Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан ишти жетектөөдө

Жахаба дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан ишти жетектөөдө

«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм» (ЫШ. 48:17).

1. Кудайдын кызматчылары кандай кыйынчылыктарга кабылышкан?

ЫЙЫК КИТЕП ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында көп тоскоолдуктарга туш болушкан *. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларындай эле, алар да көпчүлүккө жакпаган кабарды жарыялашкан. Алардын саны аябай аз болчу жана көптөр аларды билимсиз деп эсептешкен. Кийинчерээк ал ишенимдештерибиз жерге «катуу каары» менен түшкөн Шайтан Ибилистин каршылыгына да кабылышмак (Аян 12:12). Андан тышкары, кабар айтуу ишин «өзгөчө оор мезгил» деп сыпатталган «акыркы күндөрдө» аткарышмак (2 Тим. 3:1).

2. Жакшы кабарды жарыялашыбызга Жахаба кантип жардам берип келатат?

2 Жахаба өзүнүн элинин жакшы кабарды болуп көрбөгөндөй деңгээлде таратышын ниет кылган. Анын ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе жолтоо боло албайт. Байыркы убакта ысрайыл элин Бабыл кулчулугунан бошоткондой эле, ал бүгүнкү күндөгү кызматчыларын Улуу Бабылдын — жалган диндин дүйнөлүк империясынын — кулчулугунан бошоткон (Аян 18:1—4). Жахаба бизди «пайдалуу нерсеге үйрөтүп», ынтымактуу болууга жана өзү жөнүндө башкаларга айтууга жардам берип келет. (Оку: Ышая 48:16—18.) Анткен менен бул анын бардык нерсени алдын ала көрө билип, кабар айтышыбызга шарт түзүп берүү үчүн жерде болуп жаткан ар бир окуянын өрчүшүнө таасир этерин билдирбейт. Ырас, бул дүйнөдө болуп жаткан айрым өзгөрүүлөр кабар айтуу ишибизди жеңилдеткени чын. Бирок биз «Шайтандын бийлиги астында» жаткан азыркы дүйнөдө дагы деле куугунтукка жана башка кыйынчылыктарга кабылуудабыз. Андыктан өзүбүзгө тапшырылган ишти Жахабанын жардамы менен гана аткара алабыз (Ыш. 41:13; 1 Жкн. 5:19).

3. Бүгүнкү күндө «чыныгы билим» кандайча көбөйүүдө?

3 Даниел пайгамбар акыркы күндөрдө «чыныгы билим көбөйөрүн» алдын ала айткан. (Оку: Даниел 12:4.) Ал айткандай эле, Жахаба Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө өзүнүн Сөзүн кылдат изилдеп, христиан дүйнөсү бурмалап келген негизги окууларды так-айкын түшүнүүгө жардам берген. Учурда Кудайдын эли чыныгы билимди жердин учу-кыйырына жеткирүүдө. Бүгүн биз Даниел пайгамбардын айткандары аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Ыйык Китептеги чындыкты 8 000 000го жакын киши таанып-билип, башкаларга жарыялап жатышат. Ал иштин дүйнө жүзү боюнча аткарылышына эмнелер өбөлгө түзүүдө?

ЫЙЫК КИТЕПТИН КӨП ТИЛГЕ КОТОРУЛУШУ

4. 19-кылымда Ыйык Китеп кантип кеңири таралган?

4 Жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таралышына көп нерселер, анын ичинде Ыйык Китептин көптөгөн адамдарда болгону шарт түзгөн. Кылымдар бою христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери башкалардын Ыйык Китепти окушуна каршы болуп, атүгүл аны которгон кээ бир кишилердин көзүн тазалашкан. Бирок 19-кылымда айрым ыйык китептик коомдор Ыйык Китепти толугу менен же анын айрым бөлүктөрүн 400дөй тилге которушкан. Натыйжада 19-кылымдын аягында Ыйык Китеби бар кишилердин саны бир топ өскөн. Анткен менен алар андагы окууларды так түшүнүшкөн эмес.

5. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти которуу жаатында эмнелерди ишке ашырышты?

