Дайыма рухий нерселер тууралуу ой жүгүрт
«Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна» (1 ТИМ. 4:15).
ЫРЛАР: 57, 52
1, 2. Адам баласы жаныбарлардан эмнеси менен айырмаланат?
АДАМ баласынын мээси кереметтүү жаратылган. Окумуштуулар анын түзүлүшүн азыркыга чейин толук түшүнө албай келишет. Мээнин жана нейрондук байланыштардын аркасында адамдар тил үйрөнүүгө жөндөмдүү келет. Тил болсо окууга, жазууга, сүйлөөгө, айтылган сөздү түшүнүүгө, тиленүүгө жана Жахабаны даңктап ырдоого өбөлгө түзөт. Бул жөндөмдүүлүктөрдүн ар бири таң калтырарлык. Тил илими боюнча бир профессор: «Адам баласынын тил үйрөнүүгө болгон жөндөмдүүлүгү — аны айырмалап турган өзгөчөлүктөрдүн бири»,— деп айткан.
2 Ооба, сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүз — Кудай берген эң сонун белек (Заб. 139:14; Аян 4:11). Кудай бизге дагы бир өзгөчө белек берген. Жаныбарлардан айырмаланып, биз ага окшош болуп жаратылгандыктан чечим чыгаруу эркиндигине ээбиз. Ошо себептен сүйлөө жөндөмдүүлүгүн Кудайды даңкташ үчүн колдоно алабыз (Башт. 1:27).
3. Акылмандыкка ээ болушубуз үчүн, Жахаба бизге эмнени тартуулаган?
3 Тилди жараткан Кудайды даңктагысы келгендердин баарына ал Ыйык Китепти тартуулаган. Ыйык Китеп толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 2 800дөн ашуун Заб. 40:5; 92:5; 139:17). Кудайдын ойлору болсо акылмандыкка ээ кылып, «куткарылууга алып барат». (Оку: 2 Тиметей 3:14—17.)
тилге которулган. Эгер анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртсөң, акылыңды Кудайдын ойлоруна толтурасың (4. Ой жүгүртүү деген эмнени билдирет жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?
4 Ой жүгүртүү деген кайсы бир жакшы же жаман нерсеге бүт көңүлдү топтоп, терең ойлонууну, ой токтотууну билдирет (Заб. 77:12; Накыл 24:1, 2). Жахаба Кудай жана анын Уулу Иса Машаяк тууралуу ой жүгүртсөк, зор пайда алабыз (Жкн. 17:3). Бул макалада: «Окуу менен ой жүгүртүүнүн ортосунда кандай байланыш бар? Эмнелер жөнүндө ой жүгүртсөк болот? Ой жүгүртүүнү адат кылып алууга жана андан кубаныч алууга эмне жардам берет?» — деген суроолорго жооп алабыз.
ИЗИЛДӨӨҢДҮ НАТЫЙЖАЛУУ ӨТКӨРӨСҮҢБҮ?
5, 6. Окугандарыңдын маанисин жакшыраак түшүнүүгө жана маалыматты эстеп калууга эмне жардам бериши мүмкүн?
5 Кызыктуусу, биз оңой эмес иштердин айрымдарын ойлонбой эле жасай алабыз. Алсак, дем алганда, велосипед тепкенде, текстти сокур ыкма менен жазганда аларды кантип кылып жатканыбызды ойлонбойбуз деле. Тилекке каршы, кээде окуганда да ушундай болуп калышы мүмкүн. Андыктан текстти жөн эле окуп койбой, маанисине көңүл топтогонубуз зарыл. Ан үчүн абзацты окуп бүткөндө же жаңы бөлүмчөнү баштаарда бир аз тыным жасап, окугандарыңды туура түшүнгөнүңө ынаныш үчүн ой жүгүрт. Кайсы бир нерсе алаксытып жатса же көңүл топтой албай жатсаң, оюң талаалап, изилдөөң жемишсиз болуп калышы ыктымал. Мындан кантип качууга болот?
