Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба менен болгон мамилең канчалык бекем?

Жахаба менен болгон мамилең канчалык бекем?

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (ЖКП. 4:8).

1. Эмне үчүн Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сакташыбыз керек?

ЭГЕР өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөн болсоң, сенде баа жеткис нерсе бар, башкача айтканда, сен Жахаба менен мамиле өрчүткөнсүң. Бирок Шайтан ар бирибиздин Кудай менен болгон достугубузду бузууга аракет кылып келет. Андан сырткары, өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз да Жахабадан алыстап кетишибизге себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан баарыбыз тең аны менен болгон мамилебизди бекем сакташ үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек.

2. а) Мамиле деген эмне? (Шилтемени кара.) б) Жахаба менен болгон достугубузду кантип чыңдай алабыз?

2 Сенин Жахаба менен болгон мамилең канчалык бекем? Аны менен болгон достугуңду чыңдагың келеби? Жакып 4:8де: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган. Бул аяттан Жахаба менен болгон мамилебиз биздин жана анын иш-аракетинин негизинде өрчүй турганы көрүнүп турат *. Эгер Кудайга жакындаш үчүн кадам шилтесек, ал да бизди көздөй кадам шилтейт. Ага жакындаган сайын, достугубуз чыңалып, аны менен ынак боло беребиз. Натыйжада: «Мени жибергендин чынында эле бар экени анык... Мен... [аны] билем»,— деп айткан Иса Машаяктыкындай сезимде болорубуз шексиз (Жкн. 7:28, 29). Жахабага жакындаш үчүн эмне кылсаң болот?

Кудай менен кантип сүйлөшө аласың? (3-абзацты кара)

3. Жахаба менен кантип сүйлөшө аласың?

3 Жахабага ынак болушубуз үчүн аны менен сүйлөшүп турушубуз зарыл. Аны менен кантип сүйлөшө аласың? Маселен, алыстагы досуң менен кантип сүйлөшөт элең? Бири-бириңерге бат-баттан кат жазып, телефон чалып турмак болушуңар керек. Ошо сыяктуу эле, тиленген сайын сен Жахабага сүйлөгөн болосуң. (Оку: Забур 142:2.) Ал эми анын Сөзүн изилдеп, окугандарың жөнүндө ой жүгүрткөн сайын, ал сага сүйлөгөн болот. (Оку: Ышая 30:20, 21.) Анда эмесе, Жахаба менен сүйлөшүп турганың кандайча мамилеңерди бекемдеп, аны жакын Досуңдай көрүүгө жардам берерин карап көрөлү.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕГЕНДЕ ЖАХАБАНЫН ҮНҮН УГАСЫҢ

4, 5. Жахаба сени менен Ыйык Китеп аркылуу кантип сүйлөшөт? Мисал келтир.

4 Сен Кудайдын Ыйык Китепти бардык адамдар үчүн жаздырганына кошуларың күмөнсүз. Бирок Ыйык Китеп жеке сага Жахаба Кудайга жакындоого жардам бере алабы? Албетте. Эгер аны дайыма окуп-изилдеп, билгендериңди иш жүзүндө кантип колдонуу керектиги жөнүндө ой жүгүртсөң, Жахабанын үнүнө кулак түргөн болосуң. Мунун аркасында ага ого бетер жакындай бересиң (Евр. 4:12; Жкп. 1:23—25).

5 Мисалы, Иса пайгамбардын: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула»,— деген сөздөрүн окуп, ой жүгүртүп жатасың дейли. Эгерде жашооңдо Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюп келатсаң, бул сөздөрдү окуганда Жахабанын сени мактаганын сезесиң. Ал эми жашооңду жөнөкөйлөтүп, Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюшуң керек экенин байкасаң, Жахаба сага ага жакындаш үчүн кайсы жагыңды оңдошуң керектигин эскерткен болот (Мт. 6:19, 20).

6, 7. а) Ыйык Китепти изилдөө Жахабага болгон сүйүүбүзгө жана анын бизге болгон сүйүүсүнө кандай таасир этет? б) Ыйык Китепти изилдөөдө кандай максатты көздөшүбүз керек?

6 Ыйык Китепти изилдегенде кемчиликтерибизди баамдагандан тышкары, Жахабанын эң сонун сапаттары жана сүйүүсүнөн улам кылган иштери жөнүндө көбүрөөк билебиз. Бул ага болгон сүйүүбүздү арттырат. Жахабаны канчалык жакшы көргөн сайын, ал да бизди ошончолук жакшы көрө берет. Ошентип, аны менен болгон достугубуз уламдан-улам чыңала берет. (Оку: 1 Корунттуктар 8:3.)

