Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ишенимибизди арттыра көр»

«Ишенимибизди арттыра көр»

«Ишенимимди дагы бекемдей көр!» (МР. 9:34).

ЫРЛАР: 81, 135

1. Ишеним өрчүтүү канчалык маанилүү? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

«МЕН кандай адаммын? Жахаба менин улуу алааматтан аман калып, жаңы заманда жашашымды каалайбы?» — деп ойлонгон учуруң болду беле? Улуу алааматтан аман өтүш үчүн көп талаптарга жооп беришибиз керек. Ошол абдан маанилүү талаптардын бири — ишеним өрчүтүү. Анткени элчи Пабыл: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деген (Евр. 11:6). Бир караганда, мунун эч кандай деле оор нерсеси жоктой сезилиши мүмкүн, бирок Ыйык Китепте: «Баарында эле ишеним боло бербейт»,— деп ачык жазылган (2 Тес. 3:2). Бул эки аят бизге күчтүү ишеним өрчүткөнүбүз канчалык зарыл экенин түшүнүүгө жардам берет.

2, 3. а) Петирдин сөздөрүнөн ишеним жөнүндө эмнени биле алабыз? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Элчи Петир: «Сыналган ишенимиңер Иса Машаяктын ачылышында силерди мактоого, даңкка, урмат-сыйга ээ кылат» — деп, ишенимдин маанилүү экенин баса белгилеген. (Оку: 1 Петир 1:7.) Улуу алаамат тездик менен жакындап келаткандыктан, даңктуу Падышабыз биздин ишенимибизди мактоого татыктуу деп табышы үчүн, анын сапатын текшерип турушубуз керек. Албетте, баарыбыз эле «жаныбызды сактап калыш үчүн ишенимге ээ болгон» адамдардан болууну каалайбыз (Евр. 10:39). Андыктан биз да, Исага жалбарган кишиге окшоп: «Ишенимимди дагы бекемдей көр!» — деп өтүнгүбүз келет (Мр. 9:24). Ошондой эле Исадан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп суранган элчилерден үлгү алгыбыз келет (Лк. 17:5).

3 Бул макалада ишенимге байланыштуу төмөнкү суроолорду карап чыгабыз: Ишенимди кантип өрчүтүүгө болот? Ишенимге ээ экенибиз эмнелерден көрүнөт? Аны арттырууга байланыштуу өтүнүчүбүздүн орундаларына эмне үчүн шектенбесек болот?

КУДАЙГА ЖАККАНДАЙ ИШЕНИМ ӨРЧҮТ

4. Кимдердин үлгүсү ишенимибизди чыңдоого түрткү берет?

4 «Мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылгандыктан», Ыйык Китептеги ишеними күчтүү инсандардан көп нерсеге үйрөнө алабыз (Рим. 15:4). Айталы, Кудайдын Ыбрайым, Саара, Ыскак, Жакып, Муса, Рахап, Гидон, Барак сыяктуу көптөгөн кызматчылары жөнүндө окуганда ишенимибиздин сапатын текшерүүгө түрткү аларыбыз шексиз (Евр. 11:32—35). Бүгүнкү күндөгү ишеними бекем бир туугандар жөнүндөгү макалалар да ишенимибизди чыңдоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого түрткү берет *.

5. Илияс пайгамбар Жахабага бекем ишенерин кантип көрсөткөн жана анын үлгүсү бизге эмне кылууга түрткү берет?

