Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оюңду өзгөртүшүң керек эмеспи?

Оюңду өзгөртүшүң керек эмеспи?

БИР НЕЧЕ жаш ишенимдешибиз чогуу кино көрүп келүүнү чечишет. Алар көптөгөн классташтарынан ал кинонун аябай кызыктуу экенин угушкан болчу. Бирок кинотеатрга барып, афишадан курал-жарактардын, өтө эле ачык кийинген аялдын сүрөтүн көрүшөт. Алар эмне кылышат? Кино кандай болбосун, көрө беришеби?

Мындан көрүнүп тургандай, жашоодо көп чечим чыгарууга туура келет. Алар рухийлигибизге жана Жахаба менен болгон мамилебизге же жакшы, же жаман таасир этиши мүмкүн. Кээде бир нерсе кылууну ниет кылып, бирок жагдайды таразалап көргөндөн кийин оюбузду өзгөртүшүбүз ыктымал. Мындай кылганыбыз туура эле болобу же чечкинсиздикти билдиреби?

Кандай учурларда оюңду өзгөрткөнүң туура эмес?

Жахабаны сүйгөндүктөн биз ага арналып, чөмүлгөнбүз. Ар бирибиз ага ишенимдүү бойдон калууну чын жүрөктөн каалайбыз. Бирок душманыбыз Шайтан Ибилис берилгендигибизден тайдырууну көздөйт (Аян 12:17). Биз Жахабага кызмат кылууну, анын осуяттарын аткарууну чечкенбиз. Ал оюбузду өзгөрткөнүбүз туура эмес болуп калат. Себеби ошентсек, өмүрүбүздөн айрылып калабыз.

Мындан 26 кылымдан ашуун убакыт мурун Бабылдын падышасы Небухаданасар абдан чоң алтын айкел орнотуп, баарына ага табынууну буйруган. Ал буйрукка баш ийбегендер алоолонуп күйүп турган мешке ыргытылмак. Жахабанын үч ишенимдүү кызматчысы Шадрах, Мешах жана Абетнего айкелдин алдында тизе бүгүшкөн эмес. Ошон үчүн мешке ыргытылышкан. Бактыга жараша, Жахаба аларды керемет жолу менен сактап калган. Алар Жахабадан баш тарткандан көрө өмүрүнөн айрылууга даяр болушкан (Дан. 3:1—27).

Кийинчерээк Даниел пайгамбар да оор сыноого туш болгон. Ал арстандар жаткан орго ыргытыларына карабай, адатынча күнүнө үч маал Жахабадан тилене берген. Даниел пайгамбар чыныгы Кудайга сыйынууга болгон чечкиндүүлүгүнөн жазган эмес. Ошондуктан Жахаба аны «арстандардын чеңгелинен сактап калган» (Дан. 6:1—27).

Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да арналуусуна ылайык жашап жатышат. Африкадагы бир мектепте окуган бир нече Жахабанын Күбөсү улуттук символго таазим кылуудан баш тартышкан. Ошондо аларды, башкалар менен бирге таазим кылышпаса, мектептен чыгарылышарын айтып коркутушкан. Көп өтпөй ал шаарчага билим берүү министри келип, жаш ишенимдештерибиздин айрымдары менен сүйлөшкөн. Бир туугандар сылыктык менен, ошол эле учурда тайманбай өздөрүнүн көз карашын түшүндүрүп беришкен. Ошондон кийин ал маселе кайра көтөрүлгөн эмес. Азыр ал жаш бир туугандарыбызга мектептегилер Жахаба менен болгон мамилесин бузууга кысым көрсөтүшпөйт.

Жубайы рак болуп ооруп, бат эле каза болуп калган Жозефтин мисалына токтолсок. Жозефтин туугандары анын сөөк коюуга байланыштуу көз карашын сыйлап, ага түшүнүү менен мамиле кылышкан. Бирок аялынын туугандары Жахабанын Күбөлөрү болбогондуктан, сөөк узатууга байланыштуу ар кандай ырым-жырымдарды, анын ичинде Кудайга жакпагандарын да кылууну каалашкан. Жозеф мындай дейт: «Мен чечимиме бек кармангандыктан, кайын журтум балдарыма кысым көрсөттү, бирок алар да бекем болушту. Кайын журтум үйүмдө түнкүсүн өткөрүлүүчү кааданы да аткарабыз деп чыкты. Бирок мен аны өткөрүүнү аябай эле каалап жатышса, үйүмдөн башка жерде өткөрүшү керектигин айттым. Алар аялым экөөбүздүн андай ырым-жырымдарды кылбай турганыбызды мурда эле билишчү. Акыры, бир топ талкуулашкандан кийин ал кааданы башка жакта өткөрмөй болушту.

Кайгыга батырган ошол күндөрдө Жахабадан үй-бүлөмө анын мыйзамдарын бузбоого жардам беришин сурап жалбардым. Ал тиленгенимди угуп, баарыбызга кысымга алдырбай, бекем болууга жардам берди». Эгер Жозеф менен анын балдары берилгендигин сактабай, сыйынууга байланыштуу оюн өзгөртүшсө, туура эмес кылышмак.

Кандай учурларда оюңду өзгөртсөң болот?

Б.з. 32-жылы Пасах майрамынан көп өтпөй Иса Машаяк Сидон аймагында жүргөндө, Сириядагы Финикиядан бир аял келип, андан кызынын ичиндеги жинди кууп чыгышын кайра-кайра өтүнөт. Адегенде Иса ага эч нерсе деп жооп бербей, шакирттерине: «Мен баарына эмес, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна гана жиберилгем»,— деп айтат. Финикиялык аял болбой эле өтүнө бергендиктен, Иса ага: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген жакшы эмес»,— дейт. Аял ишеними бекем экенин көрсөтүп: «Ооба, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деп жооп берет. Ошондо Иса анын өтүнүчүн орундатып, кызын айыктырат (Мт. 15:21—28).

