ӨМҮР БАЯН
«Көп сандаган аралдар шаттансын»
Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген ага-инилер менен чогуу Жетектөөчү Кеңештин кеңешме бөлмөсүндө Жазуу комитетинин мүчөлөрүн күтүп отурганбыз. Бизге котормочулардын кандай кыйынчылыктарга кабылышарын жана аларды кантип чечсе болорун изилдөө тапшырылган болчу. Биз ал маселе боюнча бир нече жума талкуу жүргүзгөндөн кийин сунуштарыбызды ортого салганы жатканбыз. Баарыбыз тынчсызданып жаттык. Ал күн 2000-жылдын 22-майы эле. Ошол жолугушуу эмнеси менен маанилүү болгон? Бул тууралуу айтардан мурун өзүм жөнүндө кыскача баяндап берейин.
МЕН 1955-жылы Австралиянын Квинсленд штатында жарык дүйнөгө келгем. Ошондон көп өтпөй эле апам Эстел Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр жана кийинки жылы чөмүлүптүр. Ал эми атам Рон 13 жылдан кийин чындык жолуна түшкөн. Мен болсо 1968-жылы Квинсленддин алыскы аймактарынын биринде чөмүлгөм.
Кичинемден эле китеп окуганды жакшы көрчүмүн жана тилге аябай кызыкчумун. Үй-бүлөбүз менен бир жакка баратканда, эки жакты карап, жаратылышка суктангандын ордуна машиненин арт жагына отуруп алып, китеп окучумун. Бул ата-энеме жакчу эмес болуш керек. Анткен менен мектепте окуп жүргөндө китепти жакшы көргөнүмдүн пайдасы аябай эле тийди. Тасмания штатынын Гленорчи шаарындагы орто мектепте мыкты окуганым үчүн бир нече жолу сыйлык алдым.
Арадан убакыт өтүп, маанилүү чечим чыгара турган күн да келди. Мага университетте акысыз окуу сунуш кылынды. Китеп окуганды, билим алганды жакшы көрсөм да, апам мени баарынан да Жахабаны көбүрөөк жакшы көрүүгө үйрөткөн эле. Бул үчүн ага миң мертебе ыраазымын (1 Кор. 3:18, 19). Ошентип, мыйзам боюнча талап кылынган жалпы билим алганым тууралуу күбөлүк берилгенден кийин, ата-энемдин макулдугу менен 1971-жылдын январында 15 жашымда мектептеги окуумду токтотуп, пионердик кызматты баштадым.
Тасманияда сегиз жыл пионер болуп кызмат кылдым. Ошол убакыт аралыгында тасманиялык Женни Алькок деген татынакай кызга үйлөнүп, экөөбүз алыскы Смиттондо жана Куинстаунда 4 жыл атайын пионер болуп кызмат кылдык.
ТЫНЧ ОКЕАНДАГЫ АРАЛДАР
1978-жылы Папуа-Жаңы Гвинеядагы Порт-Морсби шаарында өткөн эл аралык жыйынга катыштык. Ошол жыйында бир миссионердин хири-моту тилинде баяндама айтканы бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Бир да сөзүн түшүнбөсөм да, анын баяндамасы мага миссионер болууга жана башка тилди үйрөнүп, ага окшоп баяндама айтууга түрткү берди. Анын аркасында тилге болгон сүйүүмдү Жахабага болгон сүйүүм менен айкалыштыруунун жолун таптым.
Австралияга кайтып барганыбызда мурун Эллис аралдары деп аталган Тувалудагы Фунафути аралына миссионер болуп дайындалганыбызды билип, абдан таң калдык. Ал жакка 1979-жылы январда бардык. Ошол кезде бүт Тувалу боюнча үч эле чөмүлгөн жарчы бар болчу.