7 Бирок Жахабага жакындаш үчүн Ыйык Китепти туура максат менен изилдешибиз абзел. Жакан 17:3тө: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп жазылган. Ошо себептен Ыйык Китепти билим алуу максатында эле эмес, Жахабаны жакшыраак таанып-билүү максатында изилдешибиз кажет. (Оку: Чыгуу 33:13; Заб. 25:4.)

8. а) Жахабанын Азарияны жазалаганына байланыштуу кандай суроо туулушу мүмкүн? б) Жахабаны жакшы билсек, эмнеден шек санабайбыз?

8 Жахабаны жакшыраак таанып-билсек, Ыйык Китепте анын кайсы бир нерсени эмне үчүн кылганы түшүндүрүлбөсө да, туура кылганына эч күмөн санабайбыз. Маселен, Жүйүт падышасы Азариянын окуясына токтололу (2 Пад. 15:1—5). Эл «бийик жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп» жүрсө да, «Азария... Жахабанын көз алдында туура иштерди кыла» берген. Бирок «Жахаба аны пес оорусуна чалдыктырган». Ал «өлөр-өлгөнчө» айыккан эмес. Жахаба аны эмне үчүн жазалаган? Ал билдирүүдө андан ары эч нерсе айтылбайт. Анда Жахаба Азарияны эч себепсиз эле жазалап койгон деп жыйынтык чыгарууга болобу? Эгер Жахабаны жакшы билсек, анын башкаларды эң туура жол менен «оңдоп-түзөөрүнө» толук ишенебиз (Жер. 30:11). Андыктан Жахабанын Азария падышаны пес оорусуна эмне үчүн чалдыктырганын билбесек да, аны адилеттүү түрдө жазалаганына шектенбесек болот.

9. Жахабанын Азарияны пес оорусуна эмне үчүн чалдыктырганын кайдан билебиз?

9 Бирок Ыйык Китепте буга байланыштуу кененирээк маалымат берилет. Азария падыша Узия деген ат менен да белгилүү (2 Пад. 15:7, 32). 2 Жылнаама 26:3—5 жана 16—21-аяттарда Узия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылса да, кийинчерээк «анын жүрөгү менменсинип кеткени», бул болсо «акыры анын кыйрашына алып келгени» айтылат. Текебердиги башынан ашкандыктан, ал дин кызматчылар гана кылыш керек болгон ишти кылууга батынган. 81 дин кызматчы ага каршы болуп, аны токтотууга аракет кылган. Ошондо Узия эмне кылды эле? Ушунчалык менменсинип кеткендиктен, дин кызматчыларга «каары кайнап чыккан». Мындан Жахабанын аны эмне үчүн жазалаганы айкын көрүнүп турат.

10. а) Эмне үчүн Жахабанын кылган ар бир ишинин себебин билишибиздин зарылдыгы жок? б) Жахабанын ар дайым туура иш кыларына бекем ишенүүгө эмне жардам берет?

10 Азария падыша жөнүндөгү маалыматтардын негизинде Жахаба аны эмне себептен жазалаганын билдик. Бирок кээде кайсы бир билдирүүлөргө байланыштуу Ыйык Китепте кошумча маалымат болбошу мүмкүн. Андайда Жахабанын адилеттүүлүгүнө шек санап киресиңби? Же анын ар дайым туура иш кыларына күмөн санабаганга Ыйык Китепте көптөгөн далилдер бар экенине ишенесиңби? (Мыйз. 32:4). Жахабаны жакшыраак таанып-билген сайын, кайсы бир нерсени эмне үчүн кылганы майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлбөсө да, ага болгон сүйүүң, ишенимиң арта берет. Анын үнүнө кулак түрсөң, башкача айтканда, Ыйык Китепти изилдеп, ой жүгүртсөң, ага барган сайын ыраазы боло бересиң (Заб. 77:12, 13). Бул аны менен болгон мамилеңди бекемдейт.

ТИЛЕНГЕНИҢДЕ, ЖАХАБА СЕНИ УГАТ

11—13. Жахаба Кудайдын тиленүүбүздү сөзсүз угарын кайдан билебиз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Жахабага жакындоонун дагы бир жолу — тиленүү. Тиленгенде аны даңктайбыз, ага ыраазычылык билдиребиз жана жетектешин суранабыз (Заб. 32:8). Жахаба менен ынак мамиледе болуш үчүн анын бизди угарынан эч шектенбешибиз керек.