5 Бизге жакшы үлгү калтырган инсандардын бири — Илияс пайгамбар. Анын Кудайга толук таянганын көрсөткөн айрым окуялар тууралуу ой жүгүртүп көрөлү. Илияс пайгамбар Ахап падышага Жахабанын жерге кургакчылык жибергени жатканы жөнүндө кабарлаганда: «Жахаба тирүү, мен сурамайынча,.. шүүдүрүм да түшпөйт, жаан да жаабайт!» — деп ишенимдүү сүйлөгөн (1 Пад. 17:1—3). Ал Кудайдын кургакчылык убагында ага жана башкаларга кам көрөрүнө күмөн санаган эмес (1 Пад. 17:4, 5, 13, 14). Андан тышкары, бир жолу жесир аялдын баласы каза болуп калганда, Жахабанын аны тирилте аларына ишенген (1 Пад. 17:21). Кармел тоосунда болсо Жахабанын, ал чалган курмандыкты жалмап кетиш үчүн, от жиберерине эч шектенген эмес (1 Пад. 18:24, 37). Ал эми Жахабанын кургакчылыкты соңуна чыгара турган убагы келгенде, жаан жаай турганын көрсөткөн эч кандай белги жок болсо да, ал Ахапка: «Бар да, ичип-же, анткени нөшөрдүн дабышы угулуп жатат»,— деп айткан (1 Пад. 18:41). Ушул сыяктуу билдирүүлөр бизге ишенимибиздин канчалык бекем экенин текшерүүгө түрткү бербейби?

КАНТКЕНДЕ ИШЕНИМИБИЗДИ БЕКЕМДЕЙ АЛАБЫЗ?

6. Ишеним өрчүтүш үчүн Жахабадан эмне сурашыбыз керек?

6 Биз ишенимди өз күчүбүз менен өрчүтө албайбыз. Анткени ишеним — Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22). Ошондуктан, Иса Машаяк кеңеш кылгандай, Кудайдан ыйык рух сурап тилене беришибиз керек. Ал бизди асмандагы Атабыздын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун» сөзсүз берерине ынандырган (Лк. 11:13).

7. Ишенимибизди кантип бекем сактай аларыбызды мисал менен түшүндүр.

7 Ишеним өрчүткөндөн кийин аны сактаганга аракет кылышыбыз кажет. Ишенимди отко салыштырууга болот. Отту жакканыбызда, ал жалбырттап катуу күйөт. Бирок ага отун салбай койсок, акырындап табы кайтып отуруп чокко, анан акыр-аягы муздак күлгө айланып калат. Ал эми улам отун салып турсак, алоолонуп күйө берет. Анын сыңарындай, ишенимибизди бекем сакташ үчүн Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуп турушубуз керек. Ыйык Китепти дайыма окуп-изилдөөнүн аркасында ага жана анын Авторуна болгон сүйүүбүз тереңдей берет. Бул болсо ишенимибизди арттырууга өбөлгө түзөт.

8. Күчтүү ишеним өрчүтүп, аны сакташ үчүн эмне кылсаң болот?

8 Күчтүү ишеним өрчүтүп, аны сакташ үчүн дагы эмне кылсаң болот? Чөмүлгөнгө чейин алган билимиңе эле ыраазы болуп жүрө бербе (Евр. 6:1, 2). Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кантип аткарылганын кылдат изилде. Бул ишенимиңди абдан бекемдейт. Ыйык Китептин негизинде ишенимиңдин сапатын да текшерип тур. (Оку: Жакып 1:25; 2:24, 26.)

9, 10. а) Жакшы чөйрө, б) жыйналыш жолугушуулары, в) кабар айтуу ишенимибизди бекемдөөгө кандайча жардам берет?

9 Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Баарыбыздын ишенимибиз менен бири-бирибизди бекемдешибизди каалайм»,— деп айткан (Рим. 1:12). Бир туугандарыбыз менен, өзгөчө, ишеними турмуш сынагынан өткөндөр менен пикирлешип турсак, бири-бирибиздин ишенимибизди курчутабыз (Жкп. 1:3). Жаман чөйрө ишенимибизди кыйратат, ал эми жакшы чөйрө аны чыңдайт (1 Кор. 15:33). Ушул себептен да «жолугушууларыбызды калтырбаганга» жана бири-бирибизге дем-шык берип турганга чакырылабыз. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.) Жыйналышты калтырбашыбыз керектигинин дагы бир себеби ал жактан ишенимибизди арттыра турган акыл-насааттарды угабыз. Ыйык Китепте айтылгандай, «ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот» (Рим. 10:17). Андыктан: «Жыйналышка үзбөй барып жатамбы?» — деп ойлонуп көр.

