Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Толук убакыт кызмат кылгандарды унутпайлы

Толук убакыт кызмат кылгандарды унутпайлы

«Ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди... ар дайым эстейбиз» (1 ТЕС. 1:3).

1. Элчи Пабыл ишенимдүү кызмат кылгандарга кандай караган?

ЭЛЧИ Пабыл жакшы кабарды жарыялоодо күжүрмөн эмгектенгендерди абдан баалачу. Ал: «Ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Мырзабыз Иса Машаякка үмүттөнүү менен көрсөтүп жаткан туруктуулугуңарды Кудай Атабыздын алдында ар дайым эстейбиз»,— деп жазган (1 Тес. 1:3). Жахаба өзү да ага ишенимдүү кызмат кылгандарды унутпайт жана көп кылабы же аз кылабы, аларды колунан келгенин кылып жатышканы үчүн жогору баалайт (Евр. 6:10).

2. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

2 Мурунку убактагыдай эле, бүгүнкү күндө да көптөгөн ишенимдештерибиз Жахабага толук убакыт кызмат кылыш үчүн көп нерседен баш тартууда. Бул макалада 1-кылымдагы кээ бир бир туугандардын кандай кызматтарды аткарышканына токтолобуз. Ошондой эле азыркы күндөгү толук убактагы кызматтын айрым түрлөрүн жана аларды аркалап жаткандарга кантип жардам көрсөтсөк болорун карап чыгабыз.

КУДАЙДЫН 1-КЫЛЫМДАГЫ КЫЗМАТЧЫЛАРЫ

3, 4. а) 1-кылымдагы айрым ишенимдештерибиз Жахабага кантип кызмат кылышкан? б) Алар өздөрүн кантип камсыз кылышкан?

3 Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй Иса Машаяк келечекте кеңири кулач жая турган ишке чыйыр салган (Лк. 3:21—23; 4:14, 15, 43).  Ал өлгөндөн кийин, шакирттери жетекчиликти колго алып, Мырзасы баштаган кабар айтуу ишин улантышкан (Элч. 5:42; 6:7). Кээ бир шакирттер, алсак, Филип Палестинада миссионер болуп кызмат кылып, жакшы кабар тараткан (Элч. 8:5, 40; 21:8). Пабыл жана башкалар алыскы аймактарды кыдырышкан (Элч. 13:2—4; 14:26; 2 Кор. 1:19). Дагы бирөөлөрү болсо, мисалы, Силуан (Сылас), Марк, Лука катчы болуп кызмат кылган же Ыйык Китепти жазууга катышкан (1 Пет. 5:12). Андай ишенимдүү бир туугандарды колдоп, алар менен чогуу кызмат кылган аялдар да болгон (Элч. 18:26; Рим. 16:1, 2). Грек Жазмаларында Кудайдын ал кызматчылары жөнүндө жүрөк толкутарлык окуялар жазылган. Бул Жахабанын өз кызматчыларын эч качан унутпай турганын айгинелейт.

4 1-кылымдагы ал ишенимдештерибиз өздөрүн кантип камсыз кылышкан? Алар талап кылбаса да, жыйналыштагылар меймандостук көрсөтүп, ар кандай жолдор менен жардам берип турушкан (1 Кор. 9:11—15). Айрым бир туугандар жана жыйналыштар аларга чын жүрөктөн кам көрүп, колдоо көрсөтүшкөн. (Оку: Элчилер 16:14, 15; Филипиликтер 4:15—18.) Андан тышкары, элчи Пабыл менен анын шериктери өздөрүн камсыз кылуу үчүн кээде иштешчү.

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТ КЫЛГАНДАР

5. Бир жубайлар Кудайга толук убакыт кызмат кылып келатышканына кандай карашат?