Ушундай кылуу менен ал жагдайга жараша оюн өзгөртө билген Жахабаны туураган. Алсак, ысрайылдыктар алтын музоо жасаганда, Жахаба аларды кырып салууну чечкен. Бирок Муса пайгамбар жалынып-жалбарганда, ал чечимин өзгөрткөн (Чыг. 32:7—14).

Элчи Пабыл да Жахаба менен Иса Машаяктай иш кылган. Ал биринчи миссионердик сапарында жүргөндө, Марк Барнаба экөөнү таштап кеткен болчу. Ошондон улам Пабыл аны экинчи ээрчиткиси келбей калган. Анткен менен кийинчерээк Марк, сыягы, маанайын өзгөртүп, Кудайга берилгендигин, ал тапшырган иштерди аткарууга дилгир экенин көрсөткөн. Ошондуктан Пабыл Тиметейге: «Өзүң менен кошо Маркты ала кел, анткени кызматта мага жардамы тиет»,— деп жазган (2 Тим. 4:11).

Биз да асмандагы ырайымдуу, чыдамдуу жана мээримдүү Атабыздан үлгү алып, зарыл учурда оюбузду өзгөртсөк болот. Мисалы, кээде башкалар жөнүндө оюбузду өзгөртө алабыз. Жахаба менен Иса Машаяктан айырмаланып, биз жеткилең эмеспиз. Эгер алар оюн өзгөртүүгө даяр болушса, анда биз башкаларды актаганга аракет кылып, көз карашыбызды өзгөртүүгө ого бетер даяр болушубуз керек эмеспи?!

Айрым учурларда рухий максаттарыбызга байланыштуу да оюбузду өзгөртсөк болот. Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыш жолугушууларына барып жүргөндөрдүн айрымдары чөмүлбөй жүрө бериши мүмкүн. Же кээ бир ага-инилер, жагдай-шарты жол берсе деле, пионердик кызматты баштабашы ыктымал. Башкалары болсо жыйналыштагы жоопкерчиликтерге умтулбай жүрө бериши мүмкүн (1 Тим. 3:1). Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Мээримдүү Жахаба ушундай сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалап көрүшүңдү каалайт. Андыктан оюңду өзгөртүп, Кудайга жана башкаларга кызмат кылуунун кубанычын татып көрүүгө эмне үчүн болбосун?

Оюңду өзгөртсөң, Жахабадан бата аласың

Африкадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында кызмат кылган Элла мындай дейт: «Бейтелге биринчи жолу келгенде, көпкө кала аларыма көзүм жеткен эмес. Албетте, Жахабага бүт жаным менен кызмат кылгым келчү, бирок үйдөгүлөр менен да аябай ынак болчумун. Башында аларды сагынып, куса болуп жүрдүм. Чогуу жашаган бир тууган кызматымды уланта берүүгө үндөгөндүктөн, үйгө кетпей эле коюуну чечтим. Он жыл өткөндөн кийин Бейтелде мүмкүн болушунча көпкө калып, ишенимдештериме кызмат кыла берүүгө чечкиндүү болуп калдым».

Кандай учурларда оюңду өзгөртүшүң керек?

Кабыл инисин көрө албай, ачууланганда эмне болгону эсиңдеби? Кудай ага жакшы иш кылса анын ырайымына ээ боло аларын айткан. Ошондой эле босогосунда «аңдып жаткан» күнөөгө үстөмдүк кылууга үндөгөн. Кабыл көз карашын, оюн өзгөртө алмак, бирок ал Кудайдын кеңешин четке каккан. Өкүнүчтүүсү, ал бир тууганын өлтүрүп, эң биринчи киши өлтүргүч болуп калган (Башт. 4:2—8).

Кабыл оюн өзгөртсө, натыйжасы кандай болмок?

Эми Узия падыша менен болгон окуяны карап көрөлү. Башында ал Жахабанын осуяттарын аткарып, ага жаккан иштерди кылган. Тилекке каршы, кийин текеберденип кетип, жакшы атын булгап алган. Ал дин кызматчы болбосо да, жыпарзат түтөтүш үчүн ибадатканага кирген. Дин кызматчылар менменсингендикке жаткан андай ишти кылбашы керектигин эскерткенде, ал алардын сөзүнө кулак кагып, оюн өзгөртмөк түгүл, «каары кайнап чыккан». Натыйжада, Жахаба аны пес оорусуна чалдыктырган (2 Жылн. 26:3—5, 16—20).

Ооба, кээде оюбузду сөзсүз өзгөртүшүбүз керек болот. Буга Жоакимдин окуясы мисал боло алат. Ал 1955-жылы чөмүлүп, бирок 1978-жылы жыйналыштан чыгарылган болчу. 20 жылдан ашуун убакыттан кийин кылган иштерине өкүнүп, кайрадан Жахабанын Күбөсү болгон. Бир аксакал Жоакимден эмне үчүн ушунча көп убакыт бою создуктуруп жүрө бергенин сураганда, ал: «Буга ачууга алдырганым, текебердигим себеп болду. Ушунча көп убакыт кетиргениме өкүнөм. Жыйналыштан чыгарылганда деле Жахабанын Күбөлөрү чындыкка окутарын билчүмүн»,— деп жооп берген. Жоаким оюн өзгөртүп, өкүнүшү керек болчу.

Бизге да кээде оюбузду өзгөртүп, жаман иштерибизди ташташыбыз керек болушу мүмкүн. Андайда, келгиле, Жахабага жагуу үчүн өзгөрүүгө даяр бололу (Заб. 34:8).