Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таза бойдон кала алабыз

Таза бойдон кала алабыз

«Колуңарды жуугула,.. жүрөгүңөрдү тазалагыла» (ЖКП. 4:8).

1. Бул дүйнөнүн адеп-ахлактык тазалыкка болгон көз карашы кандай?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ адеп-ахлак жактан таза болууга анча деле маани берилбейт. Гомосексуализм, ойноштук, бузуктук көптөгөн жерлерде өөн учурабай калды. Андай иштердин жайылышына фильмдер, китептер, ырлар жана жарнамалар да шарт түзүүдө (Заб. 12:8). Бул дүйнө адеп-ахлаксыздыктын сазына терең батып калгандыктан, айрымдар: «Жаман ишке барбай, таза жүрүү мүмкүнбү?» — деп ойлонушу ыктымал. Бул суроого ишенимдүү түрдө «ооба» деп жооп бере алабыз. Анткени Жахабанын кызматчылары анын жардамы менен таза бойдон кала алышат. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 4:3—5.)

2, 3. а) Жаман каалоолорду эмне үчүн дароо жок кылышыбыз керек? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Жахабага жагыш үчүн ал жек көргөн нерселердин баарын четке кагышыбыз керек. Бирок биз жеткилеңсиз болгондуктан, кайырмактагы жемге кызыккан балыктай болуп, адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырылышыбыз мүмкүн. Андыктан жаман ойлорду пайда болору менен жок кылып турушубуз керек. Болбосо терс каалоолорубуз өрчүп кетип, оңтойлуу учур болуп калганда, күнөө кылып коюшубуз ыктымал. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Кумар түйүлүп, күнөө туулат»,— деп айтылган. (Оку: Жакып 1:14, 15.)

3 Сак болбосок, жаман каалоо жүрөгүбүзгө тамырлап кетиши мүмкүн. Ошондуктан эмне жөнүндө ойлоно баштаганыбызга чоң маани беришибиз кажет. Терс каалоолорду четке каксак, адеп-ахлаксыз иш кылбайбыз, демек, анын кесепетин да тартпайбыз (Гал. 5:16). Бул макалада туура эмес каалоолорго каршы турууга Жахаба менен болгон мамилебиз, анын Сөзүндөгү кеңештер жана жетилген бир туугандар кандайча жардам берерин карап чыгабыз.

«КУДАЙГА ЖАКЫНДА»

4. Жахабага жакындаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

4 «Кудайга жакындагысы» келгендерге Ыйык Китепте: «Колуңарды жуугула,.. жүрөгүңөрдү тазалагыла»,— деген кеңеш берилет (Жкп. 4:8). Эгер Жахаба менен болгон мамилебизди жогору бааласак, бардык жагынан таза болгонго, анын ичинде ойлорубузду да таза сактаганга бүт күчүбүздү жумшайбыз. Биз эмне таза болсо, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, дайыма ошолор жөнүндө ой жүгүртүп, «жүрөгү таза» адамдардан болгубуз келет (Заб. 24:3, 4; 51:6; Флп. 4:8). Албетте, Жахаба биздин жеткилең эмес экенибизди эске алат жана жүрөгүбүздө жаман каалоолор оңой эле пайда боло берерин билет. Бирок андай каалоолорду дароо жок кылбай, өсүшүнө жол берип койсок, аны капалантабыз (Башт. 6:5, 6). Бул тууралуу ой жүгүртүү акылыбызды таза сактоого мурдагыдан да чечкиндүү болууга түрткү берет.

5, 6. Жаман ойлорго алдырбаганга тиленүү кандайча жардам берет?

