Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

«Абдан маанилүү убак»

«Абдан маанилүү убак»

1870-ЖЫЛЫ АКШнын Пенсильвания штатындагы Питсбург (Аллегейни) шаарында бир нече кишиден турган топ Ыйык Китепти кылдат изилдей баштаган. Чарлз Тейз Рассел жетектеген ал кишилер кун жөнүндөгү окууну терең изилдеп, анын Жахабанын ой-ниетинин аткарылышында негизги ролду ойноорун түшүнүшкөн. Алар кундун төлөнүшү менен бардык адамдарга, атүгүл Иса Машаяк тууралуу уга электерге да куткарылууга жол ачылганын билгенде абдан кубанышкан. Ошондой эле жүрөгү ыраазычылыкка толуп, Исанын өлгөн күнүн жыл сайын эскерип турууга түрткү алышкан (1 Кор. 11:23—26).

Рассел бир тууган кундун Кудайдын сүйүүсүнүн эң зор далили экенин баса белгилеген «Сион күзөт мунарасы» журналын басып чыгара баштаган. Ал журналда Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечеси «абдан маанилүү убак» деп аталып, окурмандар, Питсбургда болобу же башка жерде болобу, аны белгилөөгө чакырылган. «Күзөт мунарасынын» бир санында: «Ишенимге ээ эки же үч, атүгүл бир эле киши болсо да, алар „жүрөгүндө Мырзабыз менен чогуу болушат“»,— деп жазылган.

Эскерүү кечесин белгилөө үчүн Питсбургга келгендердин саны жылдан жылга өсө берген. Чакыруу баракчасында: «Ал жактан силерди жылуу тосуп алышат»,— деп жазылган болчу. Чынында эле, жергиликтүү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ишенимдештерин түнөк-жай, тамак-аш менен камсыз кылып, аларга чын жүрөктөн кам көрүшкөн. 1886-жылы Эскерүү кечеси белгиленгенден кийин бир нече күн «жалпы жолугушуу» өткөрүлгөн. «Күзөт мунарасында» Эскерүүгө келгендердин жүрөгү «Мырзабызга, анын бир туугандарына жана чындыгына» болгон сүйүүгө толуп турганы маанилүү экени айтылган.

Лондон ыйык чатырында символдорду колдон колго өткөрүүдө колдонулган чийме

Кунга ишенип, Эскерүү кечесине келгендер үчүн Питсбургдагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бир нече жыл бою жыйындарды уюштуруп турушкан. Ишенимдештерибиздин саны өскөн сайын, дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде Эскерүү кечесине келгендер көбөйө берген. Алсак, Чикаго шаарындагы жыйналышта кызмат кылган Рей Боп бир тууган эскергендей, 1910-жылдары кечеге жүздөгөн кишилер келип, дээрлик баары символдордон ооз тийгендиктен, аларды колдон колго өткөрүүгө бир нече саат кетчү.

Ошол кезде символ катары эмнелер колдонулчу? Өзүнүн өлгөн күнүн эскерүү аземин негиздегенде Иса Машаяктын шарапты колдонгону маалым болсо да, бир канча убакытка чейин «Күзөт мунарасында», ичимдикке жакындар азгырылып кетпеши үчүн, шараптын ордуна жүзүмдүн жаңы ширесин же мейиздин кайнатмасын колдонуу сунуш кылынып келген. Анткен менен «ачытылган шарап колдонулушу керек» деп эсептегендерге шарап берилчү. Кийинчерээк Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Исанын канынын символу катары кызыл нак шарапты колдонуу туура болорун түшүнүшкөн.