Тувалу тилин үйрөнүү оңой болгон жок. Анткени ал тилде «Жаңы Келишим» деген китептен башка эч кандай адабият жарык көрбөптүр. Тил үйрөнгөнгө курстар да, сөздүктөр да жок болгондуктан, күнүнө 10—20 сөздөн жаттай берүүнү чечтик. Бирок көп өтпөй жаттаган сөздөрүбүздүн көбүнүн маанисин туура эмес түшүнөрүбүздү байкадык. Алсак, адамдарга жиндер менен байланышуу туура эмес деп айтабыз деп, өлчөгүч менен таякты колдонуудан качкыла деп айткан учурларыбыз болгон. Көптөр менен Ыйык Китепти изилдей баштагандыктан, тилди үйрөнүшүбүз абдан зарыл болду. Андыктан багынбай аракет кыла бердик. Ошол кезде биз менен Ыйык Китепти изилдеген бир эже бир нече жылдан кийин: «Азыр биздин тилде сүйлөп жатканыңарга аябай кубанабыз. Башында эмне деп айтып жатканыңарды такыр түшүнчү эмеспиз»,— деген.
Бир чети, бизге тил үйрөнүүгө эң сонун жагдай түзүлгөн. Жашаганга батир табылбай койгондуктан, айылда турган ишенимдештерибиздин үйүндө чогуу жашап калдык. Ошондон улам бизге бардык жерде, анын ичинде үйдө да тувалу тилинде сүйлөөгө туура келчү. Бир канча жыл бою англисче сүйлөбөгөндүктөн, тувалу тили негизги тилибиз болуп калган.
Миссионердик кызматыбызды баштагандан көп өтпөй, чындыкка кызыккандардын саны өсө баштады. Бирок алардын тилинде биздин уюм чыгарган бир да адабият жок болчу. Анда алар менен изилдөө өткөргөндө кайсы адабиятты колдонот элек? Алар өздүк изилдөөнү кантип өткөрүшөт 1 Кор. 14:9). Биз: «15 000ге жетпеген киши сүйлөгөн тувалу тилинде да адабияттар чыга турган күн келет болду бекен?» — деп ойлончубуз. Жахаба суроолорубузга эки нерсени түшүнүүгө жардам берүү менен жооп берди: 1) ал өзүнүн Сөзү «алыскы аралдарга» да жарыяланышын жана 2) бул дүйнөдөгүлөрдүн көз карашы боюнча «момун, карапайым» деп эсептелген адамдардын анын ысмын баш маана кылышын каалайт (Жер. 31:10; Сеп. 3:12).
эле? Жыйналышка келе башташса, кайсы ырларды ырдап, кайсы китептерди колдонушат эле? Дегеле жолугушууларга кантип даярданышат эле? Кантип рухий жактан өсүп, чөмүлүшөт эле? Ооба, ал момун кишилер Жахаба жөнүндөгү китеп-журналдарды өздөрүнүн эне тилинде окууга аябагандай муктаж болчу (АДАБИЯТТАРДЫ КОТОРУУ
Тувалу тилин жакшы өздөштүрө элек болсок да, 1980-жылы филиал бизди адабияттарды которууга дайындады (1 Кор. 1:28, 29). Биз адегенде өкмөттөн эски мимеограф машинкесин сатып алып, жыйналышта талкуулана турган материалдарды басып чыгара баштадык. Кийинчерээк атүгүл «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китепти которуп, ошол машинкеден басып чыгардык. Которулган тексттерди демди кыскан, думуктурган ысыкта колго терип жазган күндөрүбүз, сыянын каңылжаарды жарган жыты азыркыга чейин эсимде. Ал кезде биз жашаган жерде электр жарыгы да жок болчу.
