Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ээ болгон нерселериңди баалайсыңбы?

Ээ болгон нерселериңди баалайсыңбы?

«Кудайдын бизге тартуулаган нерселерин билиш үчүн биз... Кудайдан келген рухту алганбыз» (1 КОР. 2:12).

1. Ээ болгон нерселерине көптөр кандай карашат?

«КОЛДО бар алтындын баркы жок»,— деген макалды көп эле угуп калабыз. Кээде сенин да кайсы бир нерсени анча баалабаган учуруң болобу? Адамдар көбүнчө бала кезинен ээ болгон нерселерин көп баалай беришпейт. Мисалы, колунда бар үй-бүлөдө чоңойгондордун айрымдары ата-энеси берген нерселердин көбүн кадимки эле нерседей кабыл алышы мүмкүн. Буга алардын тажрыйбасыздыгынан улам жашоодо эмне чындап маанилүү экенин түшүнбөгөндүгү себеп болушу ыктымал.

2, 3. а) Кудайдын жаш кызматчылары эмнеден сак болушу керек? б) Рухий мурасыбызды баалоого эмне жардам берет?

2 Балким, сен өспүрүм курактагы же жыйырмалардан ашып калган жаш бир туугандырсың. Сен үчүн баарынан эмне маанилүү? Бул дүйнөдөгүлөр акчасы жакшы жумушка, заңгыраган үйгө, заманбап техникага аябай чоң маани беришет. Биз да ушул эле нерселер тууралуу ойлоно берсек, Кудай менен болгон мамилебиз көз жаздымында калып калат. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө миллиондогон адамдар бул жөнүндө ойлонуп да коюшпайт. Эгер сен Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойсоң, рухий мурасыңды баалабай калуудан сак бол (Мт. 5:3). Болбосо анын кесепетин тартып, өмүр бою өкүттө калышың мүмкүн.

3 Бирок жаш болсоң да туура чечим чыгарып, ар кандай балээден алыс боло аласың. Рухий мурасыңды баалоого сага эмне жардам берет? Кел анда, Ыйык Китептен рухий мурасты баалоо эмне үчүн акылдуулукка жатарын түшүнүүгө жардам берген айрым билдирүүлөрдү карап көрөлү. Бул жаштарга эле эмес, Кудайдын ар бир кызматчысына андан алган нерселерин кастарлоого жардам берет.

РУХИЙ МУРАСЫН БААЛАБАГАНДАР

4. 1 Шемуел 8:1—5-аяттардан Шемуел пайгамбардын уулдары жөнүндө эмнени билүүгө болот?

4 Ыйык Китепте баа жеткис рухий мураска ээ болуп, бирок анын баркына жетпеген кишилер жөнүндөгү билдирүүлөр камтылат. Мисалга Шемуел пайгамбардын үй-бүлөсүн алалы. Шемуел Жахабага бала кезинен кызмат кылып, аны менен абдан ынак мамиледе болгон (1 Шем. 12:1—5). Анткен менен уулдары Жоел менен Абия атасын үлгү тутпай, жаман жолго түшүшкөн. Алар атасынан айырмаланып, «чындыкты бурмалашкан». (Оку: 1 Шемуел 8:1—5.)

5, 6. Жошиянын үч уулу жана небереси кандай иштерди кылышкан?

5 Жошия падышанын уулдары да начар чыгышкан. Жошия Жахабаны жакшы көргөн, ага ишенимдүү кызмат кылган падыша болгон. Бир жолу ага Жахабанын үйүнөн табылган келишим китебинде жазылгандарды окуп беришкенде, ал дароо андагы көрсөтмөлөрдү аткарууга киришкен. Ал Жүйүт жеринен бурканга сыйынуучулук менен спиритизмди жок кылууга көп күч-аракет жумшап, элди Жахабанын тилин алууга үндөгөн (2 Пад. 22:8; 23:1—3, 12—15, 24, 25). Ырас, Жошия падыша уулдарына чоң рухий мурас топтогон. Тилекке каршы, кийин биринин артынан бири тактыга отурган үч уулу жана небереси андан калган рухий мурасты таптакыр баалашкан эмес.

