Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

«Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн» (1 ЖКН. 4:19).

ЫРЛАР: 56, 138

1, 2. Кудайды сүйүшүбүз үчүн, ал эмне кылган?

«УЯДАН эмнени көрсө, учканда ошону алат»,— дегендей, атанын үлгүсү балдарына күчтүү таасир этет. Асмандагы Атабыз Жахаба балдарына мээримин төгүп, эң мыкты үлгү көрсөткөн. Бул бизге аны сүйүүгө түрткү берет. Буга байланыштуу элчи Жакан: «Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн»,— деп жазган (1 Жкн. 4:19).

2 Жахаба кандайча «бизди биринчи сүйгөн»? Элчи Пабыл: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деген (Рим. 5:8). Ооба, Жахаба сүйүктүү Уулун ага ишенген адамдар үчүн кун катары берип, чыныгы сүйүү кандай болорун айгинелеген. Андай сүйүү кең пейилдикти, жан аябастыкты талап кылган. Кудайдын улуу ырайымынан улам берген баа жеткис белеги — куткаруу курмандыгы — бизге анын сүйүүсүн сезүүгө жана ага сүйүү менен жооп кайтарууга жол ачкан (1 Жкн. 4:10).

3, 4. Кудайды чындап сүйөрүбүз эмнеден көрүнөт?

3 Сүйүү — Кудайдын эң негизги сапаты. Ошондуктан Иса Машаяк өзүнө суроо берген кишиге Кудайдын осуяттарынын эң маанилүүсү: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй»,— деген осуят экенин айткан (Мр. 12:30). Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайды эң алды бүт жүрөгүбүз менен сүйүшүбүз зарыл. Болбосо Жахабага жага албайбыз. Бирок ага болгон сүйүүбүз тек гана жүрөктөн чыккан сезим болбошу керек. Биз аны бүт жаныбыз, бүт акылыбыз жана бүт күчүбүз менен да сүйүшүбүз абзел. Бул ой жүгүртүүбүздөн, иштерибизден айкын болот. Жахаба Микей пайгамбар аркылуу бизден так ушуну күтөрүн айткан. (Оку: Микей 6:8.)

4 Асмандагы Атабызды чындап сүйөрүбүз эмнеден көрүнөт? Биз аны эмнебиз болсо, ошонун баары менен сүйүшүбүз керек. Исанын сөздөрүнө ылайык, бул өз ичине бүт бардыгын: күчүбүздү, сезимдерибизди, акыл жөндөмүбүздү камтыйт. Мурунку макалада Жахабанын бизди жакшы көрөрүнүн төрт далилин карап чыкканбыз. Ал эми бул макалада ага болгон сүйүүбүздү кантип өстүрүп, кандай жолдор менен көрсөтө аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБАГА КАМКОРДУГУ ҮЧҮН ЫРААЗЫ БОЛ

5. Жахабанын биз үчүн кылган жакшылыктары эмне кылууга түрткү берет?

5 Кимдир бирөө сага белек берсе, эмне кыласың? Ага ыраазычылык билдирмектигиң шексиз. Андан сырткары, белекти баалап, аны жакшы колдонмоктурсуң. Шакирт Жакып: «Жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан келет, аларды асман чырактарынын Атасы, көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген Кудай берет»,— деп жазган (Жкп. 1:17). Жахаба бизди жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылгандан сырткары, бактылуу болушубуз үчүн бардык жагынан кам көрүп келет. Бул бизге аны сүйүүгө түрткү бербейби?

6. Жахабанын батасынан айрылбаш үчүн ысрайылдыктар эмне кылышы керек эле?

6 Жахаба ысрайыл элине жүздөгөн жылдар бою мээримдүүлүк менен кам көрүп, материалдык жактан да, рухий жактан да батасын мол берип келген (Мыйз. 4:7, 8). Жахабанын батасынан айрылбаш үчүн алар анын мыйзамдарын аткарышы керек болчу. Алсак, алардан биринчи түшүмүнүн эң жакшысын Жахабага алып келүү талап кылынган (Чыг. 23:19). Ушул жана башка мыйзамдарга баш ийүү менен ысрайылдыктар Жахабанын сүйүүсүн, батасын боло жүргөн нерседей кабыл албай турганын көрсөтүшмөк. (Оку: Мыйзам 8:7—11.)

