Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнүн акыры келгенде, биримдүү бололу

Дүйнөнүн акыры келгенде, биримдүү бололу

«Биз бир дененин мүчөлөрүбүз» (ЭФ. 4:25).

1, 2. Кудай өзүнө кызмат кылган жаштардын да, карылардын да эмне кылышын каалайт?

СЕН Жахабанын жаш кызматчысысыңбы? Ошондой болсо, анын дүйнө жүзүндөгү жыйналышынын баалуу мүчөсү экениңе эч шектенбе. Көптөгөн өлкөлөрдө чөмүлгөндөрдүн басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Миңдеген жаштардын Жахабанын кызматчыларынын катарына кошулуп жатканын көрүү бизди абдан бекемдейт.

2 Жаш бир тууган катары сага теңтуштарың менен чогуу убакыт өткөргөн жагат болуш керек. Ырас, баарыбызга эле өзүбүздүн курагыбыздагылар менен чогулуп, көңүл ачуу кубаныч тартуулайт. Бирок Жахаба биздин курагыбызга же чоңоюп-өскөн чөйрөбүзгө карап бөлүнбөй, ага биримдикте сыйынышыбызды каалайт. Элчи Пабыл Кудайдын «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаарын» жазган (1 Тим. 2:3, 4). Аян 7:9да Кудайга «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдардын сыйынары айтылган.

3, 4. а) Бүгүнкү күндөгү жаштардын көбү кандай көз карашта? б) Канткенде Эфестиктер 4:25ке ылайык иш кылган болобуз?

3 Жахабанын жаш кызматчылары бул дүйнөдөгү жаштардан кандай гана айырмаланат. Жахабага кызмат кылбаган көптөгөн жаштар керт башынын гана кызыкчылыгын көздөшөт. Айрым изилдөөчүлөр аларды «өзүмчүл муун» деп атап коюшкан. Алар кийген кийими, сүйлөгөн сөзү менен улууларды сыйлабай турганын көрсөтүшөт. Ошондой эле аларды «замандан артта калгандай» көрүшөт.

4 Ушундай көз караш кеңири кулач жайгандыктан, Жахабанын жаш кызматчылары андан качууга жана Жахабаныкындай көз карашта болууга көп күч-аракет жумшашы керек. Атүгүл 1-кылымда эле элчи Пабыл ишенимдештерин «бир кезде» алар чагылдырган жана «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рухтан» качууга үндөгөн. (Оку: Эфестиктер 2:1—3.) Мунун маанилүүлүгүн жана ишенимдештери менен биримдикте болуу керектигин түшүнгөн жаштар мактоого татыктуу. Ошентүү менен алар Пабылдын: «Биз бир дененин мүчөлөрүбүз»,— деп айткан сөздөрүнө да ылайык иш кылган болушат (Эф. 4:25). Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, биримдүү болгонубуз ого бетер маанилүү боло берет. Келгиле, азыр Ыйык Китептен эмне үчүн дайыма чогуу, биримдикте болушубуз керектигин түшүнүүгө жардам берген айрым билдирүүлөрдү карап көрөлү.

АЛАР ЧОГУУ БОЛУШКАН

5, 6. Лот менен анын кыздарынан эмнеге үйрөнүүгө болот?

5 Байыркы убактарда Жахаба оор учурларда бири-бирин жөлөп-таяп, биримдүү болгон кызматчыларын коргогон. Жаш курагыбызга карабай, баарыбыз Кудайдын ал кызматчыларынан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Адегенде Лот жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгалы.

6 Содом шаары кыйратыла тургандыктан, анда жашаган Лот менен анын үй-бүлөсү кооптуу жагдайга туш болушкан. Кудайдын периштелери: «Өз жаныңды сакта!» — деп, Лотту тоого качууга үндөгөн (Башт. 19:12—22). Лот менен эки кызы алардын сөзүнө кулак кагып, шаардан чыгып кетишкен. Бирок, өкүнүчтүүсү, башка туугандары эскертүүгө маани беришкен эмес. Болочок күйөө балдары Лотту «тамашалап жаткандай көрүп», ишенбей койгондуктан өмүрлөрүнөн айрылышкан (Башт. 19:14). Ошондой кыйын кезеңде чогуу болгондуктан Лот менен кыздары гана аман калышкан.

7. Ысрайылдыктар Мисирден чыгышканда биримдүү болгондуктан, Жахаба аларга кантип жардам берген?

