Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал адамдарды сүйгөн

Ал адамдарды сүйгөн

«Менин кубанычым адам баласына байланыштуу болчу» (НАКЫЛ 8:31).

1, 2. Исанын адамзатты сүйөрүнүн бир далили кайсы?

КУДАЙДЫН тун Уулу — анын чексиз акылмандыгынын эң чоң далили. Ыйык Китепте ал акылмандык катары сүрөттөлгөн жана Атасы менен чогуу эмгектенген «чебер уста» болгону айтылган. Атасы «асманды даярдап», «жердин пайдубалын салып жатканда», анын канчалык кубанып-шаттанганын элестетсең. Бирок, кызыктуусу, Иса баарынан да адам баласы жаратылганда абдан кубанган (Накыл 8:22—31). Ал адамдарды жерге келгенге чейин эле аябай жакшы көрчү.

2 Атасына болгон берилгендигинен, ага жана «адам баласына» болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам ал кийин «бардык нерсесин калтырып», «адамдарга окшош болуп», «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Флп. 2:5—8; Мт. 20:28). Ооба, Иса адамзатты ушунчалык сүйгөн! Адамдарды сүйөрүн көрсөтө алышы үчүн, Жахаба ага керемет жасоого күч берген. Ал жерде жүргөндө укмуштуудай кереметтерди жасап, келечекте дүйнө жүзү боюнча эмнелерди кыларын көрсөткөн.

3. Бул макалада эмне жөнүндө талкуулайбыз?

3 Иса жерге келгенде «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» да жарыялаган (Лк. 4:43). Ал ошол Падышалык Атасынын ысмын ыйыктаарын жана бардык кыйынчылыктарды биротоло жок кыларын билген. Кабар айтыш үчүн далай жерлерди басып өткөнү анын адамдарга боору ачып, жакшылык каалаарынын айкын далили болгон. Исанын иштери жөнүндө билгенибиз эмне үчүн маанилүү? Анткени бул келечекке болгон ишенимибизди, үмүтүбүздү бекемдейт. Анда эмесе, ал жасаган төрт керемет жөнүндө талкуулайлы.

«КААЛАЙМ. АЙЫК»

4. Иса зээнди кейиткен кандай көрүнүшкө күбө болгон?

4 Иса Машаяк Галилея аймагында кабар айтып жүргөн эле. Ошол жактагы шаарлардын биринде ал зээнди кейиткен бир көрүнүшкө күбө болот (Мр. 1:39, 40). Ага тирүүлөй денени чириткен пес оорусуна чалдыккан бир киши келет. Дарыгер Луканын: «Бүт денесин пес оорусу каптаган бир киши келди»,— деп жазганынан ал бечаранын илдети бир топ эле күчөп кеткенин билүүгө болот (Лк. 5:12). Пес оорулуу киши Исаны көргөндө алдына жыгылып: «Мырзам, эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарат. Ал Исанын айыктырууга кудурети жетерине шектенген эмес, аны Исанын айыктырууну каалаар-каалабасы ойлондурган. Оорулуунун жалынычына Иса кандай жооп кайтарган? Кеселдин айынан, кыязы, кебетеси кетип калган ал кишини көргөндө ага кандай ойлор келген? Ал пес оорулууларга ырайымсыз мамиле кылган фарисейлердей болуп, анын шагын сындырганбы? Исанын ордунда болсоң, сен эмне кылат элең?

5. Исага пес оорулууну айыктырууга эмне түрткү берген?

5 Сыягы, ал пес оорулуу киши Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда талап кылынгандай: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырбаса керек. Бирок Иса ал тууралуу кеп козгобостон, анын өзүнө көңүл топтогон (Леб. 13:43—46). Ошондо Исага кандай ойлор келгени белгисиз болсо да, анын кандай сезимде болгону айдан ачык. Ал кыйналып турган кишиге жаны ачып, эч ким күтпөгөн нерсени кылган. Иса колун ага тийгизип: «Каалайм. Айык»,— деген. Анын үнүнөн бир эле учурда кайраттуулук да, назиктик да сезилип турган. Тиги киши ошол замат айыгып калган (Лк. 5:13). Ырас, Жахаба Исага күчтү керемет жасашы үчүн эле эмес, адамдарды абдан сүйөрүн далилдеши үчүн да берген (Лк. 5:17).

