Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага алаксыбай кызмат кылалы

Жахабага алаксыбай кызмат кылалы

«Мариям... Исанын бут жагында анын сөздөрүн угуп отурган эле. Марта болсо конок камын көрүп, түйшүктөнүп жаткан» (ЛК. 10:39, 40).

ЫРЛАР: 94, 134

1, 2. Иса Мартанын эмнесин баалаган жана Мартанын жеткилеңсиз болгону эмнеден көрүнгөн?

МАРТА жөнүндө сөз жүргөндө, шак эле оюңа эмне келет? Ыйык Китепте Иса пайгамбардын аны жакшы көрүп, урматтаганы айтылат. Албетте, Иса аны эле эмес, Кудайдан корккон башка аялдарды, алсак, өзүнүн энесин жана Мартанын сиңдиси Мариямды да жакшы көргөн (Жкн. 11:5; 19:25—27). Иса Мартанын эмнесин баалаган?

2 Ал анын меймандостугунан, эмгекчилдигинен тышкары, рухийлигин да баалаганы шексиз. Марта Исанын окууларына, анын убада кылынган Машаяк экенине бекем ишенген (Жкн. 11:21—27). Бирок ал биз сыяктуу эле жеткилеңсиз болгон. Бир жолу Иса пайгамбар анын үйүндө конокто отурганда, Марта ага: «Мырзам, Мариямдын бардык ишти мага таштап койгону сага баары бирби? Айтып койчу, мага жардам берсин» — деп, сиңдисине болгон нааразычылыгын көрсөткөн. (Оку: Лука 10:38—42.) Марта эмне үчүн антип айтты эле жана Мырзасынын жообунан эмнеге үйрөнө алабыз?

МАРТА АЛАКСЫГАН

3, 4. Мариям кандайча «жакшысын тандап алган» жана Мартанын эмне кылганы шексиз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Марта менен Мариямдын меймандостугуна ыраазы болгон Иса аларга баалуу чындыктарды айтып бергиси келген. Мариям сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Улуу Окутуучунун «бут жагында анын сөздөрүн угуп отурган». Марта деле ошондой кыла алмак. Ошондо Иса аны да бүт иштерин жыйыштырып коюп, анын айткандарына кулак төшөгөнү үчүн мактамак.

4 Бирок Марта дасторконун жайнатып, Иса Машаякты жакшы коноктош үчүн убара боло берген. Натыйжада аябай тынчсызданып, сиңдиси Мариямга да кыжырдана баштаган. Анын ашыкча түйшүктөнүп жатканын көрүп, Иса ага жылуу-жумшак: «Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп, жаныңды кыйнап жатасың. Негизи, аз эле же бир эле нерсе керек»,— деп айткан. Анан: «Мариям болсо жакшысын тандап алды, бул андан эч качан тартылып алынбайт» — деп, сиңдисин мактаган. Балким, Мариям ошол өзгөчө күнү кандай тамак жегенин көп өтпөй унутуп деле койсо керек. Бирок Мырзасынын мактоо сөздөрүн, баалуу насааттарын эч качан эсинен чыгарбаганы шексиз. Ошондон 60 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин элчи Жакан: «Иса Марта менен Мариямды... жакшы көрчү»,— деп жазган (Жкн. 11:5). Мындан Мартанын Исанын мээримдүүлүк менен берген кеңешин кабыл алып, Жахабага өмүр бою ишенимдүү кызмат кылганы көрүнүп турат.

5. Биздин күндөр байыркы убактан эмнеси менен айырмаланат жана кайсы суроону карап чыгабыз?

5 Бүгүнкү күндө алаксыта турган нерселер байыркы убакка караганда алда канча көп. Мындан 60 жылдан ашык убакыт мурун эле Кошмо Штаттардагы айрым студенттерге мындай сөздөр айтылган: «Тарыхта адамзат эч качан азыркыдай мыкты байланыш каражаттары, тез ылдамдыкта иштеген басма станоктору, сүрөттөргө бай журналдар, радио, фильм, телевизор менен мынчалык сыймыктанып көргөн эмес... Күн сайын көңүлүбүздү алагды кыла турган жаңы нерселер жаап жатат... Бир нече эле убакыт мурун биздин доорду „Агартуу доору“ деп ойлочубуз. Бирок барган сайын ал „Алаксытуу дооруна“ айланып баратат». 1958-жылдын 15-сентябрындагы «Күзөт мунарасында»: «Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, кыязы, алаксыткан нерселер көбөйө берет»,— деп жазылган. Кандай гана таамай айтылган! Биз канткенде алаксыта турган андай нерселерден качып, Мариямдай болуп, көңүлүбүздү рухий нерселерге топтой алабыз?