7. Жахабага сүйүү көрсөтүүдө «баалуу нерселерибизди» кантип колдоно алабыз?

7 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Бүгүнкү күндө бизден түзмө-түз курмандык чалуу талап кылынбаса да, Жахабага «баалуу нерселерибиз» менен «урмат көрсөтүүнүн» аркасында аны сүйөрүбүздү айгинелейбиз (Накыл 3:9). Муну кантип кыла алабыз? Маселен, өзүбүз жашаган жерде жана дүйнө жүзүндө аткарылып жаткан Падышалыктын ишине тартуу кылсак болот. Жашоо шартыбыз кандай болбосун, Жахабага колубузда болгонун берүү — аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң жакшы жолу (2 Кор. 8:12). Жахабага сүйүү көрсөтүүнүн мындан башка да жолдору бар.

8, 9. Жахабанын убадасына ишеним артуу менен аны сүйүүнүн ортосунда кандай байланыш бар? Мисал келтир.

8 Иса шакирттерин тамак-ашты, кийим-кечени ойлоп тынчсызданбай, биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издей берүүгө үндөгөн. Ал биздин эмнеге муктаж экенибизди асмандагы Атабыз эң сонун билерин айткан (Мт. 6:31—33). Жахабанын убадасына канчалык бекем ишенерибизден ага болгон сүйүүбүздүн канчалык күчтүү экени айкын болот, анткени ишеним артуу менен сүйүү тыгыз байланышта. Кимдир бирөөгө ишеним артпасак, аны чындап сүйө албайбыз (Заб. 143:8). Андыктан ар бирибиз: «Жашоомдон, койгон максаттарымдан Жахабаны чындап сүйөрүм көрүнүп турабы? Анын мага кам көрөрүнө толук ишенеримди күн сайын кылган иштерим менен көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

9 Буга байланыштуу Майк деген бир туугандын мисалын карап көрөлү. Ал жаш кезинен тартып эле чет өлкөдө кызмат кылууну самачу. Кийин үйлөнүп, эки балалуу болсо да, ошол каалоосу басаңдаган эмес. Жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылган бир туугандар жөнүндө окугандары, уккандары ушунчалык таасир эткендиктен, Майк менен үй-бүлөсү жашоосун жөнөкөйлөтүп, үйүн сатып, чаканыраак батирге көчүшкөн. Майк имараттарды жууп-тазалоого байланыштуу ачкан ишин кыскартып, аны Интернет аркылуу көзөмөлдөөнүн жолун үйрөнгөн. Ошентип, ал үй-бүлөсү менен чет өлкөгө көчүп кеткен. Эки жыл кубанычтуу кызмат кылышкандан кийин, Майк: «Биз Исанын Матай 6:33төгү сөздөрүнүн калетсиз экенине ынандык»,— деген.

ЧЫНДЫКТЫ ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН КАБЫЛ АЛ

10. Дөөтүнүн үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, Жахаба жөнүндө ой жүгүртүүнүн натыйжасы кандай болот?

10 Мындан 3 000 жылдай мурун жашаган Дөөтү падыша асманга байкоо салып, абдан таасирленгендиктен: «Асман Кудайдын даңкын жар салат, асман мейкиндиги анын колунан бүткөн иштерди кабарлайт»,— деп жазган. Ошондой эле Кудайдын мыйзамдарында чагылдырылган акылмандыкка суктанып: «Жахабанын мыйзамы жеткилең, жан сергитет. Жахабанын насааты ишеничтүү, тажрыйбасызды даанышман кылат»,— деген. Дөөтү падышанын ой жүгүрткөнүнүн натыйжасы кандай болгон? Ал Жахабага: «Оозуман чыккан сөздөрүм, жүрөгүмдө ойлогон ойлорум сага жаккыдай болсо экен, оо, Жахаба, менин Аска-зоом, Куткаруучум»,— деп айткан. Ырас, ал Жахаба менен абдан ынак мамиледе болгон (Заб. 19:1, 7, 14).

