Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мындан ары да күтө бер!

Мындан ары да күтө бер!

«Создуктурулуп жатса да, күт» (ХАБ. 2:3).

ЫРЛАР: 128, 45

1, 2. Жахабанын кызматчылары байыртадан эле эмнеси менен айырмаланып келет?

ЖАХАБАНЫН кызматчылары байыртадан эле пайгамбарлыктардын аткарылышын күтүп келишкен. Алсак, Жеремия пайгамбар Жүйүт жерин бабылдыктар кыйратарын алдын ала айткан жана анын сөздөрү б.з.ч. 607-жылы аткарылган (Жер. 25:8—11). Ышая пайгамбар болсо Жахабанын жүйүттөрдү кайра мекенине алып келери жөнүндө айтып: «Аны күткөндөрдүн баары бактылуу»,— деген (Ыш. 30:18). Микей да Кудайдын байыркы эли жөнүндө пайгамбарлык кылган соң: «Мен болсо Жахабадан көзүмдү албайм, куткаруучу Кудайымды күтөм»,— деп айткан (Мик. 7:7). Андан тышкары, Жахабанын эли кылымдар бою Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардын да аткарылышын күтүп келишкен (Лк. 3:15; 1 Пет. 1:10—12) *.

2 Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да Машаяк жөнүндө айтылган калган пайгамбарлыктардын аткарылышын күтүүдө. Кудай жакында Машаяк башкарган Падышалык аркылуу жамандыкты жок кылат жана өзүнүн элин Шайтандын дүйнөсүнөн куткарып, азап-кайгыдан арылтат (1 Жкн. 5:19). Андыктан, келгиле, бул дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келатканын эстен чыгарбай, сергек бололу.

3. Дүйнөнүн акырын көптөн бери күтүп келатсак, бизде кандай суроо туулушу мүмкүн?

3 Жахабанын кызматчылары катары биз анын эркинин «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылышын самайбыз (Мт. 6:10). Бул дүйнөнүн акырын көптөн бери күтүп жаткандай сезилгендиктен айрымдарыбыз: «Дагы деле күтө берүүгө негиз барбы?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. Эмесе, ушул суроого жооп алалы.

ЭМНЕ ҮЧҮН КҮТҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

4. Сергек болушубуз керектигинин негизги себеби кайсы?

4 Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, бул дүйнөнүн кыйратыларына эч кандай шек жок. Иса Машаяк жолдоочуларына: «Сергек болгула»,— деп айткан (Мт. 24:42; Лк. 21:34—36). Ушунун өзү эле аягына чейин күтүшүбүз керектигин көрсөтүп турат. Бул жагынан Жахабанын уюму бизге эң сонун үлгү. Ал адабияттар аркылуу бизди дайыма «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсибизде» бек сактоого жана жаңы заманга байланыштуу берилген убадалардын аткарыларына ишенүүгө үндөп келет. (Оку: 2 Петир 3:11—13.)

5. Эмне үчүн бүгүнкү күндө өзгөчө сергек болушубуз керек?

5 Эгерде 1-кылымдагы ишенимдештерибиз Жахабанын күнүн күтүшү керек болгон болсо, анда биздин күткөнүбүз ого бетер маанилүү эмеспи? Анткени биз Машаяктын катышуусунун убагында жашап жатабыз. Анын катышуусун көрсөткөн белги 1914-жылдан тартып айкын болууда. Ал белгини түзгөн пайгамбарлыктардын аткарылышы, анын ичинде дүйнөдөгү абалдын начарлап баратканы жана Падышалык жөнүндөгү кабардын жердин булуң-бурчунда жарыяланып жатканы «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» тастыктоодо (Мт. 24:3, 7—14). Иса акыркы күндөрдүн канча убакытка созуларын так айтпагандыктан, биз өзгөчө сергек жана сак болушубуз керек.

6. Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын дүйнөдөгү жагдай улам начарлай берерин кайдан билебиз?

6 «Бул дүйнө түзүлүшү аяктап бараткан убак» деген сөздөр азыркыдан да оор боло турган мезгилди билдиреби? Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» жамандыктын улам күч ала берери айтылган (2 Тим. 3:1, 13; Мт. 24:21; Аян 12:12). Андыктан дүйнөдөгү жагдай барган сайын начарлай берери анык.

7. Матай 24:37—39-аяттарга ылайык, акыркы күндөрдө дүйнөдөгү абал кандай болот?

7 Бирок «улуу алааматка» чейин жашоо канчалык оорлойт деп ойлойсуң? (Аян 7:14). Ар бир өлкөдө согуш болуп, ар бир үй-бүлө ачарчылыктан, оорудан азап чегет деп ойлойсуңбу? Эгер ошондой боло турган болсо, Ыйык Китепке ишенбегендер да анда жазылгандардын аткарылып жатканын моюнга алууга аргасыз болушмак. Бирок Иса көптөрдүн анын катышуусун көрсөткөн далилдерге маани бербей, Жахабанын күнү келгенге чейин өздөрүнүн күнүмдүк турмушу менен алек болушарын айткан. (Оку: Матай 24:37—39.) Мындан көрүнүп тургандай, акыркы күндөрдө дүйнөдөгү абал адамдар Кудайдын күнү жакындап калганын моюнга алууга мажбур болгончолук оор болбойт (Лк. 17:20; 2 Пет. 3:3, 4).