12 Айрымдар Кудай адамдардын тиленгенин укпайт деле, болгону, тиленүү адамдын өзүн жакшыраак сезип, жеңилдеп калышына шарт түзөт деген ойдо. Алар тиленүүнү тек гана көйгөй тууралуу жакшылап ойлонуп, аны чечкенге жардам бере турган ыкма деп эсептешет. Тиленүү ушул жактардан да пайда алып келери чын. Бирок Жахаба ага кайрылгандарды, анын ичинде сени да чындап эле угат. Буга эмне үчүн толук ишенсең болот?

13 Иса Машаяк жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал жерге келгенге чейин Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын өтүнүчүн угуп, орундатканын көргөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө болсо, өзү да асмандагы Атасына жүрөгүндөгүсүн төгүп тиленип турган. Бир жолу ал атүгүл түнү бою тиленген (Лк. 6:12; 22:40—46). Эгер Жахаба укпай турган болсо, ал ага жалынып тиленет беле? Тиленүү тек гана адамдын өзүн жакшыраак сезип, жеңилдеп калышына шарт түзө турган ыкма болсо, шакирттерине кантип тиленүү керектигин үйрөтөт беле? Ал Жахабанын тиленүүбүздү сөзсүз угарын жакшы билген. Бир жолу тиленип жатканда: «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын. Мени дайыма угарыңды билем»,— деп айткан. Биз да Жахабанын тиленүүбүздү угарына бекем ишенсек болот (Жкн. 11:41, 42; Заб. 65:2).

14, 15. а) Тиленгенде жүрөгүбүздөгүнү жалпы жонунан эмес, так-айкын айтуунун кандай пайдасы бар? б) Бир ишенимдешибизге тиленүү Жахаба менен болгон мамилесин бекемдөөгө кандайча жардам берген?

14 Кээде Жахабанын тиленүүңө кантип жооп бергени анча байкалбашы мүмкүн. Бирок тиленгенде жүрөгүңдөгүнү жалпы жонунан эмес, майда-чүйдөсүнө чейин так-айкын айтсаң, анын жооп берип жатканын байкап, ага болгон ишенимиң артат. Андан сырткары, жүрөгүңдүн түпкүрүндөгү ой-сезимдериңди айткан сайын, ал да сага жакындай берет.

15 Кэтини мисалга алалы *. Ал кабар айтуу кызматына ар дайым катышса да, андан кубаныч алчу эмес. Ал мындай дейт: «Кабар айтуу мага такыр жакчу эмес. Жумуштан бошогонумда, аксакал мени үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылууга үндөп, атүгүл колума арызды карматып койду. Мен пионер болоюн деп чечтим, бирок ошол эле учурда Жахабадан кабар айтуу кызматын жакшы көрүүгө жардам беришин сурап, күнүгө тилене баштадым». Жахаба анын тилегин орундатканбы? «Мен үч жылдан бери пионер болуп келатам. Кызматка көбүрөөк чыкканымдын жана бир туугандардан көп нерселерди үйрөнгөнүмдүн аркасында кабарды мурункуга караганда жакшыраак айта баштадым. Азыр кабар айтуу мага жакмак тургай, аны аябай жакшы көрөм. Баарынан маанилүүсү, Жахаба менен болгон мамилем мурункуга караганда алда канча бекем болуп калды»,— дейт ал. Ооба, тиленүү Кэтиге Жахабага жакындоого жардам берген.

СЕНДЕН КҮТҮЛГӨНДҮ КЫЛА БЕР

16, 17. а) Жахабага дайыма жакындай беришибиз үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Кийинки макалада эмне тууралуу айтылат?

16 Биз Жахабага өмүр бою жакындай беришибиз керек. Анын бизге жакындашын кааласак, өзүбүз да аны көздөй кадам шилтешибиз зарыл. Анда эмесе, келгиле, Ыйык Китепти изилдеп, тиленип, Жахаба менен дайыма сүйлөшүп туралы. Ошентсек, аны менен болгон мамилебиз бекем болуп, бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кете алабыз.

Жахабага өмүр бою жакындай беришибиз керек (16, 17-абзацтарды кара)

17 Бирок кээде жалындуу тиленсек да, кыйынчылыктар менен көпкө күрөшүүгө туура келет. Андайда Жахабага болгон ишенимибиз алсырай түшүшү мүмкүн. Ал тиленүүбүздү укпай жаткандай, бизди жакын досундай көрбөгөндөй сезилиши ыктымал. Ошондой учурларда эмне кылганыбыз оң? Бул тууралуу кийинки макалада айтылат.

^ абз. 2 Мамиле деген эки адамдын бири-бирине карата болгон сезимин, бири-бири менен болгон катышын билдирет. Ортодогу мамиле үзүлбөшү үчүн, эки тараптан тең иш-аракет кылуу талап кылынат.

^ абз. 15 Ысмы өзгөртүлдү.