10 Жакшы кабарды жарыялоо менен да өзүбүздүн жана башкалардын ишенимин бекемдейбиз. Ал ишке катышуунун аркасында, Машаяктын алгачкы жолдоочуларындай болуп, ар кандай жагдайларда Жахабага толугу менен таянууга, кайраттуулук менен сүйлөгөнгө үйрөнөбүз (Элч. 4:17—20; 13:46).

11. Калеп менен Жашыянын ишеними эмнеден улам күчтүү болгон жана канткенде биз да алардыкындай ишенимге ээ боло алабыз?

11 Жахабанын бизди колдоп, тиленүүлөрүбүзгө жооп берип жатканын сезген сайын, ишенимибиз өсө берет. Буга байыркы убакта жашаган Калеп менен Жашыя мисал боло алат. Алар убада кылынган жерди чалгындоого барганда Жахабага ишенерин көрсөтүшкөн. Андан кийин Жахабанын ар кандай учурларда кантип жардам бергенин көргөн сайын, алардын ишеними ого бетер бекемделе берген. Мына ошондуктан Жашыя ысрайылдыктарга: «Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер»,— деп айта алган. Кийинчерээк ал аларга: «Ошондуктан Жахабадан коркуп, ага кынтыксыз, чын дилден кызмат кылгыла... Мен да, менин үй-бүлөм да Жахабага кызмат кылабыз»,— деген (Жаш. 23:14; 24:14, 15). Жахабанын канчалык жакшы экенин «татып көрсөк», биз да Жашыяныкындай ишенимге ээ боло алабыз (Заб. 34:8).

ИШЕНИМИБИЗДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КӨРСӨТӨЛҮ

12. Жакыптын сөздөрүнө ылайык, ишенимибиздин күчтүү экени эмнеден көрүнөт?

12 Ишенимибиздин күчтүү экени эмнелерден көрүнөт? Бул суроого шакирт Жакыптын: «Ишенимимди иштерим менен көрсөтөм»,— деген сөздөрүнөн жооп таба алабыз (Жкп. 2:18). Ооба, ишенимибиздин күчтүү экени иштерибизден айкын болот. Кандайча?

Кызматка жигердүү катышкандар ишеними күчтүү экенин көрсөтүшөт (13-абзацты кара)

13. Кабар айтуу кызматына катышуу менен кандайча ишенимибизди көрсөтөбүз?

13 Кабар айтуу кызматына катышуу — ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүүнүн эң жакшы жолу. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Башкаларга кабар айтканда Кудай бул дүйнөнү жок кылыш үчүн белгилеген күндүн кечикпей келерине эч шектенбей турганыбызды көрсөтөбүз (Хаб. 2:3). Ишенимибиздин деңгээлин кабар айтуу ишине канча убакыт арнап жатканыбызга карап аныктасак болот. Кызматка мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуунун жолдорун издеп жатабызбы? (2 Кор. 13:5). Ырас, жакшы кабарды жарыялоо менен айткандарыбызга чын жүрөктөн ишенерибизди айгинелейбиз. (Оку: Римдиктер 10:10.)

14, 15. а) Ишенимибиздин күчтүү экенин күнүмдүк турмушубузда кантип көрсөтө алабыз? б) Ишенимди иш жүзүндө көрсөтүүгө байланыштуу окуя айтып бер.

14 Ишенимибиздин күчтүү экенин күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүдө да көрсөтө алабыз. Ооруга, көңүл кайттыкка, депрессияга, жакырчылыкка же дагы башка оор сыноолорго кабылганда Жахаба менен Уулунун өз убагында жардам берерине күмөн санабасак болот (Евр. 4:16). Муну Кудайдан жардам сурап тиленүү менен көрсөтөбүз. Иса рухий нерселер тууралуу эле эмес, жашоого керектүү нерселер, анын ичинде күнүмдүк наныбыз жөнүндө да тиленсек болорун айткан (Лк. 11:3). Ыйык Китепте жазылгандар Жахабанын бизди эч качан таштабай турганына ынандырат. Ысрайылда кургакчылык болгондо, ал Илияс пайгамбарды суудан, тамак-аштан өксүткөн эмес. Жахабанын буйругу боюнча, «эртең менен жана кечкисин кузгундар ага нан менен эт ташып турушкан», «сууну болсо ал өзөндөн ичип турган» (1 Пад. 17:3—6). Кудай бизди да зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн окуялардын жүрүшүн көзөмөлдөй алат.

