Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айтылгандардын маанисин түшүнүп жатасыңбы?

Айтылгандардын маанисин түшүнүп жатасыңбы?

«Шакирттери Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачты» (ЛК. 24:45).

1, 2. Иса Машаяк тирилген күнү шакирттерин кантип кайраттандырган?

ИСА МАШАЯК тирилген күнү анын эки шакирти Иерусалимден 11 чакырымдай алыстыкта жайгашкан айылга жол тартып баратышкан эле. Алар Мырзасынын тирилгенин билбегендиктен анын өлгөнүнө кайгырып жатышкан болчу. Күтүлбөгөн жерден Иса пайда болуп, аларга катарлаш басат. Анан «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп», көңүлү чөгүп турган эки шакиртин жубатат (Лк. 24:13—15, 27). Ал «Ыйык Жазманы түшүндүрүп» берип жатканда, алардын жүрөгү күйүп-жанат (Лк. 24:32).

2 Шакирттер ошол эле кечте Иерусалимге кайтып барып, элчилерди табышат да, болгон окуяны айтып беришет. Чогулгандар сүйлөшүп жатканда, күтүүсүздөн Иса пайда болот. Ошондо элчилер катуу коркуп кетишет жана анын Иса экенине шектенишет. Мырзасы аларды кантип кайраттандырган? «Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачкан» (Лк. 24:45).

3. Эмнеден улам көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн жана тең салмактуу көз карашта болууга эмне жардам берет?

3 Ошол шакирттер сыяктуу эле, биздин да көңүлүбүз чөккөн учурларыбыз болот. Буга Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенсек да, натыйжасы жакшы болбой жаткандай көрүнгөнү себеп болушу мүмкүн (1 Кор. 15:58). Же биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин ийгилик кылбай жатканы, атүгүл айрымдарынын Жахабадан баш тартып кеткени себеп болушу ыктымал. Ошондой учурларда канткенде кызматыбызга карата тең салмактуу көз карашта боло алабыз? Бул жагынан Иса пайгамбардын мисалдарынын маанисин толук түшүнгөнүбүз жардам берет. Анда эмесе, ал мисалдардын үчөөнө токтолуп, алардан эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

ТҮНКҮСҮН УКТАГАН СЕБҮҮЧҮ

4. Түнкүсүн уктаган себүүчү жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

4 Оку: Марк 4:26—29. Түнкүсүн уктаган себүүчү жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? Мисалдагы киши Падышалыктын жарчысын билдирет. Ал эми үрөн жүрөгү таза адамдарга жарыяланып жаткан Падышалык жөнүндөгү кабарды билдирет. Себүүчү «түнкүсүн уктайт, күндүзү турат», башкача айтканда, адаттагы күнүмдүк турмушу өтө берет. Үрөндүн өсүшү белгилүү бир убакытты, себилгенинен тартып оруп-жыюуга чейинки мезгилди, камтыйт. Ошол убакыт аралыгында үрөн акырындык менен «өнүп-өсө берет». Анын сыңарындай, Ыйык Китепти изилдеген киши да рухий жактан акырындык менен өсөт. Акыр-аягы ал Кудайга кызмат кылууга түрткү алганда жемиш берет, тактап айтканда, өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлөт.

5. Иса түнкүсүн уктаган себүүчү жөнүндөгү мисалды эмне үчүн айткан?

5 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан? Ал «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондордун» жүрөгүнө себилген чындыктын үрөнүн Жахаба өзү өстүрөрүн түшүнүшүбүздү каалаган (Элч. 13:48; 1 Кор. 3:7). Биз үрөндү себебиз, сугарабыз, бирок анын өсүшүн көзөмөлдөп, тездете албайбыз, ошондой эле аны күчкө салып өстүрө албайбыз. Мисалдагы кишидей эле, биз анын кантип өсүп жатканын билбейбиз. Көп учурда Падышалыктын үрөнү, күнүмдүк иштерибиз менен алек болуп жүргөндө, билинбей эле өсө берет жана убакыттын өтүшү менен жемиш берет. Анан жаңы жарчы биз менен чогуу оруп-жыюу ишине катышып, көмөк көрсөтө баштайт (Жкн. 4:36—38).

