Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы акыркы күндөрдө чөйрөңөргө көңүл бургула!

Азыркы акыркы күндөрдө чөйрөңөргө көңүл бургула!

«Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (1 КОР. 15:33).

ЫРЛАР: 73, 119

1. Биз кандай учурда жашап жатабыз?

БИЗ абдан оор учурда жашап жатабыз. 1914-жылы «акыркы күндөр» башталгандан бери, заман болуп көрбөгөндөй деңгээлде бузулду (2 Тим. 3:1—5). Бирок дүйнөдөгү абал мындан да оордой берет, анткени Ыйык Китепте: «Кара өзгөй адамдар, алдамчылар... барган сайын бузула беришет»,— деп алдын ала айтылган (2 Тим. 3:13).

2. Көңүл ачуу тармагы тууралуу эмне айтууга болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

2 Көңүл ачуу тууралуу сөз кыла турган болсок, көптөр зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык, спиритизм камтылган нерселерди көрүшөт же ошондой иштерди кылышат. Алсак, Интернетте, телеберүүлөрдө, кинотасмаларда, адабий чыгармаларда жана журналдарда зордук-зомбулук менен адеп-ахлаксыздык көбүнчө туура нерседей чагылдырылат. Мурда жаман деп эсептелген иштер айрым жерлерде мыйзамдаштырылууда. Бирок бул андай иштер Кудайга жагат дегенди билдирбейт. (Оку: Римдиктер 1:28—32.)

3. Көптөр Кудайдын мыйзамдарына баш ийип жашагандарга кандай карашат?

3 Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары көңүл ачуунун ыпылас түрүнөн алыс болушкан. Ошондой кылгандыктан жана Кудайга жаккандай жашоого умтулгандыктан, алар караланып, куугунтукталышкан. Элчи Петир: «Алар азыр өздөрү менен кошо ошондой жаман иштерди жасабай калганыңарга таң калып, силерди [Исанын жолдоочуларын] жамандап жатышат»,— деп жазган (1 Пет. 4:4). Бүгүнкү күндө да көптөр Кудайдын мыйзамдарына баш ийип жашагандарды кызыктай адамдар деп эсептешет. Анткени Ыйык Китепте: «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— деп жазылган (2 Тим. 3:12).

«ЖАМАН ЧӨЙРӨ ЖАКШЫ АДАТТАРДЫ БУЗАТ»

4. Ыйык Китепке ылайык, бул дүйнөгө карата кандай көз карашта болушубуз керек?

4 Ыйык Жазмада Кудайдын эркин аткарууну каалагандардын бул дүйнөнү жана андагы нерселерди сүйбөшү керектиги айтылат. (Оку: 1 Жакан 2:15, 16.) Диний, саясий жана коммерциялык түзүлүштөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтан Ибилистин бийлиги астында (2 Кор. 4:4; 1 Жкн. 5:19). Андыктан Кудайдын кызматчысы катары чөйрөбүзгө көңүл бурушубуз керек. Кудайдын Сөзүндө: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген эскертүү жазылган (1 Кор. 15:33).

5, 6. Кимдер менен ынак мамиле өрчүтүүдөн сак болушубуз керек жана эмне үчүн?

5 Жакшы адаттарыбыз бузулбашы үчүн, жаман иш кылгандар менен ынак мамиледе болбошубуз керек. Бул Жахабанын Күбөсү болбогондор менен эле эмес, Жахабага кызмат кылып жатам дегени менен, анын мыйзамдарын атайлап бузгандар менен да тыгыз мамиледе болбошубуз керектигин билдирет. Эгер алар олуттуу күнөө кетирип, кылган иши үчүн өкүнбөсө, алар менен болгон мамилебизди үзүшүбүз кажет (Рим. 16:17, 18).