Тувалу тилинде сөздүктөр, булактар жок болгонуна байланыштуу адабияттарды которуу кыйын болду. Бирок кээде жардам күтүлбөгөн жактан келчү. Бир жолу эртең менен кызматта жүрүп чындыкка каршы болгон бир кишинин үйүнө жаңылыш барып алыптырмын. Мурун мугалим болуп иштеген, жашы өр тартып калган ал киши дароо эле: «Үйүмө келбегиле деп айтпадым беле»,— деди. Анан: «Сага бир нерсени айтып коёюн, силер котормоңордо этиштин туюк мамилесин аябай көп колдоносуңар. Тувалу тилинде ал анчалык көп колдонулбайт»,— деди. Башкалардан сураштырып көрсөм, анын айтканы туура болуп чыкты. Ошондуктан котормобуздун сапатын жакшыртуу үчүн тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасадык. Жахабанын бизге жардам берүү үчүн чындыкка каршы болгон кишини колдонуп
койгонуна ушунчалык таң калдым. Ал кишинин биздин адабияттарды окуп жүргөнү күмөнсүз.Элге таратуу үчүн чыгарылган тувалу тилиндеги эң биринчи адабият Эскерүү кечесине чакыруу баракчасы болду. Андан кийин англисче менен чогуу «Падышалык жөнүндө кабар» аттуу сериядагы №30 баракча жарык көрдү. Элге өз эне тилинде окуганга бир нерсе бере алганыбызга төбөбүз көккө жете сүйүндүк! Убакыттын өтүшү менен айрым китепчелер, атүгүл китептер да чыга баштады. 1983-жылы Австралиядагы филиал тувалу тилинде 3 айда бир жолу 24 беттүү «Күзөт мунарасы» журналын басып чыгара баштады. Жыйналыштан жума сайын анын орто эсеп менен 7 абзацын талкуулачубуз. Китеп-журналдардын тувалу тилинде чыгып жатканын жергиликтүү калк кандай кабыл алган? Алар китеп окуганды жакшы көргөндүктөн, биздин адабияттарга суроо-талап көп болчу. Жаңы адабият чыккан сайын, мамлекеттик радиодон кулактандырылчу, кээде ал атүгүл ошол күндүн негизги жаңылыгы боло турган *.
Которгон текстибизди адегенде кагазга калем менен жазып, анан аны бир нече жолу машинкеге терчүбүз. Андан кийин Австралиядагы филиалга жөнөтөр элек. Ал жакта эки эже өз-өзүнчө отуруп алып, тувалу тилиндеги ар бир текстти, ал тилди билишпесе да, компьютерге көчүрүшчү. Андан соң компьютердеги ал тексттер бири-бири менен салыштырылчу. Мунун аркасында ката көп кетчү эмес. Текст сүрөттөрү менен бирге кагаз бетине жайгаштырылгандан кийин бизге учак аркылуу жибериле турган. Биз аны текшерген соң басып чыгаруу үчүн кайра филиалга жөнөтчүбүз.
Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Бүгүнкү күндө котормо топтору текстти дароо эле компьютерге жазып, компьютерден оңдошот. Ошондой эле которулган текст, адатта, ошол эле жерден сүрөттөрү менен кошо жайгаштырылып, басууга даярдалат. Анан баары даяр болгондон кийин адабият басып чыгара турган филиалга Интернет аркылуу жөнөтүлөт. Азыр мурункудай болуп текстти убагында салып жибериш үчүн жан талашып почтага чуркоонун зарылдыгы жок.
БАШКА ЖАКТАРГА ДАЙЫНДАЛЫШЫБЫЗ
Кийинчерээк Женни экөөбүз Тынч океандагы башка аралдарда да кызмат кылдык. Алсак, 1985-жылы Тувалудан Самоадагы филиалга дайындалдык. Ал жактан адабияттарды тувалу тилинен тышкары самоа, тонга, токелау тилдерине которууга жардам берчүбүз *. 1996-жылы Фижидеги филиалга дайындалдык. Ал жакта жүргөндө адабияттардын фижи, кирибати, науру, ротуман, тувалу тилдерине которулушуна көмөк көрсөттүк.