6 Окумуштуулар үн чыгарып окуу маалыматты эстеп калууга жардам берерин аныкташкан. Жараткан Кудай муну жакшы билет. Ошондуктан ал Жашыяга «мыйзам китебиндеги сөздөрдү» «бир аз үн чыгарып» окушу керектигин айткан. (Оку: Жашыя 1:8; шилт.) Ыйык Китепти бир аз үн чыгарып окусаң, окугандарың жакшыраак таасир этерин жана көңүл топтоо оңоюраак болорун байкаарың күмөнсүз.
7. Кудайдын Сөзү жөнүндө качан ой жүгүрткөнүбүз жакшы? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
7 Бир нерсени окуу оңой эле болушу мүмкүн, ал эми ой жүгүрүү үчүн күч-аракет жумшоо зарыл. Жеткилеңсиз болгондуктан биз мээбизди көп чыңалтпай, жеңилине качырганга жакын келебиз. Ошондуктан чарчабай, акылыбыз тунук болуп турганда жана алаксыта турган нерселер жок жерде ой жүгүрткөнүбүз жакшы. Дөөтүгө түн ичинде төшөктө жатканда ой жүгүртүү жакчу (Заб. 63:6). Жеткилең Иса да ой жүгүртүүгө жана тиленүүгө тынч жер ылайыктуу болорун жакшы билген (Лк. 6:12).
ЭМНЕЛЕР ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТСӨҢ БОЛОТ?
8. а) Ыйык Китептен окугандарыбыздан тышкары дагы эмнелер тууралуу ой жүгүртсөк болот? б) Жахаба жөнүндө башкаларга айтканыбызда, ал кандай сезимде болот?
8 Ыйык Китептен окугандарыбыздан тышкары дагы башка нерселер тууралуу ой жүгүртсөк болот. Мисалы, жаратылыштан көз жоосун алган, суктандырган нерселерди көргөндө бир азга токтоп, ойлонуп көр. Анын аркасында Жахабаны даңктоого, сезимдериңди жаныңдагылар менен бөлүшүүгө түрткү аласың (Заб. 104:24; Элч. 14:17). Жахаба ага ыраазычылык билдирип тиленгенибизди жана ал жөнүндө башкаларга айтканыбызды баалайбы? Буга анын Сөзүнөн жооп ала алабыз. Кудайдын азыркы акыркы күндөрдөгү кызматчылары тууралуу мындай делген: «Ошол убакта Жахабадан корккондор бири-бири менен, ар бири өз жакыны менен сүйлөшүп жатты, Жахаба болсо аларды кунт коюп угуп жатты. Жахабанын алдында андан корккондор жөнүндө, анын ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөр жөнүндө эстелик китеп жазылып жатты» (Мал. 3:16).
9. а) Элчи Пабыл Тиметейди эмнелер тууралуу ой жүгүртүүгө үндөгөн? б) Элчи Пабылдын кеңешин кызматка даярданууда кантип колдоно алабыз?
9 Элчи Пабыл Тиметейди сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму, окуткан нерселери тууралуу ой жүгүртүүгө үндөгөн. (Оку: 1 Тиметей 4:12—16.) Бизде да ой жүгүртүшүбүз керек болгон рухий иштер аябай көп. Айталы, кимдир бирөө менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө даярданып жатканда анын көз карашын билүү үчүн кандай суроо берсең болорун же ага ийгилик жасоого көмөк кыла турган кандай мисалдарды колдонсоң болорун ойлон. Мунун пайдасы зор, себеби бул ишенимиңди бекемдегенден тышкары, изилдөөнү кызыктуу, натыйжалуу өткөрүшүңө өбөлгө түзөт. Кабар айтуу кызматына чыгарда да жүрөгүңдү даярдаганыңдын жыйынтыгы жакшы болот. (Оку: Эзра 7:10.) Элчилер китебиндеги окуяларды окуу кызматка болгон ынтаңды «оттой жалындатууга» жардам берет. Ошондой эле кабар айтканда колдоно турган аяттар менен адабияттар тууралуу ой жүгүртүү кызматыңды жакшы аткарууга көмөк кылат (2 Тим. 1:6). Аймагыңдагы адамдардын кимдер экени жана аларды кандай тема кызыктырары жөнүндө да ойлон. Ушинтип даярдансаң, Ыйык Китепти колдонуп мыкты күбөлөндүрүү бере аласың (1 Кор. 2:4).
