Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдоо

Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдоо

«Буларды менин эң кичине бир туугандарымдын бирине кылганыңар — мага кылганыңар» (МТ. 25:40).

1, 2. а) Иса шакирттерине кайсы мисалдарды айтып берген? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалга байланыштуу кайсы суроолорго жооп алганыбыз маанилүү?

ИСА МАШАЯК тоодо Петир, Андрес, Жакып жана Жакан деген шакирттери менен сүйлөшүп отурат. Ал жаңы эле аларга ишенимдүү жана акылдуу кул, он кыз, таланттар жөнүндөгү мисалдарды айтып берди. Сөзүнүн аягында ал адам Уулу «бүт элдерди» соттой турган убакка байланышы бар мисал айтат. Аны укканда шакирттеринин бүйүрү кызыганы шексиз. Анткени Иса мисалында «койлор», «эчкилер» жана Падышанын «бир туугандары» жөнүндө сөз кылат. (Оку: Матай 25:31—46.)

2 Ал мисалда өмүр менен өлүм маселеси камтылгандыктан, Жахабанын кызматчылары анын маанисин түшүнүүнү көптөн бери каалап келишкен. Иса ошол мисалында эмне үчүн айрымдардын түбөлүк өмүргө ээ болорун, ал эми башкалардын түбөлүккө жок кылынарын ачып берген. Анда айтылгандардын маанисин түшүнүп, аларга ылайык иш кылуудан өмүрүбүз көз каранды. Андыктан төмөнкү суроолорго жооп алганыбыз маанилүү: Жахаба койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдын маанисин кандайча улам айкыныраак ачып бере берген? Мисалда кабар айтуу ишине басым жасалган деп эмне үчүн айта алабыз? Кабар айтуу иши кимдерге тапшырылган? Эмне үчүн азыр Падышага жана анын «бир туугандарына» берилгендигибизди сактай турган убак?

МИСАЛДЫН МААНИСИНИН УЛАМ АЙКЫНЫРААК БОЛО БЕРИШИ

3, 4. а) Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдын маанисин түшүнүш үчүн эмнелерди билишибиз керек? б) Бул мисал 1881-жылы «Сион күзөт мунарасында» кантип түшүндүрүлгөн?

3 Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдын маанисин туура түшүнүү үчүн үч негизги нерсени так билишибиз керек: 1) «адам Уулу», «Падыша», койлор, эчкилер жана Падышанын «бир туугандары» кимдерди билдирет? 2) «Адам Уулу» качан сот жүргүзөт? 3) Адамдар эмненин негизинде «кой» же «эчки» деп табылат?

4 1881-жылы «Сион күзөт мунарасында» «Падыша» деп да аталган «адам Уулунун» Иса экени түшүндүрүлгөн. Ошондой эле анда Падышанын «бир туугандары» келечекте Машаяк менен чогуу бийлик жүргүзө тургандарды да, жер бетинде жашай турган бардык жеткилең адамдарды да билдирери жазылган. Ошол кезде Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр койлор менен эчкилер Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун убагында бөлүнөт жана Кудайдын сүйүүгө байланыштуу берген мыйзамына ылайык жашагандар «койлорго» кирет деп ишенишкен.

5. Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисал 1923-жылы «Күзөт мунарасында» кантип түшүндүрүлгөн?

5 1920-жылдардын башында Жахаба өзүнүн элине бул мисалдын маанисин дагы айкыныраак түшүнүүгө жардам берген. 1923-жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасында» «адам Уулунун» Исаны билдирери дагы бир ирет бышыкталган. Бирок анда Машаяктын «бир туугандары» аны менен чогуу асманда бийлик кыла тургандарды, ал эми «койлор» Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөрдү билдирери айтылып, Ыйык Жазмадан далилдер келтирилген. Ал журналда койлор эчкилерден бөлүнө турган убак жөнүндө эмне делген? Анда түшүндүрүлгөндөй, Миң жылдык башкаруунун убагында Машаяктын бир туугандары аны менен бирге асманда бийлик кыла тургандыктан, аларга жердегилер эч кандай жардам бере алмак эмес. Демек, койлор эчкилерден Миң жылдык башкарууга чейин бөлүнмөк. Андан сырткары, ал журналда Исаны Мырзасы катары кабыл алган жана Кудайдын Падышалыгы жашоону жакшыртарына ишенген адамдардын «кой» деп табылары да түшүндүрүлгөн.