5 Азыркы күндө да көптөгөн бир туугандарыбыз толук убактагы кызматтын ар кандай түрлөрүн аркалоодо. (« Толук убактагы кызматтын түрлөрү» деген кутучаны карагыла.) Алар ошондой чечим чыгарганына кандай карашат? Бул суроону алардын өзүнө берип көрсөңөр, бекемделериңер шексиз. Үзгүлтүксүз пионер, атайын пионер, миссионер болгон жана учурда чет өлкөдөгү Бейтелде кызмат кылып жаткан бир бир тууган мындай дейт: «Толук убактагы кызматты баштаганымды жашоомдогу эң туура чечимдердин бири деп эсептейм. 18 жашымда же жогорку окуу жайына тапшырып, бүт убактымды алган мансапты көздөөнү же пионердик кызматты баштоону тандашым керек болгон. Башыман өткөндөр Жахабанын ага толук убакыт кызмат кылуу үчүн чалган курмандыктарымды унутпай турганын көрсөттү. Эгер бул дүйнөдө мансапка жетүүгө умтулсам, Жахаба берген талантымды же шык-жөндөмдүүлүктөрүмдү азыркыдай колдоно албайт болчумун». Ал бир туугандын жубайы мындай деп ой бөлүшөт: «Ар бир дайындоо мага рухий жактан өсүүгө жардам берди. Биз Жахабанын коргоп, жетектегенин далай жолу сездик. Ыңгайлуу жашоо-шартыбызды өзгөртпөй, көнүп калган нугубузда эле жүрө берсек, муну эч качан сезбейт болчубуз. Толук убакта кызмат кылып жатканыбыз үчүн Жахабага күнүгө ыраазычылык билдирем». Силер да ушул бир туугандардыкындай сезимде болгуңар келеби?

6. Жахаба баарыбыздын кызматыбызга кандай карайт?

6 Албетте, жагдай-шартынан улам баары эле учурда толук убактагы кызматты аркалай албашы мүмкүн. Бирок Жахаба алардын чын жүрөктөн кылган аракетин жогору баалайт. Филемон 1—3-аяттарда элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештерине салам жолдоп, айрымдарынын атын атап өткөн. (Аяттарды оку.) Мындан Пабылдын алардын ар бирин баалаганы көрүнүп турат; аларды Жахаба да баалачу. Демек, асмандагы Атабыз силердин да кызматыңарды баалайт. Ага толук убакыт кызмат кылып жаткандарга кантип колдоо көрсөтсөңөр болот?

ПИОНЕРЛЕРГЕ КӨМӨКТӨШҮҮ

7, 8. Пионерлерден эмне талап кылынат жана жыйналыштагылар аларга кантип жардам көрсөтсө болот?

7 1-кылымдагы жакшы кабарды жарыялаган кызматчылардай эле, бүгүнкү күндө ынталуу пионерлер жыйналыштагыларды бекемдешет. Алардын көбү ай сайын кызматка 70 сааттан чыгышат. Аларга кантип жөлөк боло алабыз?

 8 Пионер болуп кызмат кылган Шари деген ишенимдешибиз: «Пионерлер күн сайын кабарга чыккандыктан бекем, кайраттуу көрүнүшөт. Бирок алар деле бекемдөөгө муктаж»,— деп айтат (Рим. 1:11, 12). Бир нече жыл пионер болуп кызмат кылган башка бир тууган мындай дейт: «[Пионерлер] тыным албай, күжүрмөн эмгектенишет. Башкалар машинеси менен кызматка алып чыкса, тамакка чакырса, май куюп алганга бир аз акча берсе же дагы башка жолдор менен жардам көрсөтсө, абдан ыраазы болушат. Мындай нерселердин аркасында алар чындап кам көрүп жатканыңарды сезишет».

9, 10. Айрымдар жыйналышындагы пионерлерге жардам бериш үчүн эмне кылышкан?

9 Пионерлерге кызматын аткарууга да көмөктөшсөк болот. Боби аттуу бир пионер: «Бизге иш күндөрү жардам көбүрөөк керек болот»,— деп айтат. Ошол эле жыйналыштагы дагы бир пионер: «Түштөн кийин шерик табуу аябай кыйын»,— деп кошумчалайт. Ал эми Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылып жаткан бир эже пионер болуп жүргөн кезин эстеп: «Машинеси бар бир эже: „Шеригиң жок болуп калса эле, мага чала бер, сени менен кызматка чыкканга дайым даярмын“,— деп айтчу. Ал пионердик кызматымды сактап калды десем болот»,— дейт. Шари болсо: «Кызматка чыгып келгенден кийин бойдок пионерлер көбүнчө жалгыз болушат. Ошондуктан аларды кээде үй-бүлөлүк изилдөөңөргө чакырып турсаңар болот. Аларды башка нерселерге да чакырсаңар, дем-шык бересиңер»,— деп айтат.