8. Исанын буйругуна кулак каккандарга эмне айкын көрүнүүдө?

8 Анткен менен Иса айткан белгини түзгөн окуялардын болуп жатканы анын: «Сергек болгула»,— деген буйругуна кулак каккандарга айкын эле көрүнмөк (Мт. 24:27, 42). Ал окуялар 1914-жылдан бери болуп келатат. Ооба, биз азыр бул дүйнө түзүлүшү аяктап бараткан убакта — Шайтандын ыймансыз дүйнөсү талкаланарына аябай эле аз калган убакта — жашап жатабыз.

9. Дүйнөнүн акырын эмне үчүн күтө беришибиз керек?

9 Демек, дүйнөнүн акырын эмне үчүн күтө беришибиз керек? Биринчиден, биз Иса Машаякка баш иебиз. Экинчиден, анын катышуусунун белгисин көрүп жатабыз. Биз бул каардуу дүйнөнүн аягын уккан нерселерибиздин баарына эле ишене бергендиктен эмес, Ыйык Китептеги далилдердин негиздүү экенине ынангандыктан күтүүдөбүз. Андай далилдер бизге сак жана сергек бойдон калууга жардам берет.

ДАГЫ КАНЧА УБАКЫТ КҮТҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

10, 11. а) Иса өзүнүн келер убактысына байланыштуу эмне деген? б) Дүйнөнүн акырын көп убактан бери күтүп жаткандай сезилсе, Исанын айтканына ылайык, эмне кылышыбыз керек? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Көптөрүбүз Кудайдын күнүн ондогон жылдардан бери күтүп келатабыз. Бирок канчалык узак убактан бери күтпөйлү, дайыма сергек бойдон калышыбыз зарыл. Иса Машаяк бул дүйнөнү соттош үчүн келгенде, биз даяр турушубуз керек. Ал өзүнүн жолдоочуларына мындай деген: «Байкагыла, сергек болгула, анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер. Муну буга салыштырууга болот: бир киши үйүн кулдарына калтырып, ар бирине бийлик жана жумуш берип, дарбаза кайтаруучуга сергек болууну буйруп, башка өлкөгө кетет. Сергек болгула, анткени үй ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде келеби, түн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы же таң заардабы, билбейсиңер. Ал капысынан келип калып, уктап жаткан жериңерден таппасын. Силерге айткандарымды баарына айтып жатам: сергек болгула» (Мр. 13:33—37).

11 Машаяктын 1914-жылы такка отурганы айкын болгондо, Кудайдын кызматчылары дүйнөнүн акыры күтүлбөгөн жерден келип калышы мүмкүн экенин түшүнүшкөн. Ошондуктан алар Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишине көбүрөөк басым коё башташкан. Иса өзүнүн бир аз кечирээк — «короз кыйкырган маалда» же «таң заарда» — келиши мүмкүн экенин да айткан. Ошондой боло турган болсо, анын жолдоочулары эмне кылышы керек эле? Иса: «Сергек болгула»,— деген. Андыктан дүйнөнүн акырын узак убактан бери күтүп келатсак, ага дагы көп бар деп ойлобошубуз же аны такыр эле күтпөй калбашыбыз керек.

12. Хабакук пайгамбар Жахабага эмне деген жана Жахаба ага кантип жооп берген?

12 Иерусалимдин талкаланарын алдын ала айткан Хабакук пайгамбар жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Ал ошол ишке дайындалганга чейин эле, башка пайгамбарлар шаардын кыйратылары жөнүндө көптөгөн жылдар бою айтып келишкен. Хабакук пайгамбардын күндөрүндө «ыймансыз адам адил адамга үстөмдүк кылып», «адилеттик бурмаланган». Ошондуктан ал: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем?» — деп кейиген. Жахаба ишенимдүү пайгамбарына түз жооп бербестен, аны шаардын талкаланары жөнүндөгү пайгамбарлыктын «кечикпей» аткарыларына ынандырып, талыкпай күтүүгө чакырган. (Оку: Хабакук 1:1—4; 2:3.)

13. Хабакук пайгамбардын кандай ойлорго алдырганы туура эмес болмок жана эмне үчүн?

13 Хабакук пайгамбардын ындыны сууп: «Иерусалимдин талкаланары качантан бери эле айтылып келатат. Ал күнгө дагы көп бар болсочу? Анда анын күтүүсүздөн кыйратылары жөнүндө айта бергеним кандай болуп калат? Андан көрө башкалар эле айтсынчы»,— деп ойлонуп жатканын элестетип көрсөң. Эгер ушундай ойлорго алдырса, ал Жахабанын жактыруусунан айрылмак. Ошондой эле Иерусалимди бабылдыктар басып алганда, өмүрүнөн ажырашы мүмкүн эле.