6. Адамдын рухий жактан өсүшүнө байланыштуу эмнени түшүнүшүбүз зарыл?

6 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Биринчиден, Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин рухий жактан өсүшүн көзөмөлдөй албай турганыбызды түшүнүшүбүз зарыл. Момун болсок, аны чөмүлүүгө мажбурлап, кысым көрсөтпөйбүз. Ага колдоо көрсөтүп, колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз, бирок Кудайга арналууну чечүүнү өзүнө коёбуз. Адам Жахабага аны чын жүрөктөн сүйгөндүктөн арналышы керек. Ошондо гана анын арналуусу Жахабанын көз алдында туура болот (Заб. 51:12; 54:6; 110:3).

7, 8. а) Түнкүсүн уктаган себүүчү жөнүндөгү мисалдан дагы эмнелерге үйрөнө алабыз? Мисал келтир. б) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

7 Экинчиден, бул мисалдын маанисин түшүнүү бизге кылган эмгегибиздин натыйжасы алгач көрүнбөй жатканда көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө жардам берет. Андайда чыдамдуу болгонубуз маанилүү (Жкп. 5:7, 8). Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге жардам берүү үчүн бүт күч-аракетибизди жумшаганыбызга карабай, анын жүрөгүнө себилген үрөн жемиш бербей жатса, бул биздин ишенимсиз экенибизди билдирбейт. Жахаба өзгөрүүгө даяр, момун кишилердин жүрөгүндөгү үрөндү гана өстүрөт (Мт. 13:23). Андыктан кызматыбыздын натыйжалуулугун анын жыйынтыгына жараша баалабашыбыз керек. Башкалар айткан кабарыбызды кандай кабыл албасын, Жахаба ишенимдүүлүк менен кылган кызматыбызды жогору баалайт. (Оку: Лука 10:17—20; 1 Корунттуктар 3:8.)

8 Үчүнчүдөн, биз адамдын жүрөгү кандайча өзгөрүп жатканын дайыма эле байкай бербейбиз. Мисалы, миссионер менен Ыйык Китепти изилдеген түгөйлөр бир жолу ага чөмүлө элек жарчы болгусу келерин билдиришкен. Миссионер аларга ан үчүн адегенде тамеки чеккенин токтотушу керектигин айткан. Жубайлар тамекисин таштаганына бир нече ай болуп калганын айтышканда, ишенимдешибиз аябай таң калган. Аларга эмне түрткү берген? Алар тамеки чегишкенин Жахаба көрүп турарын жана анын эки жүздүүлүктү жек көрөрүн түшүнүшкөн. Ошондуктан тамеки тартышканын миссионерден жашырбашы же биротоло токтотушу керек болчу. Жахабага болгон сүйүүсү өскөндүктөн, жубайлар туура чечим чыгарышкан. Ооба, миссионер байкабаса да, алар рухий жактан өсө беришкен.

БАЛЫК КАРМАГАН ТОР

9. Балык кармаган тор жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

9 Оку: Матай 13:47—50. Балык кармаган тор жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? Иса Падышалык жөнүндөгү кабардын бүткүл адамзатка жарыяланышын чоң тордун деңизге салынганына салыштырган. Торго «ар кандай балык» түшкөн сыңары, биз айткан кабарга миллиондогон ар түрдүү кишилер кулак кагууда (Ыш. 60:5). Буга жыл сайын жыйындарыбызга жана Эскерүү кечесине келген көп сандаган кишилер далил боло алат. Алардын айрымдары каймана мааниде «жакшы» балыктар болгондуктан Кудайдын элинин жыйналышына кошулат. Ал эми башкалары «жараксыз» балыктар болушат. Жакшы кабарга кызыккандардын баары эле Жахабага жаккан адам боло бербейт.