Биздин адабияттарды которгон бир туугандардын ынталуулугуна дайыма тан берип келем. Которуу иши бир топ күчтү алган оор эмгек болсо да, ал ишенимдүү бир туугандарыбыз жакшы кабардын «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» жетишин каалаган Жахабадан үлгү алууга аракет кылышат (Аян 14:6). Бир жолу «Күзөт мунарасын» тонга тилине которуу ишин уюштуруп жатканда Тонгадагы аксакалдардын баары менен жолугуп, бул ишке кимди үйрөтсө болорун сурадым. Алардын арасындагы механик болуп иштеген аксакал кийинки күнү эле жумушунан чыгып, котормочу болууга даяр экенин айтты. Бала-чакалуу болсо да жана андан ары аларды кантип багарын билбесе да, анын жакшы жумушунан баш тартууга чечкиндүү болгону жүрөгүмдү козгоду. Жахаба аны жана анын үй-бүлөсүн калтырган жок. Ал аксакал котормо бөлүмүндө көп жыл кызмат кылды.
Андай жан аябас котормочулар рухий тамактын аз эле киши сүйлөгөн тилдерге да которулушуна абдан кызыкдар болгон Жетектөөчү Кеңештикиндей көз карашта. Бир учурда адабияттарды тувалу тилине которууну улантуунун зарылдыгы бар-жогуна байланыштуу суроо туулган. Ошондо Жетектөөчү Кеңештин жообу мени аябай бекемдеген. Ал жактан мындай жооп келген: «Биз тувалу тилине которуу ишин токтотушуңарга эч кандай себеп көргөн жокпуз. Тувалу тилинде сүйлөгөндөр башкаларга салыштырмалуу аябай эле аз болсо да, алар жакшы кабарды өз эне тилинде угууга дагы деле муктаж».
2003-жылы Женни экөөбүз Фижидеги котормо бөлүмүнөн Патерсондогу (АКШ) Котормо топторун тейлөө бөлүмүнө дайындалдык. Ошондо түш көрүп жаткандай эле болдук! Ал жакка барганда уюмдун адабияттарынын көптөгөн тилдерге которулушуна жардам берген топко кошулдук. Биз эки жылдай ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып, котормо топторун окутуп-үйрөтүп жүрдүк. Бул биз үчүн зор сыймык болду.
АЙРЫМ МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМДЕР
Эми сөзүмдүн башында кеп кылган маанилүү жолугушуу жөнүндө айтып берейин. Дүйнө жүзүндөгү котормо топторунун жардамга муктаж экени байкалгандыктан, 2000-жылы Жетектөөчү Кеңеш буга байланыштуу чара көрүүнү чечкен. Ага чейин көптөгөн котормочулар өздөрүнө тапшырылган ишти аткарууга байланыштуу дээрлик эч кандай деле билим алышкан эмес болчу. Биз Жазуу комитетине сунуштарыбызды айткандан кийин, Жетектөөчү Кеңеш төгөрөктүн төрт бурчундагы котормочулардын баарын окутууну туура көргөн. Ал окутуу программасы өз ичине котормочуларга англисче текстти терең түшүнүүгө, котормонун ыкмаларын өздөштүрүүгө жана бири-бири менен жакшы кызматташууга жардам берүүнү камтыган.
Котормочуларды окутуп-үйрөтүүнүн натыйжасы кандай болууда? Биринчиден, котормонун сапаты жакшырды. Экинчиден, адабияттарыбыз которулуп жаткан тилдердин саны болуп көрбөгөндөй өстү. Биз 1979-жылы миссионердик кызматка жаңы дайындалганда, «Күзөт мунарасы» 82 эле тилде жарык көрчү. Ошондой эле ал журнал көп тилдерде англисчеден бир нече ай кеч чыкчу. Азыр болсо «Күзөт мунарасы» 240тан ашуун тилге которулуп, алардын көбү англисче менен чогуу чыгууда. Жалпы жонунан айтканда, учурда рухий тамак 700дөн ашык тилде берилип жатат. Бир нече жыл мурун ушундай болот деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз.