ДҮЙНӨНҮ «ТОЛУК ПАЙДАЛАНБА»

6. Кудайдын эли бул дүйнөдөгү техниканын түрлөрүн кантип колдонууда?

6 Чыныгы сыйынууну өркүндөтүү максатында Кудайдын эли бул дүйнөдөгү техниканын түрлөрүн ийгиликтүү колдонуп келет. Мисалга «Жаратуу фотодрамасын» алалы. Ал жылып туруучу түстүү слайддардан жана үн менен коштолгон кинокартиналардан турган. Анын аяк жагында Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусундагы бейкуттук өкүм сүргөн убак көрсөтүлчү. Ал драманы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жана ага чейин дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар көрүп, сооронушкан. Кийинчерээк Падышалык жөнүндөгү кабар радио аркылуу жарыяланып, дагы миллиондогон адамдарга жеткен. Учурда компьютерди жана Интернетти натыйжалуу колдонуунун аркасында жакшы кабар дүйнөнүн булуң-бурчуна, анын ичинде алыскы аралдарга чейин таралууда.

Маанилүү эмес нерселерден улам кызматтан алаксыба (7-абзацты кара)

7. а) Бул дүйнө сунуш кылган нерселерди өтө көп колдонуу эмне үчүн кооптуу? б) Эмнеге өзгөчө көңүл бурушубуз керек? (Шилтемени кара.)

7 Анткен менен Ыйык Китепте бул дүйнө сунуш кылган нерселерди өтө көп колдонуу кооптуу экени эскертилет. (Оку: 1 Корунттуктар 7:29—31.) Маселен, Кудайдын кызматчысы жакшы көргөн ишине, дүйнөдөгү китеп-журналдарды окууга, телевизор көрүүгө, кызыктуу жерлерге саякаттоого, дүкөндөрдү кыдырууга, электрондук каражаттардын же буюм-тайымдардын акыркы үлгүлөрүн көрүүгө билинбей эле көп убактысын коротуп коюшу мүмкүн. Социалдык тармактарга кирүү, SMS жазышуу, кат алышуу, акыркы кабарларды жана спорт жаңылыктарын дайыма текшерип туруу да көп убакытты уурдашы, атүгүл жаман адатка айланып калышы ыктымал * (Нас. 3:1, 6). Албетте, бул иштердин өзү жаман деле эмес, бирок анча маанилүү болбогон андай нерселерге баалуу убактыбызды сарптай берсек, абдан маанилүү нерсе — Жахабага сыйынуу — көз жаздымында калып калат. (Оку: Эфестиктер 5:15—17.)

8. Дүйнөдөгү нерселерди сүйбөгөнүбүз эмне себептен абдан маанилүү?

8 Бизди Жахабага кызмат кылуудан алаксытыш үчүн Шайтан өзүнүн дүйнөсүн колунан келишинче «жасалгалап» келет. Эгер ал 1-кылымда эле ушундай кылууну көздөгөн болсо, азыр канчалык аракет кыларын элестетсең (2 Тим. 4:10). Ошондуктан, Ыйык Китепте кеңеш кылынгандай, «дүйнөдөгү нерселерди... сүйбөшүбүз» керек. Дайыма ушул кеңешке ылайык иш кылууга умтулсак, башка нерселерге алаксыбай, асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүздү арттыра беребиз. Мунун аркасында Кудайыбыздын эркин аткаруу оңоюраак болот жана анын ырайымынан эч качан айрылбайбыз (1 Жкн. 2:15—17).

«КӨЗҮҢ БИР ЭЛЕ НЕРСЕГЕ БАГЫТТАЛСЫН»

9. Иса каймана маанидеги көзүбүз жөнүндө эмне деген жана өзү кандай үлгү калтырган?

9 Исанын Мартага мээримдүүлүк менен берген кеңеши окуусу менен үлгүсүнө бүт жагынан төп келген. Ал шакирттерин эч нерсеге алаксыбай, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюш үчүн каймана мааниде көзүн «бир эле нерсеге багыттоого» чакырган. (Оку: Матай 6:22, 33.) Өзү да дүнүйө-мүлккө кызыкпай, бул жагынан жакшы үлгү көрсөткөн. Анын жадагалса үйү да, жери да болгон эмес (Лк. 9:58; 19:33—35).

