Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү иретиндеги тиленүүгө ылайык жашагыла (2-бөлүк)

Үлгү иретиндеги тиленүүгө ылайык жашагыла (2-бөлүк)

«Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди... билет» (МТ. 6:8).

1—3. Жахабанын эмнеге муктаж экенибизди билерине бир ишенимдешибиз кантип ынанган?

ЛАНА 2012-жылы жайында Германияда болгон бир окуяны эч качан унутпайт. Ал ошондо Жахаба анын эки өтүнүчүн орундатканын сезген. Поезд менен аэропортту көздөй узак жол жүрүп баратканда ал Жахабадан кабар айтканга шарт түзүп беришин суранган. Аэропортко жеткенде анын учак каттамы кийинки күнгө жылдырылганын билген. Акчасы дээрлик калбай калгандыктан жана түнөй турган жери жок болгондуктан, Лана Жахабадан жардам беришин өтүнгөн.

2 Ал тиленип бүтөрү менен бирөөнүн: «Кандайсың, Лана? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» — дегенин уккан. Караса — мурун мектепте чогуу окуган бир жигит туруптур. Ал Түштүк Африкага учканы жаткан экен. Аны апасы менен таенеси узатып келиптир. Лананын жагдайын уккандан кийин классташынын апасы Эльке аны үйүнө конуп кетүүгө чакырган. Эльке менен апасы Лананы жакшы коноктоп, ишенген нерселери, толук убактагы кызматы тууралуу көп суроолорду беришкен.

3 Кийинки күнү эртең менен тамактанышкан соң, Лана алардын дагы көптөгөн суроолоруна жооп берген жана кызыгуусун арттыруу үчүн кантип байланышса болорун тактап алган. Ошентип, ал үйүнө аман-эсен кайтып барып, үзгүлтүксүз пионердик кызматын уланткан. Лана «тиленүүлөрдү Угуучу» Жахабанын анын эмнеге муктаж экенин көрүп, кам көргөнүнө ынанган (Заб. 65:2).

4. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

4 Күтүлбөгөн жерден кыйынчылыкка кабылганда Жахабадан жардам сурап тиленерибиз турган иш жана мындай кылганыбыз ага жагат (Заб. 34:15; Накыл 15:8). Бирок үлгү иретиндеги тиленүү жөнүндө ой жүгүртсөк, тиленишибиз керек болгон дагы башка маанилүү нерселер бар экенин билебиз. Бул макалада ошол тиленүүдөгү акыркы төрт өтүнүч Жахабага берилгендигибизди сактоого кандайча көмөк кыларын карап чыгабыз. (Оку: Матай 6:11—13.)

«БҮГҮНКҮ КҮНГӨ КЕРЕКТҮҮ НАНЫБЫЗДЫ БЕРЕ КӨР»

5, 6. Тамак-аштан өксүбөсөк да, күнүмдүк «наныбызды» тилегенибиз эмне үчүн маанилүү?

5 Иса Машаяктын «нанымды бере көр» деп эмес, «наныбызды бере көр» деп тиленүүгө үйрөткөнү көңүлгө аларлык. Африкада райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Виктор мындай дейт: «Аялым экөөбүз эртең каяктан тамактанабыз, ижара акыбызды ким төлөп берет деп такыр тынчсызданбайбыз. Бул үчүн Жахабага дайым ыраазычылык билдирем. Бир туугандарыбыз бизге күн сайын кам көрүшөт. Мен Жахабадан аларга акча-каражатка байланышкан көйгөйлөрүн чечүүгө жардам беришин суранып турам».

6 Өзүбүз тамак-аштан өксүбөсөк да, жакырчылыктан же табигый кырсыктан жапа чегип жаткан ишенимдештерибизди унутпашыбыз керек. Алар үчүн тиленип, ошого жараша иш кылганыбыз, мисалы, колубузда болгон нерселерди алар менен бөлүшкөнүбүз абзел. Андан сырткары, бүткүл дүйнөлүк ишибиз үчүн дайыма тартуу кылып турсак болот. Ал тартуулардын туура жакка жумшаларына эч кандай шек жок (1 Жкн. 3:17).

