Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын туруктуу сүйүүсү тууралуу ой жүгүрт

Жахабанын туруктуу сүйүүсү тууралуу ой жүгүрт

«Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм» (ЗАБ. 77:12).

ЫРЛАР: 18, 61

1, 2. а) Жахабанын өз элин сүйөрүнө эмне үчүн бекем ишенесиң? б) Адамдар эмнеге муктаж болуп жаратылган?

СЕН Жахабанын өз элин сүйөрүнө эмне үчүн бекем ишенесиң? Бул суроого жооп берерден мурун айрым бир туугандарыбыздын айткандарына көңүл бурсаң. Тейлинди ишенимдештери тең салмактуу болууга жана өзүнөн өтө көптү талап кылбаганга бир нече жыл бою жумшактык менен үндөп келишкен. Ал: «Жахаба мени жакшы көрбөсө, антип кайра-кайра кеңеш бермек эмес»,— деп айтат. Ал эми күйөөсү каза болуп калгандыктан эки баланы жалгыз чоңойткон Брижит мындай дейт: «Шайтандын дүйнөсүндө ата-энелерге, айрыкча, жалгыз бойлорго бала тарбиялоо аябай кыйын. Бирок мен Жахабанын мени сүйөрүнө бекем ишенем, анткени ал мени көз жашымды төккөн азаптуу күндөрдө да жетектеп келди. Ал алым жетпеген сыноолорго жол берген жок» (1 Кор. 10:13). Сандра болсо айыккыс оорудан жапа чегип келет. Бир жолу жыйында ага көптөргө таанымал бир туугандын аялы көңүл бурган. Сандранын күйөөсү: «Биз ал эжени тааныбасак да, ал чын дилден көңүл бурду. Ошонусуна абдан ыраазы болдук. Бир туугандардын майда-чүйдө иштерде да сүйүү көрсөткөнү Жахабанын бизди ушунчалык жакшы көрөрүн далилдеп турат»,— деген.

2 Адамдар башкаларды сүйүүгө, ошондой эле башкалардын сүйүүсүнө муктаж болуп жаратылган. Ошол муктаждыгыбыз канааттандырылбай калса, ындыныбыз сууп калышы мүмкүн. Маселен, күтүлбөгөн жагдайга, көңүл кайттыкка же ооруга кабылганда, акча жагынан кыйналганда же кызматыбыз ийгиликтүү болбой жатканда, Жахаба бизди сүйбөй калгандай сезиле башташы ыктымал. Андай учурларда ал бизди баалаарын, дайыма оң колубуздан «кармап турарын» жана жардам берерин эстен чыгарбайлы. Ишенимдүү кызматчыларын ал эч качан унутпайт (Ыш. 41:13; 49:15).

3. Жахабанын бизди дайыма сүйөрүнө бекем ишенүүгө эмне жардам берет?

3 Жогоруда айтылып кеткен бир туугандар кыйын кезеңде Жахабанын алар менен болгонуна эч күмөн санашкан эмес. Биз да анын ар убак биз тарапта экенине толук ишенсек болот (Заб. 118:6, 7). Бул макалада 1) Жахабанын жараткан нерселери, 2) Ыйык Китеп, 3) тиленүү жана 4) кун кандайча анын сүйүүсүн айгинелеп турарын карап чыгабыз. Жахабанын биз үчүн кылган жакшылыктары тууралуу ой жүгүртсөк, анын туруктуу сүйүүсүнө болгон ыраазычылыгыбыз артат. (Оку: Забур 77:11, 12.)

ЖАХАБА ЖАРАТКАН НЕРСЕЛЕР ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТ

4. Жахабанын жараткан нерселери тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында эмнени билебиз?