11. Кудайды сүйсөк, ал берген билимди кантип колдонобуз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Бүгүнкү күндө биз Жахабанын жаратуулары, ой-ниетинин аткарылышы жөнүндө көп нерселерди билдик. Бул дүйнөдөгү адамдардын көбү жогорку билим алууга чоң маани беришет. Бирок турмуш тастыктагандай, андай максатка умтулгандар адатта Кудайга болгон ишенимин, сүйүүсүн жоготуп алышат. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди билим алууга эле эмес, акылмандыкка жана түшүнүккө ээ болууга чакырат. Бул Кудай берген билимди өзүбүзгө да, башкаларга да пайда алып келгидей колдонууга үйрөнүшүбүз керектигин билдирет (Накыл 4:5—7). Кудай «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:4). Эгер Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды баарына айтып, аларга Кудайдын адамзатка байланышкан кереметтүү ой-ниетин түшүнүүгө жан-дилден көмөк кылсак, Кудайды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. (Оку: Забур 66:16, 17.)

12. Бир жаш ишенимдешибиз Жахабадан алган белеги жөнүндө эмне деген?

12 Атүгүл балдар да Жахаба берген белектер үчүн ыраазычылык билдирүү менен ага болгон сүйүүсүн көрсөтө алышат. Шенон деген ишенимдешибиз 11 жашында ата-энеси жана 10 жаштагы сиңдиси болуп «Кудайга берилгендик» деп аталган облустук жыйынга барганын эскерет. Жыйындын бир бөлүгүндө жаштардын баары атайын алар үчүн даярдалган орундарга отурууга чакырылган. Шенон аябай тынчсызданса да, көрсөтмөгө ылайык иш кылган. Ал жерде отургандардын ар бирине «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китеп берилгенде, Шенон аябай сүйүнгөн. Алган белеги Жахаба менен болгон мамилесине кандай таасир эткени тууралуу ал: «Ошондо Жахабанын чындап эле бар экенине жана мени абдан жакшы көрөрүнө ынангам»,— дейт. Анан: «Улуу Кудайыбыз Жахаба ушундай кооз, жеткилең белектерди марттык менен берип жаткандыктан, биз кандай гана бактылуубуз!» — деп кошумчалайт.

ЖАХАБАНЫН АКЫЛ-НАСААТЫН ЧЕТКЕ КАКПА

13, 14. Жахабанын кеңештерине болгон көз карашыбыздан кандайча ага болгон сүйүүбүз көрүнөт?

13 Ыйык Китептен: «Атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле, Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт»,— дегенди окуйбуз (Накыл 3:12). Жахабанын бизди оңдоп-түзөгөнүнө кандай карашыбыз керек? Элчи Пабыл: «Учурунда ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай сезилет»,— деп ачык жазган. Муну менен ал акыл-насааттын маанилүүлүгүн же баалуулугун төмөндөткөн эмес, себеби андан ары: «Бирок кийин ал аркылуу тарбиялангандарга тынчтыктын жемишин — адилдикти — берет»,— деген (Евр. 12:11). Эгерде Жахабаны жакшы көрсөк, ал кеңеш бергенде, таарынбайбыз же анын айткандарына кол шилтеп койбойбуз. Жахабанын акыл-насаатын кабыл алуу айрымдарга оор болушу мүмкүн. Бирок Кудайга болгон сүйүүбүз бизге бул жагынан да чоң жардам берет.

14 Малаки пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр Кудайдын кеңештерин баалашкан эмес. Алар курмандык чалууга карата берилген мыйзамды жакшы билишсе да, аны тийиштүү түрдө аткарбагандыктан, Жахаба аларды катуу ашкерелеген. (Оку: Малаки 1:12, 13.) Ал тургай, аларга: «Силерге каргыш жиберем, батаңарды каргышка айлантам, атүгүл айлантып да койдум, анткени менин осуятымды жүрөгүңөргө түйгөн жоксуңар»,— деп айткан (Мал. 2:1, 2). Ооба, Кудайдын сүйүү менен берген кеңештерин этибарга албасак же атайылап четке каксак, арты каргашалуу болушу мүмкүн.