6 Кудайдын мыйзамдарына баш ийбегендер менен жакын мамиледе болсок, аларга жагыш үчүн алар кылганды кыла башташыбыз мүмкүн. Мисалы, адеп-ахлаксыз иш кылгандар менен достошсок, биз да ошондой иштерди кылууга азгырылышыбыз ыктымал. Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын айрымдарынын да ушундай ишке барган учурлары болгон жана кээ бирлери өкүнбөгөндүктөн, жыйналыштан чыгарылган (1 Кор. 5:11—13). Өкүнбөгөндөрдүн акыбалы элчи Петир сүрөттөгөндөй болот. (Оку: 2 Петир 2:20—22.)

7. Кимдер менен дос болушубуз керек?

7 Кудайдын мыйзамдарына баш ийбегендерге сылык мамиле кылсак да, алар менен ынак достордон болбошубуз керек. Турмуш кура элек ишенимдешибиздин өзүн Жахабага арнабаган жана ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылбаган, Жахабанын бийик нормаларын баркка албаган адам менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнү туура эмес. Кудайдын мыйзам-принциптери менен жашабагандардын арасында кадыр-баркка ээ болгондон көрө, Жахабанын алдында кынтыксыздыгыбыздан жазбаганыбыз маанилүү. Биз Кудайдын эркин аткаргандар менен гана достошушубуз керек. Иса Машаяк: «Ким Кудайдын эркин аткарса, бир тууганым — ошол, энем — ошол»,— деп айткан (Мр. 3:35).

8. Байыркы ысрайылдыктардын Жахабага сыйынбагандар менен тыгыз мамиледе болгонунун кесепети кандай болгон?

8 Жаман чөйрөнүн канчалык залакалуу болору ысрайылдыктардын мисалынан көрүнүп турат. Жахаба ысрайыл элин Мисир кулчулугунан бошотуп, өзү убада кылган жерге алып баратканда ошол жактагы элдерге байланыштуу: «Алардын кудайларына таазим кылба, аларга кызмат кылба. Алардын сөлөкөттөрүнө окшогон бир да нерсе жасаба, тескерисинче, аларды талкалап, ыйык мамыларын кыйрат. Жахаба Кудайыңарга кызмат кылгыла»,— деген (Чыг. 23:24, 25). Бирок ысрайылдыктардын көбү анын буйругуна баш ийген эмес (Заб. 106:35—39). Ал эл Кудайга ишенимсиз болуп калгандыктан, Иса Машаяк кийин: «Мына, үйүңөр кароосуз калтырылат!» — деген (Мт. 23:38). Жахаба ысрайылдыктардан баш тартып, Исанын жолдоочуларынан турган жаңы уюшулган жыйналышты өзүнүн эли кылып тандап алган (Элч. 2:1—4).

ЭМНЕ ОКУП, ЭМНЕ КӨРҮП ЖАТКАНЫҢАРГА КӨҢҮЛ БУРГУЛА

9. Эмне үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кудайдын кызматчыларына коркунуч туудурат?

9 Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана эс алуу тармагындагы нерселердин көбү Кудайдын кызматчыларынын рухийлигине коркунуч туудурат. Андай нерселер Жахабага жана анын убадаларына бекем ишеним өрчүтүүгө жардам берүү үчүн чыгарылбайт. Тескерисинче, Шайтан башкарган бул дүйнөгө мүнөздүү нерселерди жана анын каалоолорун чагылдырат. Андыктан жаман каалоолорду ойгото турган нерселерди көргөндөн, уккандан, окугандан качышыбыз керек (Тит 2:12).

10. Бул дүйнөдөгү зыяндуу нерселердин баары эмне болот?

10 Жакында андай зыяндуу нерселердин баары жок болот. Шайтандын дүйнөсү талкаланганда, алар аны менен кошо жок кылынат. Ыйык Китепте: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазылган (1 Жкн. 2:17). Забурчу да: «Жамандык кылгандар кырылат, ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат... Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп ырдаган. Бул канча убакытка созулат? «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Заб. 37:9, 11, 29).

11. Жахаба Кудай элин рухий тамак менен кантип камсыз кылып келет?