6 Атасы Жошиядан кийин падыша болгон Жахаз «Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылган». Ал 3 ай бийлик кылгандан кийин эле, Мисирдин фараону аны туткундап кеткен. Жахаз ошол жакта өлгөн (2 Пад. 23:31—34). Андан кийин анын бир тууганы Жаяким 11 жыл падышачылык кылган. Ал да атасынан калган рухий мурасты баалаган эмес. Жаяким жаман иштерди кылгандыгы үчүн, Жеремия пайгамбар «аны эшекти көмгөндөй көмүп салышарын» айткан (Жер. 22:17—19). Жошиянын такка отурган дагы бир уулу Ситкия жана небереси Жаякин да андан үлгү албай, теңирден тескери иштерди кылышкан (2 Пад. 24:8, 9, 18, 19).

7, 8. а) Сулайман падыша кандайча рухий мурасын чачып жок кылган? б) Рухий мурасын баалабай койгондордон кандай сабак алсак болот?

7 Сулайман падышага да атасы Дөөтүдөн чоң рухий мурас калган. Ал атасынын мыкты үлгүсүн көрүп чоңоюп, башында Жахабага берилгендикте кызмат кылганы менен, кийин рухий нерселерди баалабай калган. Ыйык Китепте: «Сулайман карыганда, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишти. Ошентип, ал Жахаба Кудайына атасы Дөөтүгө окшоп бүт жүрөгү менен берилген жок»,— деп айтылат (1 Пад. 11:4). Ал акыры Жахабанын ырайымынан айрылып калган.

8 Ушул айтылган кишилердин баарынын Жахабаны таанып-билип, туура иштерди кылууга сонун мүмкүнчүлүгү болгон. Өкүнүчтүүсү, алар рухий мурасын чачып жок кылышкан. Бирок бүгүнкү күндөгүдөй эле, байыркы убакта жаштардын баары эле туура жолдон четтей беришкен эмес. Кудайдын жаш кызматчыларына жакшы үлгү калтыргандар да болгон. Анда эмесе, алардын айрымдары жөнүндө сөз кылалы.

РУХИЙ МУРАСЫН БААЛАГАНДАР

9. Нух пайгамбардын уулдары бизге кандайча сонун үлгү калтырышкан? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Нух пайгамбардын уулдары бизге сонун үлгү калтырышкан. Алардын атасына кеме курууга жана үй-бүлөсүн ошол кемеге киргизүүгө буйрук берилген. Жахабанын эркин аткаруу маанилүү экенин түшүнгөндүктөн алар атасы менен кызматташып, ага кеме курууга жардам беришкени шексиз. Анан Топон суу башталганга чейин, кемеге киришкен (Башт. 7:1, 7). Башталыш 7:3тө айтылгандай, жан-жаныбарлар да «тирүү калып, жер үстүндө тукуму көбөйүшү үчүн», аларды да кемеге киргизишкен. Натыйжада, өздөрү да, жаныбарлар да аман калган. Нух пайгамбардын уулдары атасынан алган рухий мурасты баалашкандыктан адамзаттын тукумун сактап калууга жана чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө чоң салым кошуп, зор сыймыкка ээ болушкан (Башт. 8:20; 9:18, 19).

10. Төрт еврей жигит рухий мурасын баалаарын кантип көрсөткөн?

10 Жүздөгөн жылдардан кийин Ханания, Мишаел, Азария жана Даниел деген төрт еврей жигит чынында эмне маанилүү экенин жакшы түшүнүшөрүн көрсөтүшкөн. Алар б.з.ч. 617-жылы Бабылга туткундалып кетишкен болчу. Келбеттүү, акылдуу болгондуктан ал жигиттер Бабылда оңой эле албан ийгиликтерге жете алышмак. Бирок алар кичинекейинен алган таалим-тарбиясын, Кудай жөнүндө билгендерин эстен чыгарышкан эмес. Жахаба бул үчүн ал төртөөнө батасын мол берген. (Оку: Даниел 1:8, 11—15, 20.)

11. Иса Машаяктын рухий мурасынан кандайча башкалар да пайда алышкан?

11 Рухий мурасын баалагандардын арасында Кудайдын Уулу Исаны айтпай коюуга болбойт. Ал Атасынан көп нерсеге үйрөнгөн жана аларды жогору баалаган. Муну анын: «Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»,— деген сөздөрү бышыктап турат (Жкн. 8:28). Башкалар да пайда алышы үчүн, ал үйрөнгөндөрүн алар менен бөлүшүүгө дилгир болгон. Бир жолу топ элге: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лк. 4:18, 43). Бул дүйнө рухий нерселерди баалабагандыктан, Иса угуучуларына «бул дүйнөгө таандык болбоо» керектигин түшүнүүгө жардам берген (Жкн. 15:19).