2004-жылы Жетектөөчү Кеңеш Ыйык Китепти которуу ишин тездеткен дагы бир маанилүү чечим чыгарды. Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин эле Ыйык Китепти которуу иши биринчи орунга коюла баштады. Бул «Жаңы дүйнө котормосунун» көптөгөн тилдерде чыгышына өбөлгө түздү. «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен
же анын айрым бөлүктөрү которулган тилдердин саны 2014-жылы 128ге жетти. Алардын ичинде Тынч океандын түштүгүндөгү аралдарда жашаган элдер сүйлөгөн тилдер да бар.2011-жылы Тувалуда өткөн жыйынга катышканым жашоомдогу эң маанилүү окуялардын бири болду. Бир нече ай бою өлкөдө катуу кургакчылык болгондуктан, ал жыйындын өтүшү арсар болуп турган. Бирок биз барган күнү кечинде жаан шатыратып төгүп, жыйындын өтүшүнө шарт түзүлдү. Ошол жыйында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» тувалу тилинде жарык көргөнүн кулактандыруу мен үчүн зор сыймык болду. Ал тилде сүйлөгөн бир туугандар саналуу эле болсо да, Жахаба ошондой сонун белекти аларга да тартуулады. Жыйындан кийин кайра жамгыр төктү. Ошентип, чындыктын суусу да, кадимки суу да мол болду.
Өкүнүчтүүсү, 35 жылдан ашык убакыт бою мага колдоо көрсөтүп келген ишенимдүү жан шеригим Женни эсте каларлык ошол окуяны көргөн жок. Ал эмчек рагы менен 10 жыл алышып жүрүп, 2009-жылы көз жумду. Жаңы заманда тирилгенде анын Ыйык Китептин тувалу тилинде чыкканын угуп сүйүнөрүнө шек жок.
Кийинчерээк Жахабанын батасы менен Лорейни Сикивоу деген жакшынакай бир тууганга үйлөндүм. Лорейни Женни менен Фижидеги Бейтелде чогуу кызмат кылган. Ал фижи тилине которчу. Ошентип, кайрадан Жахабага тилди сүйгөн, ишенимдүү жубайым менен кызмат кылып жатам.
Артка кылчая карап, асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабанын рухий тамактын аз киши сүйлөгөн тилдерге да, көп киши сүйлөгөн тилдерге да которулушуна кам көрүп келатканын ойлогондо абдан бекемделем (Заб. 49:1—3). Көптөр адабияттарды эне тилинде биринчи жолу алганда же Жахабаны өз тилинде даңктап ырдаганда жетине албай кубанышат. Андай окуяларга күбө болгондо Жахабанын бизди канчалык сүйөрү жөнүндө ойлоном (Элч. 2:8, 11). Тувалудагы Сауло Тиаси деген жашы өр тартып калган бир туугандын айткандары дагы эле кулагыма угулуп турат. Падышалыктын ырын биринчи жолу эне тилинде ырдагандан кийин ал мага: «Бул ырлар англисчеге караганда тувалу тилинде жакшыраак угуларын Жетектөөчү Кеңешке айтып коюшуң керек экен»,— деген.
2005-жылы сентябрда күтүлбөгөн жерден зор сыймыкка ээ болдум, тактап айтканда, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болуп дайындалдым. Азыр котормочу болбосом да, дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан котормо ишине колдоо көрсөтүшүмө мүмкүнчүлүк берип жатканы үчүн Жахабага ыраазымын. Жахабанын бардык адамдардын, атүгүл Тынч океандын ортосундагы аралдарда жашагандардын да рухий муктаждыгын канааттандырып келатканы кандай гана кубанычтуу! Ооба, забурчу айткандай, «Жахаба падыша болду! Жер жүзү кубансын. Көп сандаган аралдар шаттансын» (Заб. 97:1).
^ 18 абз. Биздин адабияттардын башкаларга кандай таасир эткени жөнүндөгү айрым маалыматтарды төмөнкү журналдардан окуй аласыңар: «Күзөт мунарасы», 2000-ж., 15-дек., 32-б., ор; 1988-ж., 1-авг., 22-б., англ.; «Ойгонгула!», 2000-ж., 22-дек., 9-б., ор.
^ 22 абз. Самоада жүргүзүлгөн котормо иши тууралуу 2009-жылдагы «Жылдык китептин» (ор.) 120, 121 жана 123, 124-беттеринде көбүрөөк айтылат.