7 Дагы бир окуяны карап көрөлү. Ысрайылдыктар Мисирден чыгышканда, өз-өзүнчө топторго бөлүнүп, ар кимиси ар тарапка бет албай, чогуу жол жүрүшкөн. Жахаба деңизди экиге бөлгөндө, Муса пайгамбар өзү жалгыз же бир нече эле ысрайылдык менен өткөн эмес. Ал жерден бүтүндөй эл өтүп, Жахабанын куткаруусун көргөн (Чыг. 14:21, 22, 29, 30). Алардын арасында «ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар» да болгон, бирок эч ким бөлүнүп-жарылган эмес (Чыг. 12:38). Айрымдардын, айталы, кээ бир жаштардын элден бөлүнүп алып, өздөрү туура көргөн жол менен жөнөшкөнүн элестетүү кыйын. Эгер алар ошондой кыла турган болсо, акылсыз экенин көрсөтүшмөк жана Жахаба аларды коргомок эмес (1 Кор. 10:1).

8. Жошапат падышанын күндөрүндө Кудайдын эли биримдүү экенин кантип көрсөткөн?

8 Жошапат падышанын күндөрүндө болсо Кудайдын элин каардуу душман, коңшу жайгашкан элдерден куралган «кара кол», басып алмакчы болот (2 Жылн. 20:1, 2). Белгилей кетчү нерсе, ошондо ысрайылдыктар душмандын мизин майтаруу үчүн өз күчүнө таянбай, Жахабага жардам сурап кайрылышкан. (Оку: 2 Жылнаама 20:3, 4.) Бирок алар Жахабага ар кимиси өзү туура көргөндөй кайрылышкан эмес. Ыйык Китепте: «Бүт жүйүттөр аялдары, уулдары, атүгүл кичинекей балдары менен кошо Жахабанын алдында турушту»,— деп айтылат (2 Жылн. 20:13). Алар жаш-кары дебей, чогуу Жахабанын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылгандыктан, душмандардын колунан куткарылышкан (2 Жылн. 20:20—27). Кудайдын ал кызматчылары бизге сыноо учурунда бирге болуу жагынан кандай сонун үлгү көрсөтүшкөн!

9. Машаяктын алгачкы жолдоочуларынан эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Машаяктын алгачкы жолдоочулары да Жахабага биримдикте сыйынышкан. Алсак, көптөгөн жүйүттөр менен башка улуттагылар Машаяктын жолун жолдой баштаганда, «алар элчилердин насааттарын түшүнүүгө, бардык нерсесин бири-бири менен бөлүшүүгө, чогуу тамактанууга жана тиленүүгө дайыма ынтызар» болушкан (Элч. 2:42). Алардын биримдиги, өзгөчө, куугунтук учурунда, бири-биринин жардамына муктаж болуп турганда, айкын көрүнгөн (Элч. 4:23, 24). Куугунтукка туш болгондо биздин да бири-бирибизди жөлөп-таяп, ынтымактуу болгонубуз маанилүү.

ЖАХАБАНЫН КҮНҮ ЖАКЫНДАГАН САЙЫН, БИРИМДҮҮ БОЛОЛУ

10. Кудайдын элинин биримдүү болгону качан аябагандай маанилүү болот?

10 Жакында адамзат тарыхындагы эң оор мезгил болот. Жоел пайгамбар аны «караңгылык менен түн каптай турган» убак катары сүрөттөгөн (Жоел 2:1, 2; Сеп. 1:14). Ошондо Кудайдын элинин биримдүү болгону аябагандай маанилүү болот. Андыктан Иса Машаяктын: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт»,— деп айтканын эсибизден чыгарбайлы (Мт. 12:25).

11. Забур 122:3, 4кө ылайык, Кудайдын элинин биримдигин эмнеге салыштырууга болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Бул дүйнөнүн акыры келгенде, биримдигибиз аба менен суудай зарыл болот. Рухий жактан биримдүү болгонубузду байыркы Иерусалимдеги үйлөрдүн жанаша курулганына салыштырууга болот. Алар бири-бирине ушунчалык жакын салынгандыктан, забурчу Иерусалимдин «бир бүтүн шаардай курулганын» айткан. Үйлөрдүн жакын жайгашканы тургундардын бири-бирин коргоп, көмөктөшүп турушуна шарт түзгөн. Ошондой эле бул, сыягы, «Жахтын урууларынын» ага сыйынуу үчүн чогулгандагы биримдигин чагылдырып турган. (Оку: Забур 122:3, 4.) Анын сыңарындай, биз да бүгүнкү күндө жана жакында боло турган кыйын учурларда «бир бүтүн» бойдон калышыбыз керек.