5 Жахабанын эли Ыйык Жазмадан окуп-билгендерин башкаларга айтышы керек экенин түшүнүп, андагы кабарды талыкпай жарыялай беришкен. Алгач, алар Ыйык Китептин колдо бар котормолорун колдонуп, аларды элге да таратышкан. Ал эми 1950-жылы Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» басып чыгарышкан. Андан бери ал толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 120дан ашуун тилге которулду. 2013-жылы болсо англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жарык көрдү. Ал түшүнүктүү, окуганга жеңил болгондуктан кабар айтуу ишин аткарууга чоң жардам берүүдө. Аны бөлөк тилдерге которуу да оңоюраак болору шексиз.

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТЫНЧ МЕЗГИЛ

6, 7. а) Акыркы жүз жылда согуштар канчалык көп болду? б) Айрым өлкөлөрдө салыштырмалуу тынч болгону кабар айтуу ишине кандай таасир этти?

6 Акыркы 100 жылдын ичинде көптөгөн согуш-жаңжалдар, анын ичинде эки жолу дүйнөлүк согуш болуп, миллиондогон адамдардын каны төгүлдү. Андыктан айрымдарыбыз: «Бул дүйнөнүн акыры башталгандан бери качан тынч мезгил болду эле?» — деп ойлошубуз мүмкүн. 1942-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуштун оту жалбырттап турган кезде, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда жетекчиликти колго алган Нейтан Норр жыйында «Тынчтык узакка созулабы?» деген баяндама айткан. Ал Аян китебинин 17-бөлүмүн талкуулап, Экинчи дүйнөлүк согуш Армагедон согушуна айланып кетпей турганын, андан кийин тынч мезгил болорун түшүндүргөн (Аян 17:3, 11).

7 Ырас, Экинчи дүйнөлүк согуш токтогондон кийин дүйнөдө толугу менен тынчтык орногон жок. Бир билдирүүгө ылайык, 1946-жылдан 2013-жылга чейин 331 согуш-жаңжалдын болгону катталган. Алардын айынан миллиондогондор өмүрүнөн айрылган. Анткен менен ошол жылдар аралыгында көптөгөн өлкөлөрдө салыштырмалуу тынч мезгил өкүм сүрүп, Жахабанын элине жакшы кабарды жарыялоого ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Мунун натыйжасы кандай болду? 1944-жылы дүйнө жүзү боюнча 110 000ге жетпеген жарчы бар болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 8 000 000го чукулдап калды. (Оку: Ышая 60:22.) Биз кызмат кылган жакта салыштырмалуу тынч болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көбүрөөк адамдарга кабар айтканыбыз кандай гана маанилүү!

ЖОЛ ЖҮРҮҮНҮН ЖЕҢИЛДЕШИ

8, 9. Жол жүрүү эмнеден улам жеңилдеди жана бул бүткүл дүйнөлүк ишибизге кандай таасир этүүдө?

8 Унаа чыгаруу тармагынын өркүндөшү да кабар айтуу ишин кыйла жеңилдетти. 1900-жылы — «Күзөт мунарасынын» басылып чыга баштаганына 21 жылдай болуп калганда — бүтүндөй Кошмо Штаттарда каттоодон өткөн 8 000 эле автоунаа жана алар жүрө турган бир нече эле жол бар болчу. Азыр болсо дүйнө жүзүндө каттоодон өткөн бир жарым миллиарддан ашуун автоунаа бар. Ал эми жакшы жолдордун жалпы узундугу миллиондогон чакырымдарга созулат. Ушундан улам жакшы кабарды алыс жерлерде жашаган элдерге жеткирүү оңоюраак болуп калды. Албетте, кээ бирлерибизге жолу жаман жерлерде кызмат кылып, узак жолдорду жөө басып өтүүгө туура келиши мүмкүн. Ошондой болсо да, шакирт даярдоо ишине колубуздан келишинче катыша бергенибиз абзел (Мт. 28:19, 20).