4 Жахабанын жараткан нерселерине байкоо салуу менен анын бизди канчалык жакшы көрөрүн билебиз (Рим. 1:20). Эптеп эле күн көрүш үчүн эмес, ырахаттанып жашашыбыз үчүн, ал Жер планетасын кереметтүү кылып жараткан. Алсак, денебизге азык болуп, күч-кубат бере турган тамак-аш мол болуш үчүн, жерден түркүн-түрлүү өсүмдүктөр өнүп чыккыдай кылган. Жадагалса тамактануунун өзү да бизге кубаныч тартуулайт (Нас. 9:7). Канадада жашаган Кэтрин деген бир тууганга, өзгөчө, жаз мезгилинде кышкы уйкудан ойгонгон табиятка байкоо салуу абдан жагат. Ал мындай дейт: «Баарынын кайрадан жанданып жатканын көрүп, таң калбай койбойсуң. Жер кыртышын жарып чыккан гүлдөр, алыскы сапардан кайтып келген канаттуулар, анын ичинде ашканамдын терезесинин сыртындагы жем салгычты жаңылбай таап келген кымындай колибри да суктандырат. Ушунун баарын берген Жахабанын бизди абдан сүйөрү шексиз». Ырас, асмандагы мээримдүү Атабыз биздин да, өзүнө окшоп, анын жараткан нерселеринен кубаныч алышыбызды каалайт (Элч. 14:16, 17).

5. Жахабанын сүйүүсү адамдарды жаратканынан кандайча көрүнүп турат?

5 Жахаба бизди күжүрмөн эмгектенип, анын үзүрүн көргүдөй кылып жараткан (Нас. 2:24). Ал жер бетин толтуруп, аны иштетишибизди, балыктарга, канаттууларга жана башка жан-жаныбарларга бийлик кылышыбызды ниет кылган (Башт. 1:26—28). Ошондой эле аны туурай алышыбыз үчүн, бизди өзүнүкүндөй сапаттарды чагылдыргыдай кылып жараткан (Эф. 5:1).

КУДАЙДЫН СӨЗҮН БААЛА

6. Эмне себептен Кудайга Ыйык Китеп үчүн ыраазы болушубуз керек?

6 Кудай бизге өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, берүү менен да зор сүйүүсүн көрсөткөн. Аны окуунун аркасында биз Кудайдын өзү жөнүндө жана адамзатка кандай мамиле жасаары тууралуу биле алабыз. Мисалы, Ыйык Китепте ысрайылдыктар Жахабанын мыйзамдарын кайра-кайра бузганда, анын эмне кылганы жазылган. Забур 78:38де: «Ал кайрымдуулук кылган, алардын күнөөлөрүн кечирген, аларды кырып таштаган эмес, көп жолу каарын кайт кылган, бүт жаалын чачкан эмес»,— деп айтылат. Бул аят тууралуу ой жүгүртүү Жахабанын сени чындап эле сүйөрүн, сага кам көрөрүн аңдаганга жардам берет. Анын көз алдында абдан баалуу экениңе эч шектенбе. (Оку: 1 Петир 5:6, 7.)

7. Эмне үчүн Ыйык Китепти жогору баалашыбыз абзел?

7 Жахаба биз менен Ыйык Китеп аркылуу сүйлөшкөндүктөн да аны аябай баалашыбыз кажет. Ата-эне менен баласы бири-бирине ишеним артып, ынак болушу үчүн дайыма жакшы пикир алышып турушу зарыл. Анын сыңарындай, мээримдүү Атабыз Жахаба, биз аны көрүп, үнүн түзмө-түз уга албасак да, бизге өзүнүн Сөзү аркылуу сүйлөйт. Биз анын айткандарына кулак кагышыбыз керек (Ыш. 30:20, 21). Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларын жетектеп, коргогусу келет. Ошондой эле өзү жөнүндө билим алып, ага таянышыбызды каалайт. (Оку: Забур 19:7—11; Накыл сөздөр 1:33.)

Жеху Жошапат падышаны ашкерелесе да, Жахабанын андан «жакшы бир нерсе тапканын» айткан (8, 9-абзацтарды кара)

8, 9. Жахаба эмнени билишибизди каалайт? Ыйык Китептен мисал келтир.

8 Жахаба анын бизди сүйөрүн жана жеткилеңсиздигибизге эмес, жакшы жактарыбызга көңүл бурарын билишибизди каалайт (2 Жылн. 16:9). Мисалга Жүйүт падышасы Жошапаттын окуясын алалы. Бир жолу ал сириялыктардан Рамот-Гилат шаарын кайра тартып алууну көздөгөн Ысрайыл падышасы Ахапка кошулуп, согушка аттанат. Анын мындай кылганы туура эмес болчу. 400 жалган пайгамбар ыймансыз падыша Ахаптын согушта жеңишке жетерин айтышса да, Жахабанын чыныгы пайгамбары Микая анын каргашага кабыларын айткан. Чынында эле, Ахап согушта каза болгон, ал эми Жошапат араң качып кутулган. Ал Иерусалимге кайтып келгенде, Ханани көрөгөчтүн уулу Жеху аны Ахапка жардам бергени үчүн ашкерелеген. Бирок ошол эле учурда Жахабанын андан «жакшы бир нерсе тапканын» айткан (2 Жылн. 18:4, 5, 18—22, 33, 34; 19:1—3).