14. Талыкпай күткөнүбүз үчүн эч качан өкүнбөй турганыбызга эмне себептен шектенбесек болот?

14 Жаңы заманда азыркы дүйнөнүн акырына байланыштуу алдын ала айтылгандардын кантип аткарылганы тууралуу ой жүгүртүүгө жакшы мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул Жахабага болгон ишенимибизди ого бетер бекемдеп, анын калган убадаларынын да сөзсүз аткарыларына ынандырат. (Оку: Жашыя 23:14.) Ошондо «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Кудайга «бардык нерсенин аягы жакындап калганын» эстен чыгарбай жашаганга үндөп келгени үчүн чексиз ыраазы болорубуз шексиз (Элч. 1:7; 1 Пет. 4:7).

КҮТҮҮ ИШ-АРАКЕТ КЫЛУУНУ БИЛДИРЕТ

Жакшы кабарды жигердүү жарыялап жатасыңбы? (15-абзацты кара)

15, 16. Ушул акыркы күндөрдө ынталуу кабар айтканыбыз эмне үчүн эң туура болот?

15 Жахабанын уюму мындан ары да бизди убакыттын тардыгын унутпай, жалындуу кызмат кылууга үндөй бермекчи. Бул бизге Кудайдын ишин аткарууда ынталуу болууга эле эмес, Иса Машаяктын өзүнүн катышуусу жөнүндө айткан пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын аңдоого да жардам берет. Ушул акыркы күндөрдө эмне кылганыбыз эң туура болот? Албетте, кабар айтуу ишине жигердүү катышып, «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегенибиз» туура болот! (Мт. 6:33; Мр. 13:10).

16 Бир эже: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо менен... башкаларга жакында дүйнө жүзү боюнча боло турган алааматтан куткарылууга жардам беребиз»,— деген. Ал эже куткарылуу кандай болорун жакшы билет, себеби 1945-жылы тарыхтагы каргашалуу деңиз кырсыгы болгондо, тактап айтканда, «Вильгельм Густлофф» деген чоң кеме чөккөндө, күйөөсү экөө аман калышкан. Кейиштүүсү, өмүрү кылдын учунда турса да, айрымдар эмне чындап маанилүү экенин түшүнүшпөйт. Ал эже кеме чөгүп жатканда бир аялдын: «Чемодандарым! Чемодандарым! Зер буюмдарым! Алардын баары кемеде калды, баарынан айрылдым!» — деп бир топко чейин ыйлаганын эскерген. Ал эми айрым жүргүнчүлөр сөөк какшаткан муздак суудагы адамдарды куткарып калыш үчүн өмүрүн тобокелге салышкан. Ошондой жан аябас жүргүнчүлөрдөй болуп, биз да башкаларга жардам бериш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Кабар айтуу ишинин шашылыш экенин эстен чыгарбай, өтө кеч болуп кала электе башкаларга дүйнөнүн акырынан аман калууга көмөк көрсөтө бергенибиз абзел.

Кабар айтуу ишинин шашылыш экенин эске алып, туура чечимдерди чыгарып жатасыңбы? (17-абзацты кара)

17. Дүйнөнүн акыры тез эле, капысынан келип калышы мүмкүн экенин кайдан билебиз?

17 Дүйнөдөгү окуялар Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын жана дүйнөнүн акыры сөзсүз келерин айгинелөөдө. Андыктан Аян 17:16да айтылган «он мүйүз менен жырткыч» жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылга кол салганга чейин дагы көп убакыт өтөт деп ойлобошубуз керек. Жалган динди жок кылууга байланыштуу ойду алардын жүрөгүнө Жахаба «саларын» жана бул тез эле, күтүлбөгөн жерден болуп кетиши мүмкүн экенин унутпайлы! (Аян 17:17). Шайтандын дүйнөсү күм-жам болоруна аябай эле аз калды. Ошол себептен Исанын: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын»,— деген эскертүүсүн эсибизде бек сактайлы (Лк. 21:34; Аян 16:15). Жахабанын өзүн «күткөндөрдү ойлоп иш кыларына» эч шектенбей, ага жан-дилден кызмат кыла берели (Ыш. 64:4).

18. Кийинки макалада эмне тууралуу айтылат?

18 Дүйнөнүн акырын күтүп жатып, келгиле, шакирт Жүйүттүн: «Сүйүктүүлөрүм, өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдеп, ыйык рух менен тиленип, Мырзабыз Иса Машаяктын түбөлүк өмүргө алып бара турган кайрымдуулугун күтүп жатып Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла»,— деген чакырыгына ылайык иш кылалы (Жүй. 20, 21). Кудай убада кылган жаңы замандын келишин күтүп, эңсеп жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

^ 1 абз. Машаякка байланыштуу айрым пайгамбарлыктар жана алардын кантип аткарылганы тууралуу билиш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 200-бетин кара.