Матай 13:47—50-аяттарда жазылгандарды окуп,..

10. Иса тор жөнүндөгү мисалды эмне үчүн айткан?

10 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан? Балыктардын жакшы же жаман болуп бөлүнүшү улуу алааматта боло турган акыркы сот убагына тиешелүү эмес. Ал «дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде» эмнелер болорунан кабар берет. Бул мисал менен Иса чындыкка кызыккандардын баары эле Жахаба тарапты ээлей бербей турганын көрсөткөн. Чынында эле, көптөр жолугушууларыбызга келсе да же биз менен Ыйык Китепти изилдесе да, өздөрүн Кудайга арнагысы келишпейт (1 Пад. 18:21). Башкалары болсо жыйналыш менен болгон байланышын үзүп коюшат. Айрым жаштар чындык жолунда чоңойсо да, Жахабанын нормаларына карата сүйүү өрчүтүшпөйт. Кандай болбосун, Иса Жахабага кызмат кылар-кылбасын ар бир адам өзү чечиши керектигин баса белгилеген. Туура чечим чыгаргандарды Кудай «бардык элдердин асыл заттары» деп эсептейт (Акай 2:7).

...алардын учурда кантип аткарылып жатканы жөнүндө ой жүгүрт

11, 12. а) Тор жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

11 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Эгер мисалдын маанисин түшүнсөк, биз менен Ыйык Китепти изилдеген киши же балдарыбыздын бири Жахабага кызмат кылгысы келбесе, көңүл чөгөттүккө алдырып, өтө эле кайгыра бербейбиз. Анткени алар, биздин жумшаган аракетибизге карабай, ийгилик кылбашы мүмкүн. Кимдир бирөөнүн Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгону же чындык жолунда чоңойгону сөзсүз түрдө эле анын Жахаба менен ынак мамиле өрчүтөрүн билдирбейт. Жахабанын бийлигине баш ийгиси келбегендер акыр-аягы анын элинен бөлүнүп калат.

Чындыкка кызыккандардын айрымдары Жахаба тарапты ээлешет (9—12-абзацтарды кара)

12 Бул чындыктан кетип калгандардын кайра эч качан жыйналышка кайтып келе албай турганын билдиреби? Же кимдир бирөө өмүрүн Жахабага арнай элек болсо, түбөлүккө «жараксыз» балык болуп эсептелип калабы? Жок. Улуу алаамат башталганга чейин, алардын туура чечим чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Жахаба андай кишилерге: «Мага кайрылып келгиле, ошондо мен да силерге кайрылам»,— деп жатат (Мал. 3:7). Бул ой Иса Машаяктын адашкан уул жөнүндөгү мисалында баса белгиленет. (Оку: Лука 15:11—32.)

АДАШКАН УУЛ

13. Адашкан уул жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

13 Адашкан уул жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? Мисалдагы боорукер ата асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабаны билдирет. Ал эми атасынан энчисин сурап алып, аны чачып жок кылган уул жыйналыштан кетип калгандарды билдирет. Алар «алыскы бир өлкөгө», тагыраак айтканда, Жахабадан алыстаган Шайтандын дүйнөсүнө кетип калышат (Эф. 4:18; Кол. 1:21). Анткен менен айрымдары «акылына келип», кайра Жахабанын уюмун көздөй оор жолду басып өтүшөт. Күнөөсү үчүн өкүнгөн момун кишилерди кечиримдүү Атабыз кучак жайып тосуп алат (Ыш. 44:22; 1 Пет. 2:25).

14. Иса адашкан уул жөнүндөгү мисалды эмне үчүн айткан?