Бул дүйнөнүн нормаларына эмес, Жахабанын кеңешине ылайык иш кыл (15-абзацты кара)

15. Бул дүйнөдөгүлөр чагылдырган кандай маанайдан качышыбыз керек?

15 Азыр көптөр өзүмчүл, текебер болгондуктан кеңешти кабыл алмак турсун, уккусу да келбейт. Ал эми кээ бирлери аргасыз болгондуктан гана угушат. Биз андай адамдардан айырмаланып тургубуз келет. Анткени Кудай кызматчыларына: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле»,— деп эскерткен. Биз анын «жеткилең эркин таанып-биле» беришибиз керек (Рим. 12:2). Жахаба уюму аркылуу жашоонун ар кайсы тармагына, алсак, карама-каршы жыныстагы адам менен болгон мамилеге, чөйрөгө, көңүл ачууга байланыштуу өз убагында кеңештерди берип турат. Аларды кабыл алууга жана иш жүзүндө колдонууга дилгир болсок, Жахабага ыраазы экенибизди, аны чын жүрөктөн сүйөрүбүздү далилдейбиз (Жкн. 14:31; Рим. 6:17).

ЖАХАБА КОРГОШУ ҮЧҮН, АГА ТАЯН

16, 17. а) Чечим чыгарарда эмне үчүн Жахабанын эркин эске алышыбыз керек? б) Ысрайылдыктардын Жахабага болгон сүйүүсүнүн, ишениминин жетишсиз экени эмнеден көрүнгөн?

16 Балдар кичинекей кезинде дайыма ата-энесине таянып, алардан жардам издешет. Ал эми чоңойгон сайын өздөрүнүн акылына көбүрөөк таянып, өз алдынча чечим чыгара башташат. Бул — алардын чоңоюп баратканынын белгиси. Бирок ата-энеси менен абдан ынак балдар кийин деле кайсы бир ишти кыларда же чечим чыгарарда алардан кеңеш сурап турушат. Жахаба менен болгон мамилебиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал бизге ыйык руху аркылуу «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берип» турат. Эгер чечим чыгарарда анын эркин эске албасак, ага болгон сүйүүбүздүн, ишенимибиздин жетишсиз экени көрүнөт (Флп. 2:13).

17 Шемуел пайгамбардын убагында ысрайылдыктар пелиштиликтерден жеңилип калышкан. Алар Кудайдын жардамына, коргоосуна абдан муктаж болушкан. Ошондуктан: «Келгиле, Шилого барып, Жахабанын келишиминин сандыгын алып келели, ал арабызда болуп, бизди душмандарыбыздан коргоп турсун» — деп, аны алып келүүнү чечишкен. Анын натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Алар 30 000 жөө жоокеринен айрылып, чоң жоготууга дуушар болушту. Душмандар Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты»,— делет (1 Шем. 4:2—4, 10, 11). Ысрайылдыктар келишим сандыгын алып келүү менен Жахабадан жардам издеп жаткандай көрүнгөн. Бирок, чындыгында, алар Жахабадан жетекчилик издебей эле, өздөрүнүн акылына таянышкан. Мунун акыры кесепеттүү болгон. (Оку: Накыл сөздөр 14:12.)

18. Жахабага таянууга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делет?

18 Забурчу: «Кудайды күт, анткени мен аны улуу куткаруучум катары дагы да даңктайм. Оо, Кудайым, жаным үмүтсүздүктөн жабыркап жатат... Сени эстеп жатам» — деп, Жахабаны абдан сүйөрүн жана ага таянарын көрсөткөн (Заб. 42:5, 6). Сен да Жахабаны чын жүрөгүң менен сүйүп, ага толук таянасыңбы? Бул суроого «ооба» деп жооп берсең да, Кудайга мындан ары да көбүрөөк таянууга умтула бер. Анткени Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деп жазылган (Накыл 3:5, 6).

19. Жахабаны сүйөрүңдү кандай жолдор менен көрсөткүң келет?

19 Жахаба бизди биринчи сүйүп, өзүн кантип сүйсөк болорун көрсөткөн. Келгиле, анын мыкты үлгүсүн дайыма көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрөлү. Ошондой эле аны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз, бүт күчүбүз менен сүйөрүбүздү көрсөтө берели (Мр. 12:30).