5 Жахабадан ыпылас ойлорду четке кагууга жардам беришин сурап дайыма тиленүү менен ага толук таянарыбызды көрсөтөбүз. Тиленүү аркылуу ага жакындасак, ал да бизге жакындайт. Жахаба ыйык рухун марттык менен берет, ошонун аркасында жаман ойлорго алдырбай, таза бойдон кала алабыз. Ошондуктан тиленгенде жүрөгүбүздөгү ойлорубуздун ага жагышын чын жүрөктөн каалаарыбызды айтып турганыбыз оң (Заб. 19:14). Момун болуп, андан жүрөгүбүздө «коркунучтуу жолго түртө турган», башкача айтканда, күнөө кылууга алып бара турган каалоо-ниеттердин бар-жогун текшерип турушун суранганыбыз абзел (Заб. 139:23, 24). Ошондой эле азгырыкка кабылганда кынтыксыз бойдон калууга жардам беришин өтүнгөнүбүз зарыл (Мт. 6:13).

6 Чоңоюп-өскөн чөйрөбүздөн же мурунку адаттарыбыздан улам Жахабага жакпаган иштерди кылууга жакын келишибиз мүмкүн. Анткен менен Жахаба бизге, ага жаккыдай кызмат кылышыбыз үчүн, өзгөргөнгө жардам бере алат. Дөөтү падыша муну жакшы билгендиктен Батшеба менен ойноштук кылып алгандан кийин Жахабага: «Мага таза жүрөк сал, ичиме жаңы, туруктуу рух сал»,— деп жалынган (Заб. 51:10, 12). Ооба, ыпылас каалоолор канчалык күчтүү болбосун, Кудай бизге анын тилин алууга дилгир болууга түрткү бере алат. Атүгүл андай каалоолор терең тамыр алып, ойлорубузду таза сактоого тоскоол болуп жатса да, Жахаба бизди туура жолго багыттап, өзүнүн мыйзам-принциптерине баш ийүүгө жана аларды колдонууда ийгиликке жетүүгө көмөк кыла алат. Андан тышкары, зыян алып келе турган нерселердин бизге үстөмдүк кылышына жол бербей коюуга кудурети жетет (Заб. 119:133).

Жүрөгүбүздө жаман каалоо пайда болуп, тамырлай баштаса, аны создуктурбай жулуп салышыбыз керек (6-абзацты кара)

«СӨЗДҮ... АТКАРУУЧУЛАРДАН БОЛ»

7. Кудайдын Сөзү жаман каалоолорго жетеленбөөгө кандайча көмөк кылат?

7 Жахаба тиленүүбүзгө кээде өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу жооп берет. Анын Сөзүндө камтылган «акылмандык баарынан мурда таза» (Жкп. 3:17). Ыйык Китепти күн сайын окуп, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү акылыбызды таза сактоого өбөлгө түзөт (Заб. 19:7, 11; 119:9, 11). Андан сырткары, Ыйык Китепте жаман каалоолорго жетеленбөөгө жардам бере турган кеңештер менен окуялар жазылган.

8, 9. а) Жаш жигит кантип бузулган аялдын торуна түшүп калган? б) Накыл сөздөр 7-бөлүмдө жазылган окуя эмнелерден качууга жардам берет?

8 Накыл сөздөр 5:8ден: «[Бузулган] аялдан алыс жүр, үйүнүн босогосуна жакындаба»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Бул эскертүүгө кулак какпоонун канчалык кесепеттүү экени Накыл сөздөр 7-бөлүмдө жазылган жаш жигиттин окуясынан көрүнүп турат. Кеч кирип калганда, ал жигит сейилдеп чыгып, бузулган аял жашаган үйгө алып бара турган жолго түшкөн. Көчөнүн кесилишинен өтүп баратканда, алдынан сойкудай кийинген аял чыгып, аны шап кармап, өөп, кумар отун ойготкон сөздөрдү айткан. Жигит азгырыкка туруштук бере албай, аны менен бузуктук кылган. Кыязы, анын андай иш кылайын деген деле ою болбосо керек. Бирок тажрыйбасыздыгынан жана алды-артын ойлобогондуктан торго чалынган. Ал кылган ишинин кесепетин өмүр бою тартканы күмөнсүз. Эгер бузулган аялдан жаа бою качса, андай балээге кабылмак эмес (Накыл 7:6—27).