9 Башкаруусунун алгачкы жылдарында Жошапат элди Жахабанын мыйзамдарына окутуу үчүн төрөлөрдү, лебилерди жана дин кызматчыларды Жүйүт жериндеги бардык шаарларды кыдырып чыгууга жөнөткөн болчу. Анын ошол иши аябай жакшы натыйжа бергендиктен, Жүйүттүн тегерегиндеги элдердин баары Жахабадан корко баштаган (2 Жылн. 17:3—10). Ооба, Жошапат жаңылыштык кетирсе да, Жахаба анын мурун кылган жакшы иштерин унуткан эмес. Ыйык Китептеги бул билдирүү бизди, эгер бүт жүрөгүбүз менен Жахабага жагууга умтулсак, ал жеткилеңсиздигибизге карабай дайыма сүйүүсүн көрсөтө берерине ынандырып турат.

ТИЛЕНҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮН УНУТПА

10, 11. а) Тиленүүнү эмне үчүн өзгөчө белек десек болот? б) Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп бериши мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Балдары бир нерсе айтып жатканда, мээримдүү ата кунт коюп угат. Аларга кам көргөндүктөн, эмнеге тынчсызданып, эмнеден коркуп жатышканына көңүл бурат. Ошол сыяктуу эле, жүрөгүбүздөгүнү төгүп тиленип жатканда, асмандагы Атабыз бизди угат. Аны менен сүйлөшүү биз үчүн баа жеткис сыймык!

11 Биз Жахабага каалаган учурда кайрыла алабыз. Ал бизге бул жагынан эч кандай чектөө койбойт жана Досубуз катары бизди ар дайым угууга даяр. Макаланын башында айтылган Тейлин: «Ага бүт баарын айта аласың»,— деген. Кудайыбызга жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибизди айтканда, ал бизге Ыйык Китеп, журналдардагы макалалар же кайсы бир ишенимдешибиз аркылуу жооп бериши мүмкүн. Жахаба чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүбүздү угат жана башкалар түшүнбөй жатса да, бизди түшүнөт. Тиленүүлөрүбүзгө жооп бергени — анын бизге болгон туруктуу сүйүүсүнүн айкын далили.

12. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын тиленүүлөрүн изилдеп көргөнүбүз эмне үчүн пайдалуу? Мисал келтир.

12 Биз Кудайдын байыркы убактагы айрым кызматчыларынын тиленүүлөрүнөн көп нерсени биле алабыз. Андыктан аларды кээде үй-бүлөлүк изилдөөдө карап чыкканыбыз абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Кудайдын ал кызматчылары ички сезимдерин ага кантип айтышканы жөнүндө ой жүгүртүү тиленүүлөрүбүздү маңыздуураак кылганга жардам бериши ыктымал. Мисалы, чоң балыктын курсагында жатканда Жунус пайгамбардын эмне деп тиленгенин окуп көр (Жун. 1:17—2:10). Сулайман падышанын ибадаткананы арноо аземинде айткан жалындуу тиленүүсүн изилдеп чык (1 Пад. 8:22—53). Иса Машаяк үйрөткөн тиленүү тууралуу ой жүгүрт (Мт. 6:9—13). Андан да маанилүүсү, дайыма тиленип, бардык өтүнүчүңдү Кудайга билдирип тур. Ошондо анын «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүң менен акылыңды сактайт. Андан тышкары, Жахабанын чексиз сүйүүсүнө болгон ыраазычылыгың өсөт (Флп. 4:6, 7).

КУН ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИР

13. Куткаруу курмандыгы эмнеге жол ачкан?

