минтип ойлоо туура эмес, ал эси-дартыңдын баарын ээлеп алышы мүмкүн. Кайда жүрбө, кандай иш аткарба, Жахабага ишенимдүү кызмат кылсаң, мына ошол — ийгилик».

Бир ишенимдешибизге аксакал болуп дайындалганга чейин он жылдан ашуун күткөнгө туура келген. Жезекиел китебинин 1-бөлүмүндөгү көптөргө белгилүү билдирүүнү колдонуп, ал мындай дейт: «Жахаба арабасын — уюмун — өзү туура көргөн ылдамдыкта айдайт. Андыктан биздин эмес, Жахабанын убактысы маанилүү. Аксакал болууну каалоого байланыштуу айта турган болсом, менин эмне кылгым же ким болгум келери маанилүү деле эмес. Себеби мен каалаган нерсе Жахаба мага керек деп эсептеген нерсе болбошу мүмкүн».

Көзөмөлчү болууга максат койгон болсоң, жыйналыштын бекем, ынтымактуу болушуна салым кош. Эгер убакыт өтпөй жаткандай сезилсе, тынчсызданба, чыдамдуу бол. Жогоруда айтылган Реймонд бир тууган: «Атакты сүйсөң, колуңда бар нерсеге ыраазы болбойсуң. Дайыма тынчсыздана бергендер Жахабага кызмат кылуудан кубаныч албай калышат»,— дейт. Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды, өзгөчө, чыдамдуулукту өрчүтө бер. Ыйык Жазманы изилдеп, Кудай менен болгон мамилеңди бекемде. Кабар айтууга жана кызыккандар менен Ыйык Китепти изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөл. Үйүңдөгүлөрдүн рухий иштерге катышышына көз салып, алар менен Кудайдын Сөзүн чогуу изилде. Ишенимдештериң менен чогуу болгон ар бир мүмкүнчүлүктү баала. Ошондо максатыңа жетүүгө умтулуу менен бирге Жахабага кызмат кылуудан кубаныч аласың.

Талаптарга жооп берүү үчүн эмгектенүү Жахабанын батасына ээ кылат. Жахаба да, анын уюму да көзөмөлчү болууга умтулгандардын көңүлү кайт болушун жана кубанычын жоготушун каалабайт. Кудай таза ниет менен кызмат кылгандардын баарын колдоп, аларга батасын берет. Ал эми анын бир да батасы «өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл 10:22).

Аксакал болууга бир топ убакыттан бери умтулуп келатсаң деле, рухий жактан дагы да өсө бер. Эгер үй-бүлөңө кам көрүү менен бирге тийиштүү сапаттарды өрчүтүүгө, жыйналышта күжүрмөн эмгектенүүгө аракет кыла берсең, Жахаба кылган кызматыңды эч качан унутпайт. Кандай иш аткарба, кызматың дайыма кубаныч тартуулай берсин.

^ абз. 2 Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 8 Бул макалада айтылган принциптер кызмат жардамчысы болууга умтулуп жаткандарга да тиешелүү. Аларга коюлган талаптар 1 Тиметей 3:8—10, 12, 13-аяттарда жазылган.