7. Иса «эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбашыбыз» керектигин кантип баса белгилеген?

7 Иса «бүгүнкү күнгө керектүү нан» деп, кыязы, жашоого зарыл нерселер жөнүндө айтса керек. Ал угуучуларына Кудайдын талаадагы гүлдөргө кантип кам көрөрүн айткандан кийин: «Кудай... силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар? Ошондуктан... „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла»,— деген. Анан: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла»,— деп дагы бир жолу кайталаган (Мт. 6:30—34). Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, материалдык нерселерди ойлоп, санаа тарта бербей, колубузда болгонуна ыраазы болушубуз керек. Алсак, баш калкалай турган жай, үй-бүлөбүздү бакканга шарт түзгөн жумуш, ден соолугубузга кам көрө алышыбыз үчүн акылмандык сураганыбыз орундуу. Бирок ушул эле нерселер жөнүндө тилене берсек, тең салмактуулукка жатпай калмак. Анткени алардан да маанилүү муктаждыгыбыз бар.

8. Исанын күнүмдүк «нан» тууралуу айткандары эмнени эске салып турат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

8 Исанын күнүмдүк «наныбыз» тууралуу айткандары рухий тамакка да муктаж экенибизди эске салып турат. Ал: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Мт. 4:4). Андыктан Жахабанын бизди мындан ары да өз убагында рухий тамак менен камсыз кыла беришин дайыма тилегенибиз маанилүү.

«КҮНӨӨЛӨРҮБҮЗДҮ КЕЧИРЕ КӨР»

9. Күнөөлөрүбүз кандай мааниде карызга окшош?

9 Иса: «Күнөөлөрүбүздү [«карызыбызды», шилтеме] кечире көр»,— деп тиленишибиз керектигин айткан (Мт. 6:12; Лк. 11:4). Муну менен ал күнөөлөрүбүз карызга окшош экенин көрсөткөн. 1951-жылы чыккан «Күзөт мунарасында» (англ.) бул тууралуу мындай деп түшүндүрүлгөн: «Кудайдын мыйзамын бузуп, күнөө кылганда ага карыз болобуз... Кетирген күнөөбүз үчүн Кудай бизден өмүрүбүздү талап кылууга укуктуу... Ал биз менен болгон мамилесин үзүп, тынчтыгын алып коё алат... Биз аны сүйүүгө жана баш ийүүгө милдеттүүбүз. Күнөө кылганда ага сүйүү көрсөтпөй калабыз, башкача айтканда, карызыбызды бербей койгон болобуз, себеби күнөө кылуу Кудайды сүйбөгөндүккө жатат» (1 Жкн. 5:3).

10. Жахаба күнөөлөрүбүздү эмненин негизинде кечирет жана бул бизге кандай таасир этиши керек?

10 Биз күн сайын күнөө кетиргендиктен Жахабанын кечиришине күнүгө муктажбыз. Ошондуктан өзүнүн Уулун күнөөлөрүбүз үчүн кун катары бергенине ага абдан ыраазыбыз. Иса Машаяк өмүрүн 2 000 жылдай мурун берсе да, анын куткаруу курмандыгынын пайдасын бүгүнкү күнгө дейре көрүп жатабыз. Биз үчүн төлөнүшү керек болгон «кун өтө чоң болгондуктан», бир да жеткилеңсиз адам аны төлөй албайт болчу. (Оку: Забур 49:7—9; 1 Петир 1:18, 19.) Андыктан Жахабага ушундай зор белеги үчүн ар убак ыраазычылык билдирип турушубуз керек. Исанын «менин күнөөлөрүмдү кечире көр» деп эмес, «биздин... күнөөлөрүбүздү кечире көр» деп тиленүүгө үйрөткөнү ишенимдештерибиздин баары Кудайдын ырайымына муктаж экенин көрсөтүп турат. Жахаба өзүбүздү эле эмес, бир туугандарыбызды жана алардын аны менен болгон мамилесин ойлошубузду каалайт. Бул көңүлүбүздү ооруткандарды дароо кечирүүгө түрткү берет. Алардын ката-кемчиликтери, адатта, анча деле олуттуу болбойт. Эгер кечире билсек, аларды жакшы көрөрүбүздү жана бизди айкөлдүк менен кечирген Кудайга ыраазы экенибизди далилдейбиз (Кол. 3:13).