10 Дээрлик 50 жылдан бери толук убакыт кызмат кылып келаткан бир эже аксакалдардын ага жана аны менен кызматташкан башка бойдок эже-карындаштарга кантип жардам беришкени тууралуу мындай деп эскерет: «Биздин аксакалдар пионерлердикине бир нече ай сайын барып турушчу. Алар ден соолугубузду, жумушубузду, деги эле кандай кыйынчылыктар болуп жатканын сурап турушар эле. Алар бизге чындап кам көрүшчү. Жардамга муктажбызбы же жокпу, өз көздөрү менен көрүш үчүн жашаган жерибизге келип кетишчү». Бул элчи Пабылга жан-дили менен кам көргөн байыркы Эфес шаарындагы бир үй-бүлөнү эске салат (2 Тим. 1:18).

11. Атайын пионерлерден эмне талап кылынат?

11 Кээ бир жыйналыштарда атайын пионерлер бар. Алардын көбү кызматка ай сайын 130 саат жумшашат. Кабар айтуу жана жыйналыштарга жардам берүү  менен алек болгондуктан алардын жумушта иштөөгө убактысы дээрлик болбойт. Ошондуктан кызматка көңүл топтой алышы үчүн, филиал аларга ай сайын бир аз өлчөмдө жөлөк пул берип турат.

12. Аксакалдар жана башкалар атайын пионерлерге кантип жардам берсе болот?

12 Биз атайын пионерлердин жүгүн кантип жеңилдете алабыз? Алар менен тыгыз кызматташкан бейтелдик бир аксакал мындай дейт: «Аксакалдар алар менен сүйлөшүп, жагдай-шартын билип, кандай жардам көрсөтсө болорун аныкташы керек. Атайын пионерлерге жөлөк пул берилгендиктен, айрымдар алар эч нерсеге деле муктаж эмес деп ойлошот. Бирок бир туугандар аларга ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтсө болот». Үзгүлтүксүз пионерлер сыяктуу эле, атайын пионерлер да кабар айтуу кызматында шерикке муктаж болушат. Силер аларга бул жагынан көмөк көрсөтө аласыңарбы?

РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮЛӨРДҮ БЕКЕМДӨӨ

13, 14. а) Райондук көзөмөлчүлөргө байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек? б) Аларга кантип жардам берсеңер болот?

13 Көптөр билгендей, райондук көзөмөлчүлөр менен алардын аялдары — дайыма жадырап-жайнап жүргөн рухий жактан күчтүү бир туугандар. Ошентсе да алар бекемдөөгө, бир туугандар менен чогуу кызматка чыгууга, ошондой эле эс алып, көңүл ачууга муктаж. Эгер алардын бири ооруп калса жана операция болуш үчүн же дарыланыш үчүн ооруканага жатып калса, эмне кылсак болот? Андайда кем-карчына каралашып, чын жүрөктөн көңүл бөлсөк, аларга дем-күч беребиз. Элчилер китебин жазган «сүйүктүү дарыгер Лука» 1-кылымда элчи Пабылга жана аны менен чогуу жыйналыштарды кыдырган башка бир туугандарга кам көрүп, кызматын аткарууга көмөктөшкөн (Кол. 4:14; Элч. 20:5—21:18).

14 Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары жакын досторунун колдоосун аябай баалашат. Бир райондук көзөмөлчү: «Досторум мага так керек болуп турганда көңүл буруп, бекемдешет. Алардын суроолорду кыраакылык менен бергени мага эмнеге тынчсызданып жатканымды ачык айтууга түрткү берет. Айткандарымды кунт коюп угушканынын өзү эле мен үчүн чоң жардам»,— деп жазган. Ооба, райондук көзөмөлчүлөр да, алардын жубайлары да бир туугандардын чын дилден көңүл бурганына абдан ыраазы болушат.

БЕЙТЕЛДИКТЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ

15, 16. Бейтелдиктер кандай иштерди аткарышат жана аларды кантип колдой алабыз?

15 Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү өздөрү кызмат кылган филиалга караштуу өлкөлөрдө Падышалыктын ишин алга жылдырууга зор салым кошууда. Эгер силердин жыйналышта же райондо бейтелдиктер бар болсо, аларга кантип колдоо көрсөтсөңөр болот?

16 Бейтелде жаңыдан кызмат кыла баштагандар үйүндөгүлөрүн, досторун сагынып, куса болушу ыктымал. Андыктан алар башка бейтелдиктер менен жаңы жыйналышындагы бир туугандардын жылуу-жумшак мамилесин абдан баалашат (Мр. 10:29, 30). Бейтелдеги күн тартип жыйналыш жолугушууларына катышууга, жума сайын кабарга чыгууга тоскоолдук кылбайт. Бирок кээде бейтелдиктерге кошумча иштерди аткарууга туура келет. Андайда жыйналыштагылардын туура түшүнүп, аларды жана алардын кылган эмгегин баалаганы жакшы. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:9.)

