Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба чын жүрөктөн бергендерге батасын төгөт

Жахаба чын жүрөктөн бергендерге батасын төгөт

ЖАРАТКАН КУДАЙ кадыр-баркыбызды сыйлап, ар бирибизге чечим чыгаруу эркиндигин берген. Эгер ошол эркиндигибизди таза сыйынуунун гүлдөп-өсүшүнө салым кошуу үчүн колдонсок, ошондой эле анын ысмы ыйыкталып, ой-ниети ишке ашышы үчүн, бүт күчүбүздү жумшасак, андан мол бата алабыз. Жахаба биздин ага корккондуктан же өзүбүздү милдеттүү сезгендиктен баш ийишибизди каалабайт. Ал биздин аны чын жүрөктөн сүйгөндүгүбүздөн жана абдан ыраазы болгонубуздан улам кызмат кылып жатканыбызды көрүп кубанат.

Алсак, ысрайылдыктар Синай чөлүндө жүргөндө, Жахаба аларга сыйына турган жай курушу керектигин айткан. Анан аларга: «Жахабага тартуу алып келгиле. Ким чын жүрөгүнөн кааласа, Жахабага тартуу алып келсин»,— деген (Чыг. 35:5). Ар бир ысрайылдык колунан келгенди алып келе алмак. Алар эмне алып келбесин жана анысы канча өлчөмдө болбосун, ар биринин тартуусу Кудайдын ой-ниетине ылайык колдонулмак. Ысрайылдыктар Жахабанын чакырыгына кандай жооп кайтарышкан?

«Жүрөгү түрткү бергендердин», «чын жүрөгүнөн каалагандардын баары» тартуу алып келишкен. Эркектер менен аялдардын баары Жахабанын иши үчүн өз каалоосу менен көкүрөккө таккыч, сөйкө, шакек, алтын, күмүш, жез, көк жип, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүн, жогорку сапаттагы зыгыр буласы, эчкинин жүнү, кызылга боёлгон кой териси, түлөндүн териси, акация жыгачы, майдын түрлөрү, бальзам сыяктуу баалуу нерселерин тартуу кылышкан. Натыйжада, «чогултулган тартуу бүт жумушка жете тургандай, атүгүл артып кала тургандай көп болгон» (Чыг. 35:21—24, 27—29; 36:7).

Бирок Жахабаны алынып келген буюм-тайымдардын өзү эмес, таза сыйынууну чын жүрөктөн колдогондордун даярдуулугу көбүрөөк кубандырган. Алар Кудайдын иши үчүн убактысы менен күчүн да аяшкан эмес. Ыйык Китепте «жөндөмдүү аялдардын баары... өз колдору менен жип ийришкени» айтылат. Ооба, «чын жүрөгүнөн каалаган жөндөмдүү аялдардын баары эчкинин жүнүнөн жип ийришкен». Андан тышкары, Жахаба Безелелди «акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ» кылып, «бардык ишке жөндөмдүү» кылган. Кудай аны менен Олиапка өздөрүнө тапшырылган иштерди аткарууга шык-жөндөм берген (Чыг. 35:25, 26, 30—35).

Жахаба ысрайыл элин тартуу кылууга чакырганда «чын жүрөгүнөн каалагандардын баарынын» таза сыйынууну колдой турганына толук ишенген. Анан аларга берешендиги үчүн батасын мол төккөн, башкача айтканда, аларды жетектеп, зор кубанычка ээ кылган. Муну менен ал кызматчыларынын чын дилден кылган аракетине батасын бергенде, анын эрки аткарылышы үчүн, каражат да, ишке жөндөмдүү адамдар да дайыма табыларын айкын кылган (Заб. 34:9). Эгер сен да Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылсаң, ал сөзсүз батасын берет.