6. Исанын кереметтери эмнеси менен көңүлгө аларлык болгон жана алардан эмнени билүүгө болот?

6 Кудайдын күчү менен Иса ар түрдүү ажайып кереметтерди жасаган. Ал пес оорусун эле эмес, дарттын түрүн айыктырган. Ыйык Китепте: «Дудуктардын сүйлөп, сокурлардын көрүп, аксактардын басып жатканын көргөн эл абдан таң калып... жатты»,— деп айтылат (Мт. 15:31). Элди сакайтыш үчүн Исага донорлордун органдары керек болгон эмес. Ал жабыркаган органдын же дене мүчөсүнүн өзүн айыктырчу. Адамдарды бир заматта, кээде атүгүл алыстан эле сакайтып койчу (Жкн. 4:46—54). Мындан эмнени билүүгө болот? Учурда тактыда отурган Падышабыз Исанын оору аттуунун баарын биротоло жок кылууга кудурети жетет жана ал ошондой кылууну каалайт. Анын адамдарга жасаган мамилеси бизди Ыйык Китептеги: «[Ал] бечара менен жакырды аяйт»,— деген пайгамбарлыктын жаңы заманда сөзсүз аткарыларына ынандырат (Заб. 72:13). Ошондо Иса азап тарткандардын баарына жан-дилден жардам берет.

«ОРДУҢАН ТУРУП, ЗАМБИЛИҢДИ АЛ ДА, БАС»

7, 8. Иса шал оорулуу кишиге кандайча жолугуп калган?

7 Галилеяда пес оорулууну айыктырганынан бир нече ай өткөндөн кийин, Иса жакшы кабарды жарыялаш үчүн Жүйүт жерине барат. Анын айткан кабары жана элге кылган мамилеси миңдегендердин жүрөгүн козгогону шексиз. Ал жакырларга жакшы кабар айтууну, туткундарга боштондук жарыялоону, жүрөгү жаралангандарды айыктырууну абдан каалаган (Ыш. 61:1, 2; Лк. 4:18—21).

8 Нисан айы келип калгандыктан, Иса Атасынын буйругуна баш ийип, Пасах майрамын белгилеш үчүн Иерусалимге барат. Ыйык майрамга келген элдин көптүгүнөн шаар ичи опур-топур болуп, адаттагыдан башкача жандуу эле. Ибадаткананын түндүк тарабында Бетзада деген көлмө бар болчу. Ошол жактан Иса бир шал оорулуу кишиге жолугат.

9, 10. а) Бетзада көлмөсүнө элдер эмне үчүн агылып барчу? б) Иса көлмөгө эмне үчүн барган жана мындан эмнеге үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Бетзада көлмөсүнө ар кандай оору-кеселден азап чеккендер агылып бара турган. Эмне үчүн? Түшүнүксүз себептерден улам алар оорулуу киши суу чайпалганда көлмөгө түшсө, кереметтүү түрдө сакайып кетет деп ишенишчү. Ал жерде кандай маанай өкүм сүргөнүн элестетсең. Балким, айыгарына көзү жетпей, айласы кеткен адамдарды үмүтсүздүк тумчуктура басып, мүңкүрөткөн чыгар. Такыр ооруп көрбөгөн жеткилең Иса ал жерге эмне үчүн барган? Ал боору ооругандыктан ошол көлмөгө барып, ондогон жылдардан бери — өзү жерге келип, ымыркай болуп төрөлгөнгө чейин эле — оорудан азап тартып келаткан кишиге кезиккен. (Оку: Жакан 5:5—9.)