9 Абайлабасак, биз да ойлонбой иш кылып, туура эмес каалоолорду ойгото турган жагдайларга кабылышыбыз мүмкүн. Мисалы, түнкүсүн телевизордон уятсыз нерселер көбүрөөк көрсөтүлөт. Андыктан улам бир каналга которо берсек, кайырмакка илинип калышыбыз ыктымал. Же болбосо Интернетте максатсыз эле саякаттап жүрө берсек, порнография же адеп-ахлаксыз жарнамалар камтылган сайттарга, «пикирлешүү бөлмөлөрүнө» кирип алышыбыз мүмкүн. Ал жактан көргөндөрүбүз туура эмес каалоолорду ойготуп, тазалыгыбызды сактоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү алсыратары анык.

10. Флирт эмне үчүн кооптуу? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Ыйык Китепте карама-каршы жыныстагыларга кандай мамиле кылышыбыз керектигине байланыштуу да кеңештер бар. (Оку: 1 Тиметей 5:2.) Алар флирттен — башка жыныстагы адамга тийишип, наздануудан — качууга жардам берет. Айрымдар жаңсоолор, мимика же көз караш менен бирөөнүн сезимин козгоонун, кылыктануунун, эгер ыпылас иш кылбасаң, жаман деле жери жок деп ойлошот. Бирок башкага тийишүү же бирөө тийишкенде, ага жаккандай жооп кайтаруу адеп-ахлаксыз иш кылууга түртө турган ойлорду пайда кылышы мүмкүн. Мындай тузакка түшкөндөр көп болгондуктан, этият болушубуз кажет.

11. Жусуп кандай үлгү калтырган?

11 Байыркы убакта жашаган Жусуп бизге жакшы үлгү калтырган. Мырзасынын аялы азгырууга аракет кылганда, ал анын сунушун дароо четке каккан. Бирок аял күн сайын жанын койбой асыла берген (Башт. 39:7, 8, 10). Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуунун айтымында, Потипардын аялы, эгер жалгыз калышса, Жусуп өзү биринчи кадам шилтейт деп үмүттөнгөн. Бирок Жусуп андай кылмак түгүл, анын кылыктанганын жактырган да эмес, өзү да ага тийишкен эмес. Ушундай кылуу менен ал жүрөгүндө жаман ойлордун тамыр алышына бөгөт койгон. Аял анын кийиминен тартып, арам оюн ишке ашырууга далалат кылганда, Жусуп кийимин таштаган бойдон «үйдөн чыга качкан» (Башт. 39:12).

12. Көргөн нерселерибиз жүрөгүбүзгө таасир этерин кайдан билебиз?

12 Ыйык Жазмада жүрөгүбүздүн бузулушуна кээде көргөн нерселерибиз себеп болору эскертилет. Эгер кимдир бирөөнү туура эмес ниет менен карай берсек, жаман каалоолор өрчүп кетиши мүмкүн. Иса Машаяк: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Мт. 5:28). Буга Дөөтү падышанын окуясы мисал боло алат. Ал «падыша сарайынын үстүндө» жүргөндө «жуунуп жаткан бир... аялды көрүп калган» (2 Шем. 11:2). Ошондо көзүн башка жакка буруп, башка нерсе жөнүндө ойлонбогондуктан бирөөнүн аялы менен ойноштук кылууга барган.

13. Эмне үчүн көзүбүз менен «келишим түзүшүбүз» керек жана бул өз ичине эмнени камтыйт?

13 Адеп-ахлаксыз ойлорго батып, кыялданбаш үчүн, Аюп пайгамбарга окшоп, көзүбүз менен «келишим түзүшүбүз» керек (Аюп 31:1, 7, 9). Көзүбүздү эмнеге багыттап жатканыбызга көңүл буруп, башка бирөөнү кумарлануу менен карабоону чечип алганыбыз абзел. Бул өз ичине компьютердеги, жарнама такталарындагы, журналдардагы же дагы башка жерлердеги адеп-ахлаксыз сүрөттөрдү көрбөөнү да камтыйт.

14. Таза бойдон калыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

14 Эгер жогорку абзацтарда айтылгандар тууралуу ой жүгүртүп көрүп, оңдой турган жактарыңды байкасаң, тезинен иш-аракет кыл. Ыпылас иштерден алыс болуп, таза бойдон калууга жардам бере турган Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонууга дилгир бол. (Оку: Жакып 1:21—25.)