Ишенимибизди күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүдө да көрсөтө алабыз (14-абзацты кара)

15 Биз Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу үй-бүлөбүзгө кам көрүүгө жардам берерине да ишенебиз. Азияда жашаган Ребека деген төрт балалуу бир тууганыбыз буга өз тажрыйбасынан ынанган. Анын үй-бүлөсү Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюп, ошондой эле күжүрмөн эмгектенип, Матай 6:33төгү жана Накыл сөздөр 10:4төгү кеңешке ылайык иш кылган. Күйөөсү үй-бүлөсүнүн Жахаба менен болгон мамилесине доо кетпеши үчүн жумушунан бошонуп кеткен. Ребека: «Биз таттуу-паттуу жасап сата баштадык. Бир нече жыл бою ошентип жан бактык. Жахаба кам көргөндүктөн, тамак-ашсыз калган бир да күнүбүз болгон жок»,— дейт. Сенин да жашооңдо Ыйык Китепте эң туура жетекчилик берилгенине ынандырган окуя болду беле?

16. Кудайга таянсак, натыйжасы кандай болот?

16 Кудайдын жетекчилигине ылайык иш кылсак, өзүбүзгө эле жакшы болоруна такыр шек санабасак болот. Элчи Пабыл Хабакук пайгамбардын сөздөрүн цитата кылып: «Адил адам ишениминин аркасында жашайт»,— деген (Гал. 3:11; Хаб. 2:4). Ошондуктан чындап жардам бере ала турган Кудайга ишенгенибиз абдан маанилүү. Пабыл Кудайдын «ичибизде иш-аракет кылган күчү аркылуу биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла аларын» айткан (Эф. 3:20). Жахабанын кызматчылары анын эркин аткаруу үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин жакшы билишкендиктен, кылган аракети жемиш бериши үчүн, Жахабага таянышат. Кудайыбыздын биз менен экенине кандай гана ыраазыбыз.

ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨГҮ ӨТҮНҮЧТҮН ОРУНДАЛЫШЫ

17. а) Элчилердин ишеним жөнүндөгү өтүнүчү кантип орундалган? б) Эмне үчүн биздин да ишеним жөнүндөгү өтүнүчүбүз орундаларына шектенбесек болот?

17 Жогоруда талкуулангандардан улам Мырзасынан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп өтүнгөн элчилердикиндей сезимде болуп жаткандырбыз (Лк. 17:5). Элчилердин өтүнүчү б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында өзгөчө жол менен аткарылган. Ошол күнү аларга ыйык рух түшүп, Кудайдын ой-ниетин тереңирээк түшүнө башташкан. Бул алардын ишенимин бекемдеген. Натыйжада алар ушул күнгө чейин уланып келаткан кабар айтуу ишине бүт ынтасы менен киришишкен (Кол. 1:23). Биздин да ишеним жөнүндөгү өтүнүчүбүз орундалат деп күтсөк болобу? Ооба. Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы», баары орундалат (1 Жкн. 5:14).

18. Ишенимин өрчүткөндөргө Жахаба кандай бата берет?

18 Ырас, Жахабага толугу менен таянсак, аны кубантабыз. Ал өтүнүчүбүзгө жооп берип, ишенимибизди арттырат. Анын аркасында «Падышалыкка татыктуу деп табылгандардын» арасында болобуз (2 Тес. 1:3, 5).

^ 4-абз. Буга мисал катары төмөнкү бир туугандардын өмүр баянын окуп көр: Лилиан Гобайтас Клозе («Ойгонгула!», 1993-ж., 22-июль, англ.); Эва Йусефссон («Күзөт мунарасы», 1998-ж., 1-июнь, ор.); Жозефина Элиас («Ойгонгула!», 2010-ж., янв.—март).