Кудайдын бизди кечиришин кааласак, башкаларды кечире билишибиз керек (11-абзацты карагыла)

11. Эмне үчүн кечиримдүү болушубуз керек?

11 Өкүнүчтүүсү, жеткилеңсиздиктин айынан кээде бирөөгө таарынып, жазылбай жүрө беришибиз мүмкүн (Леб. 19:18). Ал тууралуу башкаларга айтсак, алар биз тарапты ээлеп, жыйналыш бөлүнүп-жарыла башташы ыктымал. Андайга жол бергенибиз Кудайдын ырайымын жана ал берген кунду баалабаганыбызды көрсөтөт. Кечиримдүү болбосок, бизге кундун пайдасы тийбейт, тактап айтканда, асмандагы Атабыз бизди кечирбейт (Мт. 18:35). Иса кантип тиленүү керектигин үйрөткөндөн кийин так ушул ойду баса белгилеген. (Оку: Матай 6:14, 15.) Кудай бизди кечириши үчүн, олуттуу күнөө кылуудан да алыс болушубуз зарыл. Ан үчүн Жахабадан дагы бир нерсени өтүнүшүбүз кажет (1 Жкн. 3:4, 6).

«АЗГЫРЫЛЫШЫБЫЗГА ЖОЛ БЕРБЕ»

12, 13. а) Иса чөмүлгөндөн кийин кандай окуяга туш болгон? б) Азгырыкка алдырганда эмне үчүн башкаларды күнөөлөй албайбыз? в) Өлгөнгө чейин ишенимдүү болуу менен Иса эмнени айгинелеген?

12 Кудайдан: «Азгырылышыбызга жол бербе»,— деп өтүнгөнүбүз канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн Иса чөмүлгөндөн кийин кандай окуяга туш болгонун карап көрөлү. Ал Кудайдын рухунун жетеги менен ээн талаага барган. «Ал жерден Ибилис аны азгырганга аракет кылган» (Мт. 4:1; 6:13). Жахаба буга эмне үчүн жол берген? Ал Уулун жерге биринчи кезекте түпкү ата-энебиз андан баш тартканда көтөрүлгөн талаш маселе чечилиши үчүн жиберген. Адам ата менен Обо эне Жахабанын эгедерлигине каршы чыкканда, төмөнкүдөй суроолор туулган: «Кудай адам баласын кандайдыр бир кемчилик менен жаратты беле? „Кара өзгөйдүн“ кысымына карабай, жеткилең адам Кудайдын эгедерлигин жактай алабы? Шайтан айткандай, адамзат Кудайдан көз карандысыз болсо, жакшыраак жашайбы?» (Башт. 3:4, 5). Бул суроолордун жообу айкын болушу үчүн убакыт керек болгон, бирок алардын жообунан бардык аң-сезимдүү жаратуулар Жахабанын бийлиги гана баарына пайда алып келерине ынанышмак.

13 Жахаба ыйык болгондуктан эч кимди туура эмес иш кылууга азгырбайт. Жаман ишке бизди Шайтан Ибилис азгырат (Мт. 4:3). Ан үчүн ал ар кандай тузактарды коёт. Анткен менен аларга түшөбүзбү же жокпу, ар бирибиздин өзүбүздөн. (Оку: Жакып 1:13—15.) Алсак, Иса анын ар бир сунушун дароо четке кагып, Кудайдын Сөзүнөн үзүндү келтирген. Ошентип, ал Кудайдын адил эгедерлигин жактаган. Бирок Шайтан ошону менен эле тим болуп калбай, «башка ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн» (Лк. 4:13). Иса болсо акырына чейин туруштук берип, кынтыксыздыгынан жазган эмес. Ал Жахабанын эгедерлигин жактап, жеткилең адамдын атүгүл жан чыдагыс сыноолорго карабай ишенимдүү бойдон кала аларын айгинелеген. Ошентсе да Шайтан Исанын жолдоочуларын, анын ичинде сени да торго түшүрүүгө аракет кыла берет.

