Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайыма Жахабага таян!

Дайыма Жахабага таян!

«Оо, адамдар, ага ар убак таянгыла» (ЗАБ. 62:8).

1—3. Пабыл Жахабага толук таянса болоруна эмнеден улам ынанган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ӨЗҮҢДҮН 1-кылымда Римде жашап жатканыңды элестетсең. Машаяктын жолдоочулары кыйын кезеңге кабылган учур. Римдиктер аларды б.з. 64-жылы шаар өрттөлгөнү үчүн айыптагандан сырткары, адамзатты жек көргөн кишилер деп күнөөлөөдө. Ишенимдештериңдин айрымдарын түрмөгө камап, кыйнап жатышат. Кээ бирөөлөрүн жырткычтарга салып беришти, башкаларын устунга кадап, түндө жарык бериши үчүн, тирүүлөй өрттөштү. Сен болсо: «Кайсы күнү мага да кезек келет болду экен?» — деп жүрөкзаада болуудасың.

2 Ошондой опурталдуу мезгилде элчи Пабыл Римде, кыязы, экинчи жолу камакка алынган. Биринчи жолкусунда ишенимдештеринин эч кимиси жардамга келбегендиктен, ал мунусунда кандай болот болду экен деп санааркаган чыгар. Ал Тиметейге: «Өзүмдү биринчи жолу коргоп сүйлөгөндө, мени эч ким жактаган жок, тескерисинче, баары таштап кетти. Алар ошол үчүн жоопко тартылышпаса экен»,— деп жазган. Бирок анын: «Мырзабыз жанымда туруп, мага күч берип жатты»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудай ага Иса аркылуу жардам берген. Пабыл анын жардамы менен өзүнүн атүгүл «арстандын азуусунан куткарылганын» айткан (2 Тим. 4:16, 17) *.

3 Пабыл башынан өткөн ошол окуялар тууралуу ой жүгүрткөндүктөн туш болуп жаткан жана келечекте туш боло турган сыноолордун баарын көтөрүп кетүүгө Жахабанын жардам берерине толук ишенген. Муну анын: «Мырзабыз мени бардык жамандыктан арылтат»,— деген сөздөрү тастыктап турат (2 Тим. 4:18). Ал, бир туугандары эч нерсе кыла албаган күндө да, Жахаба менен анын Уулу сөзсүз жардам берерине өз тажрыйбасынан ынанган.

ЖАХАБАГА ТОЛУК ТАЯНУУГА ШАРТ ТҮЗГӨН ЖАГДАЙЛАР

4, 5. а) Ким сага дайыма жардам бере алат? б) Канткенде Жахаба менен болгон мамилеңди бекемдей аласың?

4 Кайсы бир кыйынчылык менен өзүң жалгыз күрөшүп жаткандай сезилген учуруң болду беле? Балким, мектептен кысымга алынгандырсың же жумуштан чыгып калгандырсың, катуу ооругандырсың же дагы башка көйгөйлөргө дуушар болгондурсуң. Башкаларга кайрылганда, алар көмөк көрсөтпөгөндүктөн, көңүлүң чөккөндүр. Ооба, айрым көйгөйлөрдү чечүү адам баласынын колунан келбейт. Андайда эмне кылганың оң? Ыйык Китепте «Жахабага таянышыбыз» керектиги айтылат (Накыл 3:5, 6). Анын жардам берерине ишенсең болобу? Албетте, болот. Ыйык Китепте Жахабанын өзүнүн кызматчыларын оор учурда таштабай турганын далилдеген билдирүүлөр арбын.

5 Андыктан башкалар жардам бере албай калганда, таарынганга шашпа. Анын ордуна, элчи Пабылга окшоп, андай учурду Жахабага толук таянууга жана анын сага мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканына ынанууга шарт түзгөн жагдай катары көр. Бул ишенимиңди арттырып, аны менен болгон мамилеңди бекемдейт.

ЖАХАБАГА ТАЯНУУ МААНИЛҮҮ

6. Кыйынчылыкка туш болгондо Жахабага таянуу эмне үчүн өзгөчө оор болушу мүмкүн?