РУХИЙ МУРАСЫҢДЫ БААЛА

12. а) 2 Тиметей 3:14—17-аяттарда жазылгандардын көптөгөн жаштарга кандай тиешеси бар? б) Жахабанын жаш кызматчылары эмне тууралуу ой жүгүртүп көрүшү керек?

12 Балким, сен да Жахаба Кудайга ишенимдүү кызмат кылган ата-эненин колунда чоңоюп-өскөндүрсүң. Ошондой болсо, сенин жагдайың Тиметейдикине окшош болушу мүмкүн. (Оку: 2 Тиметей 3:14—17.) Ата-энең сага чыныгы Кудай жөнүндө айтып берип, ага канткенде жага аларыңды түшүндүрүп беришкен. Балким, алар сени ымыркай кезиңен үйрөтүп келатышкандыр. Бул сага «Машаяк Исага болгон ишеним аркылуу куткарылууга алып бара» турган акылмандыкка ээ болуп, Кудайга кызмат кылууга «толугу менен даяр» болууга жардам бергени шексиз. Сен ушунун баарын баалайсыңбы? Өзүңдү текшериш үчүн: «Жахабанын байыркы убактардагы көптөгөн кызматчыларынын катарында болууга кандай карайм? Анын учурдагы салыштырмалуу аз сандагы ишенимдүү Күбөлөрүнүн бири экениме сыймыктанамбы? Чындыкты билүү өзгөчө сыймык экенин түшүнөмбү?» — деп ой жүгүртүп көр.

Кудайдын байыркы убактагы көптөгөн кызматчыларынын катарына кошулууга кандай карайсың? (9, 10 жана 12-абзацтарды кара)

13, 14. Кудайдын жаш кызматчыларынын айрымдары кандай азгырыкка кабылышат, бирок андай азгырыкка алдыруу эмне үчүн акылсыздыкка жатат? Мисал менен бышыкта.

13 Кудайдын жаш кызматчыларынын кээ бири учурдагы рухий бейиш менен Шайтандын караңгы дүйнөсүнүн ортосундагы айдан ачык айырманы көрбөй калышат. Айрым жаштарга бул дүйнө кызыктуу көрүнүп, анын даамын татып көргүсү келе бериши мүмкүн. Бирок машинеге урунуу канчалык азапка саларын жана каргашалуу болорун билиш үчүн анын астына чуркап чыгат белең? Албетте, антмек эмессиң! Ошол сыяктуу эле «жаман иштерди жасоо» канчалык залакалуу болорун билиш үчүн сөзсүз эле аларды кылып көрүүнүн зарылдыгы жок (1 Пет. 4:4).

14 Азияда жашаган Женер Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюп, 12 жашында чөмүлгөн. Бирок өспүрүм куракка келгенде бул дүйнөгө кызыга баштаган. «Мен дүйнө сунуштаган „эркиндикти“ сезип көргүм келген»,— дейт ал. Женер үйүндөгүлөрүнө айтпай, начар балдар менен достошо баштаган. 15 жашында ал теңтуштары менен чогуу ичимдик ичип, сөгүнүп-сагынчу. Достору менен кечке бильярд жана зордук-зомбулук камтылган видео оюндарды ойногондуктан үйүнө кеч келген учурлары көп болчу. Убакыттын өтүшү менен ал бул дүйнө сунуштаган нерселер чындап канааттануу тартуулабай турганын түшүнүп, өзүн бактысыз сезген. Учурда ал кайра чындык жолуна түшкөн. Женер азыр деле кээде дүйнөгө азгырыларын, бирок ал үчүн Жахаба менен болгон достугу баарынан маанилүү экенин айтат.

15. Ата-энеси Жахабанын Күбөсү болбогон жаштар да эмне жөнүндө ойлонуп көрүшү зарыл?

15 Албетте, ата-энеси Жахабанын Күбөсү болбогон жаштар да бар. Эгер сен алардын бири болсоң, Жаратканды таанып-билип, ага кызмат кылып жатканың канчалык зор сыймык экени жөнүндө ойлонуп көр. Жер бетинде миллиарддаган адамдар жашайт. Андыктан Жахаба өзүнө жакындатып, Ыйык Китептеги чындыкты ачып бергендердин арасында болуу кандай чоң бата! (Жкн. 6:44, 45). Учурда болжол менен миң кишинин бирөө эле чындыкты билет, сен болсо ошол миңдин бирисиң. Бул, чындыкты кандай жол менен укпайлы, кубанууга себеп эмеспи? (Оку: 1 Корунттуктар 2:12.) Женер: «Тирүү Кудайга кызмат кылып жатканымды ойлогондо, дене-боюм дүркүрөп кетет. Ааламдын Эгедери Жахаба мени таанып-билгидей, мен киммин?» — дейт (Заб. 8:4). Дагы бир ишенимдешибиз: «Айрым окуучулар мугалими аларды жакшы тааныганы үчүн эле аябай сыймыктанып жатышса, Улуу Насаатчы Жахаба тааныган киши андан бетер сыймыктанышы керек эмеспи!» — деп айтат.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ?