14 Иса бул мисалды эмне үчүн айткан? Ал Жахабанын түз жолдон адашкандардын кайра кайрылып келишин абдан каалаарын эң сонун сүрөттөгөн. Мисалдагы ата уулунун кайрылып келеринен такыр үмүтүн үзгөн эмес. Ал уулунун караанын «алыстан эле көрөрү» менен алдынан тосуп чуркап чыккан. Бул мисал чындыктан кетип калгандарга Жахабага тезирээк кайтып келүүгө түрткү берет. Албетте, алар рухий жактан алсырап калышы, башкалардан уялып, оңтойсузданышы жана жыйналышка кайтып келүүнү басып өткүс жолдой көрүшү мүмкүн. Бирок алардын жумшаган аракетинин акыбети сөзсүз кайтат. Алар кайтып келгенде, асманда чоң кубаныч болот (Лк. 15:7).

15, 16. а) Адашкан уул жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Мисал келтир. б) Бул мисалдан Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндө эмнени билдиң?

15 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Биз мээримдүү Кудайыбыз Жахабадан үлгү алышыбыз керек. Күнөөсү үчүн өкүнүп, жыйналышка кайтып келгендерге салкын мамиле кылып, «өтө адилсингибиз» келбейт. Андай кылганыбыз Жахаба менен болгон мамилебизге «зыян келтирет» (Нас. 7:16). Адашкан уул жөнүндөгү мисалдан дагы бир нерсеге үйрөнө алабыз. Жыйналышты таштап кеткендерди кайра кайтып келиши мүмкүн болгон «жоголгон койлор» катары көрүшүбүз керек (Заб. 119:176). Эгер Жахабадан алыстап кеткен бирөөнү жолуктуруп калсак, ага кайтып келишине көмөк көрсөтөбүзбү? Тийиштүү жардам берилиши үчүн, ал тууралуу тезинен аксакалдарга билдиребизби? Адашкан уул жөнүндөгү мисалдын маанисин чындап түшүнсөк, сөзсүз ошентебиз.

16 Уюмдан алыстап кеткендердин айрымдарынын Жахабанын ырайымы менен сүйүүсүнө жана жыйналыштын колдоосуна канчалык ыраазы болушканын карап көрөлү. Жыйналыштан чыгарылып, кайра 25 жылдан кийин кабыл алынган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жыйналышка кабыл алынгандан бери „Жахабадан жандандыра турган убак“ келгендей, кубанычым барган сайын артууда (Элч. 3:19). Бир туугандардын ар бири мени колдоп, сүйүү менен мамиле кылат! Азыр аябай сонун рухий үй-бүлөм бар». Жахабадан алыстап кетип, кайра 5 жылдан кийин кайтып келген жаш бир тууганыбыз: «Ишенимдештерим мени чындап сүйөрүн көрсөтүшкөндө, кандай сезимде болгонумду сөз менен айтып жеткире албайм. Жахабанын уюмунун мүчөсү болуу — баа жеткис сыймык!» — деп ой бөлүшөт.

17, 18. а) Бул макалада талкууланган үч мисалдан эмнелерге үйрөндүк? б) Эмне кылууга умтула беришибиз керек?

17 Бул макалада талкууланган үч мисалдан эмнелерге үйрөндүк? Биринчиден, кимдир бирөөнүн рухий жактан өсүшүн көзөмөлдөй албай турганыбызды түшүнүшүбүз зарыл. Аны Жахаба гана көзөмөлдөй алат. Экинчиден, жыйналышка келип жүргөндөрдүн же биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин баары чындык жолуна түшөт деп күтүп албашыбыз керек. Үчүнчүдөн, кимдир бирөө Жахабадан алыстап кетсе, анын кайра кайтып келеринен эч качан үмүт үзбөгөнүбүз оң. Ошондой эле кайтып келгендерди, Жахабадай болуп, жылуу тосуп алганыбыз маанилүү.

18 Келгиле, ар бирибиз билимге, түшүнүккө жана акылмандыкка ээ болууга умтула берели. Иса Машаяктын мисалдарын окуганда алардын мааниси, Ыйык Китепке эмне үчүн жазылып калганы, аларда камтылган ойлорду кантип колдонсок болору жана ал мисалдардан Жахаба менен Иса жөнүндө эмнелерди биле аларыбыз тууралуу ой жүгүртөлү. Ошентсек, Машаяктын сөздөрүнүн маанисин түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз.