Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын колун көрүп жатасыңбы?

Кудайдын колун көрүп жатасыңбы?

«Жахабанын колу кызматчыларына белгилүү болот» (ЫШ. 66:14).

ЫРЛАР: 65, 26

1, 2. Айрым адамдар Кудай жөнүндө кандай ойдо?

КӨПТӨР Кудайдын адамдар менен такыр иши жок деп ойлошот. 2013-жылы ноябрда Филиппиндин борбор бөлүгүн «Хайян» тайфуну бүлгүнгө учуратканда, бир чоң шаардын мэри: «Кудай, балким, башка жакта жүрсө керек»,— деген.

2 Айрымдар болсо Кудай аларды такыр көрбөй тургандай иш кылышат (Ыш. 26:10, 11; 3 Жкн. 11). Элчи Пабыл айткандай, андай адамдар «Кудай жөнүндө так билим алуунун кажети жок деп ойлошот». Алар «адилетсиздиктин, арамдыктын, ач көздүктүн, жамандыктын ар кандай түрүнө» берилип кетишкен (Рим. 1:28, 29).

3. а) Эмне тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек? б) Ыйык Китепте «Кудайдын колу» деген сөз айкашы көп учурда эмнени билдирет?

3 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Жогоруда айтылган адамдардан айырмаланып, биз Жахабанын ар бир ишибизге көз салып турарын билебиз. Бирок анын бизге кам көрүп, колдоо көрсөтүп жатканын көрүп жатабызбы? Ошондой эле Иса: «Алар Кудайды көрүшөт»,— деп айткан адамдардын арасындабызбы? (Мт. 5:8). Бул эмнени билдирерин түшүнүш үчүн алгач Ыйык Китептен Кудайдын колун көргөндөрдүн жана аны көрбөгөн адамдардын мисалын карап чыгабыз. Андан соң канткенде жашообузда Кудайдын колун айкыныраак көрө аларыбызды билебиз. Ушуларды карап жатканда Ыйык Китептеги «Кудайдын колу» деген сөз айкашы көп учурда анын күчүн билдирерин эсиңден чыгарба. Кудай ал күчүн өзүнүн кызматчыларына жардам берүүгө жана душмандарын кыйратууга колдонот. (Оку: Мыйзам 26:8.)

АЛАР КУДАЙДЫН КОЛУН КӨРҮШКӨН ЭМЕС

4. Ысрайыл элинин душмандары эмне үчүн Кудайдын колун көрүшкөн эмес?

4 Байыркы учурда бөтөн элдерде Кудайдын ысрайыл элине кантип жардам берип жатканын көрүүгө, угууга мүмкүнчүлүк болгон. Жахаба өзүнүн элин Мисирден кереметтүү түрдө алып чыгып, убада кылынган жердеги көптөгөн падышаларды биринин артынан бирин кыйраткан (Жаш. 9:3, 9, 10). Бирок ушунун баарын көрүп, укканына карабай, Иордандын батыш тарабындагы падышалар «Жашыяга жана Ысрайылга каршы согушуш үчүн чогулушкан» (Жаш. 9:1, 2). Алар ысрайыл элине каршы согуш баштагандан кийин деле Кудайдын колун көрө алышмак. Себеби ысрайылдыктар «душмандарынан өч алып бүткүчө, күн токтоп» калган, «ай да ордунан жылган» эмес (Жаш. 10:13). Жахаба душмандардын «жүрөктөрүнүн катууланып, Ысрайылга каршы согуш жарыялашына жол берип койгон» (Жаш. 11:20). Кас тарап ысрайылдыктар үчүн Кудай согушуп жатканын моюнга албагандыктан кыйроого учураган.

5. Ахап падыша эмнени четке каккан?

5 Ыймансыз падыша Ахапта да Кудайдын колун көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болгон. Илияс пайгамбар ага: «Мен сурамайынча, ушул жылдары шүүдүрүм да түшпөйт, жаан да жаабайт»,— деп айткан (1 Пад. 17:1). Ал сөздөрдү, чынында, Жахаба айттырган болчу, бирок Ахап ишенген эмес. Кийинчерээк ал Илияс пайгамбар тиленгенде, чалынган курмандыкты от жалмап кеткенин көргөн. Андан кийин пайгамбар ага: «Арабаңды чегип, нөшөргө калып калбаш үчүн тезинен жөнө»,— деп айтып, Жахабанын кургакчылыкты соңуна чыгарарын билдирген (1 Пад. 18:22—45). Ахап ошол кереметтүү окуяларды көрсө да, аларды Кудай зор күчү менен кылганын четке каккан. Ушул айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз? Биз жашообузда Жахабанын колун көрө билишибиз керек.

