Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мындай адамдарды жогору баалайлы»

«Мындай адамдарды жогору баалайлы»

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШ 1992-жылдан тартып өздөрү кызмат кылган комитеттерге жардам берүүгө тажрыйбалуу аксакалдарды дайындай баштаган *. «Башка койлорго» кирген ал бир туугандардын Жетектөөчү Кеңешке көрсөткөн жардамы абдан зор (Жкн. 10:16). Алар өздөрү дайындалган комитеттин жума сайынкы жолугушуусуна катышып, зарыл маалыматтарды беришет жана сунуштарын айтышат. Албетте, акыркы чечимди Жетектөөчү Кеңеш чыгарат, бирок ал жардамчылар комитеттин чечимдеринин жүзөгө ашышына өбөлгө түзүшөт жана аларга кандай иш тапшырылбасын, аткарууга аракет кылышат. Ошондой эле Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү менен бирге атайын жана эл аралык жыйындарга барып турушат. Андан сырткары, ал аксакалдардын айрымдары башкы башкармалыктын өкүлү катары кызмат кылууга да дайындалышы мүмкүн.

Жетектөөчү Кеңешке жардамчылар дайындала баштаган убактан бери кызмат кылып келаткан бир аксакал: «Мага дайындалган ишти аткарганымда, Жетектөөчү Кеңеш рухий иштерге көбүрөөк көңүл топтой алат»,— деген. 20 жылдан ашуун убактан бери Жетектөөчү Кеңешке жардам берип келаткан дагы бир аксакал: «Бул — мен үчүн эч нерсеге салыштырылгыс зор сыймык»,— деп ой бөлүшкөн.

Жетектөөчү Кеңеш жардамчыларына абдан көп ишти ишенип тапшырат жана берилгендик менен кызмат кылган, күжүрмөн эмгектенген ал аксакалдардын эмгегин жогору баалайт. Келгиле, биз да «мындай адамдарды жогору баалайлы» (Флп. 2:29).

^ 2-абз. Жетектөөчү Кеңештин алты комитетинин ар бири кандай иштерди аткарууга жооптуу экенин эсиңерге салыш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин 131-бетин карагыла.