Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Силерге туруктуулук керек»

«Силерге туруктуулук керек»

АНИТА * чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгондон кийин, күйөөсү катуу каршылык көрсөтө баштаган. «Жолдошум мага жыйналыштарга барууга, атүгүл Кудайдын атын айтууга тыюу салган. Жахабанын атын айттым дегиче эле, каары кайнап чыкчу»,— дейт Анита.

Анитага балдарына Жахаба жөнүндө билим берүү да оңойго турган эмес. Ал: «Үйүбүздө Жахабага сыйынууга тыюу салынган болчу. Балдарым менен Ыйык Китепти ачык изилдей алчу эмесмин, аларды жыйналышка да алып бара алчу эмесмин»,— деп эскерет.

Мындан көрүнүп тургандай, үй-бүлөдөгүлөрдүн каршылыгы — кынтыксыздыгыбызды сактоону кыйындаткан сыноолордун бири. Дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз дагы башка кыйынчылыктарга кабылууда. Алсак, кээ бирлери өнөкөт оору менен күрөшүп жүрсө, башкалары баласынан же жарынан айрылган. Айрымдарынын болсо жакын кишиси Жахабадан баш тартып кеткен. Андай учурларда Жахабага ишенимдүү бойдон калганга эмне жардам берет?

Сен да ушундай оор жагдайга кабылсаң, эмне кыласың? Элчи Пабыл: «Силерге туруктуулук керек»,— деп айткан (Евр. 10:36). Бирок туруктуу болгонго эмне көмөк кылат?

ЖАХАБАДАН ТИЛЕНИП, АГА ТАЯН

Башыбызга мүшкүл түшкөндө туруктуу болуунун бир жолу — Жахабадан тиленип, ага таянуу. Мисалга Анна деген ишенимдешибизди алалы. Бир жолу дүйшөмбү күнү түштөн кийин анын күйөөсү күтүүсүздөн каза болуп калган. Экөө 30 жылдан бери чогуу өмүр сүрүп келатышкан эле. Анна: «Жолдошум ошол бойдон жумуштан кайткан жок. Ал 52 эле жашта болчу»,— деп кейийт.

Аннага эмне күч берген? Жумушу толук көңүл топтоону талап кылгандыктан, ал бир аз да болсо алаксый алган, бирок көкүрөгүндөгү күйүттөн арыла алган эмес. Анна: «Жахабага жүрөгүмдөгүнүн баарын төгүп, оор жоготууну көтөрүп кетүүгө күч беришин сурандым»,— дейт. Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берди беле? Анна буга эч шектенбейт. «Кудай берген тынчтык жан дүйнөмдү тынчтандырып, акылымды тунук сактаганга жардам берди. Жахабанын күйөөмдү тирилтерине толук ишенем»,— дейт ал (Флп. 4:6, 7).

«Тиленүүлөрдү Угуучу» Жахаба кызматчыларын ишенимдүү бойдон калууга зарыл болгон нерселердин баары менен камсыз кыларын убада кылган (Заб. 65:2). Бул ишенимибизди бекемдээрине кошуласыңбы? Жахабанын убадасы сени да кыйынчылыктарга туруштук бере аларыңа ынандырбайбы?

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАР МЕНЕН ТЫГЫЗ МАМИЛЕДЕ БОЛ

Жахаба өзүнүн элине жыйналыш аркылуу да колдоо көрсөтөт. Тесалоника шаарындагы бир туугандар катуу куугунтукка туш болушканда, элчи Пабыл аларды: «Азыркыдай эле, мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деп үндөгөн (1 Тес. 2:14; 5:11). Биримдүү болуп, бири-бирин жөлөп-таягандын аркасында тесалоникалыктар чоң сыноону көтөрүп кете алышкан. Алардын үлгүсүнөн канткенде туруктуу боло аларыбыз көрүнүп турат.