9 Унаанын башка түрлөрүнүн да бүткүл дүйнөлүк ишибизге тийгизген таасири чоң. Алсак, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жүк ташуучу машинелер, кемелер, поезддер менен бир нече жуманын ичинде эле алыскы аймактарга жеткирүүдөбүз. Райондук көзөмөлчүлөр, филиалдын комитетинин мүчөлөрү, миссионерлер жана башка ишенимдештерибиз жыйындарга же кайсы бир теократиялык иштерге катышуу үчүн учак менен заматта эле көздөгөн жерине жетип алышат. Андан тышкары, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү жана башкы башкармалыктагы көптөгөн бир туугандар да ар кайсы өлкөлөргө учак менен барып, ал жактагы ишенимдештерин бекемдеп, көрсөтмөлөрдү беришет. Ошентип, жол жүрүүнүн жеңилдешинин аркасында Жахабанын элинин биримдиги чыңалууда (Заб. 133:1—3).

ЭЛ АРАЛЫК ТИЛ

10. Эмне себептен англис тилин эл аралык тил деп айтууга болот?

10 1-кылымда Рим империясында гректердин жалпы орток тили болгон койне тили кеңири колдонулчу. Азыр да элдер арасында кеңири колдонулган тил барбы? Көптөр англис тилин эл аралык тил деп айтышат. Англис тили жөнүндөгү бир китепте дүйнө калкынын төрттөн бир бөлүгү ал тилде жакшы сүйлөөрү же аны түшүнөрү жазылган. Көптөгөн өлкөлөрдө чет тили катары англис тилин үйрөнүшөт, себеби ал коммерция, саясат, илим жана техника тармагында эл аралык тил катары колдонулат.

11. Англис тили таза сыйынуунун өркүндөшүнө кандай таасир этип келет?

11 Англис тилинин кеңири колдонулушу таза сыйынуунун өркүндөшүнө таасирин тийгизип келет. Мурун «Күзөт мунарасы» журналы жана башка адабияттарыбыз адегенде англис тилинде жарык көрчү. Көптөр ал тилди билгендиктен аларда жазылгандарды түшүнүшчү. Англис тили ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында расмий тил катары колдонулуп келет. Патерсондогу (АКШ) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда да ушул тил колдонулат.

12. Биздин адабияттар канча тилге которулууда жана бул жагынан техниканын жардамы канчалык чоң?

12 Биз жакшы кабарды бардык элдерге жарыялашыбыз керек болгондуктан, учурда адабияттарыбыз 700дөй тилге которулууда. Ал ишти аткарууга бизге компьютердик программалар, анын ичинде Көп тилде басып чыгаруу электрондук системасы (КБЭС) жардам берүүдө. Мунун аркасында жакшы кабар төгөрөктүн төрт бурчуна тарагандан сырткары, Жахабанын элинин биримдиги артып жатат. Бирок биздин биримдигибиз, эң алды, «таза тилде» сүйлөгөнүбүздөн, башкача айтканда, Ыйык Китептеги чындыкты түшүнгөнүбүздөн улам чыңалууда. (Оку: Сепания 3:9.)

МЫЙЗАМДАР ЖАНА СОТТОРДУН ЧЕЧИМДЕРИ

13, 14. Мыйзамдар жана соттордун чечимдери бизге кандай пайда алып келүүдө?

13 Мурунку макалада айтылгандай, Римдин мыйзамдары Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларына жакшы кабар таратууга мүмкүнчүлүк берген. Бүгүнкү күндө да мыйзамдар кабар айтуу ишибизди аткарууга көмөк кылууда. Маселен, башкы башкармалыгыбыз жайгашкан Кошмо Штаттарда Конституция өлкөнүн жарандарына каалаган динин тутууга, ой-пикирин билдирүүгө жана чогулуштарды өткөрүүгө кепилдик берет. Ошондуктан ал жактагы ишенимдештерибиз ээн-эркин жолугуп, Ыйык Китепти талкуулап, окуп-билгендерин башкаларга айта алышат. Бирок «жакшы кабар таратуу укугубузду» коргоо үчүн кээде сотторго кайрылууга туура келген (Флп. 1:7). Алсак, Кошмо Штаттарда кээ бир соттор бизге каршы чечим чыгарышканда, жогорку сотторго кайрылып, жеңишке жеткен учурларыбыз көп болгон.