10. Дагы эмнелер тууралуу ой жүгүртүү пайдалуу?
«Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарында жана акыркы жыйында алган белектерде биз окуп, сиңиришибиз керек болгон жаңы маалыматтар камтылат. «Жылдык китепти» окуп жатканда бир окуядан экинчисине өтөрдөн мурун бир аз тыным жасап, ой токтотуу да пайдалуу. Ошондо окугандарың жүрөгүңдү козгойт. Адабияттардагы негизги ойлорду белгилеп же талаачага жазып алсаң, кайра жолугууга же кайтаруучулук жолугууга барганда, баяндама даярдаганда кереги тиет. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды дайыма ой жүгүртүп окуу билгендериңди кан-жаныңа сиңирүүгө жана алар үчүн Жахабага ыраазычылык билдирип тиленип турууга түрткү берет.
10 Жыйындардан, жыйналыштардан уккандарыңды жазып отурсаң, кийин аларды кайталаганга убакыт бөл. Бул Кудайдын Сөзүнөн жана уюмунан алган билимиң тууралуу ой жүгүртүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ай сайын чыкканКУДАЙДЫН СӨЗҮ ТУУРАЛУУ КҮНҮГӨ ОЙ ЖҮГҮРТ
11. Биринчи кезекте эмне тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек жана эмне үчүн? (Шилтемени да кара.)
11 Албетте, биз эң биринчи кезекте Кудайдын Сөзү тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек. Өзүңдүн Ыйык Китепсиз калганыңды элестетип көрсөң *. Бирок башкалар сенден Ыйык Китепти тартып алса да, ой жүгүртүү жөндөмүңдү тартып ала албайт. Ошондуктан андайда эсиңде калган баалуу ойлор, айталы, жакшы көргөн аяттарың, Падышалык ырлары жөнүндө ойлоно аласың (Элч. 16:25). Кудайдын ыйык руху сага мурун окуп-билгендериңди эстегенге жардам берет (Жкн. 14:26).
12. Көбүрөөк пайда алыш үчүн Ыйык Китепти кантип окусаң болот?
12 Жуманын кээ бир күндөрүндө Ыйык Китептен Теократиялык кызмат мектебинде талкуулана турган бөлүмдөрдү окусаң болот. Башка күндөрү болсо Иса Машаяктын сөздөрү, кылган иштери тууралуу ой жүгүртөттүрсүң. Анын жашоосу, кызматы жөнүндө баяндалган Инжилдер Ыйык Жазмадагы жалпыга белгилүү китептерден экенине кошулат чыгарсың (Рим. 10:17; Евр. 12:2; 1 Пет. 2:21). Бизде Исанын жерде жүргөндө башынан өткөргөн окуялары хронологиялык тартипте жазылган сонун адабият бар. Анын ар бир бөлүмүндө Инжилдерден аяттар келтирилген. Аларды кылдат окуп, ой жүгүртсөң, абдан чоң пайда аласың (Жкн. 14:6).
ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
13, 14. Рухий нерселер тууралуу дайыма ой жүгүртүү эмне үчүн маанилүү жана бул эмне кылууга түрткү берет?
13 Рухий нерселер тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында Кудайдын жетилген кызматчысы болобуз (Евр. 5:14; 6:1). Жахаба жана Иса жөнүндө ой жүгүртүүгө аз эле убакыт бөлгөн адам ишенимин бекем сактай албайт. Ал чындык жолунан оңой эле четтеп же алыстап кетиши мүмкүн (Евр. 2:1; 3:12). Кудайдын Сөзүндө жазылганды чын жүрөктөн кабыл албасак, Иса эскерткендей, аны жүрөгүбүздө «сактай» албайбыз. Тескерисинче, «бул жашоонун түйшүгүнө, байлыгына, ырахатына берилип», жемишсиз болуп калабыз (Лк. 8:14, 15).
14 Андыктан, келгиле, Кудайдын Сөзү тууралуу дайыма ой жүгүртөлү. Бул 2 Кор. 3:18). Биз асмандагы Атабыз жөнүндө түбөлүккө билим алып, анын даңкын чагылдыра беребиз. Бул кандай гана баа жеткис сыймык! (Нас. 3:11).
