Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал «жолду билчү»

Ал «жолду билчү»

ГАЙ ХОЛЛИС ПИРС, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү, 2014-жылы 18-мартта, шейшемби күнү, 79 жашында жердеги жашоосун аяктап, Машаяктын тирилген жолдоочуларына кошулду (Евр. 2:10—12; 1 Пет. 3:18).

Гай Пирс бир тууган 1934-жылы 6-ноябрда Калифорниянын (АКШ) Оберн шаарында төрөлгөн жана 1955-жылы чөмүлгөн. 1977-жылы Пенни деген бир тууганга үйлөнүп, сүйүктүү жубайы экөө алты баланы тарбиялап-чоңойтушкан. Үй-бүлөлүү киши катары ээ болгон тажрыйбасынан улам ал Кудайдын элине мээримдүү атадай болуп кам көрө алган. 1982-жылы жубайы Пенни экөө пионердик кызматты башташкан, ал эми 1986-жылдан тартып Кошмо Штаттарда 11 жыл бою кыдыруучулук кызматты аркалашкан.

1997-жылы Гай Пирс жубайы Пенни экөө Кошмо Штаттардагы Бейтелде кызмат кыла башташкан. Пирс бир тууган алгач кызмат бөлүмүнө, 1998-жылы болсо Жетектөөчү Кеңештин Кадрлар комитетине жардамчы болуп дайындалган. Гай бир туугандын Жетектөөчү Кеңешке мүчө болгону 1999-жылы 2-октябрда Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жылдык жолугушуусунда кулактандырылган. Акыркы жылдары ал Кадрлар комитетинде, Жазуу комитетинде, Басма комитетинде жана Координаторлор комитетинде кызмат кылган.

Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, тамашакөй Гай бир тууганга тек жайы, улуту ар кандай бир туугандар тартылып турар эле. Бирок баарынан да ал сүйүүсү, момундугу, адил мыйзам-принциптерге бек кармангандыгы жана Жахабага болгон бекем ишеними менен өзгөчөлөнүп турчу. Ал Жахабанын убадаларынын аткарылбай калышына караганда күндүн чыкпай калышы мүмкүн экенин көп айтчу жана ушул чындыкты бүт дүйнөгө жар салгысы келчү.

Пирс бир тууган Жахабага талыкпай кызмат кылчу. Ал таң заардан баштап түнгө чейин иштээр эле. Ошондой эле дүйнө жүзүн кыдырып, бир туугандарды бекемдечү, Бейтелдеги бир туугандарынан жана андан кеңеш же жардам сурагандардан да убактысын аячу эмес. Ишенимдештери анын меймандостугун, жылуу мамилесин жана Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин, көптөгөн жылдар өтсө да, эч качан унутушпайт.

Кымбаттуу бир тууганыбыздын жана досубуздун артында жубайы, алты баласы, неберелери жана чөбөрөлөрү калды. Анын көптөгөн рухий балдары үчүн да бул оор жоготуу болду. Гай Пирс бир тууганды эскерүүгө арналган баяндаманы 2014-жылдын 22-мартында, ишемби күнү, Бруклиндеги Бейтелде Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон айтты. Ал Пирс бир туугандын асманда жашоого болгон үмүтү жөнүндө сөз кылып, Иса Машаяктын: «Атамдын үйүндө орун көп... Барып, орун даярдаганымда кайра келем да, силер да менин жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем. Мен бараткан жакка алып барчу жолду силер билесиңер»,— деген сөздөрүн окуп берди (Жкн. 14:2—4).

Ооба, биз Гай бир тууганды аябай сагынабыз. Бирок анын түбөлүккө жашай турган үйүнө алып барчу «жолду билгенине» кубанабыз.