Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйылган дарак кайра өсөбү?

Кыйылган дарак кайра өсөбү?

АСМАН тиреген Лебанон бал карагайына салыштырмалуу бутактары чырмалышып, буралып өскөн зайтун дарагы көргөн кишини өзүнө анча деле тартпайт. Бирок ал аба ырайынын катаал шарттарына чыдамдуу келгени менен өзгөчөлөнөт. Айрым жерлерде 1000 жылдай убактан бери жашап келаткан зайтун дарактары кездешет. Зайтун дарагынын тамыры терең кеткендиктен жана кеңири жайылгандыктан, сөңгөгү кыйылса да, таптакыр өлүп калбайт. Тамырына зыян келбесе эле, андан кайрадан жаш бутактар өсүп чыга берет.

Аюп пайгамбар көзү өтүп кете турган болсо да кайрадан тирилерине шектенген эмес (Аюп 14:13—15). Ал Кудайдын аны тирилтүүгө кудурети жетерине бекем ишенерин көрсөтүп, дарак жөнүндө, кыязы, зайтун дарагы жөнүндө мисал келтирген. Аюп: «Дарактын да үмүтү бар: кыйылса, кайра өсөт, чырпыктары чыга берет»,— деп айткан. Чынында эле, узакка созулган кургакчылыктан кийин жаан жааганда, зайтун дарагынын дүмүрүнөн жаш бутактар чыгып, «жаңы отургузулган көчөттөй шагын жаят» (Аюп 14:7—9).

Багбан кыйылган зайтун дарагынын кайрадан дүркүрөп өсүшүн абдан каалагандай эле, Жахаба Кудай өлүм уйкусунда жаткан кызматчыларын жана башка көптөгөн адамдарды тирилтүүнү абдан каалайт (Мт. 22:31, 32; Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15). Өлгөн адамдардын тирилип, бактылуу өмүр сүрүп жатканын көрүү кандай гана кубанычтуу болот!