КУДАЙДЫН КОЛУН КӨРГӨНДӨР

6, 7. Жашыянын учурунда айрымдар эмнени айкын түшүнүшкөн?

6 Жогоруда айтылган ыймансыз падышалардан айырмаланып, алардыкындай эле жагдайда болгон башка адамдар Кудайдын колун көрүшкөн. Мисалга гибондуктарды алалы. Алар Кудайдын элине каршы согушкан башка элдердей болбой, ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүшкөн. Эмне үчүн? Гибондуктар Жашыяга: «Сенин кулдарың Жахаба Кудайыңдын ысмын урматтагандыктан... келишти. Анткени биз анын даңкы жөнүндө,.. бардык иштери жөнүндө уктук»,— деп айтышкан (Жаш. 9:3, 9, 10). Ооба, алар ысрайылдыктарды чыныгы Кудай колдоп жатканын түшүнүп, акылдуулук кылышкан.

7 Рахап да айлана-тегерегинде болгон окуялардан Кудайдын колун көргөн. Бөтөн жерлик ал аял Жахабанын өз элин кантип куткарганын уккан. Үйүнө ысрайылдык эки чалгынчы келгенде, ал аларга: «Жахабанын бул жерди силерге берерин билем»,— деген. Ысрайылдыктардын тарабын ээлегени өмүрүнө коркунуч туудурса да, Рахап Жахабанын аны жана үй-бүлөсүн сактап кала аларына бекем ишенген (Жаш. 2:9—13; 4:23, 24).

8. Айрым ысрайылдыктар кандайча Кудайдын колун көрүшкөн?

8 Илияс пайгамбар тиленгенде, асмандан от түшкөнүнө күбө болгон кээ бир ысрайылдыктар, Ахап падышадан айырмаланып, ал кереметти Жахаба кылганын түшүнүшкөн. Курмандыкты от жалмап кеткенде, алар: «Жахаба — чыныгы Кудай!» — деп айтышкан (1 Пад. 18:39). Ырас, алар Кудайдын зор күчүн көргөнүнө эч шектенишкен эмес.

9. Канткенде Жахабаны жана анын колун көрө алабыз?

9 Ошентип, биз жакшы жана жаман үлгү көрсөткөндөрдүн мисалын карап чыктык. Бул Кудайды же анын колун көрүү деген эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берет. Эгер Жахабанын сапаттарын, иштерин аңдап, аны таанып-биле берсек, жүрөгүбүздүн «көзү» менен анын колун көрө алабыз (Эф. 1:18). Биз, албетте, Жахабанын өз элин колдоп жатканын айкын көрө билген анын байыркы убактагы жана учурдагы кызматчыларындай болгубуз келет. Бирок Кудайдын учурда адамдарга жардам берип жатканына кандай далилдер бар?

КУДАЙДЫН КОЛДОП ЖАТКАНЫ ЭМНЕЛЕРДЕН КӨРҮНҮҮДӨ?

10. Жахабанын учурда адамдарга жардам берип жатканына кандай далилдер бар? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Жахабанын бүгүнкү күндө адамдарга жардам берип жатканына көптөгөн далилдер бар. Кудайга жардам сурап кайрылгандан кийин тиленүүсүнө жооп алгандар жөнүндө көп угуп калабыз (Заб. 53:2). Буга Аллан деген бир тууган менен болгон окуя мисал боло алат. Ал жубайы менен Филиппиндин чакан аралында үймө-үй кабар айтып жүрүп бир келинге жолугуп калат. Ал келин аларга жолукканда ыйлап жиберген. Аллан мунун себебин мындай деп түшүндүрөт: «Көрсө, ошол күнү эртең менен ал Жахабадан кызматчылары аны табышын сурап тиленген экен. Ал өспүрүм курагында Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдептир, бирок турмушка чыгып, ошол аралга көчүп кеткендиктен, алар менен байланышын жоготуп алыптыр. Кудайдын анын тиленүүсүнө ушунчалык тез жооп бергенине жүрөгү козголгону көрүнүп турду». Ал келин бир жылдын ичинде эле өмүрүн Жахабага арнаган.