10 Иса: «Айыккың келеби?» — деп сураганда, ал кишинин көңүлү күүгүм тартып, заманасы куурулуп турганын элестете аласыңбы? Байкуш киши айыксам дегенде эки көзү төрт экенин, бирок суу чайпалганда аны көлмөгө түшүрөр эч кимиси жок экенин айтып кейийт. Ошондо Иса ага: «Замбилиңди ал да, бас»,— деп айтат. Бул мүмкүн эместей көрүнсө да, тиги киши замбилин алып, баса баштайт. Исанын ал иши жаңы заманда кыла турган кереметтеринин көлөкөсү эле болгон. Ошол ишинен анын канчалык боорукер болгону да көрүнүп турат. Ал жардамга зар болгондорду издеген. Исанын үлгүсү бизге аймагыбыздан дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам көңүлү чөгүп жүргөндөрдү издөөгө түрткү берет.

«СЫРТ КИЙИМИМЕ КИМ КОЛУН ТИЙГИЗДИ?»

11. Марк 5:25—34-аяттардан Исанын оорудан азап чеккендерге боору ооруй билгени кандайча көрүнүп турат?

11 Оку: Марк 5:25—34. Бул аяттарда айтылган аял 12 жыл бою башкалардан корунуп, кысынып жашап келген. Илдети жашоосунун бардык тармагына кедергисин тийгизип, атүгүл Жахабага эл катары сыйынышына да тоскоол болгон. Ал «улам бир дарыгерге көрүнүп, алардын айынан көп азап тарткан». «Колундагы каражатынын баарын жумшаса да, эч жылыш болбой, абалы начарлагандан начарлай берген». Бирок бир күнү ал аял башкача иш кылат: көп элди аралап өтөт да, Исанын сырт кийимине колун тийгизет (Леб. 15:19, 25). Иса өзүнөн күч чыкканын сезип, ага ким колун тийгизгенин сурайт. «Аял коркконунан калтырап-титиреп, Исанын алдына келип жыгылат» да, болгонун болгондой айтып берет. Аялды Жахаба айыктырганын түшүнүп, Иса ага жумшактык менен: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— деп айтат.

Иса кереметтери аркылуу бизге кам көрөрүн жана кыйынчылыктарыбызга кайдыгер карабай турганын айгинелеген (11, 12-абзацтарды кара)

12. а) Буга чейин талкуулангандардын негизинде Исаны кантип сүрөттөйт элең? б) Иса бизге кандай үлгү калтырган?

12 Ооба, Иса абдан боорукер! Ал оорудан жапа чеккендерге аяр мамиле кылат. Ал эми Шайтан өзүбүздү эч кимге керегибиз жоктой, эч нерсеге татыксыздай сезишибизди каалайт. Бирок Иса кереметтери аркылуу бизге чындап кам көрөрүн жана кыйынчылыктарыбызга кайдыгер карабай турганын айгинелеген. Биздин Падышабыз жана Башкы дин кызматчыбыз кандай гана кайрымдуу! (Евр. 4:15). Өнөкөт оору менен күрөшүп жүргөн кишини түшүнүү, айрыкча, өзүбүз андайды башыбыздан өткөрүп көрбөсөк, оңой эмес. Иса болсо, өзү эч качан оорубаса да, оорулуулардын ал-ахвалын түшүнө билген. Келгиле, анын үлгүсүн дайыма эсибизде бек сактап, башкалардын жагдайын түшүнгөнгө аракет кылалы (1 Пет. 3:8).

«ИСА КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛДЫ»

13. Лазарды тирилткенинен Иса жөнүндө эмнени билүүгө болот?

13 Башкалардын кайгысына Иса кош көңүл карап тура алчу эмес. Досу Лазарды жоктоп ыйлап жаткандарды көргөндө анын «каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап кеткен». Аны бир аздан кийин эле тирилтерин билсе да, көзүнө жаш алган. (Оку: Жакан 11:33—36.) Иса элдин көзүнчө ыйлагандан уялган эмес. Ошол жердегилердин баары анын Лазар менен үйүндөгүлөрүн канчалык жакшы көрөрүнө күбө болушкан. Кудай берген күчтү колдонуп, досун тирилткенинен анын абдан күйүмдүү экени көрүнгөн (Жкн. 11:43, 44).