10. Кызматын жаңы баштаганда Иса Машаяк бизге кандай үлгү калтырган?

10 Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө алаксыта турган нерселер көп эле болгон, бирок ал аларга азгырылган эмес. Кызматын баштаганынан көп өтпөй ал бир жолу Капернаумда элди окутуп, кереметтерди кылган. Ошондо ал шаардагылар андан кетпей эле коюшун өтүнүшкөн. Иса эмне кылды эле? Алардын суранычы жагымдуу угулса да, ал: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лк. 4:42—44). Анан, өзү айткандай эле, Палестинанын узун-туурасын кыдырып, жакшы кабарды жарыялаган жана элди көп нерсеге үйрөткөн. Жеткилең болсо да, анын кызмат кылып жүргөндө чарчап-чаалыккан учурлары болгон (Лк. 8:23; Жкн. 4:6).

11. Иса бир тууганы менен талашы бар кишиге эмне деген жана угуучуларына эмнени эскерткен?

11 Кийинчерээк Иса жолдоочуларына каршылыктар менен кантип күрөшсө болорун айтып жатканда, бир киши: «Устат, бир тууганыма айтчы, мурасты мени менен бөлүшсүн»,— деп сөзүн бөлгөн. Бирок Иса алардын талашына кийлигишпей: «Мени экөөңөрдү соттоого же мурасыңарды бөлүштүрүүгө ким дайындады?» — деген. Ал башка нерсеге алаксыбай, угуучуларын андан ары окутуп, аларга материалдык нерселерге умтулуу Кудайга кызмат кылууга тоскоол болорун эскерткен (Лк. 12:13—15).

12, 13. а) Исанын жердеги жашоосунун акыркы жумасында айрым гректерди эмне таасирленткен? б) Гректер Иса менен жолуккусу келгенде, ал эмне кылган?

12 Иса Машаяктын жердеги жашоосунун акыркы жумасы аябагандай оор болгон (Мт. 26:38; Жкн. 12:27). Ал көп иштерди бүтүрүшү керектигин жана басынтылып, мыкаачылык менен өлтүрүлөрүн билген. Б.з. 33-жылы 9-нисанда, жекшемби күнү, эмне болгонун карап көрөлү. Ошол күнү ал, алдын ала айтылгандай, Иерусалимге кодик минип барат. Аны калың эл: «Жахабанын ысмы менен Падыша катары келатканга Анын батасы тийсин!» — деп шаңдуу тосуп алат (Лк. 19:38). Эртеси күнү Иса ибадатканага барып, ал жактан мекендештерин алдап пайда көргөн ач көз соодагерлерди кууп чыгат (Лк. 19:45, 46).

13 Элдин арасындагы жүйүт динин кабыл алган айрым гректер, сыягы, Исанын иштерине абдан таасирленгендиктен элчи Филиптен Мырзасы менен жолуктурушун суранышат. Бирок Иса алар менен жолугушуудан баш тартып, алдыдагы маанилүүрөөк иштерге көңүл топтогон. Ал душмандардын колунан өлбөш үчүн өзүн колдоп-коргой турган кишилерди издеп, алар менен мамиле түзүүнү көздөгөн эмес. Ошондуктан жакында өлтүрүлөрүн түшүндүрүп, Андрес менен Филипке: «Ким өз жанын жакшы көрсө, андан айрылат. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны сактап калат жана түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп айткан. Иса бүйүрү кызыган гректердин көңүлүн алууга аракет кылбай, жолдоочуларын өзүнө окшоп жан аябас болууга үндөгөн жана: «Ким мага кызмат кылса, Атам аны урматтайт»,— деп убада берген. Филип анын сөздөрүн гректерге айтканы шексиз (Жкн. 12:20—26).

14. Иса кабар айтуу ишин биринчи орунга койсо да, тең салмактуу экени эмнеден көрүнгөн?

14 Иса кабар айтуу ишинен алаксыта турган нерселерди четке какса да, тең салмактуу болгон. Алсак, ал бир жолу үйлөнүү үлпөтүнө барган жана той кубанычтуу өтүшү үчүн, керемет жолу менен сууну шарапка айланткан (Жкн. 2:2, 6—10). Ошондой эле кээде досторунукуна жана болочок шакирттериникине конокко барчу (Лк. 5:29; Жкн. 12:2). Андан да маанилүүсү, ал өзүнчө тиленүүгө, ой жүгүртүүгө жана эс алууга убакыт бөлүп турчу (Мт. 14:23; Мр. 1:35; 6:31, 32).