Жахабанын бүгүнкү күндө өз элине жардам берип жатканынын далилдерин көрүп жатасыңбы? (11—13-абзацтарды кара)

11, 12. а) Жахаба кызматчыларына кантип жардам берүүдө? б) Жахаба бир ишенимдешибизге кантип жардам берген?

11 Кудайдын көптөгөн кызматчылары анын жардамы менен тамеки чегүү, баңгизат колдонуу, порнография көрүү сыяктуу жаман адаттарынан арыла алышкан. Айрымдар андай адаттарды өз күчү менен таштоого аракет кылышкан, бирок эч майнап чыккан эмес. Ал эми Жахабага жардам сурап кайрылганда, ал аларга «адаттан тышкаркы күч» берип, жаман адаттарын жеңүүгө көмөк кылган (2 Кор. 4:7; Заб. 37:23, 24).

12 Жахаба кызматчыларына жеке кыйынчылыктары менен күрөшүүгө, алсак, жашоосун жөнөкөйлөткөндөн кийин жаңы жагдай-шартка ылайыкташууга жардам берип келет. Эми аттуу ишенимдешибиз Тынч океандагы кичинекей аралда Падышалык залын жана миссионерлер үйүн курууга дайындалганда айрым кыйынчылыктарга туш болгон. Ал: «Биз кичинекей мейманканада турчубуз жана жумушка күнүгө суу каптаган көчөлөр менен барчубуз»,— дейт. Ага жергиликтүү элдин маданиятына, суу менен электр жарыгынын бат-баттан өчө бергенине да ылайыкташууга туура келген. Эми бир тууган андан ары: «Анысы аз келгенсип, бир жолу чогуу иштеген бир эжеге катуу сүйлөп алдым. Ошол күнү үйгө аябай көңүлсүз кайттым. Караңгы бөлмөдө отуруп алып, жүрөгүмдөгүнү Жахабага төгүп, андан жардам сурадым»,— деп кошумчалайт. Свет күйгөндө, ал «Күзөт мунарасынан» Гилат мектебинин бүтүрүү аземи жөнүндөгү макаланы окуган. Макалада Эми туш болуп жаткан кыйынчылыктар: бөлөк маданият, үйдү сагынуу, жаңы адамдар менен тил табышуу тууралуу жазылган эле. Ал: «Ошол кечте Жахаба мага өзү сүйлөп жаткандай эле болду. Бул мага кызматымды андан ары да уланта берүүгө күч берди»,— деп айтат (Заб. 44:25, 26; Ыш. 41:10, 13).

13. Жахаба элине «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоого» жардам берип жатканын эмнелер далилдеп турат?

13 Жахабанын Күбөлөрү «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоо» жагынан ийгиликке жетүүдө. Бул — Жахабанын кубаттуу колу менен жардам берип жатканынын дагы бир далили (Флп. 1:7). Кээ бир өкмөттөр Кудайдын элинин ишин толугу менен токтотконго аракет кылышкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн, 2000-жылдан тартып эсептегенде эле, дүйнө жүзү боюнча Жогорку Соттордо 268 жолу, анын ичинде Адам укуктары боюнча Европа Сотунда 24 жолу жеңишке жеткени Кудайга эч ким тоскоол боло албай турганын айгинелеп турат (Ыш. 54:17; оку: Ышая 59:1).

14. Кудай өз элин колдоп жатканына дагы кандай далилдер бар?

14 Кабар айтуу иши дүйнө жүзү боюнча Жахабанын жардамы менен гана аткарылып келатат (Мт. 24:14; Элч. 1:8). Мындан тышкары, дүйнөдө ушундай биримдүү, көптөгөн улуттардан турган бир да уюм жок. Андыктан атүгүл Жахабага сыйынбагандардын да: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — деп айтышары таң калыштуу эмес (1 Кор. 14:25). Ооба, Жахаба өз элин колдоп жатканына эч кандай шек жок. (Оку: Ышая 66:14.) Ал эми жеке сен тууралуу эмне айтууга болот? Сен жашооңдо Жахабанын колун көрүп жатасыңбы?

ЖАШООҢДО ЖАХАБАНЫН КОЛУН КӨРҮП ЖАТАСЫҢБЫ?

15. Эмнеден улам кээде жашообузда Жахабанын колун көрбөй калышыбыз мүмкүн?