6. 1995-жылы мисалдын мааниси дагы кандайча тереңирээк ачылып берилген?

6 Ошол журналда жазылгандарга ылайык, Жахабанын эли адамдар кой-эчки болуп бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө бөлүнүп жатат деп эсептеп келишкен. Алар жакшы кабарга ишенгендер «койлорго», ал эми ишенбегендер «эчкилерге» кирет деп ойлошкон. Бирок 1995-жылы ал мисалдын мааниси дагы тереңирээк ачылып берилген. Ошол жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» эки макаласында Иса пайгамбардын Матай 24:29—31-аяттардагы жана Матай 25:31, 32-аяттардагы сөздөрү бири-бирине салыштырылган *. (Аяттарды оку.) Ал журналда кандай жыйынтык чыгарылган? Биринчи макаланын аяк жагында мындай деп жазылган: «Адамдар кой-эчки болуп келечекте бөлүнөт. Ал сот Матай 24:29, 30-аяттарда айтылган „алаамат“ башталгандан кийин жана адам Уулу „улуу даңк менен келгенде“ болот... Ошол убакта — азыркы ыймансыз дүйнөнүн соңунда — Иса сот жүргүзүп, өкүм чыгарып, аны ишке ашырат».

7. Азыркы түшүнүгүбүзгө ылайык, койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай?

7 Бүгүнкү күндө биз койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалдын маанисин так-айкын түшүнөбүз. Анда айтылган каармандар кимдерди билдирет? «Адам Уулу» да, «Падыша» да Иса Машаякты, ал эми Падышанын «бир туугандары» аны менен кошо асмандан бийлик жүргүзө турган майлангандарды билдирет (Рим. 8:16, 17). Койлор менен эчкилер болсо бардык элдерден чыккан жана ыйык рух менен майланбаган адамдарды билдирет. Сот качан жүргүзүлөт? Жакында боло турган улуу алааматтын аяк ченинде жүргүзүлөт. Адамдар эмненин негизинде «кой» же «эчки» деп табылат? Алар Машаяктын жердеги майланган бир туугандарына кылган мамилесине жараша кой же эчки деп табылат. Бул дүйнөнүн жок болоруна аябай аз калгандыктан, Матай 24, 25-бөлүмдөрдө жазылган ушул жана башка мисалдардын маанисин барган сайын айкыныраак ачып бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

МИСАЛДА КАНДАЙЧА КАБАР АЙТУУ ИШИНЕ БАСЫМ ЖАСАЛГАН?

8, 9. «Койлорго» кире тургандар эмне үчүн «адил адамдар» деп сыпатталган?

8 Койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалында Иса кабар айтуу иши тууралуу түзмө-түз сөз кылган эмес. Анда эмне үчүн ал мисалда кабар айтуу ишинин маанилүүлүгү баса белгиленген деп айтууга болот?

9 Биринчиден, Исанын каймана маанидеги сөздөрдү колдонгонун унутпашыбыз керек. Ал кадимки кой-эчкилер жөнүндө сөз кылбагандай эле, «кой» деп табылыш үчүн адамдардын майлангандарга сөздүн түз маанисинде тамак-аш, кийим-кечек бериши, кам көрүшү же түрмөдө отургандарына барып турушу керектигин айткан эмес. Ал, болгону, өзүнүн «бир туугандарына» карата алардын кандай көз карашта болушу керектигин билдирген. Иса «койлорго» кире тургандарды «адил адамдар» деп сыпаттаган, себеби алар майлангандарды Машаяктын бир туугандары деп эсептеп, аларга акыркы оор күндөрдө берилгендик менен колдоо көрсөтүшмөк (Мт. 10:40—42; 25:40, 46; 2 Тим. 3:1—5).

10. «Кой» деп табыла тургандар Машаяктын бир туугандарына кантип колдоо көрсөтө алышат?