14, 15. а) Жахабанын адамзатты кайгы-муңдан арылтууну каалаарын эмне далилдеп турат? б) Исанын «эстелүүчү мүрзөлөр» деп айтканы эмне үчүн абдан ылайыктуу болгон?

14 Ыйык Китепте Иса Машаяктын «Кудайдын табиятынын так көчүрмөсү» экени айтылат (Евр. 1:3). Демек, кереметтерди жасоо менен ал өзүнүн да, Атасынын да күнөө менен өлүмдү жок кылууну каалаарын далилдеген. Ушундай каалоосунан улам алар келечекте миллиарддаган адамдарды тирилтишет. Иса: «Эстелүүчү мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деген (Жкн. 5:28, 29, шилт.).

15 Анын «эстелүүчү мүрзөлөр» деп айтканы абдан ылайыктуу болгон, себеби өлгөндөр Кудайдын эс тутумунда. Учу-кыйырсыз кең ааламды жараткан Кудуреттүү Кудай үчүн өлгөн жакындарыбыздын сырткы көрүнүшүн, кулк-мүнөзүн майда-чүйдөсүнө чейин эстөө кыйынга деле турбайт (Ыш. 40:26). Бирок ал жана анын Уулу аларды эстей алганы үчүн эле эмес, аябай каалагандыктан тирилтишет. Лазардын жана башка адамдардын тирилгени жаңы заманда андай кереметтүү окуялар бүт дүйнө жүзү боюнча болорун тастыктап турат.

ИСАНЫН КЕРЕМЕТТЕРИ СЕН ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

16. Кынтыксыз бойдон калгандар кандай сыймыкка ээ болушат?

16 Эгерде кынтыксыз бойдон калсак, тарыхтагы эң чоң кереметке күбө болобуз, тагыраак айтканда, улуу алааматтан аман өтөбүз. Анан Армагедон согушунан көп өтпөй дагы башка кереметтерди, алсак, адамдардын ден соолугу жакшыра баштаганын өз көзүбүз менен көрөбүз (Ыш. 33:24; 35:5, 6; Аян 21:4). Ошондо элдер көз айнектерин, таяктарын, балдактарын, майыптар коляскасын, кулакка таккан аппараттарын жана башка нерселерин ыргытышат. Жахабанын жаңы дүйнөнүн босогосун аттагандардын чың ден соолукта болушуна кам көрөрүнө орчундуу себеп болот. Алар чоң ишти аткарышат: Кудай берген белекти — Жер планетасын — бейишке айлантышат (Заб. 115:16).

17, 18. а) Иса кереметтерди эмне үчүн жасаган? б) Эмне себептен жаңы заманга жетүү үчүн бүт күчүңдү жумшашың керек?

17 Исанын байыркы убакта адамдарды айыктырганы бүгүнкү күндөгү «эбегейсиз көп адамдардын» жаркын келечекке болгон үмүтүн бекемдеп, жакында бардык оору-дарттардан арыларына ынандырат (Аян 7:9). Анын ошол иштеринен сонун сапаттары, адамзатты абдан сүйөрү айкын болгон (Жкн. 10:11; 15:12, 13). Исанын боорукердигинен Жахабанын ар бир кызматчысына канчалык кам көрөрүн билебиз (Жкн. 5:19).

18 Адамзат миңдеген жылдар бою «онтоп, кыйналып», өлүмгө дуушар болуп келатат (Рим. 8:22). Андыктан биз эч ким оорубай турган жаңы дүйнөгө муктажбыз. Жеткилеңсиздиктин кесепетинен арылып, чың ден соолукка ээ болгондор, Малаки 4:2де айтылгандай, «семирген музоолордой оюн салып», шаттанышат. Жахабага болгон терең ыраазычылыгыбыз жана анын убадаларына болгон бекем ишенимибиз жаңы заманга жетүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга түрткү бере берсин. Исанын жерде жүргөндө жасаган кереметтери анын Миң жылдык башкаруусунун тушунда адамзат үчүн кыла турган иштеринин чети эле болгонун билүү кандай гана жүрөк козгоорлук!