Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эгер Киңсли кыла алса, анда мен да кыла алам!»

«Эгер Киңсли кыла алса, анда мен да кыла алам!»

БИР ТУУГАН ийнине акырын колун тийгизип, белги бергенден кийин, Киңсли Ыйык Китепти окуй баштады. Бул анын Теократиялык кызмат мектебинен алган биринчи тапшырмасы болчу. Ал сөздөрдүн мүчөлөрүн жутпай, ар бир сөздү так-даана окуп жатты. Бирок, кызыктуусу, Ыйык Китебин такыр караган жок. Эмне үчүн?

Киңсли Шри-Ланкада жашачу. Ал майыптар коляскасында отургандан сырткары, көзү көрчү эмес, кулагы да начар укчу. Анын ошондой кыйынчылыктарга карабай кантип Жахаба жөнүндө билим алып, Теократиялык кызмат мектебинен тапшырма менен чыга баштаганын айтып берейин.

Киңслиге биринчи жолу жолукканда анын Ыйык Китептеги чындыкка ушунчалык суусап турганын көрүп, аябай таасирленгем. Ал мурун Ыйык Китепти бир нече бир тууган менен изилдеген экен. Анын Брайл арибиндеги «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» * деген китебинин эскилиги жетип калыптыр. Мен ага Ыйык Китепти кайрадан изилдөөнү сунуш кылсам, дароо макул болду. Бирок бизге эки чоң кыйынчылыкты жеңүүгө туура келди.

Биринчиден, Киңсли карылар менен майыптар жашаган үйдө бир нече киши менен турчу. Айлана-тегеректеги ар кандай дабыштардан улам жана Киңслинин кулагы жакшы укпагандыктан, үнүмдү катуу чыгарып сүйлөчүмүн. Ошондуктан изилдөө учурунда сүйлөшкөндөрүбүз үйдөгүлөрдүн баарына угулуп турар эле.

Экинчиден, Киңсли ар бир изилдөөдө аз эле маалымат окуп, кабыл ала алчу. Изилдөөбүз жемиштүү болушу үчүн, ал кылдат даярданар эле. Өтүлө турган абзацтарды алдын ала кайра-кайра окуп, аяттарды Брайл арибиндеги Ыйык Китебинен карап, суроолордун жообун оюнда даярдап алчу. Бул абдан жакшы натыйжа берди. Изилдөө учурунда ал жерге салынган чакан килемге мандаш токунуп отуруп, билгендерин айтып берип жатканда үнүн болушунча катуу чыгарып сүйлөчү жана толкунданганынан жерди ургулап жиберчү. Көп өтпөй экөөбүз Ыйык Китепти жумасына эки жолу эки сааттан изилдей баштадык.

ЖЫЙНАЛЫШТАН ЖООП БЕРИП, ТАПШЫРМА МЕНЕН ЧЫГЫШЫ

Киңсли менен Пол

Киңсли Падышалык залында өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына барганды аябай жакшы көрчү. Бирок бул оңой эмес эле. Анткени ал майыптар коляскасына жана машинеге отуруп-түшкөндө, Падышалык залына кирип-чыкканда башкалардын жардамына муктаж болчу. Көптөгөн бир туугандар ага кезеги менен жардам берип, муну сыймык катары көрүшөр эле. Жыйналыш учурунда Киңсли дайыма үн күчөткүч аппараттын жанына отуруп, кунт коюп укчу, атүгүл жооп да берчү.

Ыйык Китепти изилдеп баштаганынан бир нече убакыт өткөндөн кийин, Киңсли Теократиялык кызмат мектебине жазылды. Жыйналыштан Ыйык Китепти окуп чыгарына эки жума калганда, андан тапшырмасына даярданып жаткан-жатпаганын сурасам, ал: «Ооба. Мен 30 жолудай окуп чыктым»,— деп жооп берди. Аны аракети үчүн мактап, мага окуп беришин сурандым. Ал Ыйык Китебин ачып, манжаларын Брайл арибиндеги текстке коюп, окуй баштады. Бирок анын манжалары бир орундан жылган жок. Көрсө, ал Ыйык Китептен окуй турган үзүндүнү толугу менен жаттап алыптыр!

Мен аны, көзүмөн жаш куюлуп, ишене албай карап турдум. Анан 30 эле жолу окуп, ушунун баарын кантип жаттап алганын сурасам, ал: «Жок, мен күн сайын 30 жолудай окудум»,— деди. Ал килемдин үстүнө отуруп алып, текстти жаттап алгыча бир ай бою кайра-кайра окуптур.

Ошентип, Киңсли жыйналыштан тапшырмасын аткарып чыга турган күн да келди. Ал Ыйык Китепти окуп бүткөндө, залдагылар дүркүрөтө кол чаап, көптөрү анын чечкиндүүлүгүн көрүп, көздөрүнө жаш алышты. Мурун тынчсыздана бергенинен улам коркуп, Теократиялык кызмат мектебинен чыкпай калган бир жарчы кайра мектепке жазылгысы келерин айтты. Ал мунун себебин: «Эгер Киңсли кыла алса, анда мен да кыла алам!» — деп түшүндүрдү.

Ыйык Китепти үч жыл изилдегенден кийин, 2008-жылы 6-сентябрда, Киңсли чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду. 2014-жылы 13-майда көз жумганга чейин ал Жахабага берилгендикте кызмат кылды жана жер бети бейишке айланганда ден соолугу жеткилең болуп, бүт күчү менен кызматын улантарына эч шектенген жок (Ыш. 35:5, 6). (Айтып берген: Пол Мак-Манус.)

^ абз. 4 1995-жылы жарык көргөн. Учурда басылбайт.