БАШКА ӨЛКӨДӨ КЫЗМАТ КЫЛГАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

17, 18. Башка өлкөгө дайындалгандар кандай кызматтарды аткарышат?

17 Толук убакыт кызмат кылган айрым бир туугандар чет өлкөлөргө дайындалышат. Аларга бөтөн элдин тамак-ашына, тилине, маданиятына, жашоо шартына көнүү оңой болбошу мүмкүн. Алар эмне үчүн ошондой кыйынчылыктарга карабай башка өлкөдө кызмат кылууга макул болушат?

 18 Айрымдары миссионер болуп дайындалып, талаа кызматына көп убактысын бөлүшөт. Алар атайын билим алгандыктан жергиликтүү бир туугандарды көп нерсеге үйрөтө алышат. Филиал аларды жөнөкөй турак-жай жана негизги нерселерине жеткидей жөлөк пул менен камсыз кылат. Башкалары болсо чет өлкөдөгү филиалда кызмат кылууга же Бейтел имараттарын, котормо офистерин, жыйындар залдарын, Падышалык залдарын курууга дайындалат. Алар да тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылынат. Бейтелдиктер сыяктуу эле, жыйналыш жолугушууларына жана кызматка дайыма катышып тургандыктан, алар бир туугандар үчүн чоң бата.

19. Башка өлкөдөн келген бир туугандарга кантип жардам берсек болот?

19 Жахабага толук убакыт кызмат кылып жаткан андай бир туугандарга кантип жардам бере алабыз? Алар биздин тамак-аштардын айрымдарына көнө элек болушу мүмкүн. Ошондуктан конокко чакырганда адегенде алардан кандай тамак жасасак болорун же кайсы тамакты жеп көргүсү келерин сураганыбыз жакшы. Жергиликтүү калктын тилин, салтын үйрөнүү да бир топ убакытты талап кыларын унутпай, чыдамдуу болгонубуз жана сөздөрдү туура айтууну үйрөткөнүбүз зарыл. Алар үйрөнүүнү абдан каалашат!

20. Толук убакыт кызмат кылгандарга жана алардын ата-энелерине кантип колдоо көрсөтсөк болот?

20 Толук убакыт кызмат кылгандардын өздөрү да, ата-энелери да убакыттын өтүшү менен карышат. Эгер ата-энелери Жахабанын Күбөсү болсо, алар балдарынын ошол кызматын токтотпой, андан ары да аркалай беришин каалаары шексиз (3 Жкн. 4). Албетте, толук убактагы кызматчылар ата-энесине колунан келишинче кам көрүп, мүмкүн болсо, бат-баттан барып турганга аракет кылышат. Ошентсе да үйүндөгү башка бир туугандары карыган ата-энесине кол кабыш кылып турса, бул толук убакыт кызмат кылгандар үчүн жардам болот. Алардын дүйнөдөгү эң маанилүү ишти колдоодо чоң жоопкерчиликтерди аткарып жатышканын унутпаганыбыз абзел (Мт. 28:19, 20). Эгер зарыл болуп калса, силер да толук убактагы кызматчылардын ата-энесине көмөктөшө аласыңарбы?

21. Толук убакыт кызмат кылгандар башкалардын жардамына, бекемдегенине кандай карашат?

21 Толук убакыт кызмат кылгандар акча таап, баюуну эмес, Жахабага жана башкаларга берүүнү көздөшөт. Алар силердин ар бир жардамыңарды жогору баалашат. Башка өлкөдө кызмат кылган бир эже: «Атүгүл ыраазычылык билдирген сөздөр башкалардын сен жөнүндө ойлонорун, кылган иштериңе кубанып жатышканын көрсөтүп турат» — деп, көптөрдүн сезимдерин чагылдырат.

22. Толук убактагы кызмат жөнүндө кандай ойдосуңар?

22 Жахабага толук убакыт кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол. Ал жолду тандагандар кээде кыйынчылыктарга кабылса да, көп нерсеге үйрөнүп, жашоодон канааттануу алышат. Ошондой эле алар Кудайдын Падышалыгы бийлик кыла турган убакта башка ишенимдештери менен бирге Жахабага түбөлүккө кубанычтуу кызмат кылууга жакшы даярданган болушат. Келгиле, баарыбыз алардын «ишеним менен кылып жаткан иштерин», «сүйүү менен кылып жаткан эмгегин» ар дайым эстей жүрөлү (1 Тес. 1:3).