6 Жан дүйнөңө бүлүк салган көйгөйүң тууралуу тиленип, колуңдан келгендин бардыгын кылгандан кийин тынчсызданбай, баарын Жахабага тапшырып кой. Анткени ал сага кам көрөт. (Оку: Забур 62:8; 1 Петир 5:7.) Жахаба менен болгон мамилеңди андан ары да өрчүтүү үчүн ага таянганды үйрөнгөнүң маанилүү. Бирок ага толук таянуу кээде оңойго турбайт. Эмне үчүн? Мунун бир себеби Жахабанын тиленүүбүзгө дароо жооп бербегени болушу мүмкүн (Заб. 13:1, 2; 74:10; 89:46; 90:13; Хаб. 1:2).

7. Жахаба эмне үчүн кээде тиленүүбүзгө дароо жооп бербейт?

7 Жахаба эмне үчүн кээде тиленүүбүзгө дароо жооп бербейт? Ыйык Китепте аны менен болгон мамилебиз ата менен баланын ортосундагы мамилеге салыштырылат (Заб. 103:13). Атасы дайыма эле баласынын ою менен болуп, анын сураганынын баарын шак эле бере бербейт. Анткени ал баласынын кээде эңсеп жаткан нерсесин кайра бат эле алгысы келбей каларын түшүнөт. Ошондой эле ага эмне керек экенин жана качан керек экенин жакшы билет. Ал айрым нерселерди баласынын жана башкалардын кызыкчылыгын көздөгөндүктөн да бербеши мүмкүн. Анын үстүнө, атасы баласынын ар бир өтүнүчүн аткара берсе, анын каалаганын заматта ишке ашырган кызматчысындай болуп калмак. Ошол сыяктуу эле, асмандагы Атабыз Жахаба бизге жакшы болуш үчүн кээде тилегибизди кийинчерээк орундатууну туура көрүшү мүмкүн. Ал бизди сүйгөндөн сырткары, акылман Жараткан катары бизге эмне керек экенин жана өтүнүчүбүздү качан орундатканы туура болорун жакшы билет. Ал ар бир суранычыбызды дароо эле аткара берсе, Кудай менен адамдын ортосундагы мамиле тууралуу түшүнүк бурмаланып калмак. (Салыштыр: Ышая 29:16; 45:9.)

8. Жахаба эмнени убада кылат?

8 Жахаба эмнени көтөрө аларыбызды жана эмнени көтөрө албасыбызды да эң сонун билет (Заб. 103:14). Ошондуктан ал кыйын учурда бизди таштап койбой, баарын көтөрүп кетүүгө күч берет. Ырас, кээде таптакыр алыбыз калбай калгандай сезилиши мүмкүн. Бирок Жахаба андайда «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөрүн» убада кылат. (Оку: 1 Корунттуктар 10:13.) Ал алыбыздын эмнеге жетерин жакшы билгендиктен, ага таянууга толук негиз бар.

9. Жардам сурап тиленгенден кийин Жахаба дароо жооп бербесе, эмне кылганыбыз абзел?

9 Эгер жардам сурап тиленгенден кийин Жахаба дароо жооп бербей жатса, аны чыдамдуулук менен күткөнүбүз абзел. Анын бизге жардам берүүгө даяр экенин, бирок чыдамдуулук менен ылайыктуу учурду күтөрүн унутпайлы. Ыйык Китепте: «Жахаба силерге ырайым кылар убакты күтөт, силерге кайрымдуулук кылуу үчүн ордунан турат. Анткени Жахаба — акыйкат Кудай. Аны күткөндөрдүн баары бактылуу»,— деп жазылган (Ыш. 30:18).

«АРСТАНДЫН АЗУУСУ»

10—12. а) Катуу ооруга чалдыккан жакынын караган бир туугандардын жагдайын эмне оорлотушу мүмкүн? б) Оор учурларда да Жахабага таянуу кандайча аны менен болгон мамилебизди бекемдейт? Мисал келтир.