«ООРДУК КЕЛТИРГЕН НЕРСЕЛЕРДИН БААРЫНАН» АРЫЛ

15. Элчи Пабыл ишенимдештерин эмнеге чакырган жана өзү кандайча жакшы үлгү көрсөткөн?

15 Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларынын жашоосун узак аралыкка чуркаган жөө күлүктөрдүн жарышына салыштырып, ишенимдештерин: «Оордук келтирген нерселердин баарынан... арылалы»,— деп чакырган. (Оку: Еврейлер 12:1.) Ал өзү да айткан кабарына ылайык иш кылган. Эгер жүйүттөрдүн динин тутуп жүрө берсе, Пабыл атак-даңкка, байлыкка тунуп жашамак. Бирок анын баарын калтырып, маанилүү нерселерге көңүл топтогон. Ал Сирияны, Кичи Азияны, Македонияны, Жүйүт жерин кыдырып, Кудайга кулдай кызмат кылган. Асмандагы түбөлүк жашоого болгон үмүтү жөнүндө ал: «Арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөө менен Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына... ээ болуу үчүн максатыма умтулуп жатам»,— деп жазган (Флп. 1:10; 3:8, 13, 14). Пабыл бойдоктугун туура колдонуп, «эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга дайыма кызмат кылган» (1 Кор. 7:32—35).

16, 17. Үй-бүлөлүүбүзбү же жокпу, баарыбыз Пабылдан кандай үлгү ала алабыз? Мисал келтир.

16 Үй-бүлөлүк жоопкерчиликтерге алаксыбай, өздөрүн Падышалыктын ишине толугу менен арнаш үчүн Кудайдын айрым кызматчылары, Пабылга окшоп, бойдок калууну чечишет (Мт. 19:11, 12). Ал эми жубайлардын, адатта, милдеттери көбүрөөк болот. Бирок үй-бүлөлүүбүзбү же жокпу, ар бирибиз «оордук келтирген нерселердин баарынан» арылып, Кудайга алаксыбай кызмат кылууга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. Кудайдын ишине көбүрөөк убакыт арнаш үчүн, балким, анча маанилүү эмес иштерге жумшаган убактыбызды кыскартышыбыз керектир.

17 Улуу Британиядан болгон Марк жана Клэр мектепти бүтөрү менен пионердик кызматты башташкан. Алар баш кошкондон кийин да пионердик кызматын уланта беришкен. Марк: «Жашообузду дагы жөнөкөйлөтүп, эл аралык курулуш ишине катыша алышыбыз үчүн заңгыраган үйүбүздү сатып, жарым күндүк жумушубузду таштаганбыз»,— дейт. Акыркы 20 жылдын ичинде алар Африканын ар кайсы өлкөлөрүн кыдырып, Падышалык залдарын курууга жардам беришкен. Бир жолу алардын 15 эле доллары калган. Бирок Жахаба аларды таштаган эмес. Клэр: «Ар бир күндү Жахабага арноо бизге зор канааттануу тартуулайт. Биз көптөгөн досторду таптык жана эч нерседен өксүгөн жокпуз. Баш тарткан нерселерибизди Жахабага толук убакыт кызмат кылуудан алган кубанычыбыз менен такыр салыштырып болбойт»,— деп бөлүшөт. Толук убакыт кызмат кылган башка көптөгөн бир туугандар да ушундай эле сезимде болушат *.

18. Эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?

18 Сен тууралуу эмне айтууга болот? Анча маанилүү эмес нерселерге алаксып, баштагыдай ынталуу кызмат кылбай калган жоксуңбу? Эгер ошондой болсо, балким, Ыйык Китепти окуп-изилдөөнү жакшыртышың керектир. Муну кантип кылсаң болот? Бул тууралуу кийинки макалада талкууланат.

^ 17-абз. «Күзөт мунарасынын» 2006-жылы 1-мартта чыккан санындагы (ор.) Хейден жана Мелоди Сандерсондордун өмүр баянын да кара. Алар толук убактагы кызматты башташ үчүн Австралиядагы кирешелүү ишин ташташкан. Индияда миссионер болуп кызмат кылып жүрүп акчасы такыр калбай калганда, эмне болгону тууралуу окуп көр.