Бул кагаз менен калем Никарагуадагы түрмөдө Эскерүүгө катышкандардын санын жазуу үчүн камерадан камерага өткөрүлгөн

Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү терең ой жүгүрткөнгө шарт түзө турган. Бирок айрым жыйналыштагылар Эскерүү кечесинде өтө эле капаланып, кайгыргандыктан, программа бүткөндөн кийин, алардын бири-бири менен сүйлөшкөнгө да көңүлү чаппай калчу. Ошондуктан 1934-жылы «Жахаба» деген китепте (англ.) азем учурунда Исанын кыйналып өлгөнүн эстеп, «кайгыра бербешибиз» керектиги, тескерисинче, анын 1914-жылдан баштап Падыша катары бийлик жүргүзүп жатканына «кубанышыбыз» керектиги баса белгиленген.

1957-жылы Мордовияда (Орусия) түзөтүү-эмгек абагында Эскерүү кечесин белгилеген бир туугандар

1935-жылы Аян 7:9да айтылган «эбегейсиз көп адамдардын» кимдерди билдирери ачылып берилген. Бул Эскерүү кечесинин белгиленишине таасир эткен чоң өзгөрүү болгон. Ага чейин бир туугандар «эбегейсиз көп адамдарды» Жахабага арналган, бирок анча ынталуу эмес кызматчылар деп эсептеп келишкен. 1935-жылы алардын Жахабанын келечекте жер бетиндеги бейиште өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн ишенимдүү кызматчылары экени айкын болгон. Ошондон кийин өзүн кылдат текшерип көргөн соң Рассел Погенси деген ишенимдешибиз: «Асманда жашоого үмүттөнүүгө мага Жахабанын ыйык руху түрткү бербегенин түшүндүм»,— деген. Ал жана башка көптөгөн ишенимдүү бир туугандарыбыз символдордон ооз тийгенин токтотушса да, Эскерүү кечесине дайыма катыша беришкен.

Эскерүү аземине байланыштуу уюштурулган атайын өнөктүк учурунда бардыгына кун үчүн ыраазы экенин көрсөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлчү. 1932-жылы «Бюллетенде» бир туугандар «Эскерүү кечесиндеги ыйыктардан», башкача айтканда, символдордон ооз тийип, бирок чындык жөнүндөгү кабарды жарыялабагандардан болуп калбоого чакырылган. Анын 1934-жылдагы бир санында көмөкчү пионерлерге байланыштуу: «Алардын саны Эскерүү кечесинде 1 000ге жетеби?» — деген суроо берилген. «Маалымдагычтын» бир санында болсо майлангандар тууралуу: «Падышалык жөнүндө күбөлөндүрүү ишине катышканда гана алардын кубанычы толук болот»,— делген. Жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөр жөнүндө да так эле ушуну айтууга болот *.

Харолд Кинг бир кишилик камерада отурганда Эскерүү кечеси жөнүндө поэмаларды, ырларды жазган

Жахабанын бүтүндөй эли үчүн Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү аземи өткөрүлгөн кеч жылдын эң ыйык кечи болуп эсептелет. Алар аны атүгүл оор жагдайларда да белгилешет. 1930-жылы Ора жана Перл Инглиш деген эже-сиңдилер Эскерүү кечесине катышуу үчүн 80 чакырымдай жолду жөө басып өтүшкөн. Харолд Кинг деген миссионер Кытайда бир кишилик камерада отурганда Эскерүү кечеси жөнүндө поэмаларды, ырларды жазган жана кара карагат менен күрүчтөн символдорду жасаган. Чыгыш Европадан Борбордук Америкага, Африкага чейинки жерлерде жашаган эр жүрөк бир туугандарыбыз согуштун катаал шарттарына жана бийликтегилердин тыюу салганына карабай Эскерүү кечесин белгилешкен. Каякта болбойлу, жагдай-шартыбыз кандай болбосун, биз Эскерүү кечесинде Жахаба Кудай менен Иса Машаякты даңктоо үчүн чогулабыз.

^ абз. 10 «Бюллетень» кийинчерээк «Маалымдагыч» деп аталган. Ал эми азыр «Падышалык кызматыбыз» деп аталат.