10 Башыңа мүшкүл түшкөндө сен да, элчи Пабылдай болуп, азуулуу арстанга жем болгону жаткандай сезимде болушуң мүмкүн. Андай учурларда Жахабага таянуу кыйын болушу ыктымал, бирок так ошондой кезде ага таянганың өтө маанилүү. Айталы, катуу ооруга чалдыккан жакыныңа кам көрүшүң мүмкүн. Андайда Жахабадан акылмандык, күч сурап тиленериң бышык *. Колуңан келгендин баарын кылгандан кийин Жахабанын жагдайыңды көрүп турарын жана сыноолорду туруктуулук менен көтөрүп кетишиңе жардам берерин билгендиктен жүрөгүңө бир аз болсо да тынчтык орноору күмөнсүз (Заб. 32:8).

11 Бирок айрым себептерден улам Жахаба сага көңүл бурбай жаткандай сезилиши ыктымал. Алсак, доктурлар кайчы пикирде болушу же жөлөк-таяк болот деп ойлогон туугандарың жагдайды ого бетер оорлотушу мүмкүн. Ошондой болгон күндө да Жахабанын күч береринен шектенбе. Ага жакындай бер. (Оку: 1 Шемуел 30:3, 6.) Анын сага кантип жардам бергенин түшүнгөнүңдө ага ого бетер жакын болуп каласың.

12 Мунун калетсиз экенине Линда * да ынанган. Ал бир нече жыл бою оорукчан ата-энесин карап, алардын көзү өткөнчө жанында болгон. Ал мындай дейт: «Кээде күйөөм, иним үчөөбүз эмне кыларыбызды билбей калчубуз. Колубуздан эч нерсе келбечүдөй сезилчү. Бирок ошол күндөрдү ойлогондо, Жахабанын бизди кантип колдоп турганын айкын түшүнөбүз. Анткени жарга такалгандай жагдайларда да ал бизге күч берип, зарыл нерселер менен камсыз кылып турган».

13. Бир ишенимдешибизге Жахабага таянганы турмуштун соккуларына каршы турууга кандайча жардам берген?

13 Жахабага толук таянуу турмуштун катуу соккуларына туш болгондо да багынбоого күч берет. Ронданы мисалга алалы. Анын күйөөсү ишенимдеш эмес болчу. Ал Ронда менен ажырашып жатканда, Ронданын иниси тери кургак учугуна чалдыкканы аныкталган. Бир нече айдан кийин ошол инисинин аялы каза болуп калган. Кайгысы бир аз унутулуп, башын көтөрүп калганда ал үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштаган. Бирок ошондон көп өтпөй апасынан айрылган. Ушунун баарын көтөрүп кетүүгө Рондага эмне жардам берген? Ал Жахаба менен күнүгө, атүгүл майда-чүйдө чечимдерди чыгарарда да сүйлөшүп турган. Мунун аркасында Жахабанын тирүү Кудай экенине ого бетер ынанган жана өзүнө же башкаларга эмес, Жахабага таянууга үйрөнгөн. Жахаба аны муктаж болгон нерселеринин баары менен камсыз кылган. «Мен Жахаба менен тыгыз кызматташтым»,— дейт Ронда.

Үй-бүлөдөгү жагдайдан улам да Жахаба менен болгон мамилебиздин канчалык бекем экени сыналат (14—16-абзацтарды кара)

14. Жакын кишиси жыйналыштан чыгарылган бир туугандар эмнеден шектенбесе болот?

14 Жакын кишиңдин жыйналыштан чыгарылганы да жашоодогу оор сыноолордун бири. Ыйык Китепти изилдегендиктен сен андай адамга кандай мамиле кылышың керектигин жакшы билесиң (1 Кор. 5:11; 2 Жкн. 10). Анткен менен анда жазылгандарга кармануу кээде аябай кыйын болушу, атүгүл мүмкүн эместей сезилиши ыктымал *. Андайда асмандагы Атаңдын сага жыйналыштан чыгарылгандарга карата берилген буйрукка баш ийүүгө жардам берерине ишенесиңби? Ошондой учурларды Жахаба менен болгон мамилеңди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк катары көрөсүңбү?

15. Адам ата эмне үчүн Кудайдын буйругун бузган?