15 Жашообузда Жахабанын колун көрбөй калууга эмнелер себеп болушу мүмкүн? Маселен, турмуштагы кыйынчылыктар себеп болушу мүмкүн. Кыйынчылыктарга кабылганда, Жахабанын ага чейин кантип жардам берип келгенин унутуп калышыбыз ыктымал. Атүгүл Илияс пайгамбар да, Изабел каныша аны өлтүрөрүн айтып коркутканда, бир саамга Кудайдын мурда аны кантип колдоп келгенин унутуп койгон. Ыйык Китепте айтылгандай, ал жадагалса «өзүнө өлүм тилеген» (1 Пад. 19:1—4). Пайгамбарга ошондо эмне жардам берген? Кайраттаныш үчүн ал Жахабанын колдоосуна муктаж болчу (1 Пад. 19:14—18).

16. Кыйынчылыктарда Кудайдын колун көрүүгө бизге эмне жардам берет?

16 Аюп пайгамбар да жүрөгүн түпөйүл кылган ойлорго баткандыктан жагдайына Жахаба карагандай карабай калган (Аюп 42:3—6). Бизге да көйгөйлөрдөн улам Кудайдын колун көрүү кээде кыйынга турушу мүмкүн. Андайда эмне жардам берет? Ан үчүн Ыйык Жазмада көйгөйлөрүбүз тууралуу эмне айтылары жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Жахабанын кантип жардам берип жатканын байкаган сайын, ал бизге жакын боло берет. Ошондо биз да Аюп пайгамбарга окшоп: «Сен жөнүндө кулагым чалган, эми болсо минтип көзүм менен көрүп отурам»,— деп айта алабыз.

Жахаба сени колдонуп, башкаларга өзүн көрүүгө жардам берип жатабы? (17, 18-абзацтарды кара)

17, 18. а) Жахабанын колдоп жатканын эмнелерден көрүүгө болот? б) Жахабанын бизге жардам берип жатканын көрсөткөн мисал айтып бер.

17 Жахабанын колдоп жатканын эмнелерден көрүүгө болот? Балким, чындыкты тапканыңдын өзү эле Жахабанын жетекчилиги болгон деп эсептейттирсиң. Же жыйналышта кайсы бир ойду укканда: «Мага так ушул керек болчу»,— деп айткан учурларың болгондур. Мүмкүн, кайсы бир тиленүүңө жооп алгандырсың. Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну чечкенде, анын сага максатыңа жеткенге жардам бергенин көргөндүрсүң. Же рухий иштер үчүн жумушуңан бошогондо, Кудайдын: «Сени... эч убакта таштабайм»,— деген убадасына турганына өз тажрыйбаңдан ынангандырсың (Евр. 13:5). Ырас, рухий жактан сергек болсок, Жахабанын бизге ар кандай жолдор менен жардам берип жатканын аңдай алабыз.

18 Кениялык Сара деген бир тууган мындай дейт: «Бир жолу Ыйык Китепти изилдөөгө анча кызыкпагандай көрүнгөн бир кызыгуучу тууралуу тилендим. Жахабадан аны менен изилдебей эле койсом кандай болорун сурадым. „Оомийн“,— деп айтарым менен, телефонума бирөө чалып калды. Көрсө, ошол кызыгуучу экен. Ал мени менен чогуу жыйналышка баргысы келерин айтты! Ошондо аябай таасирленгем!» Сергек болсоң, сен да Жахабанын кантип колдоп жатканын көрө аласың. Азияда жашаган Рона аттуу эже: «Жахабанын жетекчилигин баамдай билиш үчүн тажрыйба керек. Бирок баамдаганга үйрөнгөндө анын жыргалчылыгыбызга канчалык кызыкдар экенин көрүп, таң каласың!»

19. Кудайды көрүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Иса Машаяк: «Жүрөгү тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт»,— деген (Мт. 5:8). Канткенде жүрөгүбүз «таза» болот? Ан үчүн ойлорубузду таза сактап, жаман иштерди ташташыбыз керек. (Оку: 2 Корунттуктар 4:2.) Эгер жакшы иштерди кылып, Кудай менен болгон мамилебизди бекемдей берсек, аны көрө алабыз. Кийинки макалада ишеним кандайча Жахабаны жашообузда мындан да айкыныраак көрүүгө жардам берерин карап чыгабыз.