Жахабанын даңкын, касиет-сапаттарын жакшыраак чагылдырууга түрткү берет (15, 16. а) Рухий нерселер тууралуу ой жүгүртүүдөн ар бирибиз кандай пайда алабыз? б) Ой жүгүртүүгө кээде эмнелер тоскоол болот, бирок эмне үчүн багынбашыбыз керек?
15 Рухий нерселер тууралуу ой жүгүртүү чындык жолунда ынталуу бойдон калганга да жардам берет. Мунун аркасында ишенимдештерибизди жана кабарга кызыккандарды сергите алабыз. Ошондой эле ыйык Кудайыбыздын эң чоң белеги болгон кун жөнүндө терең ой жүгүртсөк, аны менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз (Рим. 3:24; Жкп. 4:8). Түштүк Африкада жашаган Марк деген бир тууганыбыз бейтараптуулугун сактаганы үчүн үч жыл түрмөдө отурган. Ал мындай дейт: «Ой жүгүртүүнү аябай кызыктуу саякатка салыштырууга болот. Рухий нерселер тууралуу канчалык көп ой жүгүрткөн сайын, Жахаба Кудайыбыз жөнүндө улам жаңы нерселерди биле беребиз. Кээде көңүлүм чөккөндө же келечекти ойлоп тынчсызданганда Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртөм. Бул, чындап эле, жан дүйнөмдү тынчтандырарын сезем».
16 Азыркы дүйнөдө алаксыта турган нерселер ушунчалык көп болгондуктан, рухий нерселер тууралуу ой жүгүртүү кээде өтө кыйынга турат. Африкадан болгон Патрик аттуу дагы бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Менин мээм керектүү да, керексиз да маалыматтарга жык толгон кат куржунуна окшош. Аларды күнүгө иргеп турушум керек. Өзүмдү текшерип жатып „тынчымды кетирген ойлорду“ көп табам. Тунук ой жүгүртө алышым үчүн адегенде аларды Жахабага айтып тиленем. Рухий нерселер тууралуу ой жүгүртөрдүн алдында ошондой кылганга бир аз убактым кетсе да, Жахабага жакындаганымды сезем. Бул мага чындыкты жакшыраак түшүнүүгө жардам берет» (Заб. 94:19). Ырас, «Ыйык Жазманы күн сайын... изилдеп», ой жүгүрткөндөрдүн баары зор пайда алышат (Элч. 17:11).
КАНТИП УБАКЫТ ТААП ЖАТАСЫҢ?
17. Сен ой жүгүртүүгө кантип убакыт таап жатасың?
17 Айрымдар окууга, ой жүгүртүүгө жана тиленүүгө эртең менен эрте убакыт бөлүшөт. Башкаларына болсо түшкү тыныгуу маалы ыңгайлуу. Сен, балким, кечкурун же жатар алдында убакыт таап жаткандырсың. Кээ бирөөлөр Ыйык Китепти таңга маал да, жатарда да окушат. Эң негизгиси, «аны күнү-түнү», башкача айтканда, үзгүлтүксүз окушубуз зарыл (Жаш. 1:8). Кудайдын Сөзү тууралуу күн сайын ой жүгүртүш үчүн ар бирибиз анча маанилүү эмес иштердин эсебинен убакыт сатып алышыбыз керек (Эф. 5:15, 16).
18. Ыйык Китепте анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонгондорго кандай убада берилген?
18 Ыйык Китепте анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонууга аракет кылгандардын баары бата алары көп жолу убада кылынган. (Оку: Забур 1:1—3.) Иса пайгамбар: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лк. 11:28). Баарынан да маанилүүсү, рухий нерселер жөнүндө күн сайын ой жүгүртүү бизге кереметтүү мээбизди жараткан Улуу Кудайыбызды даңктоого түрткү берет. Жахабанын батасы менен биз азыртадан эле бактылуу болобуз жана келечекте анын адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөсүндө түбөлүк өмүр сүрөбүз (Жкп. 1:25; Аян 1:3).
^ 11-абз. 2006-жылы 1-декабрда чыккан «Күзөт мунарасындагы» (ор.) Рольф Брюггемайер бир туугандын өмүр баянын окуп көр.