15 Адам атанын эмне кылганын эстесең. Ал Жахабанын буйругун бузсам деле өлбөйм деп ойлоду беле? Жок, анткени Ыйык Жазмада: «Адам эмес, аял алданган»,— деп жазылган (1 Тим. 2:14). Анда эмне үчүн ал Кудайдын тилин албай, аялы берген жемишти жеген? Анткени ал Кудайга караганда аялын көбүрөөк жакшы көргөн. Ошон үчүн Жахабаны эмес, аны уккан (Башт. 3:6, 17).

16. Кимди көбүрөөк жакшы көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

16 Бул туугандарыбызды көп жакшы көрбөшүбүз керек дегенди билдиреби? Албетте, жок! Болгону, биз Жахабаны көбүрөөк жакшы көрүшүбүз керек. (Оку: Матай 22:37, 38.) Жахабага болгон сүйүүң күчтүү болсо, туугандарың чындык жолунда жүрөбү же жокпу, аларга жакшыраак жардам бере аласың. Андыктан Жахабага болгон сүйүүңдү, ишенимиңди арттыр. Эгер жыйналыштан чыгарылган тууганыңды ойлоп, санаа тартып жатсаң, ой-сезимдериңди Жахабага айтып тилен * (Рим. 12:12; Флп. 4:6, 7). Андай учурду Жахабага жакындоого шарт түзгөн жагдай катары көр. Ушундай кылсаң, ага таянуунун натыйжасы жакшы болоруна ынанасың.

ЖАХАБАНЫ КҮТҮП ЖАТЫП...

Кудайдын ишине жигердүү катышып, ага таянарыңды көрсөтө бер (17-абзацты кара)

17. Кабар айтуу ишине жигердүү катышсак, эмнеден шектенбесек болот?

17 Жахаба элчи Пабылды «арстандын азуусунан» эмне үчүн куткарган? Пабыл өзү: «Кабар айтуу иши мен аркылуу толугу менен аткарылышы үчүн жана ал кабарды бардык элдер угушу үчүн»,— деп жазган (2 Тим. 4:17). Падышалыктын жарчылары катары бизге да «жакшы кабарды жарыялоо» иши тапшырылган, ошондой эле Жахаба бизди өзүнүн кызматташтары деп эсептейт (1 Тес. 2:4; 1 Кор. 3:9). Эгер Пабылга окшоп, кабар айтуу ишине жигердүү катышсак, Жахабанын зарыл нерселердин баарын берерине шектенбесек болот (Мт. 6:33). Кудайдын ишине канчалык көп катышсак, анын тиленүүлөрүбүзгө жооп беришин күтүү кыйла жеңил болот.

18. Канткенде Жахабага болгон ишенимиң жана аны менен болгон мамилең бекемделет?

18 Келгиле анда, Жахаба менен болгон мамилебизди күн сайын бекемдегенге аракет кылалы. Эгер кайсы бир кыйынчылыктардан улам тынчсызданып жатсаң, ага мурдагыдан да жакындаганга умтул. Ыйык Китепти кылдат изилдеп, дайыма тиленип, рухий иштерге жигердүү катышып, Жахабанын азыр да, келечекте да бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берерине толук ишенериңди көрсөтө бер.

^ абз. 2 Пабылдын сөздөрү кадимки арстанды да, каймана маанидеги арстанды да билдириши мүмкүн.

^ абз. 10 Биздин журналдарга катуу ооруга чалдыккан жана оорулууларды караган бир туугандарга жардам берерлик бир нече макала чыккан. (Кара: «Күзөт мунарасы», 2014-ж., 15-март; «Ойгонгула!», 2001-ж., 22-янв., ор.; 2000-ж., 22-май, ор.; 1997-ж., 8-фев., ор.)

^ абз. 12 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 14 Ушул сандагы «Жыйналыштан чыгаруу чарасы сүйүүнү айгинелейт» деген макаланы кара.

^ абз. 16 Биздин журналдарга жакын кишиси жыйналыштан чыгарылган бир туугандарга жардам берерлик бир нече макала чыккан. (Кара: «Күзөт мунарасы», 2007-ж., 15-янв., 17—21-б., ор.; 2006-ж., 1-сент., 17—20-б., ор.)