11 Бул дүйнөнүкүнөн айырмаланып, азыркы акыркы күндөрдө Жахабанын уюму бизди түбөлүк өмүргө жетүүгө жардам берген билим менен камсыз кылууда. Жахабадан тиленип жатып Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жкн. 17:3). Асмандагы Атабыз уюму аркылуу бизге рухий тамакты мол берип жатат. Кудайга жаккандай жашоого түрткү берген китептер, китепчелер, журналдар, видеотасмалар жана веб-сайтыбыз аркылуу берилип жаткан материалдар үчүн ага абдан ыраазыбыз! Ошондой эле анын уюму дүйнө жүзү боюнча 11 0000ден ашуун жыйналыштын үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушуна кам көрүүдө. Андай жолугушууларда, жыйындарда Кудайга жана анын убадаларына бекем ишеним өрчүтүүгө көмөк кылган, Ыйык Китепке негизделген материалдарды талкуулайбыз (Евр. 10:24, 25).

«МЫРЗАБЫЗДЫН ЖОЛДООЧУСУ» МЕНЕН ГАНА БАШ КОШУУ

12. «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошуу деген эмнени билдирерин түшүндүр.

12 Исанын жолдоочусу, өзгөчө, турмуш курууну каалаган бир тууган ким менен мамилелешип жатканына олуттуу маани бериши керек. Ыйык Жазмада: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Же жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» — деп ачык эле айтылат (2 Кор. 6:14). Анда кеңеш кылынгандай, Кудайдын жар издеп жүргөн кызматчылары «Мырзабыздын жолдоочусу» менен — өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөн жана Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашаган адам менен — гана баш кошушу керек (1 Кор. 7:39). Анткени андай адам Жахабага ишенимдүү кызмат кылат жана өмүрлүк жарына Ага берилгендигин сактап жашаганга жардам бере алат.

13. Жахаба ысрайылдыктарга никеге байланыштуу кандай мыйзам берген?

13 Жахаба кызматчылары үчүн эмне жакшы болорун эң сонун билет жана анын никеге байланыштуу буйругу өзгөргөн жок. Мисалы, Кудайдын ысрайыл элине Муса пайгамбар аркылуу кандай мыйзам бергенин карап көрөлү. Ал Ысрайылдын тегерек-четиндеги бутпарас элдерге байланыштуу мындай деген: «Алар менен куда-сөөк болбо: кыз алышып, кыз беришпе. Анткени алар уулдарыңды Кудайдын жолунан буруп кетишет, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калат. Ошондо Жахабанын каары кайнап, силерди тез эле жок кылып коёт» (Мыйз. 7:3, 4).

14, 15. Сулаймандын Жахабанын буйругуна баш ийбегенинин натыйжасы кандай болгон?

14 Дөөтү пайгамбардын уулу Сулайман жаңыдан падышалык кыла баштаганда Кудайдан акыл сурап тиленген. Кудай жаш падышанын тилегин угуп, ага зор акылмандык берген. Ошондон кийин Сулайман даанышман падыша катары таанымал болуп, атагы алыска кеткен. Ал тургай аны көргөнү келген Шебанын канышасы анын акылына суктанып: «Мен бул жерге келип, баарын өз көзүм менен көрмөйүнчө ал сөздөргө ишенген эмес элем. Көрсө, мага жарымы да айтылбаптыр! Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен»,— деген (1 Пад. 10:7). Бирок, өкүнүчтүүсү, Сулайман падыша Кудайдын мыйзамын бузуп, ишенимдеш болбогон адам менен турмуш куруу канчалык кесепеттүү болорун өз жашоосу менен тастыктаган (Нас. 4:13).

15 Кудайдын ага кылган бардык жакшылыктарына карабай, Сулайман анын никеге байланыштуу берген мыйзамына баш ийген эмес. Ал жалган кудайларга сыйынган «көптөгөн бөтөн жерлик аялдарды... сүйүп», 700 аял, 300 токол алган. Мунун натыйжасы кандай болгон? Сулайман карыганда, «аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишкен». «Ошентип, ал... Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылган» (1 Пад. 11:1—6). Сулаймандын жаман чөйрөсү анын зор акылмандыгынан айрылышына жана Кудайдын жолунан чыгып кетишине себеп болгон. Бул мисал Жахабаны сүйбөгөн адам менен турмуш курууну ойлонуштуруп жаткандарга сестентерлик эскертүү болушу керек.