12. Кудайдын элине кол салынганда аман калыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 «Бир бүтүн» болгонубуз эмне үчүн жакында абдан маанилүү болот? Жезекиел китебинин 38-бөлүмүндө «Магок жеринен чыккан Гоктун» Кудайдын элине кол саларына байланыштуу пайгамбарлык айтылган. Ал убакта кайсы бир себептерден улам бөлүнүп-жарылганыбыз аябай эле орунсуз болуп калмак. Ошондой эле Шайтандын дүйнөсүнө жардам сурап кайрылганыбыз кандай гана чоң жаңылыштык болмок. Анткендин ордуна, биз ишенимдештерибиз менен жакын болгубуз келет. Албетте, алар менен чогуу болсок эле куткарылып калбайбыз. Ар бирибиз Жахабага таянып, ага баш ийишибиз керек. Ошондо Жахаба менен анын Уулу бизди аман алып калат (Жоел 2:32; Мт. 28:20). Бирок Кудайдын эли менен чогуу болгонубуз да маанилүү. Себеби өзү туура көргөн жол менен жүргөндөрдү Жахаба куткарбайт (Мик. 2:12).

13. Жахабанын жаш кызматчылары буга чейин талкуулангандардан эмнеге үйрөнө алышат?

13 Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, жаштардын башка ишенимдештеринен бөлүнүп, өздөрүнчө топторду түзүп алганы акылдуулукка жатпайт. Жашпызбы же карыбызбы, жакында бири-бирибиздин колдообузга аябай муктаж болгон учур келет. Андыктан азыртадан бири-бирибиз менен кызматташып, ынтымактуу болгонго үйрөнө беришибиз керек. Бул жакында өмүрүбүз үчүн маанилүү болот!

«БИР ДЕНЕНИН МҮЧӨЛӨРҮ»

14, 15. а) Жахаба баарыбызды биримдүү болууга эмне себептен үйрөтүүдө? б) Биримдүү болушубуз үчүн Жахаба бизге кандай кеңеш берет?

14 Жахаба бизге ишенимдештерибиз менен «ийиндеш туруп кызмат кылууга» жардам берип келет (Сеп. 3:8, 9). Ал бизди өзүнүн ой-ниетине ылайык иш кылууга үйрөтүүдө. Анын ой-ниетине «баарын кайрадан Машаяктын башчылыгы астында бириктирүү» да кирет. (Оку: Эфестиктер 1:9, 10.) Ооба, ал асмандагы жана жердеги бардык жаратууларынын ага бир үй-бүлөдөй сыйынышын каалайт жана анын ой-ниети сөзсүз ишке ашат. Жаштар, силер да Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп, анын уюму менен биримдикте болууну каалайсыңарбы?

15 Түбөлүккө ынтымакта жашашыбыз үчүн, Жахаба бизди азыртадан биримдүү болууга үйрөтүүдө. Ал кайра-кайра өзүнүн Сөзү аркылуу бири-бирибизге «кам көрүүгө», «бир туугандык сүйүү» көрсөтүүгө, бири-бирибизди «жубатууга», «бекемдөөгө» чакырып жатат (1 Кор. 12:25; Рим. 12:10; 1 Тес. 4:18; 5:11). Жеткилең эмес болгондуктан бизге биримдүү болуу кээде кыйынга турарын Жахаба жакшы билет. Ошондуктан ал бири-бирибизди «айкөлдүк менен кечирүүгө» үндөйт (Эф. 4:32).

16, 17. а) Жыйналыш жолугушууларынын максаттарынын бири кайсы? б) Жаштар Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алышат?

16 Жахаба жыйналыш жолугушуулары аркылуу да биримдүү болушубузга жардам берет. Еврейлер 10:24, 25теги сөздөр баарыбызга эле жакшы маалым. Ал аяттарга ылайык, жыйналыш жолугушууларынын максаттарынын бири — «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлүү». Эске аларлык нерсе, жыйналыш жолугушуулары бизге Кудайдын күнүнүн «жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдөөгө» да өбөлгө түзөт.

17 Иса Машаяк жаш кезинен эле Кудайдын эли менен бирге чогулганды жакшы көргөн. Бул жагынан ал сонун үлгү калтырган. 12 жашында ал ата-энеси менен Кудайдын элинин чоң жыйынына барган. Жыйындан кийин аны ата-энеси таппай калган. Ал башка жаштар менен көңүл ачыш үчүн кетип калды беле? Жок. Жусуп менен Мариям аны ибадатканада окутуучулар менен Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп жаткан жеринен табышкан (Лк. 2:45—47).

18. Тиленүү биримдигибизди кандайча чыңдайт?