16. Кудайдын жаш кызматчыларынын эмнени тандаганы акылдуулук болот?

16 Ушундай баалуу рухий мураска ээ болгондуктан, мындан ары да чечкиндүүлүгүңөн жазбай, жашоодо туура жолду тандагандардын арасында бол. Ошондо Кудайдын байыркы убактагы көптөгөн кызматчыларынын катарына кошуласың. Бул эртеңкисин такыр ойлобой, дүйнө менен бирге кыйратылууга бараткан көптөгөн жаштардын артынан ээрчигенге караганда алда канча акылдуулук болот (2 Кор. 4:3, 4).

17—19. Бизге бул дүйнөдөгүлөрдөн айырмаланып турууга эмне жардам берет?

17 Ырас, бул дүйнөдөгүлөрдөн айырмаланып туруу дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок айырмаланып турганыбыз маанилүү. Мисалга олимпиада оюндарына катышкан спортсменди алалы. Ошол даражага жетиш үчүн ал теңтуштары кылган нерселерди кылбай, алардан айырмаланып турушу керек болгон. Ал убакытты, күчтү ала турган жана машыгуусуна тоскоол боло турган көп нерселерден баш тарткан. Анткен менен башкалардан айырмаланып турганы ага көбүрөөк машыгууга жана максатына жетүүгө өбөлгө түзгөн.

18 Бул дүйнөдө көптөр кылган иштеринин кесепети жөнүндө анча деле ойлонушпайт. Эгер алардан айырмаланып, адеп-ахлаксыздыкка жаткан жана Жахаба менен болгон мамилеңе доо кетире турган иштерден алыс болсоң, «чыныгы жашоого бекем карманарыңды» көрсөтөсүң (1 Тим. 6:19). Жогоруда айтылган бир тууган мындай дейт: «Ишенген нерселериңе бекем кармансаң, күндүн аягында өзүңдү жакшы сезесиң. Бул Шайтандын дүйнөсүнө каршы тура аларыңа ынандырат. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Кудайдын сени менен сыймыктанып, сени жылмайып карап турганын көргөндөй эле болосуң. Башкалардан айырмаланганың үчүн оңтойсузданбасаң, ушундай сезимдерди туя аласың».

19 Бул дүйнөдө эмнелерге жете аларыбыз жөнүндө эле ойлоно берсек, жашообуз маңызсыз болот (Нас. 9:2, 10). Эгер сен жаш болсоң жана жашооңдун максаты, аны кантип өткөргүң келери тууралуу ойлонуп жатсаң, «башка элдердин жолу менен жүрбөй», чындап маңыздуу жашаганга умтулганың акылдуулукка жатат (Эф. 4:17; Мал. 3:18).

20, 21. Туура чечимдерди чыгарсак, келечегибиз кандай болот жана бизден эмне талап кылынат?

20 Туура чечимдерди чыгарсак, азыртадан эле бактылуу болобуз жана келечекте «жерди мурастап», түбөлүк өмүр сүрөбүз. Жахаба бизге өзүбүз элестеткенден да көп баталарды берет (Мт. 5:5; 19:29; 25:34). Бирок батасын алыш үчүн анын тилин алышыбыз талап. (Оку: 1 Жакан 5:3, 4.) Ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылганыбыз — арзырлык иш!

21 Ооба, Кудай бизге буга чейин эле көп нерселерди берди. Биз анын Сөзүндөгү так билимге ээбиз, ал жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындыкты түшүнөбүз. Анын ысмы менен аталып, Күбөлөрү катары кызмат кылуудабыз. Андан тышкары, ал дайыма биз тарапта болорун убада кылган (Заб. 118:7). Жашпызбы, карыбызбы, келгиле, баарыбыз Жахабаны «түбөлүккө даңктоого» чечкиндүү экенибизди жашообуз менен көрсөтүп, ага ыраазычылыгыбызды билдире берели (Рим. 11:33—36; Заб. 33:12).