14 Башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиз да кабар айтуу жана дин тутуу укугун коргош үчүн сотторго кайрылышкан. Айрым соттор биздин уюмга каршы чечим чыгарганда, бир туугандар эл аралык сотторго, айталы, Адам укуктары боюнча Европа Сотуна арыз жазышкан. Европа сотунун биздин пайдабызга чыгарган чечимдеринин жалпы саны 2014-жылдын июнунда 57ге жеткен. Ал чечимдер Европа Кеңешине кирген мамлекеттердин баарына тиешелүү. Ооба, «бардык элдерге жек көрүндү болсок» да, көптөгөн өлкөлөрдөгү мыйзамдар Жахабага ээн-эркин сыйынышыбызга укук берип келет (Мт. 24:9).

ТЕХНИКАНЫН ӨНҮГҮШҮ

Биздин адабияттар жердин булуң-бурчуна жетүүдө

15. Адабият басып чыгаруу тармагында кандай өзгөрүүлөр болду жана бул ишибизге кандай таасир этти?

15 Жакшы кабардын жайылышына адабият басып чыгаруу тармагынын өнүгүшү да зор салым кошту. Адамдар жүздөгөн жылдар бою Иоганн Гутенберг 1450-жылдары ойлоп тапкан терүү ыкмасын колдонуп келишкен. Бирок акыркы 200 жылдын ичинде бул тармакта чоң өзгөрүүлөр болду. Мисалы, мурункуга караганда алда канча чоң, түзүлүшү татаал, тез иштеген басма станоктору пайда болду. Кагаз чыгаруу, китеп кураштыруу мурдагыдан бир топ арзандады. Жөнөкөйүрөөк ыкмалардын ордуна офсеттик терүүнүн колдонулушу басма ишинин ылдамдыгын, сапатын жогорулатты. Мындай жетишкендиктер биздин ишибизге кандай таасир этти? Элестетсеңер, 1879-жылы «Күзөт мунарасынын» эң биринчи саны 6 000 нускада англис тилинде эле чыккан, анын сүрөттөрү да жок болчу. Ал эми азыр — 136 жыл өткөн соң — «Күзөт мунарасынын» ар бир саны 50 000 000дон ашык нускада басылып, дүйнө жүзүнө таратылат. 200дөн ашуун тилде жарык көрүп жаткан бул журнал түстүү, кооз сүрөттөргө да бай.

16. Дүйнө жүзү боюнча кабар айтууда техниканын кандай түрлөрүн колдонуп келебиз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

16 Акыркы 200 жылдын ичинде Кудайдын эли техниканын дагы кандай түрлөрүн колдонуп келет? Жүк ташуучу жана жеңил машинелерден, учактардан тышкары, биз велосипеддерди, терүү машинкелерин, Брайл арибинде адабият чыгара турган жабдыктарды, телеграфты, телефондорду, видеокамераларды, аудио жана видео жаздырууларда колдонулуучу аппараттарды, радиону, кинотасмаларды, компьютерди жана Интернетти колдонуп келебиз. Мунун баары бизге шакирт даярдоо ишин аткарууга, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды көп тилдерде басып чыгарууга жардам берип жатат. Ушундайча биз, Жахаба алдын ала айткандай, «элдердин сүтүн... эмип» жатабыз. (Оку: Ышая 60:16.)

17. а) Эмне айкын көрүнүп турат? б) Жахаба эмне үчүн бизге өзү менен кызматташууга мүмкүнчүлүк берип жатат?

17 Ооба, жогоруда айтылгандардан Жахабанын бизге батасын берип жатканы айкын көрүнүп турат. Албетте, ал өзүнүн ой-ниетин аткарууда биздин жардамыбызга муктаж эмес. Бирок сүйүүсүнөн улам бизге өзү менен кызматташып, аны жана жакындарыбызды жакшы көрөрүбүздү айгинелөөгө мүмкүнчүлүк берип жатат (1 Кор. 3:9; Мр. 12:28—31). Келгиле, андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, жер бетиндеги эң маанилүү ишке — Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоого — жигердүү катышалы. Дүйнө жүзү боюнча аткарылып жаткан ишти жетектеп, батасын берип жатканы үчүн Жахабага чексиз ыраазы экенибизди көрсөтө берели!

^ абз. 1 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1931-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү деп аталышат (Ыш. 43:10).