16. Үй-бүлө кургандан кийин Жахабанын Күбөсү болгондор үчүн Ыйык Китепте кандай кеңеш бар?

16 Бирок кимдир бирөө үй-бүлө кургандан кийин Жахабанын Күбөсү болсочу? Ыйык Китепте мындай делет: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун» (1 Пет. 3:1). Бул аятта жазылгандар Исанын жолун жолдогон аялдарга тиешелүү болсо да, ал сөздөр үй-бүлө кургандан кийин Жахабанын Күбөсү болгон күйөөлөргө да тиешелүү. Аятта айкын көрсөтүлгөндөй, алар жакшы жар болууга аракет кылышы жана Кудайдын никеге байланыштуу берген мыйзам-принциптерине ылайык жашашы керек. Көптөр Жахабанын Күбөсү болгон жубайынын Кудайдын буйруктарына ылайык жашап жатканын көрүп чындыкты кабыл алышкан.

ЖАХАБАНЫ СҮЙГӨНДӨР МЕНЕН ДОС БОЛГУЛА

17, 18. Нух жана Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары эмне үчүн аман калышкан?

17 Жаман чөйрө Жахабага баш ийбегенге түртсө, жакшы чөйрө ага ишенимдүү кызмат кылууга өбөлгө түзөт. Алсак, Нух пайгамбардын күндөрүндө адамдар абдан бузулган, бирок ал алар менен ынак мамиледе болгусу келген эмес. Ыйык Китепте ал учурдагы адамдар тууралуу мындай делет: «Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман экенин көрдү» (Башт. 6:5). Ошондуктан Кудай топон суу каптатып, жерди жамандыктан жана бузулган адамдардан тазалоону чечкен. Ал эми «Нух адил киши болгон. Замандаштарынан айырмаланып, ал кынтыксыз болгон жана чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн» (Башт. 6:7—9).

18 Нух пайгамбар ыймансыздар менен достошууга умтулган эмес. Ал байбичеси, 3 уулу, 3 келини менен бирге Кудай тапшырган иш менен, анын ичинде кеме куруу менен алектенген. Андан сырткары, ал «адилдиктин кабарчысы болгон» (2 Пет. 2:5). Нух пайгамбар элге Кудайдын кабарын жарыялагандыктан жана үй-бүлөсү менен ынак болгондуктан дайыма Ага жаккан иштерди кылган. Ошонун аркасында үй-бүлөсү менен бирге Топон суудан аман калган. Жахабага ишенимдүү кызмат кылган Нух пайгамбарга, анын байбичесине, уул-келиндерине ыраазы болсок болот, анткени баарыбыз — алардын урпактарыбыз. Ошондой эле Иса Машаяктын 1-кылымдагы берилген, тил алчаак жолдоочулары да ыймансыз адамдардан алыс болушкан жана б.з. 70-жылы Иерусалим менен жүйүт түзүлүшү кыйраганда, куткарылышкан (Лк. 21:20—22).

Жахабаны сүйгөн адамдар менен достошуу жаңы заманда жашоо кандай болорун элестеткенге жардам берет (19-абзацты карагыла)

19. Кудайга жагыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Жахабанын кызматчылары катары биз Нух пайгамбардан, анын үй-бүлөсүнөн жана Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынан үлгү алышыбыз керек. Бузулган адамдардан алыс болуп, жакын досторду Жахабага ишенимдүү кызмат кылган миллиондогон бир туугандарыбыздын арасынан издешибиз кажет. Кудай берген акылмандыкка ылайык жашагандар менен ынак мамиледе болуу азыркы оор күндөрдө «ишеним жолунда бекем турууга» жардам берет (1 Кор. 16:13; Накыл 13:20). Бизди алдыда эң сонун келечек күтүп турат! Азыркы акыркы күндөрдө жаман чөйрөдөн алыс болсок, мыйзамсыздыкка толгон дүйнө талкаланганда, аман калып, Жахабанын адилдик өкүм сүргөн заманында жашайбыз.