13 «Өмүргө ээ болушубуз үчүн», Жахаба улуу ырайымынан улам кун төлөнүшүнө кам көргөн (1 Жкн. 4:9). Жахабанын ушундай зор сүйүүсү тууралуу элчи Пабыл мындай деген: «Белгиленген убакта Машаяк ыймансыздар үчүн өлгөн. Адил киши үчүн кимдир бирөөнүн өз жанын кыяры күмөн, ал эми жакшылык кылган киши үчүн кыйышы мүмкүн. Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн» (Рим. 5:6—8). Кудайдын сүйүүсүнүн күчтүү далили болгон куткаруу курмандыгы адамдарга аны менен ынак мамиледе болууга жол ачкан.

14, 15. Кундун аркасында а) майлангандарга жана б) жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөргө кандай мүмкүнчүлүк түзүлгөн?

14 Кундун аркасында Исанын жолдоочуларынын чакан тобуна Кудайдын сүйүүсүн өзгөчө жол менен сезип көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн (Жкн. 1:12, 13; 3:5—7). Алар ыйык рух менен майланып, «Кудайдын балдары» болушкан (Рим. 8:15, 16). Пабыл майлангандарга: «Биз Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан, Кудай бизди аны менен бирге тирилтип, асман чөйрөсүнөн орун берди»,— деп айткан (Эф. 2:6). Майлангандар андай абалга «убадаланган ыйык рух менен мөөрлөнгөндүктөн» ээ болушат. Ыйык рух алар үчүн асманда сакталган жана аларга «бериле турган мурастын кепилдиги» болуп эсептелет. (Эф. 1:13, 14; Кол. 1:5).

15 Кунга ишенген адамдардын басымдуу бөлүгү болсо Жахаба менен дос болууга жана келечекте анын балдары катары жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүшөт. Ошентип, Кудай кун аркылуу өзүнүн сүйүүсүн бүткүл адамзатка көрсөткөн (Жкн. 3:16). Эгер жер бетиндеги жашоого үмүттөнүп, Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берсек, ал бизге сонун келечек тартуулайт. Андыктан Кудайдын сүйүүсүн чагылдырып турган кунду жогору баалаарыбызды көрсөтө берели!

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮНӨ СҮЙҮҮ МЕНЕН ЖООП КАЙТАР

16. Жахабанын сүйүүсү тууралуу ой жүгүртүү эмне кылууга түрткү берет?

16 Жахабанын бизге кандай жолдор менен сүйүү көрсөткөнүн айта берсек, аягы бүтпөйт. Дөөтү пайгамбар да: «Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу! Оо, Кудай, алардын саны кандай көп! Санасам — кумдан да көп болмок»,— деп ырдаган (Заб. 139:17, 18). Жахабанын сүйүүсү тууралуу ой жүгүртсөк, ага эң жакшысын берип, сүйүүсүнө сүйүү менен жооп кайтарууга түрткү алабыз.

17, 18. Кудайды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн айрым жолдору кайсылар?

17 Жахабаны жакшы көрөрүбүздү көптөгөн жолдор менен көрсөтсөк болот. Айталы, Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жигердүү катышуу менен аны жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү далилдейбиз (Мт. 24:14; 28:19, 20). Аны чындап жакшы көрөрүбүз сыноолорго туруштук берип, кынтыксыз бойдон калганыбыздан да көрүнөт. (Оку: Забур 84:11; Жакып 1:2—5.) Башыбызга түшкөн кыйынчылыктар канчалык оор болбосун, Жахаба баарын көрүп турарына жана жардам берерине күмөн санабасак болот. Анткени ал бизди баалайт (Заб. 56:8).

18 Жахабага болгон сүйүүбүз анын жараткан нерселери жана башка кереметтүү иштери жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү берет. Аны сүйөрүбүздү, Сөзүн жогору баалаарыбызды Ыйык Китепти кылдат изилдөө менен да көрсөтөбүз. Кудайды сүйгөндүктөн биз дайыма тиленип, аны менен ынак боло беребиз. Ал эми күнөөнүн кулчулугунан бошонушубузга жол ачкан куткаруу курмандыгы жөнүндө ой жүгүртүү ага болгон ыраазычылыгыбызды арттырат (1 Жкн. 2:1, 2). Булар Жахабанын туруктуу сүйүүсүнө сүйүү менен жооп кайтарууга түрткү берген көптөгөн себептердин айрымдары гана.