10 Экинчиден, Исанын бул мисалды айтканга чейин эмнелер тууралуу сөз кылганын эске алышыбыз керек. Ал шакирттерине өзүнүн «катышуусу» башталганын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын көрсөткөн белги жөнүндө айтып берген (Мт. 24:3). Иса Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге» таратылары ошол белгинин маанилүү бөлүгү болорун көрсөткөн (Мт. 24:14). Койлор менен эчкилер тууралуу айтардын алдында ал таланттар жөнүндөгү мисалын айткан. Өткөн макалада талкуулангандай, Иса ошол мисалында майланган жолдоочуларына — өзүнүн «бир туугандарына» — кабар айтуу ишинде ынталуу болуу керектигин эскерткен. Майлангандардын саны акыркы күндөрдө аз болгондуктан, дүйнөнүн акыры келгиче «бардык элдерге күбөлөндүрүү» алар үчүн абдан оор болмок. Бирок койлор менен эчкилер жөнүндөгү мисалда аларга жардам көрсөтүлөрү айтылган. «Кой» деп табыла тургандар Машаяктын бир туугандарына, негизинен, кабар айтуу ишин аткарууга жардам берүү менен колдоо көрсөтүшөт. Бул өз ичине эмнелерди камтыйт? Кабар айтуу ишине акча-каражат тартуу кылып, майлангандарды кайраттандыруу эле жетиштүү болобу?

ЖАКШЫ КАБАРДЫ КИМДЕР АЙТЫШЫ КЕРЕК?

11. Айрымдарда кандай суроо туулушу мүмкүн жана эмне үчүн?

11 Учурда Машаяктын сегиз миллиондой жолдоочусунун көбүн ыйык рух менен майланбагандар түзөт. Иса таланттарды аларга эмес, майлангандарга берген (Мт. 25:14—18). Андыктан айрымдарда: «Ыйык рух менен майланбагандар да кабар айтууга милдеттүүбү?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Бул суроого ишенимдүү түрдө «ооба» деп жооп берүүгө болот. Эмне үчүн? Мунун бир нече себеби бар.

12. Исанын Матай 28:19, 20да жазылган сөздөрүнөн эмнени билүүгө болот?

12 Иса Машаяк жакшы кабарды таратууну бардык жолдоочуларына буйруган. Тирилгенден кийин ал жолдоочуларына: «Шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген. Анын буйруктарына кабар айтуу тапшырмасы да кирген. (Оку: Матай 28:19, 20.) Ошол себептен анын бардык жолдоочулары: майлангандар да, жерде жашоого үмүттөнгөндөр да кабар айтышы керек (Элч. 10:42).

13. Элчи Жаканга берилген аяндан эмне айкын көрүнүп турат?

13 Аян китебинен кабар айтуу ишин майлангандар да, башкалар да аткарары көрүнүп турат. Иса элчи Жаканга «колуктунун» башкаларды «өмүр суусунан бекер алууга» чакырып жатканы жөнүндө аян берген. «Колукту» Исанын аны менен чогуу падышалык кыла турган 144 000 майланган жолдоочусун билдирет (Аян 14:1, 3; 22:17). Ал эми «өмүр суусу» Жахабанын адамзатты Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде күнөө менен өлүмдөн арылтуу үчүн көргөн чараларын билдирет (Мт. 20:28; Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:9, 10). Куткаруу курмандыгы болсо биз жарыялап жаткан кабардын өзөгүн түзөт. Башкаларга кун тууралуу жана анын алар үчүн кандай зор мааниге ээ экени жөнүндө айтууда майлангандар жетекчиликти колго алып жатышат (1 Кор. 1:23). Бирок элчи Жакан аянда «колуктудан» башкаларга да элдерди: «Кел!» — деп чакырууга буйрук берилгенин көргөн. Алар, тактап айтканда, жерде жашоого үмүттөнгөндөр ошол буйрукка баш ийип, башкаларды «өмүр суусунан» алууга чакырып жатышат. Бул аяндан «кел» деген чакырыкты кабыл алгандардын баары кабар айтышы керектиги айкын көрүнүп турат.

14. Канткенде «Машаяктын мыйзамына» баш ийген болобуз?