Жыйналыштагылар менен жакын болсок, «бири-бирибизди бекемдей» алабыз (Рим. 14:19). Бул, өзгөчө, кыйын кезеңде өтө маанилүү. Пабыл өзү да башынан көп кыйынчылыктарды кечирген. Жахаба ага туруктуу болууга ар кандай жолдор менен, кээде ишенимдештери аркылуу күч берген. Алсак, Пабыл Колосадагы жыйналышка кат жазганда ишенимдештеринин ага «жөлөк болгонун» айткан (Кол. 4:10, 11). Ооба, алар Пабылды жакшы көргөндүктөн, ал муктаж болуп турганда, жардамга келишкен. Сени да жыйналышыңдагылар жубатып, бекемдеген учурлар болгону күмөнсүз.

АКСАКАЛДАРДАН ЖАРДАМ СУРА

Жахаба бизге көмөк көрсөтүш үчүн аксакалдарды да колдонот. Рухий жактан жетилген ал бир туугандарды «шамалдан коргой турган калканычтай, нөшөрдөн калкалай турган жайдай, какшыган жердеги суу агымындай, кагыраган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй» деп айтууга болот (Ыш. 32:2). Муну билүү кандай гана жубатарлык! Сыноолорго туш болгондо аксакалдарга кайрыласыңбы? Алар сага туруктуулугуңдан жазбаганга жардам бере алышат.

Албетте, аксакалдар керемет жасай алышпайт. Алар да бизге «окшогон эле пенделер» (Элч. 14:15). Ошентсе да алардын биз үчүн тиленгени жеңилдеп калышыбызга шарт түзүшү мүмкүн (Жкп. 5:14, 15). Көп жылдан бери булчуң дистрофиясы деген оорудан азап чегип келаткан италиялык бир ишенимдешибиз: «Бир туугандардын сүйүүсү, боорукердиги жана бат-баттан келип турганы мага багынбаганга жардам берип келет»,— дейт. Сен да Жахабанын аксакалдар аркылуу көрсөткөн жардамынан толук пайда алып жатасыңбы?

РУХИЙ ИШТЕР МЕНЕН АЛЕК БОЛО БЕР

Кыйынчылыктарга моюн сунбоого дагы бир нерсе — рухий иштер менен алек болуу — жардам берет. Буга 39 жаштагы Жон мисал боло алат. Ал рактын сейрек кездешүүчү түрүнө чалдыкканын билгенде кандай сезимде болгонун айтып: «Жаш болгондуктан муну кабыл алуу аябай оор болду»,— дейт. Ошол учурда анын уулу 3 эле жашта болчу. «Жубайыма кичинекей балабызды карагандан тышкары, мага да кам көрүп, дарылануума байланыштуу толгон-токой иштерде жардамдашканга туура келди»,— деп кошумчалайт Жон. Химиотерапия алгандан кийин анын жүрөгү айланып, таптакыр алы кетип калчу. Өкүнүчтүүсү, анын азап-кайгысы ушуну менен эле бүтүп калган эмес. Атасы да айыккыс ооруга чалдыгып, үйүндөгүлөрүнүн кароосуна муктаж болуп калган.

Жон менен анын үй-бүлөсү ушунун баарына кантип туруштук берген? Жон: «Шайым ооп турса да, үй-бүлөмдүн дайыма рухий иштер менен алек болушуна кам көрчүмүн. Оңой болбосо да, биз жыйналыштарга такай барчубуз, жума сайын кабарга чыгып, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрчүбүз»,— дейт. Ооба, ал эч нерсеге карабай туруктуу болуу үчүн Жахаба менен болгон мамилени бекем сактоо маанилүү экенин түшүнгөн. Кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткандарга ал мындай кеңеш берет: «Адегенде эмне кыларыңды билбей, тынчсызданасың. Бирок бара-бара терс ойлордон арылып, Жахабанын күчүн, сүйүүсүн сезесиң. Жахаба мага бекем болууга жардам бергендей эле, силерге да жардам берет».

Оор сыноолорго азыр туш болуп жатабызбы же келечекте туш болобузбу, Кудайдын колдоосу менен туруктуу бойдон кала алабыз. Кыйын жагдайга кабылганда Пабылдын: «Силерге туруктуулук керек»,— деген сөздөрүн унутпаганыбыз жакшы. Ан үчүн, келгиле, Жахабадан тиленип, ага таяналы, жыйналыштагылар менен ынак бололу, аксакалдардан жардам сурайлы жана дайыма рухий иштер менен алек бололу.

^ абз. 2 Айрым ысымдар өзгөртүлдү.