«ЖЫЙНАЛЫШТЫН АКСАКАЛДАРЫН ЧАКЫР»

15. Адеп-ахлаксыз каалоолор менен күрөшүп жүрсөк, ишенимдештерибизден жардам сураганыбыз эмне үчүн маанилүү?

15 Адеп-ахлаксыз каалоолор менен күрөшүүгө ишенимдештерибиз да жардам бере алат. Албетте, андай көйгөйүбүз тууралуу кимдир бирөө менен сүйлөшүү оңой эмес, бирок бул абдан маанилүү. Анткени жетилген, кыраакы бир туугандын айткандары жаман каалоолорго көз жумуп койбогонго көмөк кылат (Накыл 18:1; Евр. 3:12, 13). Ошондой эле өзүбүз байкабай жүргөн алсыз жактарыбызды көргөнгө жардам берет. Бул Жахабанын сүйүүсүнөн айрылып калбаш үчүн керектүү өзгөрүүлөрдү жасаганга өбөлгө түзөт.

16, 17. а) Туура эмес каалоосу менен күрөшүп жүргөндөргө аксакалдар кантип жардам бере алышат? Мисал келтир. б) Порнография көргөндөр эмне үчүн тезинен башкалардан жардам сурашы керек?

16 Бул жагынан, өзгөчө, жыйналыштын аксакалдары жакшы жардам көрсөтө алышат. (Оку: Жакып 5:13—15.) Бразилияда жашаган бир жаш ишенимдешибиз көп жылдар бою туура эмес каалоосу менен күрөшүп келген. Ал: «Мен ойлорумдун Жахабага жакпай турганын билчүмүн, бирок бул тууралуу башкалар менен сүйлөшкөндөн уялчумун»,— деп эскерет. Бактыга жараша, жыйналышындагы бир аксакал анын кыйналып жүргөнүн байкап, аксакалдардан жардам суроого үндөгөн. Ал ишенимдешибиз мындай дейт: «Аксакалдардын мага мен күткөндөн да жакшы мамиле жасаганына, боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылганына аябай таң калдым. Алар мени кунт коюп угушту. Анан Ыйык Китепти колдонуп, Жахабанын мени сүйөрүнө ынандырышты жана мени менен чогуу тиленишти. Ошондуктан алардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин кабыл алуу оңой болду». Жылдар өтүп, рухий жактан өскөндөн кийин ал: «Жүгүңдү өзүң жалгыз көтөрүп жүрө бербей, жардам суроо абдан маанилүү экенин түшүндүм»,— дейт.

17 Порнография көрүү адатың бар болсо, башкалардан жардам сураганың өтө маанилүү. Создуктуруп жүрө берсең, «кумар түйүлүп, күнөө туулат» да, жакындарыңдын жүрөгүн жаралагандан сырткары, Жахабанын ысмына шек келтиресиң. Көптөр Жахабага жагууну жана жыйналышта калууну каалагандыктан берилген кеңешти кабыл алышкан (Жкп. 1:15; Заб. 141:5; Евр. 12:5, 6).

ТАЗА БОЙДОН КАЛГАНГА ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛ

18. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Шайтандын дүйнөсүндө адеп-ахлаксыздык барган сайын күч алып баратат. Жахабанын кызматчылары болсо ойлорун таза сакташ үчүн жана анын бийик адеп-ахлак нормаларына карманыш үчүн бүт күчүн жумшоодо. Жахаба муну көрүп кандай гана сыймыктанат! Андыктан Жахабадан алыстабаганга, ошондой эле анын Сөзү жана жыйналыш аркылуу берген жетекчилигине ылайык иш кылганга чечкиндүү бололу. Анын алдында таза бойдон калсак, жан дүйнөбүз тынч болуп, жүрөгүбүз кубанычка толот (Заб. 119:5, 6). Ал эми келечекте, Шайтан жок болгондон кийин, Кудайдын таза дүйнөсүндө түбөлүк өмүр сүрөбүз.