14. Азгырыкка алдырбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

14 Жахабанын эгедерлигине байланыштуу маселе дагы деле чечилип жаткандыктан, ал Шайтанга өзүнүн дүйнөсүн колдонуп, бизди азгырышына жол берүүдө. Бирок Жахаба өзү бизди азгырбайт. Ал бизге ишенет жана жардам бергиси келет. Ошондой болсо да чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлагандыктан бизди азгырыктардын баарынан коргой бербейт. Азгырыкка алдырбаш үчүн биз Жахабадан алыстабашыбыз жана дайыма тиленишибиз керек. Ал тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

Рухий жактан бекем болуп, кызматка ынталуу катыша бергиле (15-абзацты карагыла)

15, 16. а) Каршы турушубуз керек болгон азгырыктардын айрымдары кайсылар? б) Азгырыкка алдырсак, ким күнөөлүү болот?

15 Бекем болуп, азгырыктарга каршы турушубуз үчүн, Жахаба бизге ыйык рухун берет. Ошондой эле өзүнүн Сөзү жана жыйналыш жолугушуулары аркылуу эмнелерден сак болушубуз керектигин эскертип турат. Айталы, ал бизди анча маанилүү эмес нерселерге өтө көп убактыбызды, акчабызды, күчүбүздү коротпоого үндөп келет. Эспен менен Янне Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн биринде жашайт. Экөө көп жылдар бою өлкөсүндөгү жарчылар аз жерде үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышкан. Балалуу болгондо аларга пионердик кызматын токтотууга туура келген. Убакыттын өтүшү менен алар дагы бир балалуу болушкан. Эспен мындай дейт: «Теократиялык иштерге мурункудай көп катыша албай калгандыктан биз азгырыкка алдырбаш үчүн Жахабадан көп тиленебиз. Андан рухий жактан мындан ары да күчтүү болууга жана кызматка болгон ынтабызды суутпоого жардам беришин суранабыз».

16 Бүгүнкү күндө көптөр кабылып жаткан азгырыктардын дагы бири — порнография. Эгер порнография көрсөк, Шайтанды күнөөлөй албайбыз. Эмне үчүн? Анткени Шайтан менен анын дүйнөсү бизди туура эмес иш кылууга мажбурлай албайт. Айрымдар акылын жаман ойлор уялап алышына жол берип койгондуктан порнография көрө башташкан. Бирок миңдеген ишенимдештерибиздей эле, биз да андай азгырыкка каршы тура алабыз (1 Кор. 10:12, 13).

«КАРА ӨЗГӨЙДӨН САКТА»

17. а) «Кара өзгөйдөн сакта»,— деген өтүнүчүбүзгө ылайык иш кылып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз? б) Жакында Жахаба эмне кылат?

17 «Кара өзгөйдөн сакта»,— деген өтүнүчүбүзгө ылайык иш кылышыбыз үчүн Шайтандын дүйнөсүнө «таандык болбошубуз» жана анын «[дүйнөсүн] да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөшүбүз» керек (Жкн. 15:19; 1 Жкн. 2:15—17). Бул, албетте, оңой эмес. Жахаба өтүнүчүбүзгө жооп берип, Шайтанды жана анын бузулган дүйнөсүн жок кылганда кандай гана жеңилдейбиз! Бирок ал убак келгенге чейин, жерге куулуп түшкөн Шайтан убактысынын аз калганын билгендиктен аябай каарданып, кынтыксыздыгыбыздан тайдыруу үчүн болгон күчүн жумшай берет. Ошондуктан муну эстен чыгарбай, мындан ары да Кудайга: «Кара өзгөйдөн сакта»,— деп жалына берели (Аян 12:12, 17).

18. Шайтан жок дүйнөдө жашаш үчүн эмне кыла беришибиз керек?

18 Сен Шайтан жок дүйнөдө жашагың келеби? Анда Падышалыктын келишин, анын Кудайдын ысмын ыйыкташын жана жерде эркин аткарышын сурап тилене бер. Жахабанын зарыл нерселер менен камсыз кыларына жана чындык жолунда бекем болушуңа жардам берерине толук ишен. Дайыма үлгү иретиндеги тиленүүгө ылайык жашоого чечкиндүү бол.