14 «Машаяктын мыйзамына» баш ийгендердин баары кабар айтышы керек. (Гал. 6:2). Жахаба кызматчыларынын бардыгына бирдей мыйзам берет. Ал байыркы убакта ысрайылдыктарга: «Жергиликтүү тургун үчүн да, араңарда жашаган келгин үчүн да бирдей мыйзам болсун»,— деген (Чыг. 12:49; Леб. 24:22). Албетте, биз азыр Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманбайбыз. Бирок баарыбыз, майлангандарга киребизби же жокпу, «Машаяктын мыйзамына» баш иебиз. Ал мыйзам өз ичине Иса үйрөткөндөрдүн бардыгын камтыйт. Иса болсо жолдоочуларын биринчи кезекте сүйүүгө үйрөткөн (Жкн. 13:35; Жкп. 2:8). Кудайды, Машаякты жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн негизги жолдорунун бири — Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо (Жкн. 15:10; Элч. 1:8).

15. Исанын буйругу жолдоочуларынын баарына тиешелүү деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Исанын жолдоочуларынын чакан тобуна айткан сөздөрү кээде көп жолдоочуларына тиешелүү. Алсак, Иса Падышалык келишимин 11 эле элчиси менен түзгөн, бирок ал келишим, чынында, 144 000дин баарына тиешелүү болгон (Лк. 22:29, 30; Аян 5:10; 7:4—8). Анын сыңарындай, ал тирилгенден кийин кабар айтууга буйрук бергенде, жанында салыштырмалуу аз эле шакирти болгон (Элч. 10:40—42; 1 Кор. 15:6). Анткен менен 1-кылымдагы ишенимдүү шакирттердин баары, өз кулагы менен угушпаса да, ал буйруктун өздөрүнө тиешелүү экенин жакшы түшүнүшкөн (Элч. 8:4; 1 Пет. 1:8). Ошо сыяктуу эле, Иса Машаяк кабар айтуу керектигин бүгүнкү күндөгү сегиз миллиондой жолдоочусунун ар бирине жекече айткан эмес. Ошентсе да алар кабар айтуу ишине катышып, Мырзасына ишенерин көрсөтүп жатышат (Жкп. 2:18).

АЗЫР БЕРИЛГЕНДИГИБИЗДИ САКТАЙ ТУРГАН УБАК

16—18. «Кой» деп табыла тургандар майлангандарды кантип колдоп жатышат жана эмне үчүн азыр ошенте турган убак?

16 Шайтан азыр Машаяктын жердеги майланган жолдоочуларына каршы согуш жүргүзүүдө. «Убактысынын аз калганын» билгендиктен ал чабуулун улам күчөтө берет (Аян 12:9, 12, 17). Ошого карабай, майлангандар жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таралышына кам көрүп жатышат. Исанын алар менен болуп, жетектеп жатканына эч кандай шек жок (Мт. 28:20).

17 Келечекте «кой» деп табыла тургандар Машаяктын бир туугандарына колдоо көрсөтүүнү сыймык катары эсептешет. Алар кабар айткандан сырткары, майлангандарга башка жолдор менен да жардам берип жатышат. Айталы, алар Кудайдын иши үчүн акча-каражат тартуу кылууда, Падышалык залдарын, жыйындар залдарын, филиалдарды курууга көмөк көрсөтүүдө, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» дайындаган жооптуу бир туугандарга чын жүрөктөн баш ийүүдө (Мт. 24:45—47; Евр. 13:17).

«Кой» деп табыла тургандар Машаяктын бир туугандарына ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтүүдө (17-абзацты карагыла)

18 Жакында жердеги майлангандарга соңку мөөр басылат. Ошондо периштелер улуу алааматтын кыйратуучу шамалдарын коё беришет (Аян 7:1—3). Армагедон согушу башталганга чейин, майлангандар асманга кетишет (Мт. 13:41—43). Андыктан «койлор» деп табылыш үчүн азыр Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдой турган убак.

^ абз. 6 Мисалдын чечмелениши тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн 1995-жылы 15-октябрда чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 18—28-беттериндеги макалаларды карагыла.