18 Биримдигибиз чыңалышы үчүн, ишенимдештерибизге карата сүйүү өрчүтүп, жыйналыш жолугушууларына катышкандан сырткары, бири-бирибиз үчүн тиленишибиз керек. Бир туугандарыбыз үчүн тиленгенибиз бизге аларды көбүрөөк ойлоого түрткү берет. Бул чоңдор эле кыла ала турган же кылышы керек болгон нерсе эмес. Жаштар, силер да ишенимдештериңер менен ынак мамиледе болуу үчүн алар жөнүндө тиленип жатасыңарбы? Улуу алааматтан аман калыш үчүн бул дүйнө менен эмес, бир туугандарыбыз менен ынак болушубуз керек.

Ишенимдештерибиз үчүн баарыбыз тилене алабыз (18-абзацты кара)

«БИРИ-БИРИБИЗГЕ ТААНДЫК МҮЧӨЛӨР» ЭКЕНИБИЗ КӨРҮНҮП ТУРСУН

19—21. а) «Бири-бирибизге таандык мүчөлөр» экенибиз эмнеден айкын көрүнүүдө? Мисал келтир. б) Бир туугандардын табигый кырсык болгондо бири-бирине жардам бергенинен эмнеге үйрөндүң?

19 Биздин «бири-бирибизге таандык мүчөлөр» экенибиз азыртадан эле айкын көрүнүүдө (Рим. 12:5). Буга табигый кырсыктар болгон жерлердеги окуялар мисал боло алат. 2011-жылы декабрда Филиппиндин Минданао аралында тропиктик бороон-чапкындын айынан катуу суу ташкыны болгон. Бир түндүн ичинде эле 40 000ден ашуун үйдү, анын ичинде көптөгөн бир туугандарыбыздын үйлөрүн суу каптап кеткен. Бирок филиалдын билдирүүсүнө ылайык, «жабыр тарткан бир туугандарга башка аймактагы ишенимдештерибиз атүгүл жардам берүү комитеттеринен мурда көмөк көрсөтүшкөн».

20 Жапониянын чыгышындагы катуу жер титирөөдөн жана анын натыйжасында болгон цунамиден көптөгөн бир туугандар зыян тартышкан. Айрым ишенимдештерибиз бүт мүлкүнөн кол жуушкан. Ошол кырсыктан улам үйсүз калган Ёшико Падышалык залынан 40 чакырымдай алыстыкта жашачу. Ал: «Жер титирөөдөн кийинки күнү эле райондук көзөмөлчү менен дагы бир ишенимдешибиздин бизди издеп келгенин угуп, таң калдык»,— деп айткан. Анан жылуу жылмайып, рухий муктаждыктарына жыйналыш аркылуу толугу менен кам көрүлгөнүнө чексиз ыраазы болушканын, ошондой эле бир туугандардын аларды кийим-кече жана башка нерселер менен камсыз кылышканын кошумчалаган. Жардам берүү комитетинин бир мүчөсү мындай деген: «Бүтүндөй Жапониядагы бир туугандар бири-бирине көмөк көрсөтүп, бир кишидей иш кылышты. Жадагалса Кошмо Штаттардан бери жардамчылар келип жатышты. Алардан эмне үчүн ошончолук узак жол жүрүп келишкенин сураганда: „Биз Жапониядагы бир туугандарыбыз менен биримдиктебиз, алар жардамга муктаж болуп жатышат“,— деп жооп беришти». Бири-бирине ушунчалык күйүмдүү адамдардан турган уюмдун мүчөсү болгонуңа сыймыктанасыңбы? Жахабанын мындай биримдикти көрүп, абдан сүйүнөрү шексиз.

21 Азыртадан ынтымактуу болгонубуз келечекте кыйынчылыктарга кабылганда чогуу болууга өбөлгө түзөт. Ошол убакта дүйнөнүн башка жагындагы бир туугандарыбыз менен байланыш үзүлүп калган күндө да, жергиликтүү бир туугандар менен биримдигибизди сактай алабыз. Тайфундан аман калган жапониялык Фюмико: «Дүйнөнүн аягына аябай эле аз калды. Табигый кырсыктар болбой турган заманды күтүү менен бирге биз ишенимдештерибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек»,— деп айтат.

22. Биримдүү болгонубуз келечекте бизге кандайча жардам берет?

22 Биримдикте болууга умтулуп жаткан жаштар да, карылар да бөлүнүп-жарылган бул дүйнөнүн акырында аман калууга даярданып жатышат. Байыркы убактагыдай эле Жахаба өз элин куткарат (Ыш. 52:9, 10). Эгер анын эли менен биримдикте болууга аракет кылып жатсаң, сен да куткарылгандардын арасында болосуң. Кийинки макалада ээ болгон нерселерибизге эмне үчүн ыраазы болушубуз керектиги талкууланат.